ДЕМИЛГЕЛЕРИМ БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛАТ

  • 04.11.2021
  • 0

Урматтуу шайлоочум, урматтуу кыргыз элим, кесиптештерим! Алдыдагы шайлоого мамлекетибиздин, анын ичинде билим берүү тармагынын өнүгүшүнө өз салымымды кошуу үчүн аттанып отурам. Менин башкалардай болуп бизнесим же ашып-ташып жаткан байлыгым, ашыкча акчам жок. Менин болгон карманганым билимим менен ушул багыттагы көп жылдык тажрыйбам. Ишенгеним, таянганым бир гана карапайым элим, интеллигенция өкүлдөрү. Алдыдагы шайлоого көп максат-милдеттерим менен бара жатам.  

Билимсиз эч бир тармак өлкөнү толук өнүгүүгө алып бара албайт. Адеп-ахлак — маданияттын негизи, кылмышка, жаман жүрүм-турумга каршы улуу күч. Азыр кеч боло электе адеп-ахлак сабактарын алфавиттен кийин эле ийкемдүү куракта башташ керек.

 

Мектепке адеп-ахлак сабагын киргизүү менен биз эч кандай динсиз заманбап демократиялык системаны түзө алабыз. Адеп-ахлактык принциптер чыр-чатаксыз, акыл-эстүү, билимдүү, бай коомду курат.

Студентинин санына, калктын муктаждыктарына ылайык кээ бир жогорку окуу жайларын орто кесиптик жайларына айландыруу зарыл.

Кыргызстан кичинекей мамлекет, жогорку билимдүү адамдар талап кылынгандан көп, бош орундар жок. Аткаруучудан башкаруучу көп. Мындай дисбаланс көзөмөлдү начарлатат, өлкөнү тоноолорго алып келет.

Бүгүнкү күндө бизге мамлекеттин ресурстарына туура келген эң керектүү кесиптер керек. Анан башка мамлекеттерге карап эмес, биздин өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүнө, ресурстарына карап классификациялоо керек. Мына жөнөкөй мисал:

Биринчиси, бүгүнкү күндө базарда тигүүчүлөргө суроо-талап чоң, көбү кесиби боюнча иш таппай, адистигин өздөштүрө албай массалык түрдө тигүүчүлүккө өтүштү. Мунун биринчи кемчилиги — техникалык жактан коопсуз, экинчиси — сапаты жагынан алсыз, үчүнчүсү — жумушка кызыгуу жок, анткени кесип ага жакпайт.

Экинчиси, эмгек рыногу көп куруучуларды талап кылат. Адамдар да кесибинен тышкары иштөөгө аргасыз. Натыйжада кырсыктар көп катталат.

Кесиптик багытты адам кесип жөнүндө жаңыдан ойлоно баштаган, жаш кезинен баштоо керек. Анткени бала кезинде тандап алган кесип, албетте, сүйүктүү кесиби болот.

Андыктан кесиптик-техникалык билим берүүнү жайылтуу ыкмасын киргизүү зарыл.

Урматтуу шайлоочу, Сиздердин колдооңуздар болуп, мага Жогорку Кеңештин депутаты болуу насип этсе, бул максат-милдеттерди ишке ашырууга Сиздердин алдыңыздарда сөз беремин!    АНДЫКТАН СИЗДИН ТАНДООҢУЗ №11 “МЕКЕНЧИЛ ЭЛ” ПАРТИЯСЫ БОЛСУН! МЕНИН КАТАР НОМЕРИМ 8.

ДЕМИЛГЕЛЕРИМ БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛАТ

Нуржан Джумагазиева 1968-жылы 25-январда төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин 1990-жылы аяктаган. Эмгек жолун Ысык-Көл облусунун “Коммунизм маягы” гезитинен баштап, 1998-жылдан ушул күнгө чейин Кыргыз улуттук университетинде иштеп келе жатат. Алгач басма сөз кафедрасында жөнөкөй эле окутуучу болсо, 2017-жылдан бери кафедраны жетектейт. Журналистика багыты боюнча “Кыргызстандын мезгилдүү басма сөзүндө экология проблемасы” деген темада Душанбеден кандидаттык диссертациясын коргогон. 2013-жылдан бери докторлук иштин үстүндө иштеп келет.

Төрт китептин, эки методикалык окуу куралынын, Кыргызстан, Австрия, Франция, Германия, Россиянын илимий журналдарына  жарык көргөн кыркка чукул илимий макалалардын автору.

Бельгия, Англия, Франция баш болгон Польша, Литва, Австрия, Чехия, Россия, Казакстандын бир катар жогорку окуу жайларында илимий конференция, семинарларда илимий баяндама жасап, тренингдерге, курстарга катышып, тажрыйба топтоп, кесиптик чеберчилигин жогорулатып келген.

ДЕМИЛГЕЛЕРИМ БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛАТ

ЭМНЕ ҮЧҮН МЕН ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ШАЙЛООГО

БАРУУНУ ЧЕЧТИМ?

Менин эч кандай бизнесим жок, көп жылдан бери окутуучулук кесипти аркалайм, КУУнун журналистика факультетинде басма сөз кафедрасында башчы болуп иштейм. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө  жана гүлдөп-өсүшүнө, карапайым адамдардын жашоосун жакшыртууга өз салымымды кошкум келет. Мен билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты, аялдарды, ошондой эле улгайган адамдарды колдоо жаатында мыйзам чыгаруу деңгээлинде демилгелерди киргизгим келет.

Кыргызстан – бул көп мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү  деп эсептейм! Ошондуктан бул мүмкүнчүлүктөрдү толук ченемде ачуу үчүн иштөөгө умтулам. Ар бир адамдын бакубат жана гүлдөп өскөн өлкөдө, жайлуу жана коопсуз жашоого укугу бар деп эсептейм.

ЭМНЕ ҮЧҮН “МЕКЕНЧИЛ ЭЛ” ПАРТИЯСЫНДАМЫН  

Мен үчүн “Мекенчил эл” саясий партиясы – бул карапайым жарандардын жашоосун жакшыртуу жана өлкөнү өнүктүрүү үчүн бириккен, пикирлештер командасы. Бул куру убада  бербей, конкреттүү иш кылуучу партия. Бул партияда  ар кандай коррупциялык жаңжалдарга аралашпаган, жаңы адамдар. Ар бири өз ишинде чынчыл иштейт. Карапайым адамдар бийликте жылдап отуруп, жеке максаттарын гана көздөгөндөрдөн тажады. Өлкөгө чындап өзгөрүүгө, жаңы көз караштары жана идеялары менен жаңы  адамдарга муктаж.

ДЕМИЛГЕЛЕРИМ БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛАТ

КЕЛЕЧЕКТЕГИ МАКСАТЫМ

Албетте, биздин коомдо көйгөй өтө көп. Жарандар келечектеги парламенттен жакшы жылышты күтүп жатат. Биринчи кезекте, менин демилгелерим аялдардын көйгөйлөрүнө багытталат. Бул – үйдөгү зордук-зомбулук, алимент төлөө, балага кам көрүү боюнча жөлөк пул төлөө, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн мыйзам чыгаруу деңгээлинде күчтүү демилгелер керек.

Мен узак убакыт университетте иштегендиктен, бул системаны жакшы билем. Ошондуктан менин демилгелерим билим берүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат. Мисалы, окуу программалары менен түздөн-түз иш берүүчүнүн ортосунда чоң ажырым бар. Ошондуктан ЖОЖдор потенциалдуу иш берүүчүлөр менен тыгыз иштешүүсү керек.

ДЕМИЛГЕЛЕРИМ БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛАТ

МЕНИН ШАЙЛООЧУМ КИМ?

Менин шайлоочум – бул саясаттан жаңы жүздөрдү көрүүнү каалаган карапайым жаран. Менин шайлоочуларымдын арасында аялдар, ошондой эле менин студенттеримдин катарынан чыккан жаштар жана интеллигенция өкүлдөрү бар.

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ МИЛДЕТТЕРИМ?

Менин милдеттерим түздөн-түз партиянын милдеттери менен байланыштуу. Бул:

  • Экономикалык өсүштү камсыздоо;
  • Саламаттыкты сактоону жана билим берүүнү өнүктүрүү;
  • Коррупция менен күрөшүү, укуктук мамлекетти куруу;
  • Сот системасын реформалоо;
  • Коомду бириктирүү, улуттар аралык жана конфессия аралык мамилелерди өнүктүрүү;
  • Жаштардын дараметин жана мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү;
  • Аймактарды өнүктүрүү;
  • Көз карандысыз ММКны колдоо жана өнүктүрүү.

КАНДАЙ ИМИДЖ ЖАРАТКЫМ КЕЛЕТ?

Албетте, мен карапайым элге жакын, адамдардын көйгөйлөрү түшүнүктүү болгон талапкердин оң имиджин жараткым келет.

ДЕМИЛГЕЛЕРИМ БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛАТ

“МЕКЕНЧИЛ ЭЛ” САЯСИЙ-ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ

“Мекенчил Эл” саясий-демократиялык партиясы  “Эркиндик, жоопкерчилик, акыйкаттык, ар намыс жана прогресс!” деген ураанды бекем карманган, жалаң жаңы жүздөрдөн куралган жаңы партия.

Партиянын негизги артыкчылыктары:

  • Адам укуктарын мыйзамдуу акыйкаттагы мамлекеттин жана коомдун эң жогорку баалуулугу деп белгилейт.
  • Эркиндик мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги, адилеттүүлүк, биримдик менен жалпы элдин баардык катмарынан жөндөмдүү уул-кыздарын алдыңкы катарга кошуу!
  • Мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты “мамлекеттик органдар жан дили менен элге кызмат кылышы керек” деген ой-пикирин ишке ашыруу менен мамлекеттик башкаруу кызматта бир эле адамдын көп жыл иштөөсүнө, тууганчылдык, династиялардын топторун бийликке аралашуусуна жол бербөө!
  • Мамлекеттин жана өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө камсыздоо!
  • Коомдун жаңылануусу адамдын интеллектуалдык жөндөмүнө, билимине, ишмердүүлүгүнө, акыйкаттуулугуна карап өнүгө алат.

Биз Кыргызстаныбызды эркин, акыйкаттуу жана экономикасы өнүккөн өлкөгө айлантууга, ар дайым сыймыктанган өлкө болуусун камсыздоо үчүн бириктик.

Биздин максаттарыбызга жана принциптерибизге кошулган ар бир жаран үчүн биз ачыкпыз. Биз өнүгүүгө ишенебиз!

“МЕКЕНЧИЛ ЭЛ” САЯСИЙ-ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫНЫН шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дүйшөнова И.Б. тарабынан каржыланды. (Күбөлүк 62 01.09.2021)   

 

Бөлүшүү

Комментарийлер