Z МУУНДУ КАНТИП САБАККА КЫЗЫКТЫРУУ КЕРЕК?
- 15.08.2024
- 0
Кыргызстандын билим берүү тармагы модернизациялоо алдында турганда, мугалимдердин салтка айланган Август конференциясы масштабдуу иш—чаралары менен коштолууда. 19-20-августта Чолпон-Атадагы “Рух Ордо” комплексинде Россия менен Кыргызстандын инновациялык педагогикалык жетишкендиктеринин жарманкеси өттү, бир топ тематикалык секцияларда кызуу талкуулар жүрүп жатат. Ошондой эле Сингапурдан келген адистер менен PISA эл аралык сынагына даярдык иретинде сексенден ашык математик мугалимдерге алдыңкы технологиялар, жасалма интеллект менен иштөө боюнча тренинг өткөрүлдү. Бул иш-аракеттин баары республикалык жана эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана масштабдуу трансформацияны ишке ашыруу максатында болуп жатат.
Саммиттин максаты
Билим берүү системасынын мугалимдери жана кызматкелери үчүн Август усулдук иш-чаралардын алкагында 15-августунан 26-августуна чейин Билим берүү жана илим диалогу: Кыргызстан-Казакстан, Кыргызстан-Сингапур, Кыргызстан-Россия эл аралык тажрыйба алмашуу аянтчалары түзүлдү. Ал эми 22-августунан 26-августуна чейин райондук (шаардык), облустук усулдук иш-чаралар, анын ичинде кесиптик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында “Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор” аталышындагы кеңешме менен уланат.
Билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында үзгүлтүксүз окутууну, социалдык жоопкерчиликти, жарандык катышууну, көп тилдүү жана маданий көп түрдүүлүктү камсыз кылуу боюнча эл аралык кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү консолидациялоо платформасын түзүү — саммиттин максаты. Жогоруда белгилегендей, Сингапурдан келген окумуштуулар кыргызстандык мугалимдерге алдыңкы технологиялар, жасалма интеллект менен иштөө, окутуу усулдары боюнча тренинг өткөрүштү. Мультимодалдык программа менен иштөөнү үйрөтүү үчүн тренерлерге “PISA компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу табигый илимдер жана математика жаатында окуучулардын сабаттуулугун жогорулатуу” темасында да семинар өттү. Ал эми Marshall Cavendish Education (Сингапур) окуучулардын компетенттүүлүгүн жана билим берүү натыйжаларын жакшыртуу үчүн PISA тестине даярдануу жана Cerebry платформасын колдонуу боюнча тренинг өтүп, кеңешменин катышуучулары бул күндөрү бардык жаңы усулдарды куржундарына толтуруп жатканы чагы.
Жаңы окуу жылына мугалимдер жетиштүүбү?
2023-2024-окуу жылынын аягына карата мугалимдердин жетишсиздиги 780 адамды түзгөнүн министр Догдуркүл Кендирбаева жакында өткөн басма сөз жыйынында белгилеген эле. Педагогдорду колдоо жана шыктандыруу максатында педагогикалык кадрлардын Улуттук порталы (мугалимдердин Реестри ) иштелип чыккан. Мындан ары өлкөнүн бардык педагогдорунун портфолиосу ушул маалыматтык системада болот, бул мугалимдердин жетишсиздиги багыттары (бош орундар), мугалимдерди аттестациялоо, бала бакчалардагы жана мектептердеги сынактар боюнча кырдаалды координациялоого мүмкүндүк берерин министр баса белгиледи.
— Педагогдордун квалификациясын жогорулатуунун жаңы форматы — командалык окутуу киргизилди. 460 мектептин жамааттары (мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 20% жакыны) 2023-2024-окуу жылында «Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана баалоо» электрондук курсунун программасы боюнча командалык метод менен окутууну башташты. Командалык окуудан 12 миң мугалим өттү. 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында билим берүү тутумунун 90 миң кызматкери (анын ичинде райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, завучтар жана мектеп мугалимдери, усулчулар, бала бакчалардын тарбиячылары) PISA-2025 катышуу, медиасабаттуулук, өнүктүрүү боюнча квалификацияны жогорулатуу, жашыл көндүмдөр, санариптик сабаттуулук, чет тилдерди окутуунун коммуникативдик ыкмалары, инновациялык педагогикалык технологиялар, STEM билим берүү курстарынан өтүштү. Республика боюнча 60 мектепте «Билим берүү практикасын байкоо» инструментин колдонуу менен «Менин устатым» квалификациясын жогорулатуу программасын пилоттук түрдө өткөрүү башталды. Бул байкоо мугалимдерди үзгүлтүксүз колдоо үчүн реалдуу убакыт/видео сабак режиминде жүргүзүлөт. Мугалимдерди аттестациялоонун жаңыланган системасы киргизилди. Мугалимдерди ыктыярдуу аттестациядан өткөрүүгө 650 адам кайрылган, — деди министр.
Жаңы окуу жылына карата 90 миңден ашык мугалим билим берүүгө даяр болсо, анын ичинен быйыл республика боюнча гранттык негизде окууну аяктагандар — 1665 мугалим, жалпы билим берүү мектептерине — 1199 бөлүндү, жалпы педагогикалык багытты аяктаган (гранттык, контракт) студенттердин саны — 5760. Ал эми мектепте пенсия курагында иштеп жаткандардын саны — 9000 ашык.
Баса, өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга 670 млн. сом бөлүндү. Биринчи этапта алар STEM предметтеринин мугалимдери үчүн, андан кийин бардык мектеп мугалимдери үчүн сатылып алынмакчы.
Z муун – санариптик муун
Акыркы жылдары мектептерде окуучу менен мугалимдердин ортосундагы пикир келишпестик, түшүнбөстүктүн айынан ар кандай кырдаалдар соцтармакка тарап, ансыз деле аброю көтөрүлбөй келаткан мугалимди туңгуюкка такады. Бул деген азыркы замандын окуучуларына жеткиликтүү, аларга түшүнүктүү, кызыктуу сабактар берилбей келгени менен балдар түшүндүрүшөт. Ал эми мугалимдер болсо бардык күнөөнү окуучуларга оодарып, “сабакты окубайт, кызыкпайт, каяша айтат” ж.б.у.с. жүйөөлөрдү келтиргенине күбө болуп жүрөбүз. Тарбия жаатында деле ата жана бала ортосундагы пикир келишпестик деле жок эмес. Бул илгертен келаткан оор маселе. Орус жазуучусу И.С.Тургеневдин “Аталар жана балдар” (“Отцы и дети”) чыгармасында бул көйгөй таамай көрсөтүлгөн. Бирок бул маселе көбүнчө окуучулардын өткөл курагы менен байланыштырылат. Андыктан көйгөйдү тереңдетпей чечүүгө, айлана-чөйрөгө туруштук бере алган муунду тарбиялоо боюнча окумуштуулар изилдөөлөрүндө айтып келатышат.
— 2000-жылдан кийин төрөлгөн заманбап балдар Z мууну — санариптик муун деп аталат. Алар жаңы технологиялардан коркпойт, смартфондорду жакшы билишет, мобилдик тиркемелерди жигердүү колдонушат, аппараттардын өркүндөтүлүшүн колдошот, интернетти жана гаджеттерди реалдуу жашоонун уландысы катары кабыл алышат. Окуу, баарлашуу, спорт, чыгармачылык – алардын жашоосунун бардык аспектилери интернетке жана социалдык тармактарга туташкан. «Зумерлер» — сабактарга чыгармачылык, кызыгуу менен мамиле кылуусу үчүн мугалимдин милдети механикалык жаттатуу эмес, тескерисинче, сабактагы материалды түшүнүүсүнө жана анда «жашоосуна» жетишүү кажет. Бул үчүн чыгармачылык тапшырмалар, креативдүү тесттер жана оюндар абдан пайдалуу, — дейт КББАнын кызматкери Т.Ашымбаева.
КББАнын дагы бир кызматкери К.Жунушалиеванын айтымында, жаңы окуу жылынан баштап мугалимдердин окуучулардын табигый-илимий сабаттуулугун калыптандыруу боюнча усулдук ишмердүүлүгүнүн дагы бир багыты — окуу процессинде PISA талаптарына ылайыкташтырылган тапшырмаларды колдонуу болуп саналат.
“Мугалим сабакта PISA талаптарына ылайыкташтырылган тапшырмаларды колдонууда окуучулардын төмөндөгү окуу көндүмдөрдүн калыптануу деңгээлин баалай алат: текст менен иштөө, илимий негизинде кубулуштарды сүрөттөө, чечмелөө же болжолдоо, илимий маалыматтарды талдоо жана алардан жыйынтык чыгаруу, илимий изилдөө жүргүзүү аркылуу түшүндүрүлө турган суроолорду аныктоо, китепканадан, интернеттен, маалымдама басылмаларынан керектүү илимий маалыматтарды табуу, жалпылоо жана тыянак чыгаруу үчүн аргументтерди келтирүү. Бул окуучулардын педагогдордон алган ар кандай тармактардагы билимдердин, жөндөмдөрдүн жана көндүмдөрдүн белгилүү бир жыйындысына гана ээ болбостон, заманбап жашоонун талаптарына ылайык керектүү билимди өзү алып жана колдоно ала турган окуучунун жаңы моделин түзүү процесси болуп эсептелет” (К.Ж.).
Демек, окуучулардын табияттын мыйзамдары жана мыйзам ченемдүүлүктөрү, процесстердин жана кубулуштардын ортосундагы өз ара байланыштар жөнүндөгү билимдерин алардын касиеттерин, өтүү шарттарын жана айырмачылыктарын түшүндүрүү үчүн пайдалануу окуучулардын табигый илимий сабаттуулугун калыптандырууда чоң роль ойнойт.
Жаңыча иштегенге умтулган элеттик мугалимдер
Жаңы окуу жылына Талас облусу кандай даярдык менен келатканын мугалимдердин өздөрүнөн сурап көрдүк. Себеби акыркы жылдары билим берүү сапаты жагынан артта келаткан облус алдыга умтулуп, жакшы көрсөткүч, ийгилик жаратып жатканын айтпай коюуга болбойт. Быйыл эле ЖРТдан эң жогорку упай алган окуучунун бири так Таластан чыкпадыбы. Албетте, окуучулардын ийгилигинин артында мугалим турат.
Талас облусундагы Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы Орозбеков Мейлибек атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тургунбек кызы Маринанын айтымында, мугалим тегирмен сыяктуу тынбай изденип, билим алып туруусу зарыл.
Марина акыркы төрт-беш жылдан бери аянбай билимге инвестиция салып келет. Анткени билимге жумшаган инвестиция — бул анын келечегинин кепилдиги экенине бөркүндөй ишенет. Бирөөнү бир нерсеге үйрөтүүдөн мурда, мугалим өзү окуп, өзү изденүүсү зарыл.
Жогоруда айткандай, акыркы жылдары окутуп жаткан балдардын келечегине ал абдан кабатыр болуп келген. Андыктан ал коңшу мамлекеттерден атайын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча ар кандай курстардан өтүп турат.
Жаңылануу демекчи, ушул эс алуу учурунда Марина жаңы окуу жылына даярдануу үчүн кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүдө «Заманбап балдардын өзгөчөлүктөрү алардагы нейропсихологиялык көйгөйлөр» туурасында көрүнүктүү орус педагог-психологу Шамиль Ахмадуллинден тажрыйба топтосо, учурда Казакстанда «Билим» борбору уюштуруп жаткан «Санарип устаз» курсунда билим алып жатат.
Жаңы окуу жылында балдардын көбүрөөк ички мотивациясын өнүктүрүү үстүндө иштөөгө билегин түрүп, шымаланып жаткан чагы.
Эмне үчүн окуучуда ички мотивацияны жаратуу маанилүү?
— Биз окутуп жаткан балдардын дээрлик көпчүлүгү билимди өздүк муктаждык үчүн эмес, тилекке каршы, милдеттүү болгону үчүн алышат. Ошол себептенби, билбейм, сырткы мотивациядан көз каранды болуп калышат. Учурда биз билим берип жаткан Z муундун балдары техника өнүгүп, чөнтөк телефондор көбөйгөн заманда төрөлгөн. Бул муунду биз интернет айдыңына салыштырсак болот. Интернетте эмне бар? Ылдамдық, маалымат, жашоону жеңилдетүү. Ушул сапаттын баары аталган муунга тийиштүү. Алар баарына кызыгат, аз убакытта көп ишти жасай турган сапатка ээ. Түрдүү нерселерди жасап көргөндөн коркушпайт. Мисалы, беш жыл окуган дарыгерлик кесибин алмаштырып, таптакыр башка тармакка өтүп кетүүсү мүмкүн. Эч нерсеге байланбаган, эркин, акылдуу муун деп билебиз. Бул муунга сабактарды өтүүдө лекция сабактарды азайтып, практикалык сабактарды көбөйтүү зарыл, — дейт мугалим.
Зумер муундун угуу жөндөмдүүлүгүнө караганда, көрүп, андан кийин кайталап жасоо жөндөмдүүлүгү жакшы өнүккөн. Андыктан Z муундун талабына жооп берген “google мугалим” болуу — заман талабы. Бул окуучуларга теманы жеткирүүдө жасалма интеллектин да жардамы чоң. Алар кыска аралыкта мээнин оң жарым шарына кире турган маалыматтарга абдан муктаж. Ошондуктан элеттик мугалим быйылкы ишмердүүлүгүнө квест оюндарын жана тесттерди, кыска викториналарды, мастер- класстарды, флеш карталарды, онлайн оюндардын түрлөрүн, жана баалоого ыңгайлуу платформаларды кошконун айтты. Жаңы окуу жылында балдарга кызыктуу сабактарды түзүү үчүн: https://www.d-id.com/, Adobe Express.com, https://www.bing.com/, https://copilot.microsoft.com/, https://www.freepik.com/, https://wepik.com/, https://www.goenhance.ai/, https://www.emaze.com/ru/, https://focusky.softonic.ru/, Шедеврум ж.б.у.с. бир катар жасалма интеллекттер анын жардамчысы болот.
Бакай-Ата районундагы Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебинин биология сабагынын мугалими Кымбат Ибраимова сабагын буга чейин алынын жетишинче ноутбук жана проектор менен сабак өтүп жүргөн. Кийин заман талабына ылайык квалификациясын жогорулатуу боюнча курстардан өтө баштайт. «Биология предметин окутуунун теориясы жана методикасы», «6-11-класстар үчүн билим берүүдөгү табигый илимдер тармагындагы предметтик стандарттары», «Жашыл экономика жана курчап турган чөйрөнү коргоо маселелерин интеграциялоо», «Сен өзгөрсөң жашооң өзгөрөт» 22 сааттык курс жана башка курстардан билим алды.
Санариптешкен замандын окуучуларын окутуу үчүн мугалимдер күнүгө жаңыланып туруу керектигин түшүнүп, ал Z муундагы балдарды зериктирбей, кызыктуу сабак өтүү — абийирдүү мугалимдеги көйгөй, изденүү, түйшөлүү, ошону менен катар эле ар бир мугалимдеги милдет экенин айтат.
— Оюн аркылуу өтүлгөн сабак азыркы Z муундагы баланы зериктирбейт деп ойлойм. Ошондуктан, Айпери Эркинбекованын санарип курсуна катышып, окуучуларды кызыктыруучу көптөгөн жаңы программалардын түрлөрүн үйрөндүм. Буюрса, жаңы окуу жылында Mergee edu, JeopardyLabs, Quiz Whizzer, Nearpod 3d жана башка программаларды колдонуп, аз да болсо билим берүү жаатында салымымды кошом деген жакшы тилектерим бар, — дейт мугалим.
Ал эми Самара Мусаканова Талас районуна караштуу Мырзабек Мамбетов атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп иштейт. Кесиптик чеберчиликти өркүндөтүүнүн үстүндө дайыма аракеттенип келет. Кулагы кандай окууну чалса, окуганга абдан тырышат.
— «Сынак» окуу борборунун жетекчиси Н. Кармышаковдон санариптик программаларды өздөштүрдүм. «Креатив — Таалим» Билим берүү комплексине барып, заманбап педагогикалык технологиялар программасы боюнча сабак алдым. Тренер — Рай кызы Рахат эженин окуусуна да катышып, андан «Геймификация» ыкмасы боюнча билимимди өркүндөттүм. «Теребел» санариптик платформасына да катышып, бүгүнкү күндүн талабына ылайык программалар менен иштөө боюнча сабак алдым. Мындан тышкары интернет булактарынан онлайн окууларга үзгүлтүксүз катышып келем. Бүгүнкү күндөгү Z муунду окутууда, биринчиден, балдардын кыялында чогуу жашаш керек деп айтат элем. Себеби бала менен дос боло албасаң, ал сенин сабагыңды, эң биринчи сени жаман көрөт дагы, эч качан окубайт. Бала эң биринчи мугалимди сүйүш керек, анан анын сабагын окуйт. Экинчиден, баланы ойнотуп отуруп сабакка тартса болот. Үчүнчүдөн, күнүгө окшош сабак бербешибиз керек, себеби, бала окшош күндөн жадайт. Төртүнчүдөн, ар бир балага тапшырманы деңгээлине жараша бериш керек. Мугалим балдардын жан дүйнөсүн аңтара билгенде, сен бала менен дос болосуң. Ушуларды эске алганыбызда гана өткөөл балдарды окута алабыз, — дейт Самара.
Талас облусу боюнча жалпы 3891 мугалим жаңы окуу жылында сабак өтүү алдында турат. Алардын ичинен жаш мугалимдердин саны — 206. Ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларынын саны — 530.
Талас билим берүү усулдук борборунун Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсунан жалпы 791 мугалим кесиптик чеберчилигин жогорулатты. Жетишпеген мугалимдердин саны – 28.
Ошентип, аз күндөн кийин өлкө боюнча 90 миңден ашык мугалим мектеп эшигин ачып, жаңы окутуу усулдар менен билим бере башташат. Анткени өлкөдө жалпы билим берүү тармагы трансформацияланып, мектептик билим берүү 12 жылдыкка эмдиги жылы өткөнү турат. Андыктан ар бир мугалим өзгөрүүнү өзүнөн баштоосу зарыл.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер