“БИЛИМ ГАНА АДАМДЫ АДАМ КЫЛАТ”

  • 29.01.2021
  • 0

Максим Борисович Хомяков Борбордук Азия Университетинин так жана гуманитардык илимдер мектебинин деканы кызматына киришкенине беш айча убакыт болуп калды. Профессор менен маегибиз дүйнөдөгү билим берүүнүн бүгүнкү тенденциялары жана милдеттери жөнүндө болду.

“БИЛИМ ГАНА АДАМДЫ АДАМ КЫЛАТ”

– Азыр өзүн жакшы актабай жаткан онлайн билим берүү жөнүндө пикириңиз кандай?

–  Менин оюмча, өзүн таптакыр актай албады деген өтө эле катуу айтуу. Иш жүзүндө эч ким, эч качан жогорку билим берүү бетме-бет окутуудан дистанттык технологиянын ар башка түрүнө алмаштырылат деп айткан эмес. Дистанттык технологиялар жакшы, бирок технология катарында гана. Алар билимдин мазмунун толуктап, аны башкача түрдө берүүгө, башка мүмкүнчүлүктөр жокто аралыктан таратууга жардам берет. Бул түшүнүктө биз толук онлайн эмес, аралаш билим берүү (blended learning) тууралуу айтышыбыз зарыл. Бул ыкма боюнча ар түрлүү сырткы жана ички курстар MS Teams, Zoom ж.б. сыяктуу ар түрлүү платформалар аркылуу окулат.

Пандемия болгону гана онлайн билим берүүнүн дареметин ачууга жардам берди, аны менен бирге онлайн окутуу эмне кыла алаарын жана кыла албасын көрсөттү. Бул көз карашта мен жакшы билген Россия Федерациясынын тажрыйбасы маанилүү. Мисалы, Россиядагы жогорку билим берүүнүн өнүктүрүү стратегиясындагы акыркы өзгөрүүлөр боюнча, пандемиядан кийин деле студент өзү окуган курстардын 25% башка университеттерде онлайн же оффлайн түрүндө ала алат. Башкача айтканда, микро даражаларды (degrees) Россиянын алдынкы университетинде алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Эгерде студент, Курск университетинде окуп жатса, 25% курстарын Экономиканын Жогорку Мектебинде да ала алат. Бул, албетте, билим берүүнүн жалпысынан айкындашуусуна жана либерализациясына көмөктөшөт. Бирок, онлайн окутуунун абсолюттук формасы толугу менен салттуу билим берүүнү алмаштыра албайт.

 

– Азыр IT тармагындагы көптөгөн компаниялар “диплом – бул кечээки күн, биз дипломго эмес, билимге карайбыз” деп айтышат. Экинчи жагынан караганда, биз университет – жалгыз гана диплом эмес, бул networking дагы, аны “байланыштар” деп которсок болот. Азыркы күндө университеттер ушундай байланыштарды түзгөн жай катары маанилүүбү же диплом берген жай бойдон калуудабы?

– Чындыгында, бирөө экинчиси менен байланышта. Эгер сиз Гарвардды бүтсөңүз, ал жактан алган документ сиз белгилүү окуу жайда адамдардын белгилүү тиби менен окуганыңызды тастыктайт, демек, сиздин жазма китепчеңиз да ошондой фамилияларга толтура болот. Мындай көз карашта, ар бир мамлекетте, коомдо ушул сыяктуу университтер өзүнүн тегерегинде саясий гана эмес, бул же тигил сферада кесипкөй элитаны дагы түзөт. Университеттин аброю да билим менен биргеликте кандай байланыштарды бере алаарынан да көз каранды.

Дипломдун баалуулугу чын эле кемип бараткандай, башкача айтканда, диплом өзү гана эмес, кайсы курстарды, кимдер өткөндүгү да маанилүү. Ошол эле IT же бизнес чөйрөсүндө, эгер сиз болгону бир курсту кайсы бир улуу гурудан окусаңыз, ал тууралуу сиздин транскрипте жазылуу болсо, карьераңыз үчүн бул өтө чоң артыкчылык. Окуган жай гана эмес, адамдар дагы маанилүү. Ошол эле учурда бул адистик байланыш тармактын, албетте, мааниси зор, аны менен бирге билим жана көндүмдөр да мааниге ээ.

“БИЛИМ ГАНА АДАМДЫ АДАМ КЫЛАТ”

– Кыска мөөнөт аралыгында толугу менен жергиликтүү билим берүүнүн актуалдык маселелерине киришүү оор экенин түшүнөм, ошентсе дагы, Борбордук Азия Университетинде кызмат кылуу чечимине келиш үчүн канча ойлондуңуз, ошондой эле бул чакырууга жооп берүүгө сизге эмне түрткү болду?

– Мен көптөн бери, 2016-жылдан десем болот, бул университетти билем, анын жаңылыктары менен таанышып турам. Ал гана эмес, Петербургда Экономиканын жогорку мектебинин директорунун орун басары катары бул жакка Бишкекке, Нарынга делегация алып келгем. Ошол себептен чечимди кабыл алуу бат эле, бир айдын ичинде болду. Бирок ага даярдык жана ал үчүн шарттардын түзүлүшү көп убакыт ээледи. Мага эмне түрткү болду? Менин көп жана узак убакыттагы тажрыйбам бар, өзүм эл аралык байланыштар боюнча проректор болгондугума байланыштуу, дүйнөдөгү бир нече жүздөгөн, университтерди билем.

БАУ – өзүнүн миссиясы, максаты жана милдеттери менен өзгөчөлөнгөн, өтө уникалдуу жалгыз университет. Биринчиден, бүгүнкү күндө ар бир университет аздыр-көптүр корпорацияга айланып келе жатат, ал акча каражаттарды сөзсүз эле студенттер аркылуу эмес, ар кандай гранттар, кайыр жыйноо (endowment) жана башка жолдор менен тапкан коммерциялык түзүлүш десек болот, ошентсе да бул корпорация.

“БИЛИМ ГАНА АДАМДЫ АДАМ КЫЛАТ”

– Сиз азыр университеттердин батыш модели тууралуу айтып жатасыз го?

– Россиядагы университеттер деле ошондой. Бул модель либералдуу, мамлекет билим берүүдөн алыстаганга аракет кылганда, университеттер дагы өзүн өзү каржылоого өтүүгө мажбур. Албетте, мамлекет таптакыр карабай калбайт, бирок акча каражаттары кантип корогонун, кайдан келип жатканын көзөмөлдөй баштайт. 18 же 19-кылымдагы университеттерге көңүл бурсак, мисалы, Геттингенде, биз билген Ленский окуган окуу жайда, Гумбольд классикалык – негизги идеясы – бул же тигил ыкма менен келген жалпы жакшылык.

– Максим Борисович, азыркы билим берүүдө эмне көп: өзүн өзү камсыздообу же эл билимкөйлүккө умтулган жогорку идеалдагы асыл максатпы?

– Элди билимкөйлүккө тартуу бул жогорку агартуучулук мааниде аздык кылат. Бул жаңы технологияларды өндүрүү, ошону менен бирге билимди жаратуу. Заманбап университет – жалгыз гана коммерциялык ишкана дегенден алысмын. Бирок, менин жекече оюмда, 19-20 кылымдардагы университеттерде болгон нерсе азыркы университеттерде азайып келе жатат.

– Бул жакшыбы же жаманбы?

– Билбейм. Бул заманбап дүйнөгө таандык көрүнүш. Бул азыркы күндө чындыкка туура келип, адамдардын, мамлекеттердин ортосунда болуп көрбөгөндөй теңсиздикти жаратууда. Глобалдуу дүйнө тууралуу айта турган болсок, бул дүйнөдө түндүк менен түштүктүн ортосундагы теңсиздикти пайда кылат. Бул трансулуттук билим берүү капитализмдин бир бөлүгү экендиги түшүнүктүү. Студенттердин агымы билим алуунун борбору бар жерлерге багытталганда, ал жакта кандайдыр бир стандарттар келип чыгат. Заманбап глобалдуу билим берүү дүйнөсү ушундай. БАУ болсо бул моделди бузат, себеби, эл аралык деңгээлдеги эч кандай саясий, идеологиялык, диний ж.б. негиздөөсү жок университетти тоолуу аймактарда түзүү аракети. Бул нейтралдуу агартуучулук модель, ал приципиалдуу түрдө бул аймактын өнүгүүсүнө багытталат. Башкача айтканда, университет трансулуттук корпорация эмес, өзгөчөлөнгөн өнүгүү агенттиги. Дүйнөдө буга окшогон университеттер бар, бирок радикалдуу көрүнүшү – БАУ. Бул, албетте, кызыктырат.

– БАУ глобалдуу билим берүүгө кандайча бириккен, түшүндүрө аласызбы? Аккредитация, жана башка байланыштарды эсепке алганда. Сиз өз убагында эл аралык байланыштар багытын башкарыптырсыз.

– Өзгөчө түрдө. Биринчиден, БАУнун баардык программалары дүйнөнүн эң алдыңкы университеттердин катышуусу менен түзүлгөн. Мында Россияндагы Экономиканын Жогорку Мектеби, Ригадагы Стокгольм экономика мектеби, Сиднейдин Технологиялык университети жана Канаданын алдыңкы университеттери катышкан. Бул биринчиси. Экинчиси –биздин окутуучулар дүйнөнүн ар тарабынан келген. Биздин мектепте Австралия, Канада, Жаңы Зеландия, Улуу Британиядан бар, Россиядан мен — жалгызмын, ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан, Иран жана Пакистандан келген окутуучулар иштешет. Биздин тутум эл аралык жана абдан кызыктуу команда. Үчүнчүдөн, БАУ жалпы университеттик денгээлде Кембридж жана Оксфорд университтери менен келишимге кол кое алган жалгыз университет.

Иш жүзүндө бул университеттер эч ким менен келишимге кол коюшпайт, балким, программалардын денгээлинде гана, ал эми университет денгээлинде БАУнун Кэмбридж менен, Британ Колумбия университети менен жана башкалар менен келишимдери бар. Ушулардын бардыгы университетти булардын тармагына киргизет. Изилдөөлөр аркылуу дагы байланыштар бар. Өкүнүчтүүсү, пандемия интернационализацияны кичине басаңдатып койду.

Биздин эки дипломду камсыз кылуу жана эл аралык аккредитацияга чыгуу максатыбыз да бар. Биз Кыргызстандын аккредитациясынан өттүк. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дипломун бере алабыз. Жакынкы пландарыбызда эл аралык аккредитацияга да чыгабыз. Чек аралардын ачылышы менен БАУнун кызматташтыктарын пайдалана алабыз деген ойдомун. Бул мааниде университет глобалдык иш аракеттери менен таанылууга аракети бар.

– Окутуу кайсы тилде жана канча жылдык? Бүтүрүүчү студенттер кандай билимге жана көндүмдөргө ээ болушат?

– Англис тилинде. Баардыгы англис тилинде. Албетте, стандарт боюнча биз студенттерди кыргыз жана орус тилдерине үйрөтөбүз, бирок окутуу тили — англис тили. Билим берүү төрт жылга созулат, эгерде студент бизге биринчи курска өтө алса. Бирок, андайлар абдан аз, ошол себептен алар бардыгы даярдоо бөлүмүнө өтүшөт. Эгерде ал жылды кошуп санасак, бакалаврдын дипломун алуу үчүн окуу мөөнөтү беш жылга созулат. Экинчиси – бул компетенцияларга байланыштуу. Бүт программа замапбап негизге ээ, ошол себептен компетенциялар жана ар түрлүү көндүмдөрдүн көз карашы менен түзүлгөн. Студент конкреттүү компетенция жана көндүмдөрдү программага жараша алышы күтүлөт.

–  Эми сиз башкарган мектеп –
БАУнун Так жана гуманитардык мектебине токтоло кетсеңиз.

– Бизде ар башка төрт программа бар, аларды факультет деп атасак болот. Нарында бизде эки факультет: “Компьютер илимдери” жана “Коммуникация жана медиа” бар. Хорогдо “Экономика” жана “Жер менен айлана чөйрө жөнүндө илимдер” факультеттери иштейт. Булар абдан кеңири программалар.

“БИЛИМ ГАНА АДАМДЫ АДАМ КЫЛАТ”

– Бүгүнкү дүйнөдө билим өтө тез эскирип жатат. Бул учурда кантип мындай олуттуу академиялык жай өнүгө алат, себеби программалар көп жыл мурун жазылат да?

– Технологиялар билим берүүгө караганда абдан тез ылдамдыкта өзгөрөт, ошол себептен биз IT боюнча бир адисти даярдап чыгарганча, мезгил өзгөрүп, жаңы нерселер пайда болот. Бул дүйнөнүн баардык чөлкөмүндө болуп жаткан көрүнүш. Ошол себептен, студенттерге кийин өз алдынча билим алууга көмөк боло турган билим маанилүү. Бүгүнкү күндө өмүр бою билим алуу идеясы – бул жөн гана сөз эмес, бул реалдуулук. Бирок бул үчүн адамга компетенция керек, маданият аралык, лидерлик жөндөмдүүлүк керек, сынчыл ой жүгүртүү, коммуникация билими керек, башкача айтканда абдан кеңири илимий-гуманитардык даярдык талап кылынат. Бул жерде заманбап университеттер бара жаткан бир нече жолдор бар. Ушул жолдордун бирин БАУ тандап алды. Бул либералдуу билим алуу жолу, бул биринчи эки жылда абдан кеңири негиздүү билим берүү, гуманитардык илимден табигый илимдерге чейин: биологиядан этика жана башка гуманитардык дисциплиналарга чейин. Андан соң, негизги адистешүү программасы берилет. Бул түшүнүктө студенттердин бул же тигил компанияда иштөө үчүн билими болуп, бул билимин андан ары улантууга жөндөмү болот. Дүйнөдө башка дагы жакшы иштеп жаткан моделдер бар. Бирок ушул либералдуу билим берүүнүн модели (liberal arts) келечекте көп үмүт бере турган моделдердин бири. Менин оюмча, БАУ дүйнөдөгү бирден бир олуттуу жана текшерилген моделдердин бирин тандап алган. Бул суроого кайрылсам, бул өтө кеңири компетенция. Гуманитардык, маданий аралык, лидердик жана жана башка. Конкреттүү IT адистер тууралуу айта турган болсок, “программалоо” көндүмдөрү же айлана чөйрө жөнүндө илимде “экологиялык абалды же геологияны анализдөө” көндүмдөрү.

Эми Экономиканын жогорку мектебинде иштеп турганда топтогон тажрыйбаңыз жөнүндө темага сөздү буралы.

– Мен ал жакта Санкт-Петербургдагы кампустун директорунун үч багыт: илим, стратегия жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары болчумун.

– Сиз өзүңүз сабак бересизби? Же декан катарында көбүнчө административдик, уюштуруу жана тартипти сактоо маселелерин карайсызбы?

– Мен сабак бергенди өтө жакшы көрөм, бирок бул иш мен үчүн жаңы жана өзгөчө болгондуктан, жаңы коллективге кирип жатканда кичине оор болууда. Мен студенттер үчүн бир нече лекция окудум. Келечекте философия багыты боюнча дагы пландаштырып жатам, менин оюмча, аларга керек болот деп ойлойм.

– Келиңиз анда, философторчо сүйлөшөлү. Жакында эле, атактуу жазуучу
Михаил Жванецкий кайтыш болуп калды. Анын билим берүү жөнүндө “Адам үчүн билим алуунун эмне кереги бар” деген эң сонун монологу бар эле. А Сиз кандай жооп берээр элеңиз, адамга бүгүнкү дүйнөдө билим алуунун эмне кереги бар?

– Билим алуу бир нече тутумдан турат. Биринчиден, эң терең мааниде, билим гана адамды адам кыла алат. Ансыз адам баласы адам боло албайт. Бул анын маңызынын үзгүлтүксүз бөлүгү. Экинчиси, билим алуу адамды социалдаштырып, ушул коомдо жашаганга мүмкүнчүлүк түзүп, коомго жана өзүнө пайда келтирүүгө шарт берет. Ошол себептен адам канчалык социалдашкан болсо, ал ошончо көп бул коомдун талабына жооп берет, ошончолук бул коомго тыгыз биригет.

Үчүнчүдөн, билим берүү ар дайым революциялык мүнөздө, себеби билимдүү, сынчыл ой жүгүртө алган адам бул коомго ылайыктуу, жөн гана социалдашкан болуп калбай, бул коомду дайыма өнүктүрүп турат. Ошол себептен бул дүйнөнү өзгөртүп турган күч.

Жалпысынан, билим берүү мен үчүн биз жашап жаткан адамзат дүйнөсү катары элестетилет. Университет болсо бул дүйнөнүн бир бөлүгү. Билимсиз биз адам эмеспиз. Университеттин ар кандай коомдогу орду – бул минималдуу саясатташуу. Себеби университет окутуучулар жана студенттердин үйү, анын ичинде ар түрлүү саясий көз караштар болушу мүмкүн. Эгерде университет кандайдыр бир саясий тараптын таламын жактаса, бул анын базасын өтө кууш кылат. Себеби, либералдык университетте ар тараптуу консервативдик көз караштардын өкүлдөрү болот. Башкача айтканда, акылдуу университеттин даанышмандыгы – саясатка аз аралашууда. Антпесе, студенттерге, коомго жаман таасирин тийгизип, талаш-тартышка алып келиши мүмкүн. Университетке мунун такыр кереги жок.

– Билим сынчыл ойлом, калпты чындыктан айырмалай алуу эмеспи. Кимдир бирөө бийик трибунадан Жер – бул жалпак, үч киттин үстүндө турат десе, анда ал адам «жок, бул горизонт, ал болсо андай…» деп тандыра алышы керек.

– Ооба, бул ушундай болгон жана боло бермекчи. Университетте берилген ар кандай сынчыл ой-жүгүртүү адамды ушул сыяктуу ар кайсы нерселерди декарттык күмөн саноого алып келет. Эгерде биз азыр жок мамлекетти элестетсек, ал бардыгын көзөмөлдөгүсү келсе жана университеттерди баарына макул болгон куралга айландыргысы келсе, бул мамлекетте эч кандай технологиялар болмок эмес, себеби технологиялар сынчыл ой жүгүртүүнү талап кылат. Мындан эч жакка качып кете албайбыз.

Эгерде университет илимди жана технологияларды өнүктүргүсү келсе, анда ал академиялык эркиндикти талап кылат. Академиялык эркиндик болсо кандайдыр бир эркин ички дүйнөнү талап кылат. Ошону менен университет коомдо жашаганы менен, анын атайын чектөөлөрү бар экени билүү менен, ал кайсы бир өзгөчө темаларга кийгилигишпөөсү зарыл. Адамдар университеттен чыккандан кийин эмне иш кылат – бул ар бир адамдын жеке жарандык иши, ал адамга кандай чечим кабыл алышы керектигин көрсөтүү – бул университеттин иши эмес.

– Эң аягында БАУнун дипломдор дүйнөнүн кайсы жагында таанылары жөнүндө айта кетсеңиз?

– Дипломдор Кыргызстандын мамлекеттик дипломдору кайсы жакта таанылса, ошол жактардын баарында таанылат. Кыргызстандын дипломунан сырткары, биз БАУнун өзүнүн дипломун дагы беребиз, бирок биз жаңы университет болгондуктан, бул башка маселе. Биз БУУда каттоодон өткөнбүз. Менин оюмча, убакыттын өтүшү менен БАУнун диплому өзүнүн ордун таап, аброюна ээ болот.

Албетте, биздин өнөктөштөр менен – Канаданын, Британиянын ЖОЖдору менен өзгөчө мамилебиз, программаларыбыз бар, биздин бүтүрүүчүлөр аларга да тапшыра алышат.

– Максим Борисович, эртенки күндүн билим берүүсүн сиз кандай элестете аласыз?

– Биринчиден, абдан кеңири элестетем, башкача айтканда, мен мурун айткан либералдык билим берүү бул башталышы гана. Гуманитардык илимдерге, инженердик адистиктерге күндөн-күнгө суроо талап күчөп жатат. Мен бир жолу Microsoft компаниясынын башчыларынын бири менен сүйлөштүм эле. Менин жумушка кимдерди аласыңар деген суроомо алар филологдор, тарыхчылар, социологдор деп жооп айтышты. Себеби алар тил, адам коому кандай түзүлгөнүн түшүнөт, андан кийин аларды программалоого үйрөтсө болот. Менин оюмча, илимдердин гуманитарлашуусу күчөй берет. Албетте, бул билим техникалык болот, ал технологиялар менен байланыштуу. Биз он-лайн форматтан таптакыр кете албайбыз. Балким, студент микродаражаларды дүйнөнүн ар кайсы университетинен тандап ала алат, ошону менен уникалдуу жаңы даража түзүлүшү мүмкүн. Ушунун аркасында келечек болушу мүмкүн…

Маектешкен
Максим ПОЛЕТАЕВ, ТВ1К9

 

Бөлүшүү

Комментарийлер