Энелер мектеби: Келечек муунга түптөлгөн нурлуу жол

  • 07.02.2025
  • 0

Эне бул – жашоонун башаты,акылмандыктын булагы жана боорукердиктин символу.

Азыркы убакта мектептерде «Энелер мектеби» программасы боюнча мектептерде сабактар өтүлүүдө. 2022-жылы министрлик тарабынан да буга көңүл буруп, бул программаны мектептерде өтүлүүсүнө көрсөтмө берилип, аны «Ата-энелер мектеби» деп атады. Кеп аталышында деле эмес. Сөз ушул программанын негизинде билим сапатынын жакшырышы, адептүү, билимдүү окуучулардын толкуну пайда болуп жаткандыгында.

Бирок эмнегедир ушундай даяр, эффект берүүчү метод дейбизби, ыкма дейбизби, айырмасы жок, программа менен иштөөдө өтө эле жай темп байкалууда.

Мунун негизги себептери:

1.Ата-энелердин бул программа менен жакшы тааныштыгы жоктугу. (тааныштыруу, албетте, мектеп тарабынан болуш
керек)

  1. Мугалимдердин бул ыкманын негизги маңызын жакшы түшүнбөй жаткандыгы. (мурдагыдай эле салттуу чогулуштарга окшош кылып өтүшөт)
  2. Жалпы коомчулуктун билимге, адепке умтулуу кызыгуусу жок. (күнүмдүк тиричилик, акча табуу, той ж.б маанилүү болуп калган)

Бул негизги себептери. Мындан башка да обьективдүү, субьективдүү себептер бар.

Бирок ушундай экен деп бул программаны окутпай таштап коюу – эң чоң кемчилик, утулуш. «Энелер мектебинен» дароо эле «керемет» күтүү да туура эмес. Бул өтө түйшүктү, изденүүнү, талантты, кеңири кругозорду, билимди талап кылуучу сабак. Себеби бул жерде чоң кишилер окуп жатпайбы, эң биринчи мына ошону эске алыш керек.

Энелер мектеби – бул энелердин билгичтигин арттырууга, алардын тарбиялык, психологиялык жана социалдык билимин өркүндөтүүгө шарт түзгөн аянтча.

Анда, кантип өтүү керек бул сабактарды?

  1. Теманы туура тандоо. (мында класстын ата-энелеринин статусу, психологиясы, кызыгуусу ж.б. эске алыныш керек)
  2. Класстын билими, адебине анализ жүргүзүлүш керек.
  3. Класс жетекчинин жогорку даярдыгы талап кылынат.

Бизде ата-энелердин калыптанып калган түшүнүгү бар: баласы биринчи класста мыкты мугалимден окуш керек!

Анан башталгыч классты бүтүргүчө бир аз контролдоп, сабактарына жардам беришет. Андан кийин таштап коюшат. Ушул ата-энелердин эң чоң
катасы.

Ошондуктан, «Энелер мектебинин » негизги максаты-балдарды адепке тарбиялоо экенин ата-энелерге түшүндүрүү, билдирүү, кызыктыруу. Мектеп менен партнер болуу.

Мына ушул максатты коюп иштөө керек класс жетекчилер.

Дария Кожобекова,
Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектеби

Бөлүшүү

Комментарийлер