ДААНЫШМАН АГАЙДЫН РУХ МЕЙКИНДИГИ

  • 10.02.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги Бектур Исаковдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара 4-февралда Талас облустук Капар Медетбеков атындагы драма театрында өткөрүлдү.

ДААНЫШМАН АГАЙДЫН РУХ МЕЙКИНДИГИ

Курултай “Окуучулардын жан дүйнө байлыктарын калыптандыруунун майнаптуу жолдору” деген аталышта облустук жалпы билим берүү мекемелеринин аракетинин аркасында даярдалган көргөзмөлөр менен коштолду. Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин окуучулары Кыргыз Республикасынын гимнин аткарган соң, алгачкы куттуктоо сөз менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова чыгып сүйлөдү.

Замандашы Найзабеков Бакбуркан бала күнүнөн китепти көп окуган, ойчул, мээнеткеч Бектур агайдын калк арасында кадыр-баркка ээ болгонун, СССР Жогорку кеңешинин депутаттыгына ат салышып, 78-83% добуш менен жеңип чыкканын айтып берди.

Бектур агайга арнап чыгарган “Бектур руху” аттуу күүсүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, комузчу Намазбек Шеркулов чертип берди.

Талас облусунун мурдагы губернатору Марат Мураталиев мындай деди Бектур агайга “Эл баатыры” наамын ыйгарып, ал иштеген мектептин курулушун кийинки окуу жылына бүтүрүү керектигин айтты.

Улуттук мектептин жүзү

«Кут билим» гезитинин редактору Кубат ЧЕКИРОВ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы С.Касманбетовдун куттуктоосун окуп берип, анан өзү жетектеген чыгармачыл жамааттын атынан да сүйлөдү:

— Урматтуу Бектур агай! Сизди 80 жаш маарекеңиз менен «Кут билимдеги» кесиптештеримдин атынан жана жеке өзүм чын жүрөктөн куттуктайм!

Сизди кыргыз журтчулугу азыркы замандагы жогорку кесипкөй, эң чебер, уникалдуу, кайталангыс жүзү бар педагог катары тааныйт жана аздектейт. Сиз карууңузду казык, акылыңызды азык кылып, 55 жылдан ашык убакыттан бери тыным албай эмгектенип, улуттук билим казынабызды байытууга, эгемен өлкөбүздүн интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө зор салым коштуңуз. Сиз жазып чыгарган 40тан ашуун китеп, 250дөн ашуун илимий усулдук макалалар кыргыз тили менен адабиятын окутуунун, “Манас таануунун” теориялык жана усулдук базасын өнүктүрүү, жаңы деңгээлге чыгарды. Мамлекетибиз сиздин эмгекти жогору баалап, «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» наамын ыйгарды, мамлекеттик жана башка коомдук сыйлыктарга да ээ болдуңуз.

Кыргызстандагы билимкөй коомчулук жана улуттук интеллигенциясы сизди кыргыз мугалимдеринин ичинен «Кыргыз Республикасынын баатыры» эң жогорку наамына биринчи кезекте татыктуу ишмер катары көрсөткөнү сиздин даркан эмгегиңизге эл-журтуңуздун берген бийик баасы болуп саналат. Бул ак тилек аткарыла турган күн да алыс эмес деп ишенебиз.

Сиздин маарекеңиздин урматына Талас шаарында мугалимдердин республикалык курултайы өтүп жатканы сизге улуттук деңгээлде болгон чоң урмат сыйдын жана колдоонун кашкайган далили.

Сизге чың ден соолук кажыбас күч-кубат жана педагогикалык, илимий чыгармачылык ишмердигиңизде көп жетишкендиктерди каалайбыз!

Устатка таазим кылабыз

(Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касманбетовдун куттуктоосу)

— Урматтуу Бектур агай, сизди 80 жылдык маарекеңиз менен чын дилимден куттуктайм! Бул маареке жеке мугалимдер менен окутуучулар, усулчулар менен тарбиячылар үчүн эле эмес, сизди эң жакын жана эң асыл адамы катары санаган, устаттык эмгегиңизге таазим кылган миңдеген жарандарыбыз үчүн өтө маанилүү. Анткени сиз өлкөнүн агартуу тармагынын өнүгүшүнө өз өмүрүңүздү арноо менен жалпы кыргыз журтунун агайы болуп калдыңыз.

Бир мектепте жарым кылымдан ашуун мезгилден бери талыкпастан эмгектенип, жаш муундарга таалим тарбия берип, чоң турмушка аттандырган адамдар өтө сейрек. Ушу тапта сизден таалим тарбия алган

көптөгөн жарандарыбыз өлкө аймагында ар түрдүү кесиптерди аркалап, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошууда. Алардын арасында жамы журт жүгүн аркалаган мамлекеттик ишмерлердин, анын ичинде агартуучулук кесипти аркалап келаткан адамдардын бар экени андан бетер кубанычтуу.

Билим берүү тутумун туруктуу өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Анткени билимдүү жаштар – элибиздин эң башкы байлыгы. Келечек муундун өкүлдөрүн ажайып билим дүйнөсүнө жетелеп, алардын жетик билим жана татыктуу таалим-тарбия алуусуна камкордук көрүү – өтө жоопкерчиликтүү милдет. Кыргызстандын бакубат келечеги да жаштарга таандык эмеспи.

Узак мезгил аралыгында жаш муундарга билим жана таалим тарбия берүү жаатында топтогон мол тажрыйбаңызга таянуу менен, Кыргызстандын тарыхында өзүңүз эмгектенген Талас районундагы Арал орто мектебинин базасында «Бектур Исаковдун алдыңкы тажрыйба мектеби» деген ат менен автордук билим берүү мекемесин түзгөн, чыныгы элдик мугалим катары жакшы билебиз, жалпы сыйлайбыз.

Мугалимдик кесипти аркалоо менен бирге, билим берүү жүрүмүн нукура элдик педагогика менен айкалыштыруу, жаңычыл усулдук технологияларды пайдалануу артыкчылыгы, элдик педагогикадагы гумандуулук идеялары, кыргыз тили жана адабияты окутуунун өзгөчөлүктөрү жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, анын негизинде 250 илимий-популярдык макалаңыз, 41 монография жана окуу куралдарыңыз жарыяланган. Айрыкча Манас таанууга, кыргыз тили менен адабиятын окутууга, улуттук педагогика маселелерине арналган илимий эмгектериңиз азыр да өз маанисин жоготкон жок.

Өлкөнүн билим берүү тармагынын өнүгүшүнө кошкон барандуу салымыңыз жана коомдук ишмердүүлүгүңүз эске алынып, СССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайландыңыз, «Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, «Эл аралык Айтматов академиясынын академиги» сындуу бир катар ардактуу наамдарга арзыдыңыз. «Ардак белгиси», «Даңк» медалы баштаган бир топ мамлекеттик сыйлыктар менен сыйландыңыз. Бирок сиздин эң башкы сыйлыгыңыз кыргыз элинин чоң ыраазычылыгы менен ыроологон ак батасы болду.

Ардактуу Бектур агай, дагы бир ирет, торколуу тоюңуз кут болсун!

Сизге чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалайм. Жараткан элибизге, анын ичинде сизге жалаң жакшылыгынан берсин.

Баатыр наамы берилсин

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясатын өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы, академик, филология илимдеринин доктору С.Мусаев мындай деди:

— Бул курултай башка дубандарда да өткөрүлүп, ар бир район, шаардын мектептеринде гана эмес ар бир кыргыздын үйүндө айтылып, агай чакырган Манастын үлгүсүндө жаңырып туруш керек. Сизге «Эл баатыры» наамы ыйгарыларына мен дагы ишенем жана колдойм.

Филология илимдеринин доктору Турусбек Маразыковдун сөзүнөн:

— Эл баатыры курал кармап атышканда, сахнага чыгып ырдаганда же бир жолу эрдик кылып татыктуу болсо, аларга билим берген мугалимдерден бир мекеме бүтүрө албаган зор эмгекти жалгыз Бектур агай жаратып жатса, Баатыр наамынын берилбей калбашы керек.

ДААНЫШМАН АГАЙДЫН РУХ МЕЙКИНДИГИ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тилди жана тил саясатын өнүктүрүү секторунун башчысы Г.Ибраимова маараке ээсин куттуктап, агай иштеген мектепке көркөм адабий китептерди тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тил жана тил саясатын өнүктүрүү комиссиясынын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү агайдын зор эмгегин айтып, “Кыргыз педагогдору” коомунун атынан “Педагогиканын каарманы” төш белгиси, илимий-педагогикалык “Мугалим” журналынын төш белгисин тапшырды. Ал ошондой эле агайдын шакирттерине – Манас районунан кыргыз тили жана адабияты мугалими К.Сейитказиевага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тил жана тил саясатын өнүктүрүү комиссиясынын төш белгисин, Талас облустук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Салтанат Бейшеновага, А.Бөрүбаев атындагы орто мектептин директору Эржан Асырановго, Касымкул Нанаев атындагы Арал орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Эльвира Тилековага “Ардак грамота” тапшырды.

“Маариф” билим берүү комплексинин директору К.Акматов, КАМПУС директору Метин Кылынч жана агайдын окуучусу кыргыз тили жана адабият сабагынын мугалими, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары К.Абылгазиев өз куттуктоолорун айтышты.

Агайдын көрөңгөлүү көчү кагазда гана калбастан, көчтү улоо максатында кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, Талас мамлекеттик университетинин мугалими У.Эсенаманов, усулчу Б.Өмүрканов комузун колго алып, агайдын ишин даңазалоо менен мугалимдик кесиптин оош-кыйышын алым сабак айтышып чагылдырышты.

Манас таануу тармагына кошкон салымын жана Манасты изилдөөдөгү зор эмгектерин белгилөө менен манасчы Рыспай Исаков жана “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу “Айкөл аян” коомдук фондусунун “Кылым баатыры” алтын жылдызын Бектур агайдын төшүнө тагышты.

Агайдын бирге иштеген кесиптештеринин атынан мектеп деректири С.Жуматаеванын сөзүнөн:

— Бектур агайдын изи менен «Баатырдыкка таазим», «Улууларга саякат» жана жаш мугалимдердин 1973-1986-жылдары Арал мектебинде уюшулган «Чабыт» аттуу педагогикалык топтун улантып, бүгүнкү күндө балдардын ой жүгүртүүсүн өстүрүү, шар окуу жана талант шыгын ойготуучу бир нече акысыз ийримдер, радио уктуруу клубу жана курчак театры иштеп жатат. Агайдын бийик өрнөгүн башка мектептердеги кесиптештер да өздөштүрсө жакшы болор эле.

Мугалимдер таймашы

Курултайдын эң өзөктүү үчүнчү бөлүгүндө облустук кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалимдери төрт команда болуп таймашты. Талас облустук билим берүү тарабынан даярдалган суроолорго мыкты жооп бергендер аныкталды. Биринчи орунда Бакай-Ата району, экинчи орунду Кара-Буура району, үчүнчү орунду Манас району жана төртүнчү орунду Талас району ээледи. Аларга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын диплому, Б.Исаковдун “Манас алиппеси” китеби жана “ Мугалим” журналынын календары, ошондой эле акчалай сыйлык берилди.

ДААНЫШМАН АГАЙДЫН РУХ МЕЙКИНДИГИ

Облустук деңгээлде жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдер жамаатынын аракетинде даярдалган көргөзмөлөр конкурсунда 1-орун Талас, 2-орун Бакай-Ата,3-орун Манас,4-орун Кара-Буура райондоруна ыйгарылды. Курултайдын акырында резолюция кабыл алынды:

Чечим:

Талас облусунун аймагында “Чабыт” аттуу адеп-ахлак, руханий жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу максатында чыгармачыл жаш мугалимдердин мектебин ар бир райондо уюштуруу жана Манас идеологиясына байланыштуу иш-чараларды жүргүзүү сунушталсын.

Бектур агайдын 56 китепте камтылган зор тажрыйбасын өздөштүрүү максатында 2022-жылдын 16-февралынан 2023-жылдын 16-февралына чейин Республикалык билим берүү тармактарында «Бектур агай» жылы деп жарыялоо сунушталсын.

Курултайда айтылган окумуштуулардын, мугалимдердин өтүнүчүн эске алуу менен Бектур Исаковду «Кыргыз Республикасынын эл баатыры» наамына көрсөтүү жагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө сунушталсын.

Бөлүшүү

Комментарийлер