“ДҮЙШӨНДҮН” МЕКТЕБИНДЕ

  • 29.06.2022
  • 0

Арчагул айылы Талас өрөөнүнүн Күн батыш тарабында жайгашкан. Казак журтуна чектеш айыл. Даңазалуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулуп-өскөн Шекер айылы менен айтылуу Күркүрөө дарыясынын батыш өңүрүнөн орун алган бул Арчагул айылы бүгүнкү күндө мезгил менен тең жарыша чеке-жакасы кеңейип, жаңы үйлөр курулуп, өркөнү өсүп келет.“ДҮЙШӨНДҮН” МЕКТЕБИНДЕ

Айылдын ортосунда курулган Дүйшөн атындагы эки кабат мектепке удаалаш эле 2015-жылы окуучулардын дене тарбиясын машыктыруучу атайын спорттук имараты заңкайып, мектептин көркүн ого бетер ачып тургансыйт.

Бүгүнкү күндө 330 окуучу билим алып жаткан мектеп – тээ илгертеден бери салт болуп калгандай, ушул Арчагул айылынын элинин маданият борборуна айланып калган. Дегенибиз, бул айылда олуттуу жыйын боло калса же майрамдарында улуу-кичүү дебей мында баш кошушуп, салтанаттардын аягын ыр-бийге шыктуу окуучулардын демилгеси менен концерт тартуулашып, өз айыл элинин көңүлүн шат кылып салышат.

Арийне, жогоруда учкай сөз кылгандай, Чыңгыз Айтматов жазып кеткен ушул айылдын кулуну, ысымы кыргыз элибиздин кыйырына маалым болгон кадимки “Биринчи мугалим жөнүндө балладасынын” каарманы – Дүйшөндүн атындагы орто мектеп болуп калган.

Бул мектепте жыйырма беш мугалим бар. Директору Нурслан
Казыбеков да аталган мектепте көп жылдан бери эмгектенип келет. Нурслан Казыбеков учурунда Бишкектеги И.Арабаев атындагы университеттен билим алган. Ал күнү бүгүн окуучуларга татыктуу билим берүүгө өмүрүн арнаган так ушул Арчагул айылынын кулуну.

Анын апасы Каныкей Токсоналиева дагы ушул Арчагул айылында төрөлүп-өсүп, ушул эле мектептин окуучуларына математикадан билим берип, окутуп, өмүрүнүн көбүн өткөргөн. Бүгүнкү күндө Каныкей Токсоналиева жубайы Митал Казыбеков экөө дөөлөттүү карылыктын дооронун сүрүп, неберелеринин кызыгына батып жүргөн учуру.

Мектептин директору ата-эненин, айылынын, улуу-кичүүлөрүнүн ишенимин актап, 2016-жылы “Эл агартуунун мыктысы” төш белгисин тагынды. Республикабыздагы бир катар министрликтердин сыйлыктарын алды, мактоо баракчалардын ээси болду. Мындан тышкары залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата атайын медаль менен да сыйланды.

Ооба, бул мектепте химия-биология сабагынан окуучуларына билимин сарптаган Бермет Төлөбаева, орус тили, адабияты сабагынын мугалими Назира Узеналиева, башталгыч класстын муцгалими Клара Казыбекова сыяктуу чыгаан эжекелеринин 11-класстын окуучусу Садыркулова Гүлзада, 4-класстын окуучусу Алымсейитов Нурбол, 10-класстын окуучусу Аулбекова Айбала, 9-класстын окуучусу Өскөнбекова Сейде сыяктуу окуучулары райондогу атайын билим сыноо олимпиадаларында алдыңкы орунду ээлеп келгени, ушул айылдын элин, окуучуларын жана да мугалимдер жамаатынын сыймыгы эмеспи. Мектептеги башталгыч “А”, “Б” жарыш класстарынын үлгүлүү мугалими Жибек Барпиеванын дагы изденүү менен иштеп жатканын айылдаштары сыймык менен баса белгилешет.

Жумабек Токтогазиев, журналист

 

Бөлүшүү

Комментарийлер