ЭМГЕК ТАРБИЯСЫБЫ ЖЕ…
- 07.08.2026
- 0
Эмгек тарбиясы каерден бүтүп, каерден жабыктыруу башталат? Он беш жылдай мурун ушул темага кайрылдым эле. Ырас, азыр жашы жете электерди иштетүүгө расмий түрдө тыюу салынган – турмуш жүгүн чоңдор менен дээрлик бирдей көтөргөн балдардын саны да мурдагыга салыштырмалуу кыйла азайды окшойт. Бирок маселе толугу менен чечиле элек.
…Кабыргасы ката элек балдар, өспүрүмдөр бул күндө таң аткандан кеч киргенге чейин чоңдор менен калышпай талаа бетин тырмалайт. Жайдын ысык аптабы куйкалап, тердеген денеге кирдеген кийим жабышат. Кунарсыз тамак жеп, чаңкаганда муздак чайдан же жармадан ууртап коюп пияз отогон, кызылча чапкан балдар…
Бишкекте базардын чаалыктырма опур-топуруна аралашып, араба түрткөн, жашылча-жемиш ж.б. саткан, желим бөтөлкө чогулткан балдар көбүрөөк акча табууну бир ойлосо, тезирээк кеч кирсе экен деп миң ойлойт. Өтүк майлаган, чакадагы сууга салып лимонад ташыган, бири-бирине кыр көрсөткөн, чоңдордун акаарат сөзүн уккан, чогоолураактары тил кайтарган балдар…
Жалкытуу жана жалкоолук
Ырас, кичинекейинен эмгекчил болуп өссө, ата-энесинин кадырын билет, өз алдынча турмуш жолуна аттанганда көп кыйналбайт деген пикир да жүйөлүү. Чын эле, өзүн койорго жер таппай колоктоп бош жүргөнчө, иштеп акча таап, үй-бүлө бюджетине кичине болсо да салым кошкону оң эмеспи. Ар бир сомдун иштеп табылышын сезип-туйганда, бала ата-энесинин эмгегин баалайт, алардын кадырына жетет. Балдардын чыдамкай, жоопкерчиликтүү, күйүмдүү, чарбачыл болуп өсүшүнө эмгек зор өбөлгө түзөрү илгертен эле белгилүү.
Жалкоолук, телефонго байланган бекерчилик, шалаакылык, кайдыгерлик, таш боордук, сабырсыздык, өзүмчүлдүк – баары бүгүнкү жаштарга “жугуп” жаткан илдеттер. Мунун бир дабасы туура уюштурулган, ченемден аша чаппаган эмгек экендиги талашсыз.
Бирок кептин баары ошол ченемдин азыр сакталбай жатканында. Сөөгү ката электерди чоңдор үчүн белгиленген 8 сааттык жумуш күнүнөн да ашыкча иштеткен учурлар кеңири кездешет. Айрыкча түштүктө күрүч сугарып, пахта терген, тамеки тилгендердин абалы жан кейитет. Эл аралык стандарттар боюнча бул иштер эмгектин балдар үчүн эң зыяндуу түрлөрүнө кирет экен.
Ден соолукка тийген зыяндан башка мунун дагы бир зор кесепети бар. Жаштайынан өтө оор түйшүккө малынып, эзүүдөн башы чыкпагандар мүнөзү мокок, акылы чабал, эрки бошоң (шалаакы), дили керең болуп өсүшү көбүрөөк ыктымал. Иштегенден жалкып калган адам жалкоо болот, ал коркутуу же кыстоо, мажбурлоо менен гана кыймылдайт. Кулчулуктун бир тамыры ушуякта.
Эмгек гигиенасы жөнүндө эки ооз сөз
Тажикстандын Жерге-Талындагы кыргыздар Совет бийлигинин тушунда деле жалданма эмгекке аралашып келген. Кышы кыйла узакка созулган бул жерде совхоздун берген айлыгы чай-нанга араң жетчү. Андыктан там салуу же үйлөнүү үчүн жыл сайын бойдок жигиттердин көбү Өзбекстанга барып дубалга иштеп, түзүк эле акча таап келчү. Ошондо пакса дубал койгондор өздөрүнүн бир тамашасын айтып жүргөнү эсимде.
Өтө катуу чарчаганча иштегендиктен, кетмени тик койгондо жыгылса же өзү чалыштап, мүдүрүлүп кетсе, паксачыга шериктери айып салат. Шылдыңдан кутулуу үчүн ал өз эсебинен атайын палоо демдетип, эт салдырат да, шылтоо менен баары көңүлдөрүн бир сергитип, эс алышат.
Бир караганда эриккендердин эле эрмегиндей көрүнсө да, мунун мааниси зор. Чындыгында адам иштөө (акча табуу) үчүн жашабайт, жашоо үчүн иштейт (акча табат), бирок, тилекке каршы, муну унутуп койгондор көп. Эгер жетилген курактагылар үчүн эмгек гигиенасы ушунчалык зор мааниге ээ болсо, эми гана өсүп келаткан, табият тартуулаган дараметин ачууга жол издеп жаткан балдар үчүн ого бетер зарыл экендигин ата-энелер унутпаса экен?!
Таалим уясыбы же наадандыктын уюгубу?
Гигиена демекчи, азыр бул талап мектептерде (айрыкча шаарлардагы гимназия, лицей ж.б.у.с. аталып алган орто билим берүү мекемелеринде) да жакшы сакталбай калды. Сабактар илгеркидей эле 45 мүнөттүк убакыт алкагында окутулуп жатканы чын, бирок күнүмдүк сабак сааттарынын саны ченемге туура келбеген мектептер да бар.
Илгери бүтүрүүчү класстарда эң көп окуганда күнүнө 5-6 сабактан ашчу эмес, азыр башталгыч класстын окуучусу 7-8 сабакка чейин кармалган учурлар да кездешет. Мунун бир себеби ар кайсы предметтер боюнча мугалимдер жетишпей, башка мектептеги сабагынан бошогондо гана келе тургандардын шартына ылайыктоо зарылдыгына байланыштуу окшойт.
Келечекке ким жооптуу?
Балдардын мектептен чыгып, иштеп кетүүсүнүн бир себеби ушул. Албетте, мындан да оор себеби кадимки эле жакырчылык экендиги бештен белгилүү. Бирок кедейлик деп кейий бергенден эч пайда чыкпайт. Андан көрө мунун себебин издеп, жойо албасак да, азайтуунун жолун табышыбыз керек. Бир жагынан, азга канаат кылып, төшөккө жараша бут сунганды үйрөнүү керек окшойт. Аш-тойлор, ашкере ысырапчыл шаан-шөкөттөр, жалтыр-жултур кийим, башкаларга эрегишип, мактаныч үчүн гана сатып алынуучу машина ж.б.у.с. – курсагы тоюп-тойбой оор иштерге эрте аралашып жүргөн балдарыбыздын тагдырына балта болуп чабылып жатканын ойлосок.
Ата-энелер менен бирдей деңгээлде мамлекет да буга жооптуу. Билим берүү, тарбия системасын түп тамырынан өзгөртүп, инсандын чыныгы муктаждыктарын канааттандырууга ылайыктоо зарыл. 12 жылдыкка өтүүдө ушул мүдөө эске алынат деп ойлойм.
Жагабы, жакпайбы, капиталисттик коомго баратабыз. Азыр анын жапайы мезгилин баштан өткөрүүдөбүз. Андыктан социалдык теңсиздик, бай-кедей болуп катмарлануу өкүм сүрө баштаган ушул мезгил тилкесинен эң аз жоготуу менен өтүүгө умтулуубуз зарыл. Азыр жаш муундун тагдырына кайдыгер мамиле жасоо менен эң башкы жоготууга жол коюп жатабыз.
Токсон жыл илгери
Орус тилдүү абхаз жазуучусу Фазил Искандердин «Адам турагы» («Стоянка человека») аттуу чыгармасы бар. Анда Октябрь революциясынан кийинки балдарга кызыктуу мүнөздөмө берилген. Мурдагы байлардын балдары оокатка тың, элпек, кедейлердики көбүнчө обу жок эрке, жалкоо же шалаакы экендигине таң калган өспүрүмдөрдүн суроосуна алардын бири минтип жооп кайтарыптыр: “Мунун себеби жөпжөнөкөй – байлар малайсыз калып, эми өз балдарын жумшап жүрөт. Кедейлер байсыз калып, өз балдарына кул болуп алган”.
Чындыгында, кедей балдарынын жакырчылыкты «мурастап» калуусунун эң орчундуу себептеринин бири мындай. Өмүр бою кыйналып иштеп, орто оокаттуу болгондор көбүнчө биз көргөн азапты тартпасын деп балдарын ашкере аяп жүрүп, жүүнү бош, жатып ичер, жоопкерчиликсиз кылып алышат. Ал эми негизги байлык колдун кири болгон акча, мал ж.б. эмес, аны таба билүү, сарамжалдуу иштете билүү экендигин өз тажрыйбасынан түшүнгөн салмактуу байлар балдарын тырмактайынан иштиктүү, чарбачыл кылып өстүрүүгө умтулат.
Жолдош ТУРДУБАЕВ
Комментарийлер