БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ – АВТОРДУК ТАБЫЛГА

  • 22.04.2025
  • 0

Заман менен бирге кадам таштап келаткан айтылуу “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин масштабдуу “Билимдер – жомоктор дүйнөсүндө” деген иш-чарасы жума сайын, т.а. 1-класстан баштап жогорку класска чейин бир жомок аркылуу жыл бою окуган билимдеринин деңгээлин  көрсөтүп келет.  Өткөн жумада  комплекстин 2/3 классы “Топулуу торгой” аттуу жомокту коюшту.

БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ – АВТОРДУК ТАБЫЛГА

Автордук иш-чаранын тарыхы

Бул учурда башка мектептерде  өтүлүп жаткан “Алиппе» майрамынын ордуна мазмуну, структурасы дегеле окшобогон “Билимдер фестивалы”, “Билимдер — жомоктор дүйнөсүндө” деп аталган иш-чара “Креатив-Таалим” ББКда 2020-2021-жылдан баштап өтүп келатат.  Жетекчилердин айтымында, заты дагы, аты дагы өзгөртүлгөн автордук билим майрамынын натыйжасы мугалимдер күткөндөн да жогорку жыйынтыкты берип келатканына ата-энелер күбө. Анткени  ар бир класста окутулган предметтердин бир жомоктун алкагында интеграцияланышы, окуучулардын таанып билүүсүн, логикасын өстүргөн, улуттук баалуулуктарга негизделген, прикладдуулукка багытталган тапшырмалардын орун алышы, ошондой эле ар бир окуучунун байкоочу эмес, жандуу катышуучу боло алуусу иш-чаранын өзгөчөлүгүн түзүп келатканын жетекчилер баса белгилеп келишет.

БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ – АВТОРДУК ТАБЫЛГА

2019-2020-окуу жылында “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин башкы директору Гүлнара Дайырбекова тарабынан “Алиппе» майрамын өткөрүүнүн жаңы форматы болгон “Билимдер фестивалын” өткөрүү сунуш кылынат. Мында 1-класска тамга таанып келген балдар үчүн “Алиппе» майрамын өткөрүү актуалдуулугун жоготконун эске алып, андан да масштабдуу маалыматтарды камтыган майрамдык иш-чаранын сценарийи түзүлөт. Анда окуу китебинен тышкаркы маалыматтар камтылып, балдар ата-энелерине өздөрү үйрөнгөн билимдери менен бөлүшөт. Маселен, кыргыздын улуттук чен бирдиктери, жаныбарлардын балдарынын аталышы, мекен таануу предметиндеги кызыктуу эксперименттер, кыргыз, орус,  чет тилдери боюнча алган билимдери демонстрацияланат.

БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ – АВТОРДУК ТАБЫЛГА

Бул саамалык быйылкы окуу жылында “Билимдер фестивалы” жана “Билимдер — жомоктор дүйнөсүндө” деген ат менен эки багытта 1-7-класстарында өткөрүлдү. Айта кетчү нерсе, учурда бул фестивалдын  билим берүү айдыңында аналогунун жоктугу. Ал -“Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин табылгасы.

БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ – АВТОРДУК ТАБЫЛГА

— “Билимди бөлүшсөң — көбөйөт” демекчи, биз ар дайым жакшы табылгаларыбыз менен бөлүшүп, билим берүүнүн мазмунунун жаңыланышына салымыбызды кошууга даярбыз. Анткени баарыбыздын максатыбыз бир. Ал келечекте Кыргызстандын терең билим жана татыктуу тарбияга ээ болгон уул-кыздарын тарбиялоо болуп саналат. Учурда  «Креатив-Таалим» Билим берүү комплекси тарабынан өткөрүлгөн «Билимдер фестивалы» кулач жайып, борбор калаабыздагы айрым мектептерде да өткөрүлө баштады. Фестиваль жакынкы аралыкта шаардагы гана эмес, республиканын булуң-бурчундагы мектептерге да жайылтылат деп ишенебиз, — дейт комплекстин аткаруучу директору Салкын Карипова.

Топулуу торгой

Учурда билим берүү тармагы эле эмес, жалпы дүйнө, коомчулук трансформацияга багыт алды. Анан дагы азыркы альфа муундагы балдар дегеле эскиче окугусу келбейт, алар санарип муун экенин эстен чыгарбашыбыз абзел. Азыркы окуучулардын дүйнө таанымы өтө кенен, биз билбеген программаларды семичкедей чагып, биз билбеген маалыматтар менен жакындан тааныш. Бул муунду ар бир мугалим изденүү менен окутпаса, ал балдар сабакка кызыкпай деле коюшат экен. Мындай шартта, албетте, мугалимдер креативдүү ой жүгүртүү менен, чыгармачылык изденүү менен гана сабакты кызыктуу өтүп, балдардын сапаттуу билим алууга, чыгармачылыкка жомок аркылуу шыктандырып келгени ата-энелерди кубантпай койбойт.

БИЛИМ ФЕСТИВАЛЫ – АВТОРДУК ТАБЫЛГА

— Ар бир иш-чаранын сценарийи дыкат иштелип чыгып, толукталып, тиешелүү маалыматтык материалдар: видео, анимация, музыка менен коштолуп, балдардын сүйлөө чеберчилиги, формасы жомокко ылайык даярдалат. Мунун өзү мугалимдердин (Айнура Сулайманова, Гулназ Майрамбекова ж.б.) чоң командасынын жигердүү иштөөсүнө түрткү берип, чыгармачылык изденүүсүн шыктандырганы да бекеринен эмес. “Билимдер фестивалы” — бул ар бир класстын өзгөчөлүгүн эске алуу менен көптөгөн  изденүү жана  чыгармачылыктан жаралган бир бүтүн продукция. Анын максаты — окуучунун бир жыл ичинде алган билимдерин ата-энелерге демонстрациялоо.  Бүгүнкү балдар көрсөткөн жомок – мугалимдер командасынын эмгеги. Өзүңөр байкагандай, окуучуларыбыз математика, логика, мекен таануу ж.б. предметтерден алган билимдерин айтып да, көрсөтүп да беришти, — дейт генералдык директор Гүлнара Дайырбекова.

Чындыгында эле не30 мүнөттүк иш-чарада балдарга мугалимдер мөмөнү тамчылатып сугаргандай, каада-салт, нарк-насил, дүйнө тааным, логика ж.б.у.с. кичинекей кезинен баштап мээсине куюп жаткандарын Г.Дайырбекова  баса белгиледи.

– Караңыздарчы, эчкиден тыбыт алынарын, жүндөн эмне жасаларын билип жаткандары дагы жакшы. Курт-кумурскалардын жерге болгон пайдасы менен зыяны, чүкө тууралуу, ал кайдан алынарын айтып жатат. Кымындай иш-чаранын ичинде билинип-билинбегени менен көп  билим жатат. Мага балдардын аткаргандыгы кесипкөй актерлордой эле көрүндү. Сонун сезимдерди тартуулашты. Албетте, балдардын баары эле ырга, бийге шыктуу болбойт, бирок  жандуу ырдаганы, бийлегендери керемет таланттуу балдар экенинен кабар берип турат. Ушундай балдарга шарт түзүп бергенге бардык аракетти көрүп келатабыз. Ар бир класста окутулган сабакты ролдоштуруп, кызыктырып окутуу форматын тандап алганбыз дагы жөн жеринен келип чыккан жок. Ушул 20 баланын талантын жыл сайын  канчалык деңгээлде өсүп, жетилип жатканына анализ берилет жана өзүңүздөр да күбө болуп келатасыздар. Балдар кичинекей болгонуна карабай, апкарыбай микрофон кармап алып, сөздөрүнөн адашпай, бирин-бири колдоп, таяп, бир үй-бүлөдөй, командалык дух менен  30 минуталык иш-чараны кызыктуу кылып тартуулашты, — деди генералдык директор.

Билим берүү комплексинде учурда 1300 бала окуп жатса, 150 мугалим тикесинен туруп билим берип, балдардын бир дагы бош убактысын текке кетиришпейт.

Аталган иш-чара менен окуучулар такшалып, шык-жөндөмү ачылып, жашоодо өзүнүн жемишин берерин жетекчи белгиледи.

— “Карындагы баланын кан болоорун ким билет, бешиктеги баланын бек болоорун ким билет?” дегендей, буюрса, бул окуучулардан эл-журт башкарган, кадырман адамдар чыгат. Ошондо микрофонду алып, өз оюн так айталган, ырдай турган жерде ырдай алган, бийлей турган жерде бийлей алган, кыргыз, орус, англис тилдеринде так сүйлөгөн инсандарды биз тарбиялап чыгарганбыз деп башыбызды бийик көтөрө алабыз, — деди Гүлнара Мелисовна.

Мектептин талабы боюнча ата-энелер чогулушуна, жыйынтык иш-чарага кечикпей келүү керек. Ошондой тартип болгон үчүн ийгилик жаралып жатат.

Ар дайым Кыргызстан деп аталган ыйык Мекен үчүн келечек муундарга  адал эмгек жана ак кызматын аткарууга даяр турган креативчилерге ата-энелер ыраазычылыгын билдирип келет. Бар болгула, улуттук нарк-насилде тарбиялаган билим уясы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер