БИРГЕЛЕШКЕН ИШ ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

  • 21.12.2020
  • 0

Кара-Суу районундагы № 44               А. Сматов атындагы орто мектеп анчейин чоң эмес мектептердин бири болуп эсептелет, бирок ошого карабастан, ал мугалимдер жамаатынын, ата-энелердин, коомчулуктун пандемия шартында окуучуларга сапаттуу билим берүүдөгү күжүрмөн иштеринин аркасында «ЖЫЛДЫН  МЫКТЫ айыл МЕКТЕБИ- 2020» кароо-сынагынын облустук турунда баш байгеге ээ болду.

БИРГЕЛЕШКЕН ИШ ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

Тарыхы түптүү, учур талабына шайкеш мектеп                             

Кара-Суу районундагы №44 Абдраман Сматов атындагы орто мектеби 1938-жылы   «Бирлешкен»  жети жылдык мектеби болуп ачылган. 2013-жылы эски мектептин өтө кооптуулугуна байланыштуу  мамлекетибиз тарабынан республикалык бюджеттен 79 млн. сом бөлүнүп берилип, бардык шарты бар 320 орундуу, эки  кабаттуу заманбап мектептин имараты 2019-жылы 9-октябрда колдонууга берилди.

БИРГЕЛЕШКЕН ИШ ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

Бүгүнкү күндө мектепте 22 мугалим, 10 техникалык кызматкер иштейт.  Жогорку билимдүүлөр — 19, экөөсү —  атайын орто билимдүү, бирөө —  бүтпөгөн жогорку билимдүү. Көп жылдык агартуучулук эмгеги үчүн башталгыч класстар мугалими Алимбекова Зарипа, орус тили мугалими Тогойбаева Бурул «КРнын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгисине ээ болушса, башталгыч класстар мугалими Батобаева Патима  «КР Билим  жана илим кызматкерлер профсоюзунун профсоюз  мыктысы» төш белгисине, ал эми орус тили мугалими Эрматова Айнура КР Билим жана  илим кызматкерлер профсоюзунун БКнин Ардак грамотасына татыктуу болушкан.

БИРГЕЛЕШКЕН ИШ ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

Учурда мектепте 375 окуучу билим-тарбия алууда.  Мектептин миссиясы:  «Жогорку адамгерчилик сапаты калыптанган, өз элинин маданиятын баалай билген  жана бардык элдердин маданиятын  урматтаган,  өмүр бою билим алып,  өлкөнү өркүндөтүүгө  салым кошууга дарамети жетээр, дени сак, издемчил, чыгармачыл инсандарды тарбиялоо”.
Учур талабына шайкеш курулган билим уясында  китепкана, жыйындар залы,  спорт залы,  ашкана, компьютер бөлмөсү, химия, физиканы окутууга ылайыкталган атайын лабораториялык окуу бөлмөлөрү, усулкана, тигүү каанасы, өспүрүм балдарды турмуштук зарыл көндүмдөргө үйрөткөн устакана, мектептин от жакчу жайы жана башка окуу ишин уюштурууга көмөкчү курулуштары бар.
Мектеп китепканасында жалпы  6839 нуска китептер катталса, алардын 4869 окуу китептери болуп саналат.

Мугалимдер менен окуучулардын сыймыктанаарлык  жетишкендиктери 

Мугалимдер сабактын бардык баскычтарында сынчыл ойлом стратегиясынын ыкмаларына жана окутуунун түрдүү интерактивдүү формаларына кайрылышса, сабактарды өтүүдө компьютердик технологияларды, мультимедиа, телевизор, DVD жана башкаларды кеңири колдонууну адат кылышкан.  Азыркы кырдаалга байланыштуу аралыктан окутууда мугалимдер медиа сабаттуулук боюнча акы төлөнүүчү курстарга барып, натыйжада видеосабактарды, видеотүрмөктөрдү даярдап, WhatsApp, Zoom программалары аркылуу жана телесабактардын негизинде окуучуларга жугумдуу билим берүүгө аракеттенишүүдө.

БИРГЕЛЕШКЕН ИШ ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ
Тарых мугалими Түркбаева Самара, информатика мугалим Маатова Гүлжамал, англис тили мугалими Акматова Алтынай жана география мугалими Маатова Гүлбарчын  эжейлердин  аралыктан окутуудагы аракеттери мактоого татырлык.  «Санариптик педагогика» сынагында  Түркбаева Самара тарых предмети боюнча   «Кытай  XVII кылымдын аягы — XX кылымдын башында»,  «Германия XI-XV кылымдарда», «Байыркы олимпиадалык оюндар» ж.б. темаларда жети видеосабак даярдап, сабак өтүү  тажрыйбасын кесиптештери менен бөлүштү.
Мектептин информатика мугалими Маатова Гүлжамал републикалык «Санарип мугалим» конкурсуна катышып, жыйынтыгында Ош облусу боюнча алдыңкы беш мугалимдин катарында болду.
ОшБИ уюштурган “Санарип мугалим” конкурсунда  да Маатова Гүлжамал информатика предметинен 2-орунга, Түркбаева Самара тарых предметинен 3-орунга жетишти. Маатова Гүлбарчындын “Предметтик стандарт” боюнча география предметинен түзгөн бирдиктүү календардык планы ОшБИнун география каанасында талкууланып,  облус мектептерине колдонууга сунушталды.

Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттырууда, эмгек укуктарын коргоодо, эс алуусун уюштурууда мектептин баштапкы кесиптик бирлиги зор иштерди алып барууда. 2020-окуу жылында “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата “Мыкты профсоюз каанасы-2020” райондук  кароо-сынакта I орунга ээ болуп, I даражадагы диплом менен сыйланып, мугалимдердин ден соолугун чыңдоо үчүн эс алуу каанасына райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан тренажёр белекке берилди.

Окуучулардын  изилдөөчүлүк  иш-аракетин жандандыруу ар бир предметтик  мугалимдин көңүл борборунда турат.
Быйылкы “Региондорду  өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата ОшТУнун “Бизнес информатика жана  маалыматтык экономика” кафедрасы тарабынан  9-11-класстардын окуучуларынын арасында  уюштурулган сынакка 10-класстын окуучусу Эсенкулова Нурай “Телефон иштетүүнүн маданияты” аттуу презентациясы менен катышып, 1-орунга ээ болду.

БИРГЕЛЕШКЕН ИШ ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ
Предметтик олимпиадаларда  жогорку  көрсөткүчтөргө  жетишүү үчүн таланттуу  окуучулар  менен  жеке  иш  алып  барууга  өзгөчө маани беребиз.  Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасында Таалай кызы Айзат  биология сабагы боюнча 2-орунду,       Жумашова Феруза  математикадан 2-орунду багынтса,                                Токторова Аида англис тилинен 4-орунду ээледи.

Окуучулардын жетишүүсүнө көз жүгүртсөк,  билим сапаты  51 % ды түзөт,     жалаң “5”ке  окугандар — 47,        “4”, ”5” окугандар — 106,    «3» жана «4»  окугандар — 124 окуучу.

2019-2020-окуу жылында ЖРТнын орточо баллы  120, жогорку баллы 183 болду. Ал эми мурунку 2018-2019-окуу жылы орточо балл 115, жогорку балл 174, 2017-2018-окуу жылы орточо балл 120, жогорку балл 167 болгон. Акыркы үч жылдагы бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТдагы көрсөткүчүн салыштырып көргөндө, жылыш бар экенин байкайбыз.

Мектепте  “Ак жол”,  “Туризм”, “Футбол” ,“Ыр-бий” ийримдери иштейт. Окуучуларыбыз класстан жана мектептен тышкаркы иштерде да ар кандай сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратып келүүдө. Жакында  Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз информатиктер ассоциациясы жана Эл аралык география фонду биргелешип уюштурган Жалпы республикалык экологиялык сынакта 10-класстын  окуучусу  Базарбаева Айгерим  “Балдардын жана өспүрүмдөрдүн  гигиенасы”  деген темадагы  презентациясы менен 1-орунга ээ болду жана “Мектебим менен сыймыктанам” деген номинацияда Айтмаматова Нурия даярдаган видеотүрмөк республикалык турда алдыңкы орунга жетишти.

Аралыктан окутуудагы ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн көмөгү

Окуучулардын кынтыксыз билим алуусун уюштурууда ата-энелер өз балдарын керектүү куралдар (китеп, сөздүктөр, тесттер, техникалык каражаттар) менен камсыз кылууга милдеттүү. Бул иште ата-энелер менен мугалимдердин тыгыз байланышта болуусу чоң роль ойнойт.  Ата-энелер окуучуларды уюлдук байланыш менен камсыздап, интернет чөйрөсүндөгү коопсуздугу  боюнча мугалимдердин эскертүүлөрүн эске алышып, окуучулардын ден соолуктарына жана акыл эмгегинин туура нукта калыптануусуна түздөн-түз таасир этишет. Азыркы аралыктан окутууда көбүнесе баланын ой-жүгүртүүсү, эс тутуму, кабыл алуусу ж.б. психикалык процесстери, анын билими, мүмкүнчүлүгү, каалоосу, жекече өзгөчөлүгү эске алынат. Окуу процесси  ата-энелердин көмөгү менен ишке ашат.
Биздин мектепте ата-энелер комитети түзүлгөн жана ата-энелер каанасы уюштурулган. Шаршемби — Ата-энелер күнү, окуу жылынын ар бир чейрегинде мектепте жалпы ата-энелер жыйыны өткөрүлүп, жылдык иш пландар түзүлүп талкууланат. Мектептин ”Дөөлөт” Камкорчулар кеңеши облустук адилет башкармалыгынан каттоодон өткөн. Тастыктоочу күбөлүгү да бар. Ал мектепке 78 000 сомдук видео көзөмөл, 28 000 сомдук ботинка коючу шкаф, 92000 сомдук үч интерактивдүү доска, 50 000 сомдук эки компьютер принтери, дубалга илинүүчү төрт телевизор, 53 423  сомдук ашкана эмеректерин сатып берди. Электрондук журнал менен электрондук күндөлүккө өтүүгө 15 000 сом жардам кылды.

Азыркы учурда бир топ ата-энелер турмуштун айынан балдарын чоң ата-чоң энелерге, ага-инилерге, эже-сиңдилерге же жакын бир туугандарына таштап, алыскы жерлерге акча тапканга кетип жатышат. Мына ушундай кароосуз калган балдардын акыбалын сурап, жашоо шартын иликтеп, аларга жардам көрсөтүү максатында мектептерде «социалдык педагог» деген штат ачылганы белгилүү.  Биздин мектепте да социалдык педагогдун иши жакшы жолго коюлган. Соцпедагогдун аракети менен жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында иш-чаралар уюштурулуп, бейөкмөт уюмдар, жеке ишкерлер менен тыгыз байланышта турмуш шарты оор, жарым жетим, аз камсыз болгон, көп балалуу, кароосуз калган окуучуларга мезгил-мезгили жардам берилип турат.

Азыркы  ааламдашуу заманында жалгыз эле мугалимдин окуткан сабагы эмес, мектептин  имараты да,  түзүлгөн  шарттар  да бүгүнкү  күндүн  талабына  жооп  бергенде гана, мындан  да   чоң  жүрөк   элжиреткен  ийгиликтер  жаралат.  Себеби биз бүгүн  бала  теориялык  алган  билимин  практикада  колдоно  алганда  гана,  дүйнөлүк билим  мейкиндигинде  татыктуу  инсанды  калыптандырып  тарбиялай алабыз.
Учурда  мектептеги компьютер  каанасында жети  компьютер,  үч акыркы үлгүдөгү принтер, үч телевизор,  бир DVD,  бир   музыкалык колонка,  бир доскасы менен проектор,  үч акылдуу доска, класстык бөлмөлөрдө жети түстүү сыналгы демөөрчүлөр жана министрлик тарабынан коюлуп, Wi-Fi га туташкан.  Мугалимдер аралыктан билим берүүдө “Ай билим”, “Билим Булагы” жана интернет булактарын  пайдаланып жатышат.
Мектептин чакан кой чарбасы бар. Быйыл бакчага 1000 түп кара өрүк тигилди.
Ата-энелер коомчулугу, түрдүү бейөкмөт уюмдар  жана  эл  аралык   программалар  менен  иш  алып  баруу   мектептин  өнүгүүсүндө  чоң  роль  ойнойт. Мектепте  бул  багытта  бир  топ  иштер  жүргүзүлдү.
Ийгиликтер оңой олтоң эле келе койбойт экен. Жогоруда айтылгандай, облуста  “Мыкты айыл мектеби — 2020” деген ардактуу наамга жааматтын  үзүрлүү, чымырканган эмгегинин аркасында жетиштик.

Урмат Атабаева, Ош облусу, Кара-Суу району, №44 А. Сматов атындагы орто мектебинин директору, Билим берүүнүн мыктысы

Бөлүшүү

Комментарийлер