ДҮЙНӨ БАЛДАРЫНА ҮЙРӨТКҮМ КЕЛГЕН ҮЧ КЫРГЫЗЧА СӨЗ
- 13.10.2025
- 0
“Дүйнө балдарына үйрөткүм келген үч кыргызча сөз” дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Сынак мамлекеттик тил күнүнө карата Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана “Балаком” басма үйү биргелешип уюштурган болчу. Сынактын жеңүүчүлөрүнө Улуттук комиссия тарабынан атайын дипломдор жана китептер тапшырылса, демилгечи Канаданын Торонто шаарында жашаган мекендешибиз, “Балаком” басма үйүнүн негиздөөчүсү Айсулуу Алмаз тарабынан акчалай сыйлыктар ыйгарылды. 1-орунга чыккан Толкун Жеткинбекова 10000 сом, 2-орундун ээси Нурсултан Сайпидинова 7000 сом, ошондой эле 3-орунга чыккан Асема Самтырова 5000 сом менен сыйланышты. Жеңүүчүлөрдүн дилбаяндары менен окурмандарды тааныштырабыз.


“ЭЛЕТ”, «ПЕЙИЛ», «ТАБЕРИК»
Толкун ЖЕТКИНБЕКОВА, 1-орун

Баянымды 99 жана 95 жаштарында ээрчишип жүрүшүп, кетерде да ээрчишип алып, бир ай мурун бул дүйнөдөн өтүп кеткен атакем Асек менен энекем Турсундун жаркын элесине арнайм.
Балалыгым тоо койнунда, атакем менен энекемдин жомокторун угуп, илгеркини кадырлай алган салт-санаасына сүңгүп, ошол эле маалда, атам менен апамдан жаңы замандын агымына ылайык тарбия алып, элетте өттү. “Элет” дегенде эле көзүмө жупуну үй, ток маарек адамдар, жан дүйнөнүн тынчтыгы жана чыныгы бактылуулук тартылат. Ооба, мен айылды ушинтип тааныгам. “Айылдан адам кетсе да, адамдан айыл кетпейт” деген чын белем, жогорку окуу жайды бүтүрүп, чет жактарга чыгып, окуп, иштеп жүрсөм дагы, айылыма болгон арзуумдун артылганы артылган.
Дүйнө балдарына үйрөткүм келген эң алгачкы сөз — дал ушул “элет” сөзү. Үй-бүлөмдөн толук мээрим, туура тарбия алып, эркин, бийиктикке умтулуп өстүм. Буга себеп, мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, асыл сапаттарды жашоомдун өзөгү, окууну, өнүгүүнү турмушумдун туткасы катары үйрөнүп, анан да көркөм табиятта чоңоюп, андагы бийик тоолордон дем-күч алып, элет элинин пейили менен чоңойгонум үчүн деп билем. Эң жакын эки адамымды жоготкондон кийин, элет менин маңдайыма жазылган кызыл жылдыз болгонун түшүнүп, баары эле айылда чоңойо бербесин аңдап, бардык адамзатка, өзгөчө эртеңки келечек ээлерине жөнөкөйлүккө жуурулушкан бактылуулуктун уюткусу болгон “элет” сөзүн үйрөткүм келип, жакшы тилегимди айтам.
“Кең болсоң — кем болбойсуң, секет кетейиним”, — деп атакем көп айтчу. “Ананчы, адам пейилинен табат да”, — деп энекем коштоп калчу. Ушул эки ооз сөздүн этегинде эле нечендеген таалим жатканын акыл токтотуп, ой чубатып калган маалда түшүнүп отурам. Мен таасирленген, башкача аздектеген, тереңине сүңгүп кирип, тээ түбүнөн сезе алган дагы бир сөз — “пейил” сөзү. Азыр ойлосом, күндө атакем менен энекемден жогорудагы сөздөрдү кайталап уга берип, өзүм да байкабаган абалда аздыр-көптүр жакшы сапаттарды арттырып, башкасы калса да, пейилим каралбай калбасын деп жан далбастаганым ошондон тура. Эсимде, Америкага окууга өтүп, атакем менен энекеме сүйүнчүлөп барганымда, эки асылым сүйүнүп, энекем: “Мына, пейилиңе жараша Жаратканым берип жатпайбы, алдыңа кетейиним”, — деп алкаганында, башкача сезимдерди жашагам.
21 жашка чыкканымда, атакем менен энекем чакырып алып, алдыларына отургузуп, тилектерин арнап, энекем жаш кезинен бери тагынып келген өзүнүн жакшы көргөн кызыл көз шакегин мага белекке берип жатып: «Бул сага таберик болот», — деди. Кийинчерээк дагы таберик деп, энекем мойнундагы мончогун такты. Дүйнө балдары сүйлөсө деген ары уккулуктуу, ары табышмактуу үчүнчү сөзүм ушул — “таберик” сөзү. Чындап келсе, ал буюмдар эмес, атакем менен энекемдин сүргөн өрнөктүү өмүрүнүн өзү биздин көрөңгөбүзгө мектеп, жолубузга чырак, эртеңибизге үмүт, келечегибизге таберик тура. Мен бул сөздүн анык маанисин дал ушул абалымда сезип отурам.
Элеттеги элдин пейили менен чоңоюп, өрнөктүү өмүр сүрүп, эртеңки келечек муунга таберик боло турчу алгылыктуу иштерди жасап, өзгөчө кыргыз элин, кыргыз тилин ааламга даңазалап, кызыл туубузду көктө желбиретип, кенен, анан терең инсан болсок экен деген изги тилек менен сөзүмдү жыйынтыктайм.
«ЭНЕ», «НАРК», «БЕШИК»
Нурсултан САЙПИДИНОВ, 2-орун

Кыргыз элинин тарыхында жана күнүмдүк турмушунда үч улуу түшүнүк бар: Эне, Нарк, Бешик. Бул үч сөз бир эле учурда үй-бүлөнүн, улуттун жана мамлекеттүүлүктүн башаты болуп саналат. Ар бир кыргыз бала дүйнөгө келгенде биринчи үнүн энеге угузат, биринчи жаткан орундук бешик, ал эми чоңойгон сайын эне сүтү менен кошо наркты, каада-салтты, улуттук өзгөчөлүктү сиңирет.
Эне – бул жөн гана бала төрөгөн адам эмес, бул – тарбиячы, тил үйрөткөн мугалим, каада-салтты уланткан устат. Эненин колунан кармаган бала өмүр бою ыймандуу, боорукер, мээримдүү болуп чоңоёт. Кыргыздарда: «Энени сыйлаган элге жагат» деген кеп бар. Эне – улуттук баалуулуктардын башаты, анткени ал кыргыз тилин, жомогун, макал-лакаптарын баланын жүрөгүнө түбөлүккө калтырат. Эне бар жерде нарк бар, эне бар жерде тил да, улут да жашайт.
Нарк – кыргыз эли үчүн бул сөз абдан терең. Нарк – кадыр-барк, абийир, адамдын жүзү. «Нарктуу адам» дегенде адилет, ак жүрөк, сөзү менен иши бир адам түшүндүрүлөт. Нарк – бул адамдын да, элдин да кадыр-баркы. Нарксыз эл улут катары өмүр сүрө албайт. Кыргыздардын наркы алардын тарыхында, эрдигинде, адеп-ахлагында чагылат. Нарк – бул жөн гана салт эмес, бул – жоопкерчилик, уят-сый, адилеттик, боорукерлик. «Ой өзүңдө, нарк колунда» деп улуулар бекеринен айтпайт. Нарк бар жерде улуттун жүзү таза, келечеги жарык болот. Кыргыз Республикасынын мурдагы мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов агайдын «Нарк куржун» деген берүүсү кыргыз элине чоң тарбия берүүдө.
Бешик – бул ыйык түшүнүк. Бешикке салуу каадасы – кыргыздын эң байыркы салты. Бешик баланы сактап, ден соолугун чыңдап гана тим болбостон, аны салт-санаага, тартипке үйрөтөт. Бешик – тарбиянын башаты, үйдүн берекеси. «Бешик боосу бек болсун» деп жаңы төрөлгөн балага айтылган тилек – бул жашоонун коопсуздугу, узак өмүрдүн кепилдиги. Бешиктен башталган тарбия кийин бүткүл элдин наркына айланат. Кыргыз улутун түшүндүргөн буюмдардын бири десем жаңылышпайм. Кыргыз маданиятында да бешик чоң орунду ээлейт. «Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет?» деген сөз да жөн жерден чыккан эмес.
Ушул үч сөздү бириктиргенде биз кыргыз элинин түпкү философиясын көрөбүз: Эне – тарбиячы, Бешик – тарбиянын мектеби, Нарк – ошол тарбиянын жыйынтыгы. Эгерде ар бирибиз ушул үч түшүнүктү ыйык тутсак, тилди да, салтты да, мамлекетти да сактап калабыз. Эне менен башталган жашоо бешик аркылуу наркка айланып, нарк аркылуу улуттук рухту бекемдейт. Бул үч сөз – кыргыз элинин түбөлүктүү сыймыгы.
«БАТА», «ЖЕТИ АТА», «СҮЙҮНЧҮ»
Асема САМТЫРОВА, 3-орун

Ар бир элдин тили — ал элдин жан дүйнөсү. Анда сөздөр гана эмес, ой-пикирлер, сезимдер жана баалуулуктар да сакталат. Кыргыз тили — байыртан келген акыл, мээрим, терең философия менен толтурулган тил. Мен дүйнө балдарына үйрөтө турган үч сөз бар десем, ал сөздөр — бата, жети ата жана сүйүнчү. Бул үч сөз жөнөкөй сыяктанат, бирок алардын артында өмүрдүн терең сырлары жашырылган.
Биринчи сөз — бата. Бата — бул кыргыздын эң баалуу мурасы, сөз аркылуу берилген күч. Ата-бабаларыбыз айткан бата сөздөрүндө адамга мээрим, акыл, ишеним жана бакыт камтылган. Бата берүүдөн мурун адамдын жүрөгү таза, ниети ак болушу шарт. Бата — жөн гана тилек эмес, жашоого багыт, руханий азык. Мен дүйнө балдарына бата берүүнү үйрөтөм десем, бул алардын жүрөгүнө жылуулук, боорукерлик жана адамдарга жакшы ниет менен мамиле жасоону сиңирет. Ар бир бата адамдын жашоосуна жарык жана үмүт тартуулайт.
Экинчи сөз — жети ата. Бул сөз кыргыз элинин туугандык жана урпактарга болгон сыймыгынын символу. Жети ата дегенде биз адамдын тууган-тамырын, тарыхын жана ата-бабалардын урпактарга калтырган баалуулуктарын түшүнөбүз. Бул сөздү билүү менен бала өзүнүн кайдан келгенин, кайда барарын жана кайсы баалуулуктарды урматтаарын үйрөнөт. Жети ата — бул тарыхты, мекенди, маданиятты жана урпактык жоопкерчиликти эскерүү. Мен дүйнө балдарына жети атаны түшүндүргүм келет, анткени бул сөз аларга өз тамырын билүүнүн, урматтоонун жана жакшы сапаттарды үйрөнүүнүн маанисин ачат.
Үчүнчү сөз — сүйүнчү. Сүйүнчү — бул жакшы кабар, кубанычтуу жаңылык, көңүлдү көтөргөн сөз. Кыргызда сүйүнчү берүүнүн өзүнүн салты бар: сүйүнчү угуп, ага кошо кубануу, көңүлдү бөлүшүү — бул адамдын жүрөгүнө жылуулук, достук жана ынтымак тартуулайт. Сүйүнчү — бул жашоодо позитивди, үмүттү жана мээримди таратуу ыкмасы. Балдарга сүйүнчү берүүнү үйрөтүү менен биз аларды боорукер, кубанычтуу жана башкалардын жашоосуна жылуулук тартуулай билген адамдар кылып тарбиялайбыз.
Ушул үч сөз — бата, жети ата, сүйүнчү — бириккенде адамга гана эмес, бүтүндөй коомго жарык жана мээрим тартуулайт. Алар кыргыз элинин философиясын, дүйнө таанымын жана руханий баалуулуктарын чагылдырат. Дүйнө балдары бул сөздөрдү үйрөнсө, алардын жүрөгүндө жылуулук, адамгерчилик жана урмат-сый өсөт. Мен каалайм, ар бир бала бул сөздөрдү билсин, алар аркылуу адамга жакшылык кылууну, үй-бүлөсүн урматтоону жана кубанычтарды бөлүшүүнү үйрөнсүн.
Акыры, сөздөр жөнөкөй гана тамгалар эмес, алар — адамдын жан дүйнөсүнүн айнасы. Ар бир бата, ар бир жети ата, ар бир сүйүнчү — бул жашоого берилген философиялык сабак, адамга берилген нук жана жүрөккө жылуулук тартуулоо. Дүйнө балдарына мен ушуну үйрөткүм келет: жакшы сөз менен дүйнөнү жарык кылууга болот.
Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер