ЭЛДИК ГЕНЕРАЛ ЭСИБИЗДЕ
- 31.03.2025
- 0
Биздин кымбаттуу кыргыз калкыбыздын кадырман уулдарынын бири, белгилүү мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер, генерал-майор Бейше Молдогазиев ушул ыйык орозо күндөрүндө акка моюн сунду. Ал узак жылдар бою комсомолдук, партиялык советтик жана укук коргоо органдарында үзгүлтүксүз жана үзүрлүү эмгектенип, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн жекече чоң салымын кошуп, коомчулугубуздун чыныгы урмат-сыйына татый алды. Мамлекетибиздин алдында сиңирген ак эмгеги татыктуу бааланып, ал бир нече орден-медалдар, мактоо грамоталар, дипломдор маарекелик сыйлыктарга ээ болду. 85 жашка чыгып, өмүр менен коштошкон бул инсандын жаркын элеси элибиздин эсинде унутулбастан, сакталып кала берет. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Генералдын балалык чагы өзү курду он миңден элеттик өспүрүмдөрдүкү сыяктуу эле, каргашалуу Ата мекендик улуу согуштун катаал жылдарына тушма-туш келип, бүтүндөй элибиз өз башынан кечирген эбегейсиз оор кыйынчылыктарды айылдаштары менен тең бөлүшүп жүрүп тарткан. Жерден боорун алаары менен, кара жумуштун казанында шакардай кайнап, балалыктын кандайча өтүп кеткенин да сезбей калып, тез эле эрезеге жеткен. “Согуштун баласы” катары, анын каары менен заарын чыдамкайлык менен көтөрүп, бүйрө, тырышчаак, негизгиси эмгекчил болуп өсүп, өзүнүн бүгүнкү коомдогу бийик даражасына чейин жете алган инсан катары, сүйүктүү элинин эсинде кала берээринде эч кандай күмөн жок.
Профессор Тилектеш Ишемкулов
Комментарийлер