БИШКЕК ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАНДАЙ ДАЯРДАНУУДА?

  • 04.08.2026
  • 0

Сентябрь жакындаган сайын калаада билим берүү тармагынын айланасындагы талкуулар кайрадан күч ала баштайт эмеспи. Мектептердин абалы, мугалимдердин айлыгы, китептердин жетишсиздиги жана ашыкча жыштык – жыл сайын кайталангандай көрүнгөнү менен, ар бир окуу жылы өзүнүн жаңы чакырыктарын, анын ичинде так эмес, ушак маалыматтарды да алып келет. Борбор калаабызда жаңы окуу жылына даярдыктын чыныгы абалы тууралуу Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин жетекчиси Жаныбек Орозалиев кененирээк айтып берди.

БИШКЕК ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАНДАЙ ДАЯРДАНУУДА?

Мугалимдердин эмгек акысы менен отпусктук төлөмдөрү өз убагында төлөнбөй калган учурлар мурда көп катталчу. Бирок быйылкы жай калаа агартуучулары үчүн тынч өттү окшойт. Департамент жетекчисинин айтымында, райондук билим берүү башкармалыктары тарабынан өргүү акылары толугу менен жана кечиктирилбей төлөнүп берилди. Кесиптик бирликтер да өз кезегинде мугалимдердин эс алуусун уюштуруу үчүн санаторий жана курортторго бекитилген график боюнча жолдомолорду бөлүп берген.

Ал эми «Жаңы окуу жылында мектептерде канча мугалим жетишпейт?» деген суроого азырынча так жооп жок. Анткени агартуучулар дагы деле эмгек өргүүсүндө. Мугалимдердин кайтып келүү көрсөткүчү, ачык калган вакансиялар жана жогорку окуу жайды жаңы бүтүп жаткан жаш адистердин бөлүнүшү август айынын аягына чейин такталат. Дал ушул акыркы эсептөөлөрдөн кийин калаа мектептериндеги кадр таңсыктыгынын чыныгы масштабы белгилүү болмокчу.

Быйыл Бишкектин мектеп жана бала бакчаларын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө казынадан ири суммадагы каражат каралган.

  • 93 билим берүү объектисин учурдагы оңдоо иштерине шаардык бюджеттен 510,9 млн сом ажыратылган.
  • 5 мектептин имаратын пайдубалынан бери толук капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн кошумча 404,0 млн сом бөлүнүп, учурда жумуштардын 30-60 пайызга жакыны аяктады.
  • 51 бала бакчаны жаңылоого 247,6 млн сом бөлүнүп, оңдоп-түзөө иштери 45-60 пайыздык чекке жетти.

Бул курулуш жана калыбына келтирүү жумуштарынын баары 31-августка чейин толугу менен аяктап, пайдаланууга берилиши керек. Капиталдык курулуш башкармалыгы сапатты жана мөөнөттү катуу көзөмөлгө алганын убада кылууда.

Маанилүү нерсе – ата-энелердин чөнтөгүнө күч келтирген «мектеп фонду» же «оңдоп-түзөөгө акча чогултуу» маселеси. Департамент баса белгилегендей, ата-энелерден акча чогултууга толугу менен тыюу салынган, анткени бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттен жабылат. Тартиптин сакталышын райондук башкармалыктар туруктуу мониторингдеп турары айтылды.

Калаада окуучулардын ашыкча жыштыгы (переуплотнение), өзгөчө жаңы конуштарда негизги көйгөй бойдон калууда. Бул багытта бир катар курулуштар жүрүп жатат. Алсак, №3 мектепке 500 орундуу кошумча корпус (учурда даярдыгы 75%), №89 мектепке 750 орундуу жаңы имарат (даярдыгы 55%) курулууда, ал эми №23 мектептин курулушу толугу менен аяктады.

Мындан сырткары, сентябрь айына карата Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан Бишкек жана анын чет жакаларында 8 жаңы мектеп жана 9 кошумча корпус пайдаланууга берилери пландалууда.

Бирок жаңы имараттарды салуу менен эле маселе дароо чечиле калбайт. Жаңы мектептерди интерактивдүү доскалар, компьютердик класстар жана лабораториялар менен камсыздоо иштери имараттар пайдаланууга берилгенден кийин гана муктаждыкка жараша этап-этабы менен ишке ашырыларын жашырышкан жок.

1-класска кабыл алуу боюнча электрондук каттоо да соңуна чыгып баратат. Быйыл 26 420 квота ачылса (13 802 кыргыз, 12 618 орус тилинде), бүгүнкү күнгө карата 24 034 бала катталды. Калаа боюнча 2 386 бош орун бар экенине карабастан, белгилүү бир «бренд» мектептерде орун жетишсиздиги дагы эле сакталууда.

Билим берүүдөгү эң аялуу чекиттердин бири – окуу китептери. Түзүлгөн кырдаал көрсөткөндөй, Бишкек мектептери китеп менен али толук камсыздала элек.

Кыргыз тилинде окуткан мектептерде китеп менен камсыздоо 75,96% түзсө, орус тилдүү мектептерде бул көрсөткүч болгону 66,99% пайызга жетет.

Быйыл Агартуу министрлиги тарабынан борборго 282 миңден ашык окуу китеби жана жумушчу дептерлер (негизинен 3, 5, 6 жана 7-класстардын математика, табият таануу предметтери жана алиппелер) жеткирилген. Кошумча өтүнмөлөрдүн негизинде 226 миңден ашык китеп кабыл алынган. Бирок бул көрсөткүчтөр дагы эле окуучуларды 100 пайыз окуу куралдары менен камсыз кылууга жете электигин айгинелейт.

Акыркы жылдары мектептеги коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Маалыматка ылайык, калаадагы бардык билим берүү мекемелери 100 пайыз видеокөзөмөл камералары жана өзгөчө кырдаалдар үчүн «коопсуздук баскычтары» менен камсыздалган. Мындан сырткары, окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күндүзгү күзөт кызматтары тартылып, бул максатка бюджеттен 148,9 миллион сом бөлүнгөн.

Жыйынтыктап айтканда, Бишкек мектептери жаңы окуу жылына олуттуу каржылык колдоо жана курулуш масштабдары менен баратканы байкалат. Бирок китеп таңсыктыгын толук жоюу жана мектептерди ашыкча жүктөмдөн арылтуу сыяктуу системалуу көйгөйлөр али да болсо убакытты жана комплекстүү чечимдерди талап кылат.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер