ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ПЛАНЕТАРДЫК ФИЛОСОФИЯСЫ

  • 24.05.2021
  • 0

I

Чыңгыз Айтматовдун өзүнүн пикирлештери менен бирге “биз жаңы доордун жаңы идеяларын, жаңы гуманисттик аң сезими Батыш менен Чыгышка, дүйнөнүн бардык калайык-калктарына көтөрүп алып бараткан караванбыз” деп жар салганы дүйнөлүк коомчулуктун акыл-эсинде турат. Ч.Айтматовдун жаңы идея дегени-эски методтордун жана механизмдердин, көнүмүш догмалардын, саясий – аскердик жарышуунун. конфронтациялардын, майда кыжы-кужунун алкактарынан чыгып, дүйнөлүк жалпы коркунучтардын алдында биригүүнүн, өз ара кол кармашуунун, жаңы планетардык ойломдун негизинде кызматташуунун идеясы болучу, Адамзаттын, жердин, космостун тутумдаштыгы жөнүндөгү аалам идеясы болучу. Дүйнөлүк акыл-эс тирмийип тиктеп, саргара ойлонуп отуруп тапкан универсал идеялардын бири — бул жарык дүйнөдөгү бардык нерселердин өз ара чырмалышкан байланышы, өз ара шартташкандыгы жана өз ара бири-бирине багынычтуулугу, дүйнөнүн бир дене сыяктуу бүтүндүгү, бирдиктүүлүгү жөнүндөгү философия. Биздин элдик аң сезимдин түпкүрүндө да ушундай даанышман идея чөгүп жатат.

Элибизде тээ байыртадан: «Тиричиликтин күчү-бирдикте», «Тирилик түбү-бирдик», «Бирдик болбой тирдик болбойт» деген өңдүү акылман философиянын жашап келе жаткандыгы бекеринен эмес. Ч.Айтматовдун адамзаттын, жердин, космостун тутумдаштыгы жөнүңдөгү ааламдык идеясы ушундай элик акылмандык менен жуурулушуп турат.

Дүйнөдөгү демографиялык “ташкын”, жер ресурстарынын азайып баратышы, экономикалык проблемалардын глобалдашуусу, ядролук согуштун коркунучу, экологиялык кыямат, эл аралык терроризм, экстремизм кесепеттери калктардын, мамлекеттердин планетардык союзун талап кылып жаткандыгын жар салып, дүйнөнү бир бүтүн нерсе катары карай билүүнү, жер планетасынан башка жер жок экендигин, бүт адамзат бир кайыкта бараткандыгын, улуттук мүдөөлөрдү жалпы адамзаттын максат – кызыкчылыктары менен тогоштура билүүнү Борбордук Азиядан биринчилерден болуп айтып, үгүттөп чыккан Айтматов болгон. Түркүн континеттердин интеллектуалдары жалпы адамзат проблемаларын талкуулоо үчүн Айтматовдун демилгеси менен Ысык-Көл форумуна чогулушу кыргыз уулунун ырасында эле, бүткүл жер жүзү үчүн чын жүрөгүнөн күйгөн планетардык адам экендигин айкындаган. Ошон үчүн чет өлкөлөрдүн интеллектуалдары “Адамзаттын Айтматову”. «Планетанын гражданини”,
“Айтматовдун космоформуласы”, ‘Ааламдын адамы”, деген аныктамаларды беришкен. Ч.Айтматовдун планетардык философиялык осуяты бүгүнкү адамзат үчүн аба менен суудай керек болуп отурат.

II

Ч.Айтматов дүйнөдө жашап келе жаткан маданияттарды, цивилизацияларды, континенттерди бири-бирине каршы койгон ар кандай «фундаментализм», «Востокоцентризм», «Европоцентризм» деген сыяктуу түркүн «измдерден» оолак турган жазуучу эле. Ч.Айтматовдун жүрөгү дүйнөгө ачык. Ал ар кандай «измдерден” жогору көтөрүлүп чыккан ойчул болучу. Дегеле, жакшылап үңүлүп көрсөк, түпкүлүгүндө бир калктын маданияты экинчи бир калктын маданиятына каршы келбейт. Адам кайсы гана жерде, континентте, аралда жашабасын бардык жерде адам. “Тиричилик, адамдар, шарттар алмашат — дейт Ч.Айтматов – а адам руху калат. Өмүр — өлүм маселеси калат”. Жазуучунун ушул оюнун логикасын уласак, дегеле адамдын жаратылышы негизинен бир. Биз бардыгыбыз адам балдарыбыз. Адамзаттын маданий өнүгүшү көп түрдүү болгону менен ал көи түрдүүлүктүн түпкү насили бир. Дүйнөнүн маданий полифониялуулугу бирдиктүү адам жаратылышынын ар түркүн кырларынын көрүнүшү. Чын-чынында, бири-бирине карама-каршы турган Батыш жана Чыгыш деген деле жок. Болгону, Адам ата тукумдарынын маданияты плюралистүү, дүйнөлүк бир түпкү өзөктөн чачырап чыккан түркүн бутактар бар. Демек, дүйнөдөгү маданияттардын кызматташтыгыныи, алгоолошууларынын жана өз ара баюуларынын жактоочусу болуу толук логикалуу. Ч.Айтматовдун планетардык философиясы ушундай теорияга негизделген дегибиз келет.

Ч.Айтматовдун терең түшүнүгүндө, адам баласынын бирдиктүүлүгү идеясы улуттук маданияттардын бир “когонго” тизилген унификациясы дегенди билдирбейт. Жазуучунун тутунган коз карашы боюнча ар бир тил, ар бир улуттук маданият жалпы адамзат казынасынын уникалдуу табылгасы. Ал жоголсо, экинчи кайталанбайт. Табиятта биоартүрдүүлүк деген бар го. Ошол биоартүрдүүлүктү жаратылыштын мыйзамченеми деп кабыл алгандай эле, адамзат коомундагы социомаданий ар түрдүүлүктү да ошондой эле табигый нерсе катары кабылдашыбыз керек. «Адам дүйнөсүнүн кызыктыгы анын полифониясында, ар түрдүүлүгүндө, — деп жазат
Ч.Айтматов, — дүйнөнүн өзү коп кырдуулугу менен кызык. Бир маданияттын гегемониясы эч качан дүйнөлүк гармонияны сактап кала албайт. Качан гана дүйнө көп ырааттуу өнүксө ал өнүгөт» (Айтматов Ч., Күн сайын адам болуу- Бишкек, 2018, 194-бет). Демек, адам баласынын бирдиктүүлүгү деген нерсе, жазуучунун ою боюнча, ошол социомаданий ар түрдүүлүктүн ортосундагы ынтымак-ызаатташуу, кызматташуу, өз ара шайкеш жашоо дегенди билдирет.

Ч.Айтматовдун даанышмандыгы — жекелик менен жалпылыктын, бүтүндүк менен бөлүкчөнүн, улуттук менен жалпы адамзаттыктын, тууган жер менен планетанын биздин аң сезимде өз ара ашташышы жана гармониясы жөнүндөгү концепциясында жатат. Суроо туулат. Жер үстүндөгү өнүгүүнүн азыркы тарыхый деңгээлинде Ч.Айтматовдун мындай концепциясы ишке ашышы мүмкүнбү? Жалпы дүйнөлүк гармония мүмкүнбү? Албетте, бул узакка созулчу иш. Чыңгыз – диалектик бул үчүн кербен жолундай мезгилден мезгилге чубалган эволюциянын зарыл экенин туюп турат. Бирок ошол эволюциянын адамзат эңсеген, көздөгөн улуу биримдик стратегиясынын нугунда өнүгүшү үчүн дүйнөлүк алдыңкы акыл-эс тынымсыз иштеши керек. Гармония мүмкүн. Буга адамзаттын алдыңкы интеллектуалдык авангардынын Ысык-Көл форумундагы өз ара кол кармашкан тилектештиги күбө өтүп турат. Адамзаттын алдыңкы акыл-эсинин Ысык-Көлдө бириккен планетардык өрнөгү акырындап үгүттөлүп-жайылып отуруп, жер жүзүндөгү массалык аң сезимди да кучагына алчу учур келээр. Келечекте ушундай доордун келерине Ч.Айтматов ичинен ишенген дегибиз келет. Жазуучунун «Кылым карытар бир күн» романындагы «Токой-Төш» планетасы жөнүндөгү кыялый сюжетти эске түшүрөлү. Согуш деген эмне экендигин, диндик, расалык ажырым дегенди билбеген, акыл-эси, илим-билими, маданияты жогорку даражада өнүккөн бөлөк планеталыктардын Токой-Төш жылдызындагы «кой үстүнө торгой жумурткалаган» турмушу – жер планетасында да адамзаттын болочок дүйнөлүк гармониясы мүмкүн экендиги жөнүндөгү Ч.Айтматовдун футурологиялык, образдык-символикалык ишендирүүсү сыяктуу. Дал ушундай алыскы болочокту сезип-туйган көрөгөч-көсөмдүгүнөн улам кыргыз уулу Чыңгыз планетаны бириктирүү үчүн азыртан иш жүргүзүүнүн зарыл экендиги жөнүндөгү интернационалдык насыйкатты бизге калтырган.

III

Ч.Айтматов адамзат цивилизациясынын алгалоосуна, илимий-техникалык прогрессине, материалдык жетишкендиктерине кубанган. Бирок ал ушул прогресстин жер жүзүндөгү моралдык кризис менен коштолгонуна, материалдык-техникалык, экономикалык өнүгүүдөн адамзаттын руханий өнүгүүсү артта калып жатканына тынчсызданган. Коом жетишкендиктердин, жеңиштердин эйфориясында турганда, Ч.Айтматов акылмандарчасынан алды жака кайгуул салып, мындай «салтанаттуу жүрүштүн» арты кандай болорлугун, кандай кооптуу натыйжаларга алып келерлигин сезип турган: «Биз азыр мурда болуп көрбөгөндөй социалдык, маданий жана техникалык революциялардын доорунда жашап жатабыз. Адам эч качан азыркыдай таң каларлык өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөн эмес, адамзаттын алдында эч качан өнүгүүнүн азыркыдай перспективасы, ошону менен эле бирге, анын жашоосуна азыркыдай коркунуч туулган эмес».
(Ч.Айтматов). Ойчул художник адамдын жашоосуна карата пайда болгон көп коркунучтарды көрө алган. Бирок жазуучу-гуманист катары биринчи иретте, ал белгилеген коркунуч мына бул эле. Бул биздин рухий жашообузга туулган коркунуч:

— Адамдын материалдык-экономикалык кызыкчылыктардын артынан кубалап, байлыктын, бийликтин, буюмдун кулуна айланын жатышы;

— Нравалык чен-өлчөмдөрдүн мокошу;

— Адам жамаатында эгоизмдин, жаланып — жуктанган прагматизмдин, турмушка, кишиге, табятка технократялык, коммерцялык — бухгалтерялык мамиленин күч алышы;

— Адамдан адамдын жоголуп баратышы (дүйнөдөгү мындай тенденциянын шойкому, а түгүл алыскы элеттеги Шекерди да чарпый кеткендигин жазуучу айылда «кайрымдуулук, бири-бири үчүн күйүмдүүлүк, тилектештик сыяктуу сапаттар азайды» деген сөздөрү менен туюндурган), ж.б.

Ч.Айтматов өзүнүн публицистикасы, чыгармаларынын образдары аркылуу, бийик трибуналардан сүйлөгөн сөздөрү аркылуу адамдын жан дүйнөсүнүн жакырланышы, жеке кызыкчылыктардын, осол материализмдин, алкын ачкан нысапсыздыктын, ачкөздүктүн араандары мен дүйнөнүн борборумун деген антропоцентристтик менменсинген амбициялар (“Кыямат” романындагы вертолет менен бөкөндөрдү кырып жаткан Обер Кандаловту эске түшүрөлү) – булар жер жүзүн каптаган орток коркунучтар экендигин, адамдын рухтан ажырап жашоосунан ашкан жамандык бу жарыкчылыкта жок экендигин түшүндүрүп, жалпы адамзатка коңгуроо кагып, мындай илдетке жалпы кол кармашын каршы күрөшүүнү үнү кардыкканча кыйкырып жар салган.

Ч.Айтматов моралдык маданиятты, рухту, дилди сактап калууга, уят, ар намыс, ыйман, жоопкерчилик категорияларын борборго койбогон коом адам коому катары санала албастыгын, «бүткүл маңыз, ишенич-үмүт адамдын акыл-эсинде, жан дүйнөсүндө, гуманистчил насилинде» экендигин кайра, кайра айтып, 21-кылымда нравалык жаңы аң-сезимге ээ болуп, ыйманы таза, аруу адам болуп кайрадан жаралууга жалпы адамзатты чакырган. Ал эми адабияттын миссиясын ал адам рухунун бийиктиктерине канат сермеген, ички чыңалууга ширелген, рухий изденүүдө турган, күн сайын адам болууга умтулган каармандарды көрсөтүүдөн көргөн. Ошондой миссияны художник катары өзү жогорку чеберчиликте аткарды. Бүгүнкү «интеллектуалдын милдети — деген Айтматов, — адам табиятындагы руханий башталышты сактап калууда турат».

Жазуучунун “Деңиз бойлоп жорткон Ала Дөбөт” повестин эске түшүрөлү. Нивхи элин бага турган жаш Кириск тирүү калып, жээкке, эл жерге аман-эсен жетсин деп өзү иче турган акыркы тамчы сууну балага калтырып, өз эрки менен деңизге чөгүп кеткен Орган карыянын жосуну эмне деген адамдык улуулук. Башкалардын келечеги, тирүүлүгү, жакшылыгы үчүн өз жанын кыюуга баруу не деген ажайып көрүнүш, не деген жан дүйнө эрдиги. Сынчы К.Асаналиев айткандай, бул “адамдын табият алдындагы улуулугу, жеңилбестиги, түбөлүктүүлүгү”. Ч.Айтматов адам баласындагы дал ушундай адамдык улуу касиеттерди, ички рухий жана акыл-эс сулуулугун, жан дүйнө асылдыгын, инсанаттагы рух бийиктиктерин сактап калууну, өнүктүрүүнү мүдөө кылган жана муну адамзатка насыйкаттаган.

Ч.Айтматовдун ишениминде, дагы айталы, рухий- ыймандык аруу асылдыктарга негизделген коом гана адам деген бийик атка жарашкан коом боло алат. “Кандай гана коом болбосун, эмне гана деп аталбасын, эгер ал рухтун чыныгы эркиндигине негиз түзүп бере албаса, демек, андан эч кандай майнап чыкпайт” (Ч.Айтматов). Бүгүнкү заманда моралдык кризис күчөп турганда, Ч.Айтматовдун ушул нравалык философиялык насаатынын нугунда адамзаттын активдүү ойлонушу жана аракеттениши зарыл.

IV

Дүйнөлүк ашташуунун, гармониянын инструменти кайсы дегенде, буга дагы ойчулубуздун жообу бар. “Диалог – бул чоң мааниге ээ, чындыкка жакындоодогу акылдуу жол” — дейт Ч.Айтматов. Жазуучу христианство, будда, ислам диндери ар кимиси мен мыктымын дебей, өз ара баарлашуу, түшүнүшүү, сыйлашуу жолу менен конфликттерден өйдө туруп, жалпы адамзатка нур чачып турушу керек деген ишенимде. Айтматов диндердин айырмачылыгынан жогору көтөрүлүп чыгып, аларга космостун бийигинен карап, адамзат бир кайыкта бараткан бүгүнкү күндө диндердин жаңы миссиясын аныктаган. “Сен христиан, мен мусулман, мен буддист” — деп бөлүнүү эң оңой жана эн жөнөкөй жол. Ага акылдын кереги жок. Тарыхты аңтарып карасаңыз, бир дин менен бир дин келишпей нечен-нечен кыргындар чыккан. Келечекти андай жол менен жасаганыбыз туура эмес. Дин нур төгүп турушу керек. Диндин касиети – бириктирүү” — дейт жазуучу. Жазуучунун насыйкаттары боюнча конфронтация эмес, консенсуз, тил табышуу амалы — жанаша жашоонун эрежеси. “Эгер деңизде бир нече адам болуп, алардын ар бири өз устунунун үстүндө сүзүүгө умтулса, анын бардыгы бороон чапкындардан, толкундардан аман чыгышына ишенүү кыйын. Алар чогулуп өз устундарын бириктирип, чырмап бир салга айландыруулары зарыл. Ошондо гана ар кандай толкундардан аман чыгууга мүмкүнчүлүктөрү болот. А эгер ар бири бири-биринин алдындагы устундарды тартып алууга аракеттенсе, анда алардын аманчылыктарына ишенүү кыйын”
(Ч.Айтматов). Бул ойлор философ-гуманист Ч.Айтматовдун дүйнөнү бирдиктүү, кабылдоо системасынан чыгып жатат.

Айтылуу Ысык-Көл форуму “устундарды” бириктирүү боюнча Ч.Айтматовдун реалдуу иш-аракеттеринин символу катары жашап калды.

Советбек Байгазиев,
Кыргыз Эл жазуучусу

 

Бөлүшүү

Комментарийлер