ЭНЕ ТИЛИБИЗДИН ЭЛЕКТРОНДУК ТУЗАГЫ: КИЧИНЕКЕЙЛЕРДИН ЧОҢ КӨЙГӨЙҮ

  • 10.06.2026
  • 0

Ата-энелер эмне себептен балдарын орус тилдүү бала бакчага беришет? Аларга баласын кыргыз тилдүү бакчага берүүгө эмне тоскоол болууда? Бул суроолор бүгүн бекеринен күн тартибине чыгып жаткан жок. Статистикага үңүлсөк, ата-энелердин басымдуу көпчүлүгү дагы деле орус тилдүү бала бакчаларды тандаганын көрөбүз. Балдарды мектепке жана бакчага электрондук каттоо учурунда орус тилдүү мекемелер саналуу мүнөттөрдө биринчи болуп толуп калганы — коомдогу тилдик артыкчылыктардын айкын далили.

Муун аралык тажрыйба: “Киргиздер” феномени жана айыл таасири

Бизде башка улуттардан мурда, өзүбүздүн эле кыргыздардын тилге болгон мамилеси эгемендикке чейин кандай болсо, азыр деле ошондой бойдон калууда. Кечээ эле айылдан келген замандаштарыбыз да балдарын орус бала бакчаларына берип, андан ары орус мектептерине окутууга кызыкдар. Албетте, балдардын дүйнөлүк тилдерди үйрөнгөнү жакшы, бирок кыргыз тили ортодо арабөк калбашы керек.

Бишкек шаарынын тургуну Калмурзаев Алмамбет өзүнүн үй-бүлөлүк тажрыйбасы менен бөлүштү.

— Биздин убакта шаарда кыргыз тилинде окуткан мектептер өтө аз жана алыс болчу, айласыздан улуу кызыбызды орус мектепке бергенбиз. Анын кыргыз тилин жайында айылга, чоң ата-чоң энесине жиберип жатып өстүрдүк. Айылда балдар таза абада эмгекке аралашып, дыйканчылык кылып, тили да кадимкидей кыргызчаланып калат экен. Калган балдарым кыргыз класстарда окушту. Башка тилдерди зарылдыкка жараша кийин деле үйрөнүп алышат, бирок кыргызча окуп өспөгөн баланын кулк-мүнөзү, кабыл алуусу такыр башкача болуп каларын көрүп жүрөбүз – дейт Алмамбет мырза.

Балдар түшкөн сараниптик тузак

Бүгүнкү күндө үйдө баары кыргызча сүйлөсө да, наристелердин тили орусча же англисче чыгып жаткан феномен массалык мүнөзгө ээ болду. Шаар тургуну Нурлан мырза мунун себебин мындайча түшүндүрөт:

— Биринчиден, балдарыбыз телефон жана сыналгыга көз каранды болууда. Биз жумуш менен алек болуп же баланын тынч олтурушун каалап, колуна телефон кармата салабыз. Экинчиден, контенттин жетишсиздиги байкалат. Интернеттеги кызыктуу мультфильмдердин, видеолордун 95% орус же англис тилдеринде. Кыргызча сапаттуу контент саналуу гана. Бала экрандан уккан сөздү мээсине бат сиңирип алат. Биз неберебизди жок дегенде бакчадан кыргызча үйрөнсүн деп атайын кыргыз тилдүү топко бергенбиз. Бирок орусчасы ого бетер күчөдү. Көрсө, ал жерге бизге окшогон, балдары орусча сүйлөгөн ата-энелердин баары чогулуптур. Балдар өз ара өздөрү жакшы билген тилде — орусча эле сүйлөшүп алышат экен. Муну ыктыярчылар эмес, мамлекет өзү колго алып, сапаттуу кыргызча мультфильмдерди, долбоорлорду иштеп чыгышы керек, — дейт.

Расмий статистика: Сан бар, сапатчы?

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин жетектөөчү адиси Перизат Бакированын берген расмий маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө борбор калаадагы бала бакчалар үч түргө бөлүнөт. 61 бала бакча кыргыз тилдүү, 7 бала бакча орус тилдүү, ал эми 59 бала бакча аралаш тилдүү болуп эсептелет. Орус тилдүү бала бакчалар негизинен атайын адистешкен бала бакчалар болуп эсептелет. Аралаш тилдүү бала бакчаларында окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзөт. Анын ичинен 43 бала бакча көп тилдүүлүк программасы боюнча иш алып барат. Перизат Бакирова кыргыз тилдүү бала бакчалардын саны акыркы үч жылдан кескин өскөнүн белгиледи.

— Балдар кыргыз тилин бала бакча курагынан жана башталгыч класстан баштап бат кабыл алышат. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн бакчаларда мамлекеттик стандарттын негизинде орус тили да окутулат. Биз кайсы бир тилге гана чек койбошубуз керек. Балдардын эки, керек болсо үч тилде эркин сүйлөшүнө шарт түзүү зарыл. Мисалы, англис тили мугалими сабакта үч тилди тең колдонсо, баланын кабыл алуусу жеңил болот – дейт адис.

Канткенде тилибиз төргө өтөт?

Кыргыз тилин үйрөтүү кургак сабактар же иш-чаралар менен гана чектелбеши керек. Бул багытта комплекстүү кадамдар зарыл: Биринчиси: интерактивдүү усулдар: Балдардын мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттыруу үчүн кароо-сынактарды, интерактивдүү оюндарды тез-тез уюштуруу керек. Балдар ыр жаттоо, жомокторду угуу аркылуу гана сөз байлыгын кеңейтип, улуттук маданиятты сиңирет. Экинчиси: мамлекеттик контент-бум: Кыргыз тилиндеги заманбап анимациялык фильмдерди, мобилдик тиркемелерди жана оюндарды каржылоону мамлекеттик деңгээлде колго алуу зарыл. Үчүнчүсү: үй-бүлөнүн жоопкерчилиги: Бала бакча жана мектеп — бул курал гана. Ал эми негизги тилдик пайдубал үйдөн, ата-эненин талабынан жана аң-сезимдүү мамилесинен түптөлөрүн эстен чыгарбашыбыз керек. Өңгөнүн тилин үйрөн деп айтардан мурда, өз тилибизди өгөйлөбөй, төргө өткөрүп ардакташыбыз кажет.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер