Эмил БИЛГАЗИЕВ: “АДИЛЕТТҮҮЛҮК, БИРДЕЙЛИК ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮК” ПЛАТФОРМАСЫ ТҮЗҮЛӨТ”
- 16.07.2026
- 0
Учурда Агартуу министрлиги тарабынан өлкөдө чоң трансформация процесси жүрүп жатат. Заманбап мектеп кандай болушу керек? Мугалимдердин ролу кантип өзгөрөт? Жогорку билим берүү эмгек рыногунун талаптарына жооп береби? деген чалкеш суроолор алдыга чыгып турган кез. Бул ирет биз Кыргызстандагы IT-билим берүүнү эл аралык деңгээлге көтөрүүнү максат кылган, дүйнөлүк Meta (Facebook), Uber, LinkedIn сыяктуу алп компанияларда чоң тажрыйба топтогон заманбап адис, Салымбеков Университетинин алдындагы Америкалык технологиялар институтунун (AIT) негиздөөчүсү, компьютердик илимдердин доктору (PhD) Эмил БИЛГАЗИЕВ менен билим берүүдөгү актуалдуу маселелер жана келечектин тенденциялары тууралуу маектештик.
Эмил БИЛГАЗИЕВ, Америкалык технологиялар институтунун (AIT) негиздөөчүсү, компьютердик илимдердин доктору (PhD):
“АДИЛЕТТҮҮЛҮК, БИРДЕЙЛИК ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮК” ПЛАТФОРМАСЫ ТҮЗҮЛӨТ”
-Эмил мырза, учурда билим берүү тармагында кандай негизги долбоорлордун үстүндө иштеп жатасыз? Өлкөнүн билим берүү системасын көтөрүү үчүн кандай сунуштарыңыз бар?
-Биз сунуш бербейбиз, биз реалдуу аракеттер менен ишке аша турган түрдүү платформаларды тез арада жасап чыгууга, ишке ашырууга жана натыйжасын баалоого умтулабыз. Салымбеков университетинин президенти Амангелди Жумадилов мырза экөөбүз Агартуу министри Д. Кендирбаева жана министрликтин адистери менен биргеликте тармакты реформалоо маселелерин бат-баттан талкуулап турабыз. Учурда айрымдар билим берүү тармагын түшүнсө да, түшүнбөсө да «дивандык экспертке» айланып, үйдө отуруп алып эле акыл үйрөтүүгө өтүштү. Кыргыздын «Жети өлчөп, бир кес» деген сонун сөзү бар. Өлчөө деген — бул барып, көрүп, анализ кылуу дегенди билдирет. Ошондуктан аймактарды кыдырып, алардагы реалдуу көйгөйлөрдү көрүп келдик. Министрлик билим берүүнү өзгөртүүгө катуу аракет кылып жатат, бирок эң негизги маселе- системанын бүтүндүгүндө. Система бир жерден кесилген болсо, маалымат андан ары кетпей калат. Биз Агартуу министрлиги менен биргеликте үч маанилүү принципке негизделген чоң долбоорду иштеп чыктык. Ал: Адилеттүүлүк, Бирдейлик жана Жеткиликтүүлүк,-деп аталат. Бул долбоордун алкагында үч негизги багыт бар: Окуучуларга материалды жеткирүү. Мугалимдердин өзүн-өзү өстүрүүсү (квалификациясын жогорулатуу). Күчтүү мугалимдердин билимин башка аймактарга жеткиликтүү кылуу (санариптештирүү). Жакын арада бул чоң платформаны ишке ашырабыз.
МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ЭЛЕКТРОНДУК ТРЕНАЖЕР
-Экинчи багыт-мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу дедиңиз. Бул кандайча иштейт?
-Ооба, биз министрлик менен биргеликте мугалимдердин өзүн-өзү өстүрүүсү үчүн атайын тренажер-тиркеме жасап жатабыз. Анда ар бир предмет боюнча 11 миңге жакын суроо болот. Мугалимдер суроолорго жооп берип, өз билимдерин текшерип, даярдана алышат. Жакында директорлорду да конкурс, сынак аркылуу ала башташпадыбы. Бул тренажер директорлорго да, завучтарга да абдан пайдалуу болот. Мугалим өзүн өстүрсө, окуучуга да жакшы билим бере алат.
АЙМАКТАРДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАНТИП КӨТӨРӨБҮЗ?
-Үчүнчү чоң долбоор- «Бирдейлик», “Жеткиликтүүлүк” принциби тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Мунун аймактарга кандай пайдасы бар?
-Мисалы, Бишкектеги №61 мектептин мугалими абдан күчтүү, бирок Баткендин же Нарындын бир алыскы айылындагы мугалимдин деңгээли ага жетпейт. Бирок мамлекет экөөнө тең айлык төлөп жатат. Кантип алыскы айылдагы окуучуга №61 мектептин деңгээлиндеги билимди жеткирсек болот? Бул жерде бизге санариптештирүү жардамга келет. Биздин максат -бүткүл өлкө боюнча бирдиктүү платформа түзүү. Ар бир предмет боюнча (мисалы, 7-класстын математикасы) күчтүү мугалимдер суроолорду, тесттерди түзүшөт. Ал тесттер жасалма интеллект аркылуу текшерилип, базага киргизилет. Андан соң алыскы Баткендин Сүлүктүсүндө же Ат-Башыда отурган окуучу ошол Бишкектеги күчтүү гимназиянын суроолорун телефондон эле ачып, чыгара алат. Бул- билимдин жеткиликтүүлүгү. Заманбап билим берүү ушундай болушу керек.

«БУЛАК» ТИРКЕМЕСИ ЖАНА ЖРТнын ЖЫЙЫНТЫГЫ
–Окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоо багытында кандай натыйжалар болду?
– Биз окуучулар үчүн «Булак» тиркемесин иштеп чыкканбыз. Аны болгону эки-үч ай ичинде даярдап, ишке киргиздик. Натыйжада 94 миң окуучу катталып, 1 миллион 200 миңден ашык тест тапшырылды. Эң негизгиси, быйылкы ЖРТнын жыйынтыгында орточо балл өткөн жылга салыштырмалуу 127,3 баллдан 128,3 баллга көтөрүлдү (1%га өстү). Өткөн жылы 53 миң адам ЖРТ тапшырса, быйыл 67 миң адам тапшырды. Ал тургай, Нарындан эң жогорку балл алган кыз да ушул «Булак» менен даярданганын айтты. Биз ЖРТдан 228 балл алган окуучуларга Салымбеков Университетине окууга 100 пайыздык жеңилдик беребиз. ЖОЖдор окугусу келген, билимге суусаган жаштарга шарт түзүшү парз.
ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ — КОРКУНУЧПУ ЖЕ МҮМКҮНЧҮЛҮКПҮ?
-Азыр жасалма интеллект өнүгүп, көптөгөн кесиптер жоголот деген кооптонуулар бар. Сиздин пикириңиз кандай?
– Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү технологиялык секириктердин кучагында турат. Жасалма интеллект күнүмдүк жашообузга гана эмес, билим берүү системасына да ири өзгөрүүлөрдү алып келүүдө. Өнүккөн, өркөнү өскөн өлкөлөрдө революция дегендин маанисин өнүгүү, алмашуу деп түшүнүшөт. Бизде кийинки беш жылды кошпогондо, 30 жыл тарыхыбызда революция-бул бийлик алмашуу деген гана түшүнүк калыптанып келбедиби. Эми коомчулук өнүкөн мамлекеттердей эле революция дегенди өнүгүү деп түшүнүүгө мезгил жетти деп ойлойм. Мисалы, мурун трактор чыкканда да элдер корккон, конвейер чыкканда да жумушсуз калабыз дешкен. Жасалма интеллекттин чыгышы да- технологиялык революция. Ооба, кээ бир кесиптер, мисалы, жөнөкөй котормочулар жумушсуз калышы мүмкүн. Бирок бул коркунуч эмес, мүмкүнчүлүк. Жасалма интеллектти билим берүүдө туура колдонсок, ал ар бир окуучунун деңгээлине карап, жекече программа түзүп бере алат. Окуучу суроого тез жооп берсе, суроону татаалдаштырат, кыйналып жатса- жөнөкөйлөтөт. Бул мугалимдин ишин жеңилдетет. Биз азыр убакытты саясатка же куру ушактарга коротпой, ушундай технологияларды билим берүүгө киргизишибиз керек. «Сен оңолсоң, коом оңолот» дейт. Ар бир жетекчи, ар бир мугалим өз ишин так аткарып, менеджерлик сапатты өрчүтүшү зарыл. Биз Салымбеков университети катары министрликке ушул программаларды, колдонмолорду даярдап берип жатабыз. Максатыбыз -өлкөбүздүн билим берүү деңгээлин эл аралык стандартка жеткирүү.
Аңгемелешкен М.ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
Туулган жери жана алгачкы кадамы: Эмил Билгазиев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Мектеп курагында математика жана физика боюнча республикалык олимпиадаларга чейин жетип, өзгөчө таланты менен айырмаланган. Билими: 2005-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Компьютердик инженерия бөлүмүн аяктаган. Көп өтпөй билимин АКШда улантып, Хьюстон университетинде (University of Houston) 2009-жылы магистратураны, ал эми 2013-жылы компьютердик илимдер боюнча докторлук даражасын (PhD) ийгиликтүү жактаган. Дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйбасы: Кремний өрөөнүндө 15 жылдан ашык убакыт иштеп, дүйнөлүк IT-гиганттарда чоң тажрыйба топтогон. Ал Shell, LinkedIn, Uber (RADAR долбоорунун техникалык жетекчиси), Snap Inc. жана Meta (Facebook) сыяктуу алп компанияларда улук инженер жана машиналык окутуу (Machine Learning) боюнча башкы адис катары эмгектенген. Мекенине кайтышы жана улуу миссиясы: Түрдүү эл аралык мүмкүнчүлүктөргө карабастан, Эмил Билгазиев жубайы жана кесиптеши Мунара Толубаева менен бирге Кыргызстанга кайтып келишкен. Алардын максаты- өлкөдөгү IT-окутуу программаларын түп тамырынан бери өзгөртүп, дүйнөлүк стандартка ылайыктоо. Учурдагы ишмердүүлүгү: Ал Салымбеков Университетинин алдындагы Америкалык технологиялар институтунун (AIT) негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп саналат. Бул институт аркылуу Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы муундун технологиялык лидерлерин тарбиялап чыгаруу үстүндө талбай эмгектенип келет.
Комментарийлер