АТА-ЭНЕЛЕР ФОРУМУ: РЕФОРМАНЫН АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
- 20.05.2026
- 0
Бишкек шаарында өткөн “Доор өзгөрткөн билим” аталышындагы Ата-энелер форумунун максаты — Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо боюнча биринчи окуу жылынын жыйынтыктарын жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте ата-энелер коомчулугуна кеңири тааныштырууну, билим берүү боюнча ата-энелердин суроолоруна жооп берүүнү, жалпы билим берүүнү трансформациялоонун кийинки этаптары боюнча маалыматты кеңири тааныштырууну көздөдү.

Реформанын негиздери жана мамлекеттик колдоо
Форумда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын билим берүү системасы соңку жылдары түп-тамырынан модернизацияланганына кенен токтолду. 12 жылдык мектепке өтүү, жаңы мамлекеттик стандарттарды киргизүү, окуу мазмунун компетенттүүлүккө багыттоо — мунун баары өлкөнүн келечектеги интеллектуалдык потенциалын калыптандырууга багытталган кадамдар экенин баса белгиледи.

— 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн негизги себептери: билим берүүнүн мазмунун жана түзүмүн жаңылоо; окуучулардын кызыкчылыктарын эске алуу үчүн профилдик окутууну киргизүү; эл аралык билим берүү мейкиндигинде интеграцияланган жана таанылган улуттук билим берүү системасын түзүү; алты жаштагы балдарды мектепке чейинки даярдоо менен жалпы камтуу жана бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. 2025-2026-окуу жылында 1-2-класстарга 373 268 бала кабыл алынды. Быйыл 9-классты – 135 979, ал эми 11-классты – 80 829 бүтүрүүчү аяктайт. ЖРТга өткөн жылы 57458 бүтүрүүчү катышып, орточо 127 упай алышса, быйыл окуучулар акысыз «Булак» платформасы аркылуу ЖРТга даярдана алышты. Учурда 94 440 окуучу катталып, 23-майга чейин ЖРТ тапшырышат, — деди министр.
Бир жыл аралыгында билим берүүнүн бардык баскычында жана түп-тамырынан бери трансформация кылуу боюнча чечкиндүү аракеттер жүрдү. Билим берүүнүн мазмуну, стандарттар, программалар жаңыланды. Ошол эле кезде мугалимдерди окутуу жана даярдоо системасында да көп өзгөрүүлөр болду. 12 жылдык мектепти жаңыланган мазмун менен камсыз кылуу үчүн окуу китептери толук алмаштырылып жатат.

— 2025/2026-окуу жылында 1-, 2-, 5-, 7-класстар жаңы окуу программалары менен окушса, 2026-2027-окуу жылында 3-, 8-класстар жаңы окуу программалары менен окуй башташат. Кыргызстанда биринчи жолу «Туңгуч» мамлекеттик онлайн мектеби ачылды, анда 2540 окуучу билим алууда. Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга 670 млн. сом бөлүнгөң. Биринчи этапта алар STEM предметтеринин мугалимдери үчүн таратылды, — деди министр айым.
12 жылдык мектепке өтүүнүн мазмундук негизи
Кыргыз билим берүү академиясы 12 жылдык мектептик билим берүү моделин ишке ашыруунун негизги документтерин даярдоодо башкы ролду аткарды. Академия тарабынан 2026–2027-окуу жылына карата базистик окуу пландарынын долбоорлору, бардык предметтер боюнча методикалык сунуштар жана жаңыланган предметтик стандарттарды ишке ашырууга арналган презентациялык материалдар иштелип чыкты.
2025-2026-окуу жылында жалпы билим берүү уюмдарын 12 жылдык мектептик билим берүү моделине өткөрүүнүн башталышын илимий-методикалык, ченемдик жана уюштуруучулук жактан коштоону камсыз кылды.
12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү Концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы №654 токтому менен бекиген) эң алды КББАнын окумуштуулары тарабынан эксперттик коомчулук, практик-мугалимдер жана педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыкканы айтылды.
Концепцияны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты; кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуткан мектептер үчүн Базистик окуу планына (БОП) ылайык бардык окуу предметтери боюнча 1-12-класстар үчүн предметтик стандарттар; кыргыз жана орус тилдеринде окуткан мектептер үчүн бардык предметтер боюнча 1-9-класстардын окуу программалары; 12 жылдык окутуу моделине өтүп жаткан 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн календардык-тематикалык пландар; жаңыланган билим берүү мазмунун ишке ашыруу боюнча педагогикалык кызматкерлерге практикалык методикалык жардам катары презентациялык материалдар жана методикалык иштелмелер иштелип чыкканын да министр айтып өттү.
Мугалим, башкаруучу, методикалык система
— Мугалимдерди колдоо, ал үчүн методикалык иштерди өзгөртөбүз. Методикалык бирдиктүү система, т.а. 7 облустук борбор, 27 аймактык борбор түзүлөт. Кыргызстанда биринчи жолу Президентттин колдоосу менен методисттердин айлыгы 50000 сомдон ашык көтөрүлдү. Анткени методисттер – мугалимдердин мугалими, — деди Д.Кендирбаева.
Жаңыланган билим берүү мазмунун ишке ашыруу практикасын изилдөө
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшееванын айтымында, 12 жылдык мектептик билим берүүнү ишке ашырууну илимий-методикалык жактан коштоо максатында Кыргыз билим берүү академиясы жаңыланган билим берүү мазмунун киргизүү практикасын изилдөөгө, жаралып жаткан кыйынчылыктарды аныктоого жана окуу-методикалык камсыздоону мындан ары өркүндөтүүнүн багыттарын аныктоого багытталган изилдөө иштерин жүргүздү.

— Изилдөө 2025-2026-окуу жылынын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлүп, өз ара байланышкан эки этапты камтыды. I этап – педагогикалык кызматкерлерди сурамжылоо. Педагогикалык коомчулуктан кайтарым байланыш алуу максатында 12 жылдык билим берүү моделинин алкагында окутууну жүргүзүп жаткан мугалимдер үчүн анонимдүү сурамжылоо иштелип чыкты. Сурамжылоого республиканын бардык аймактарынан 12 жылдык окутуу моделине өткөн класстарда сабак берген 8200 мугалим катышты. Алынган жыйынтыктар педагогдордун төмөнкү багыттар боюнча негизги кыйынчылыктарын аныктоого мүмкүндүк берди: жаңыланган предметтик стандарттарды ишке ашыруу; окуу программаларын колдонуу; календардык-тематикалык пландаштыруу; 12 жылдык билим берүүгө өтүү шартында окуу процессин уюштуруу. II этап – окуу сабактарына катышуу. Изилдөөнүн экинчи этабында КББАнын кызматкерлери, анын ичинде предметтик стандарттарды жана окуу программаларын иштеп чыгуучулар, Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарындагы сабактарга рандомдук негизде катышуу аркылуу билим берүү процессине мониторинг жүргүзүштү. Сабактарга катышуу мектеп администрациялары менен алдын ала макулдашылбастан жүргүзүлдү, бул байкоолордун объективдүүлүгүн камсыз кылууга жана жаңыланган билим берүү мазмунун ишке ашыруунун реалдуу практикасы боюнча маалыматтарды алууга мүмкүндүк берди. Мониторингдин алкагында 32 жалпы билим берүү уюмунда ар кандай предметтер боюнча 210 окуу сабагына байкоо жүргүзүлдү. Бардык байкоолор КББА тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү байкоо баракчаларына катталып, алынган маалыматтарды системалаштырууга жана андан ары талдоого мүмкүнчүлүк түздү, — дейт Назира Дүйшеева.
Мындан сырткары, окуу жылы ичинде КББА окуу процессинин жүрүшүндө келип чыккан бардык суроолор боюнча түзүлгөн предметтик чат-тайпалар аркылуу 12 жылдык билим берүү тутумунун 1-, 2-, 5- жана 7-класстарынын мугалимдерине туруктуу негизде консультациялык жана методикалык колдоо көрсөтүп келатат.

— Бөлүштүрүүгө ылайык, КББАнын ар бир илимий кызматкерине предметтик багыттар боюнча мугалимдердин чат-тайпаларынын белгилүү бир саны бекитилген. Алдыдагы окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүгө 3- жана 8-класстар дагы кошулат. Бул класстардын педагогдору үчүн бардык предметтер боюнча предметтик чат-тайпалар жана КАОнун адистеринин консультациялык коштоосу аркылуу жыл бою методикалык колдоо уюштурулат, — дейт Назира Кубанычбековна.
Учурдагы иш этабы
Азыркы учурда КББА сурамжылоонун жана байкоолордун жыйынтыктарын системалаштыруу жана аналитикалык иштеп чыгуу иштерин жүргүзүүдө. Алынган маалыматтардын негизинде аналитикалык корутундуларды жана 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнү ченемдик, окуу-методикалык жана уюштуруучулук жактан коштоону мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды камтыган Кыргыз билим берүү академиясынын изилдөө отчёту даярдалууда.
Эл аралык кызматташтык
2025-2026-окуу жылында Кыргыз билим берүү академиясы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мектептик билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү багытында дагы бир катар иштерди жүргүздү. Россия Федерациясы менен түзүлгөн мамлекеттик келишимдин алкагында эки өлкөнүн мектептик билим берүү системаларындагы предметтик стандарттарга, окуу программаларына жана базистик окуу пландарына салыштырмалуу талдоо жүргүзүлдү.
Аталган иштин негизги максаты — курулуп жаткан 9 мектеп үчүн билим берүү мазмунундагы окшош жана айырмалуу багыттарды аныктоо, эл аралык тажрыйбаларды өз ара талдоо жана окуу жүктөмдөрүн жана билим берүү мазмунун оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болду.
Талдоонун негизинде КР менен РФ окуу документтеринин салыштырмалуу матрицалары, анын ичинде: календардык-тематикалык пландардын (КТП); базистик окуу пландарынын (БОП) биргелешкен матрицалары иштелип чыкты.
Изилдөөнүн жыйынтыгында мектептик билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, окуу материалдарынын ырааттуулугун камсыз кылуу жана билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аналитикалык корутундулар жана сунуштар даярдалды.
Жүргүзүлгөн иштер эл аралык билим берүү тажрыйбасын өздөштүрүүгө, билим берүү мазмунун заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүүгө жана 12 жылдык мектептик билим берүү моделин илимий-методикалык жактан өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.
Форумдун үнү: Ата-энелер жана педагогдор эмне дейт?
Бишкек шаарындагы №50 мектептин башталгыч класстар боюнча директордун орун басары Минайым Батырканова реформанын алгачкы айларында ата-энелерде кооптонуулар жана суроолор болгонун жашырган жок.

— Жаңы китептердин мазмуну бир аз оор деген пикирлер айтылды. Бирок, мектептин түшүндүрүү иштери жана ата-энелердин колдоосу менен бир жыл ичинде система өз нугуна түштү. Биз мектепте 1-2-класстардын арасында мониторинг жүргүзгөнүбүздө, класстагы 35-47 окуучунун ичинен болгону 3 гана окуучу бир аз артта калбаса, калгандары толугу менен тамга таанып, окуп, жазып жана өз ойлорун эркин айткан деңгээлге жетти. Бул реформа балдардын келечегине, чет өлкөлөрдө эркин билим алуусуна даңгыр жол ачат, — дейт ал.

Иш-чаранын соңунда ата-энелер тарабынан балдардын коопсуздугу, мектептерди жашылдандыруу, онлайн окутуу жана китептердин сапаты боюнча суроолор берилип, министрлик менен КББАнын жетекчилери тарабынан так жооптор берилди.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер