БИЛИМГЕ КУЮЛГАН ИНВЕСТИЦИЯНЫН АЛГАЧКЫ МӨМӨСҮ: КЫРГЫЗСТАН PISA-2025те 11 ТЕПКИЧКЕ КӨТӨРҮЛДҮ

  • 08.09.2026

Бүгүн, 2026-жылдын 8-сентябрында, Братислава шаарында өткөн аймактык эл аралык конференцияда Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ / OECD) PISA 2025 (Programme for International Student Assessment) изилдөөсүнүн расмий жыйынтыктарын жарыялады. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрүнөн турган кыргыз делегация катышты.

Кыргызстан 16 жылдык узак тыныгуудан кийин эл аралык рейтингге кайра кайтып, биринчи жолу толугу менен санариптик (компьютердик) форматта катышты. PISA изилдөөсүнүн жыйынтыктары өлкөбүздүн билим берүү тармагында акыркы жылдары мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан масштабдуу, комплекстүү реформалардын алгачкы мөмөсү жана реалдуу көрсөткүчү болуп калды.

 

I. PISA-2025: бардык региондор катышкан

Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова билдиргендей, бул ирет изилдөөгө тандоо болуп көрбөгөндөй ачык-айкын жана адилеттүү жүргүзүлдү:

«Биз катышканыбыздын ушул өзгөчө форматын белгилеп койсок: борбордогу же шаардагы күчтүү гана мектептер эмес, алыскы айылдардагы, региондогу мектептер дагы катышты. Баткенден Таласка чейинки бардык аймактар камтылды».

PISA 2025 изилдөөсүнө катышкан 195 мектептин региондор боюнча бөлүнүшү:

  • Баткен областы: 17 мектеп
  • Ош областы: 34 мектеп
  • Ош шаары: 10 мектеп
  • Жалал-Абад областы: 35 мектеп
  • Чүй областы: 29 мектеп
  • Бишкек шаары: 36 мектеп
  • Нарын областы: 12 мектеп
  • Ысык-Көл областы: 16 мектеп
  • Талас областы: 9 мектеп

Дүйнө жүзү боюнча эң күчтүү экономикасы бар 91 өлкөдөн 762 миңге жакын окуучу катышкан бул алп изилдөөдө Кыргызстандын айылдык окуучулары компьютерде тест тапшырып, өлкө намысын татыктуу коргошту.

II. Сандар сүйлөйт: Ачуу чындыктан динамикалуу өсүшкө кадам

Кыргызстандын PISA изилдөөсүндөгү тарыхый көрсөткүчтөрүн салыштырсак, айырма айкын көрүнөт:

  • PISA-2006: 57 өлкөнүн ичинен 57-орун (акыркы).
  • PISA-2009: 65 өлкөнүн ичинен 65-орун (акыркы).
  • PISA-2025: 91 өлкөнүн ичинен 80-орун (11 позицияга жогорулады).

Орточо упайлар:

  • Табигый-илимий сабаттуулук: 363 балл
  • Математикалык сабаттуулук: 364 балл
  • Окуу сабаттуулугу: 344 балл

16 жылдык тыныгуудан кийин, кагаз бетиндеги тесттен компьютердик форматка өтүүдөгү бардык тоскоолдуктарга карабастан, 11 тепкичке жогорулоо — бул кокустук эмес, багыттуу эмгектин жыйынтыгы.

III. ПИЗАнын көрсөткүчү — 2022-жылдан берки комплекстүү реформалардын жыйынтыгы

Бул ийгиликтин сыры эмнеде? Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова PISAдагы жылышты акыркы жылдары мамлекет тарабынан билим берүүгө жасалган болуп көрбөгөндөй камкордук менен түз байланыштырат:

«Биз 2025-жылкы PISAга баратканда өзүбүзгө абдан реалдуу максаттарды койгонбуз. 2022-жылдан баштап билим берүүгө мамлекеттик деңгээлде комплексдүү колдоо көрсөтүлүп, каржылоо кескин жогорулады. Мугалимдерди окутуу онлайн-оффлайн форматка которулуп, жаңы программалар киргизилди. Мугалимдерге ноутбуктар берилип, айлык акылары жогорулатылды. Ушундай комплексдүү иш-чаралардын негизинде биринчи позитивдүү натыйжага ээ болдук. 11 позицияга алдыга жылуу — бул оңой эмес!»

Чынында эле, акыркы жылдары мектептерди интернетке туташтыруу, STEM багытындагы лабораториялар менен камсыздоо, мугалимдерди санариптик көндүмдөргө үйрөтүү жана стандарттарды жаңыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер өз акыбетин кайтара баштады.

IV. Анализ жана кийинки кадамдар: Система кайда баратат?

Изилдөөнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин Агартуу министрлиги токтоп калбастан, терең аналитикалык иштерди баштайт. Ар бир тармактык түзүм PISA изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянып, өз ишин кайрадан карап чыгат:

  • «Окуу китеби» басма үйү: Тесттеги каталарды жана кемчиликтерди эске алуу менен окуу китептеринин, тапшырмалардын мазмунун функционалдык сабаттуулукка ылайыктап жаңыртуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды алат.
  • Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту: Мугалимдерди даярдоо программаларын PISA стандартына ылайыктап, окуучуга теорияны эмес, аналитикалык ой жүгүртүүнү үйрөтүүгө багыттайт.
  • Кыргыз билим берүү академиясы (КБА): Билим берүү стандарттарын жана программаларын илимий жыйынтыктарга таянып кайрадан карап чыгат.
  • Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти: Деталдуу анализ жүргүзүп, кайсы региондо кайсы предмет боюнча кемчиликтер бар экенин аныктап турат.
  • Агартуу министрлигинин борбордук аппараты: Системалык туура башкаруучулук чечимдерди кабыл алат.

«Бул көрсөткүчкө ишенип, кубанып токтоп калбайбыз. Билим берүү сапатын Сингапур, Кытай, Япония сыяктуу алдыңкы өлкөлөрдүн деңгээлине алып чыгуу үчүн тынымсыз иштөөгө даярбыз», — деп баса белгиледи Надира Джусупбекова.

PISA-2025 изилдөөсүндөгү 80-орун жана 11 позицияга өсүш — бул бүтүндөй Кыргызстандын, анын ичинде мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин жана мамлекеттин биргелешкен эмгегинин башталышы. Бул көрсөткүч акыркы жылдары билим берүүгө куюлган реалдуу инвестициялар, мугалимдердин айлыгынын көтөрүлүшү жана санариптештирүү саясаты туура багытта баратканын далилдеди. Билимге болгон инвестиция — бул өлкөнүн келечегине болгон эң ишенимдүү кадам.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү