БИР ЭЛЕ УЙКАШТЫКТЫ 70КЕ ЧЕЙИН УЙКАШТЫРГАН УЛУУ СӨЗ
- 12.06.2026
- 0
МАНАС ЖОЛ
Манастаануучу-акын С. Байгазиев агайдын бир гана уйкаш менен жазылган “Манас жол” поэмасын окуу мага кызык болду. Кыргыз ыр өнөрүндө эпосто, төкмөчүлүктө же жазма поэзияда бир эле сөзгө уйкашып узарган уйкаштар 15-20-25 ке жеткенин көрүп жүрөбүз. Бир эле уйкаштын 30 ка чейин жеткенин учурата элекпис. Болсо айтыңыздар. Ал эми бир эле уйкаштын 40-50 гө, андан ары узарып 60-70 ке чейин жетиши ойго келбеген нерсе сыяктуу. Бирок Советбек аганын “Манас жол” чакан поэмасында бир эле уйкаштын 70 ке чейин жетиши, өзүнчө бир жаңылык болуп отурат. Уйкаштын рекорду десек да болот. Ырдагы уйкаштар жөн эле кооздук эмес, поэтикалык текстин тутумунда логикалык, көркөмдүк функцияны аткарышып, мазмун менен тыгыз байланышып Манас атанын образынын жана автордук идеянын ачылышына кызмат кылып жатат. 70 уйкаш бири-бири менен тыбыштык жактан үндөшүп, ички аллитерацияга да бай. Автор поэманы бир дем менен төгүп таштагандай. Поэмадагы уйкаштар эне тилибиздин керемет байлыгынан кабар берип турат. Кыргыз ыр өнөрүндө уйкаш жагынан өзүнчө бир рекорд койгон жана эл-журтубуздун, муундарыбыздын таалим-тарбиясы үчүн Манас жолдун маанисин ачкан Советбек Байгазиевдин чыгармасы менен таанышыңыздар. Бул поэманы манасчылар сахнадан айтса куп жарашат деген ойдобуз.
Бусара Бейшенбаева, изилдөөчү.
МАНАС ЖОЛ
(“Манастын” обону менен бир гана уйкашты улап жазылган микропоэма)
Эр азамат моминтип,
Эл ишине жарасын-
Дүңгүрөтүп Манасың,
Асман-жердин арасын,
Каңгайлык жоону талкалап,
Кандырган элдин табасын.
Айыгышкан кытай-калмактын,
Аёсуз берип жазасын,
Азаттыка чыгарган,
Ак калпак кыргыз баласын.
Айталы сөздүн тазасын,
Айкөлүң Манас жашасын.
Акбалта менен Жакыптын,
Алтайдан алып батасын,
Жалтанбас кашкөй аталып,
Жашынан чыккан бала тың.
Акылман деп баш кылып,
Аталаш Бакай агасын.
Акжолтой деп бел кылып,
Алп Кошойдой абасын,
Баскынчы жоодон коргогон,
Тоолору менен талаасын.
Кыргыз жерге орногон,
Кыйраткан душман калаасын.
Алоокени кубалап,
Багынткан жеңиш марасын.
Оолугуп келген Шооруктун,
Окутуп койгон намазын.
Көрсөтүп анын чамасын.
“Чоң Казат “менен бүтүргөн,
Кыргыз — Кытай талашын.
Мына ошентип, Манасың.
Кыйын доордо кыргыздын,
Айлантып турган барасын.
Таалайын ачкан журтунун,
Тагдырдын түзөп катасын.
Теңдешсиз мындай эрдикке,
Таңданып айран каласын.
Укмушту жасап күтпөгөн,
Мамлекет түптөгөн.
Хан ордо кылып Таласын.
Бириктирип кыргызды,
Тындырган калктын санаасын.
Эркиндиктин эр Манас,
Ушинтип тапкан дабасын.
Эртеңин элдин ойлонгон,
Эрдиктин жасап даанасын.
Ажыраткан турмуштун,
Агы менен карасын-
Коңшу элдерди Манасың,
Кулчулуктан куткарган-
Муну кантип танасың?
Айыктырган көп элдин,
Жүрөктөгү жарасын.
Айлап айтса түгөнбөйт,
Алп Манастын санатын.
Четке каккын Бээжиндин,
Алмамбетке жалаасын.
Кытай уулун дос кылган,
Алмаңдын ачып ажатын.
О кыргыз, балаң элиңе,
Манасча кызмат кылуууну,
Манастай болуп самасын.
Үзүлгөндү уласын,
Айрылганды жамасын.
Кулаалы таптап куш кылган,
Курама жыйып журт кылган.
Өрт болуп чыккан Манасың,
Өрнөк кылып калтырган,
Өчпөс кылып ал атын.
Улуу дастан сактаган,
Улуттун салтын, каадасын.
Көбүрүп айтсаң Манасың,
Көңкү журтка жагасың.
Дүңгүрөтүп өткөргөн,
Көкөтөйдүн ал ашын.
Мааникерди талашкан,
Ээнбаш Каңгай жамаатын-
Тизгинин кагып тынчыткан,
Ичинин көрүп аласын.
Көргөндө аштан Нескара,
Ала-тоонун Манасын.
Айбатынан жан чыгып,
Арстандай карашын.
Куйругун кыпчып, токтоткон,
Кузгунуң өкүм адатын.
Булкунган күчүн Буруттун,
Кытай эй, кантип чанасың?
Буркулдап турса буурадай,
Бутунан кантип чаласың?
Кан Кошой жыгып Жолойду,
Таанытып койгон анасын.
Намысың кетти, эй Жолой,
Абийириң кантип жабасың?
Сайышта Манас кайрыган,
Коңурбайдын “канатын”,
Түшүрүп паска хан атын,
Мүдүрүлтүп кара атын…
Манасчы мындай эрдикти,
Мактоодон кантип тажасын.
Чындыкты күн-түн ырдасын,
Чыгарып сөздүн мазасын.
Бүгүнкү күндө, о кыргыз,
Кимдерден өрнөк аласың,
Кай жакты карай “агасың?”
Калың журт бери карасын:
Айгайлап айткын Манасты,
Асмандын жарып абасын.
Дүңгүрөтүп Манастын,
Добулбасын кагасың,
Добушуна канасың.
Мекенчил салтын баатырдын,
Бапестеп-барктап багасың-
Ата-Журтту сактоочу,
Асылнарк деп табасың.
Уңгу сөзүн Манастын,
Урпагыңдын дилине,
Ураан кылып саласың.
Көсөм шердин өрнөгүн,
Көрнөк кылып тагасың.
Осуятын белиңе,
Таңуу кылып таңасың.
Кабылан Манас атаңдын,
Камчысын минтип чабасың.
Акылга терең сиңирип,
Илимдин ар кыл салаасын,
Бүгүнкүнүн окуусун,
Чемичкедей чагасың.
Манастын туусун көтөрүп,
Алдыга карай барасың.
Манастын уңгу жолунан,
Түгөнгүс кутту табасың,
Тамырыңа таянсаң,
Таалайдын отун жагасың.
Ала-Тоонун коюнунда,
Ак жылдыз болуп жанасың.
Көкөлөтүп бабасын,
Көп манасчы күпүлдөп,
Кызыл тилин сабасын.
Жасаган жакшылыктарын,
Жаңылбай айтып санасын.
Айкөлдү даңктап дүйнөгө,
Аалымдар жазсын кагазын.
Атабыздын эрдиги,
Ай-ааламга тарасын!
Улутуңдун түндүгүн,
Уук болуп тиреген,
Уул-кызың жок болсо,
Ара жолдо каласың.
Сугарса баба наркына,
Маңкурт кылбай баласын,
Улутуң жашайт жоголбой
Унутпаса Манасын!
Советбек Байгазиев
Комментарийлер