БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ ДООРУНА ЖОЛ АЧКАН ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМДАР
- 09.09.2026
- 0
2026-2027-окуу жылын жаңыча баштоо, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн кийинки этабындагы милдеттерди түшүндүрүү жана педагогдорго практикалык усулдук колдоо көрсөтүү максатында учурда облустарда өткөн «Доор өзгөрткөн билим. Жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аттуу педагогикалык форумдардын жүрүшү тууралуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директорунун орун басары Жаркын УКЕЕВА айтып берди.

Мугалимдин үнү угулган жерде – реформа жандуу болот
Кыргызстандын билим берүү системасы бүгүн 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүү, окуу мазмунун жаңылоо, жаңы муундагы окуу китептерин киргизүү, мугалимдин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн камсыз кылуу, билим сапатын жаңыча баалоо жана мектепти заманбап башкаруу – мунун баары билим берүү тармагында жаңы мамилени талап кылууда.
Ушул милдеттерди ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин тапшырмасы менен 2026-2027-окуу жылынын башталышына карата аймактарда усулдук иш-чаралар өткөрүлүп, алардын өзөгүн «Доор өзгөрткөн билим. Жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аттуу педагогикалык форумдар түздү.
Бул иш-чаралардын өзгөчөлүгү – мурунку салттуу август кеңешмелеринен айырмаланып, кургак отчетторго эмес, ачык диалогго, практикалык маселелерди талкуулоого жана адистер менен педагогдордун түз байланышын камсыз кылууга багытталгандыгында болду.

Нарын
Алгачкылардан болуп Нарында өткөн форумга жалпы 545 адам катышты, алар: райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, бала бакчалардын, мектептердин, кошумча билим берүү уюмдарынын жана кесиптик лицейлердин жетекчилери, алардын орун басарлары жана социалдык педагогдор болду.
Форумдун жүрүшүндө билим берүү тармагындагы негизги өзгөрүүлөр жана жаңы окуу жылындагы актуалдуу багыттар талкууланды. Мектепке чейинки билим берүү багыты боюнча адистер тармактагы жаңылануулар, балдарды өнүктүрүүнүн жаңы программасы, ваучердик каржылоо системасы жана «Балалык» маалыматтык системасы тууралуу маалымат беришти. Ал эми Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери педагогдорду жаңы окуу жылындагы негизги мазмундук жана методикалык өзгөрүүлөр, ошондой эле иштелип чыккан окуу-методикалык материалдар менен тааныштырышты. Жаңыланган предметтик стандарттар, окуу программалары, календардык-тематикалык пландар, тарбия иштеринин программасы жана методикалык сунуштамаларга өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, 8-класстын окуучулары үчүн профилге чейинки даярдыктын программаларын ишке ашыруунун максаттары, мазмуну жана аны уюштуруунун өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү.
Нарын районунун «Чоң эне» МЧББУ мекемесинин директору Венера Токтакунованын айтымында, Агартуу министрлигинин өкүлдөрү тарабынан Нарын облусунун билим берүү тармагынын жетекчилерине, анын ичинен бала бакчалардын директорлору үчүн «2026-2027-окуу жылында билим берүү процессин уюштуруу маселелери боюнча» өткөрүлгөн усулдук иш-чаралары абдан жемиштүү болду.
— Иш-чаралардын биринчи бөлүгүндө Агартуу министрлигинин адистери тарабынан 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча жүрүп жаткан иштер, окуу китептеринин чыгарылышы жана билим берүү уюмдарына берилүү жолдору, жетекчилердин ваканттык орундары үчүн сынактарга катышуу, АИС мугалимге катталуу тартиптери жана дагы башка билим берүүгө тиешелүү маселелер, билим берүүдөгү жетишкендиктер боюнча презентациялар болду. Экинчи бөлүгүндө ар бир тармакта өзүнчө секциялык иштер өткөрүлдү. Бала бакчалардын директорлору үчүн өткөрүлгөн секциялык иште, мектепке чейинки билим берүүдө болуп келген көптөгөн көйгөйлүү суроолорго жооп алдык. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын тамактануусун уюштуруудагы тендер маселеси, тамак-аш үчүн төлөмдөр, имарат көйгөйү, медайымдардын ставкасы, усулчулардын жетишсиздиги, усулдук материалдардын аздыгы, жаңы программа боюнча керектүү колдонмолор жана башка көптөгөн маселелер боюнча суроо-жооптор болду, — дейт жетекчи.
Ал эми Ат-Башы районундагы “Казыбек-Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Элмира Эсеналиеванын пикиринде, секциялык иштерде алгылыктуу окуулар өткөрүлгөн.
— Абдан маанилүү, керектүү маселелер секцияларда каралды. Бизди кубандырганы айтылган көйгөйлөр жогорку жетекчилерге жеткирилет дешти. Биздин бала бакчада жаңыча пландар түзүлүп, үч деңгээлде жүргүзө баштадык: репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү боюнча. Үч деңгээлдин негизинде КТП, план конспектилер түзүлүп баштады. Жаңы программа боюнча 11 чөйрө менен иш жүргүзө баштадык. Ал ар бир тайпага бөлүштүрүлүп, ага карата иштер жүргүзүлүүдө, — дейт жетекчи.
Жыйындын алкагында Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмаз Токтомаметов атайын баяндама жасады. Ал педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу багытында аткарылып жаткан иштерге токтолуп, учурдагы билим берүү тармагындагы реформалык аракеттер тууралуу кеңири маалымат берди жана катышуучулардын суроолоруна жооп кайтарды.
Ысык-Көл
Бул аймакта деле иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар, жаңы окуу жылындагы негизги өзгөрүүлөр жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.
Катышуучулар мектепке чейинки, жалпы, кошумча жана кесиптик билим берүү багыттарындагы жаңылануулар, окуу программалары менен стандарттар, педагогдордун кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын баалоонун жаңы ыкмалары тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле окуу китептери менен камсыздоо, санариптик билим берүү ресурстарын өнүктүрүү, дуалдык жана профилдик окутууну жайылтуу, билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулганын айтышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жаатында жаңы түзүлгөн облустук билим берүү институттары, USTAT порталы жана жаңы окуу жылына карата 25 миңден ашуун мугалим атайын окутуудан өткөнү баса белгиленди. Мындан тышкары, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында окуу мазмунун жаңылоо, kitep.edu.kg сайтындагы санариптик окуу китептери, кесиптик лицейлерде дуалдык окутууну өнүктүрүү жана билим берүүнүн сапатын баалоонун жаңы улуттук ыкмалары (IDELA, PISA, ЖРТ) сыяктуу маанилүү темалар козголду.
Талас
Улуттук педагогикалык форумдун эстафетасын Талас облусу улантты.
Форумга Талас облусунун билим берүү тармагынын 350 өкүлү катышты. Алар билим берүү системасындагы соңку өзгөрүүлөр, жаңы окуу жылындагы негизги багыттар жана алдыдагы милдеттер боюнча маалымат алышты.
Иш-чарага келген министрликтин өкүлдөрү билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып беришти.
Форумдун негизги өзгөчөлүгү — маалымат берүү менен катар билим берүү кызматкерлери менен түз диалог уюштурулганы болду.
Чүй
Чүй облустук билим берүү борборунун башчысынын орун басары Кундуз Абдраеванын айтымында, иш-чарага жалпысынан 220 мугалим жана билим берүү кызматкерлери катышты.
— Бир эле мектептик форматты камтыган жокпуз. Бул жерде мектепке чейинки билим берүү жана кесиптик орто окуу жайларын дагы камтыдык, анткени булардын жалпы иш алып баруусу эң биринчи бала бакчадан башталып, профессионалдык түрдө билим алуу багыты орто окуу жайлардан бүтүшү керек. Ошондуктан буларга дагы методикалык иштер кандай алып барылат, кандай иш-пландар түзүлөт, 12 жылдык билим берүүдө эмне өзгөрүүлөр, эмне көйгөйлөр болот, ошол эле учурда окуу китептери менен кандай камсыздалган, дегеле билим берүүдө кандай алгылыктуу иштер алып барылат д.у.с. маселелер форумда талкууланды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дагы иш алып барып келе жатабыз, анткени балдарды 12 жылдык окутуу форматына өткөрүүдө мыкты шарттарды түзүү маанилүү. Жакшы шарттарды түзүп берүү, мектеп, бала бакчанын тартыштыгын жоюу – дал ушул маселелердин бардыгы тең жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чечип берүүдө. Азыр ар бир мектеп, ар бир бала бакча өзүнүн ишмердүүлүгүнө карай 12 жылдыкка багыт алып, алгылыктуу иштерди жасоонун үстүндө, — дейт орун басар.
Ош жана Жалал-Абад
Ош шаарындагы В. Терешкова атындагы орто мектептин базасында 300, ал эми Жалал-Абад облусунун Манас шаарында 500дөн ашык педагог катышкан форумдарга мектеп жетекчилери, директорлордун орун басарлары, усулчулар жана мугалимдер чогулду.
Иш-чаранын башкы артыкчылыгы – педагогдор өздөрүн кызыктырган суроолорду түздөн-түз тиешелүү адистерге берип, так жана практикалык жоопторду ала алышканында болду.
Пленардык отурумдан кийинки суроо-жооп учурунда профилге чейинки окутуу, жаңы окуу китептери, мектеп психологдорунун штаттык бирдиктери, окуучулардын коопсуздугу, мектепке чейинки билим берүү, шахмат ийримдери, өзбек тилдүү мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу жана кагаз отчеттуулукту азайтуу сыяктуу маселелер кызуу талкууланды.

— Бүгүнкү күндө мугалим үчүн усулдук материалды издөө, сабакка даярдануу жана кесиптик жактан өнүгүү бир гана семинар же курс менен чектелбеши керек. Бул процесс үзгүлтүксүз жүрүүгө тийиш. Ушул багытта Ustat порталы мугалимдер үчүн маанилүү санариптик ресурс катары сунушталды. Платформада санариптик методикалык материалдар, усулдук иштелмелер жана видеосабактар жайгаштырылып, педагогдордун өз алдынча билим алуусуна шарт түзүлүүдө. Башкы идея жөнөкөй, бирок маанилүү: заманбап мугалим – маалыматты күтүп отурган эмес, аны издеп таап, талдап, практикада колдоно алган жаратман адис, — дейт Ж.Укеева.
Билим сапаты: жаттоодон – колдонууга
Форумдарда билим берүүнүн сапатын баалоонун жаңы багыттарына да өзгөчө көңүл бурулду. Жаңы улуттук баалоо системасы окуучунун маалыматты канчалык деңгээлде жаттап алганын гана эмес, алган билимин реалдуу турмуштук кырдаалдарда колдоно билүүсүн аныктоого багытталууда. Бул жерде окуу, математикалык жана табигый-илимий сабаттуулук сыяктуу функционалдык көндүмдөрдүн мааниси жогорулайт.

Башкача айтканда, жаңы билим берүү системасынын суроосу «Окуучу эмнени билет?» деген менен гана чектелбейт. Эми негизги суроо: «Окуучу билгенин турмушта колдоно алабы?» Мына ушул өзгөрүү билим сапатына болгон мамиленин да өзгөрүшүн талап кылат.
Жаңы муундагы окуу китеби – жаңы муундагы окуучу үчүн
Форумда «Окуу китеби» басма үйүнүн өкүлдөрү жаңы окуу китептери жана санариптик билим берүү ресурстары боюнча кеңири маалымат беришти.
2025-жылы миллиондогон нускадагы окуу-методикалык комплекстер даярдалып, анын ичинде кыргыз жана орус тилдүү мектептер үчүн англис тили, математика жана башка предметтер боюнча жаңы муундагы окуу материалдары иштелип чыкты.
Өзгөчө маанилүү багыттардын бири – окуу китебин санариптик ресурстар менен айкалыштыруу. Kitep.edu.kg электрондук китепканасында 12 жылдык билим берүүнүн мазмунуна ылайык электрондук китептер жана аудиоматериалдар жайгаштырылууда. Келечекте кагаз китептерди видео, аудио жана башка мультимедиалык материалдар менен байланыштырган QR-коддорду колдонуу каралууда. Демек, окуу китеби эми жөн гана кагаз бетиндеги текст эмес. Ал – окуучу, мугалим жана санариптик ресурстарды бириктирген билим берүү экосистемасынын бир бөлүгү.
Теориядан – практикага
Пленардык отурумдан кийин форумдун катышуучулары секциялык иштерге бөлүнүп, конкреттүү багыттар боюнча тажрыйба алмашышты.
Секцияларда «Жаңы мугалим: жаңы муун үчүн билим берүүнү өзгөртүү»; «12 жылдык билим берүү шартында кыргыз тилин жана адабиятын окутуу»; «Билим берүүнүн сапатын баалоо жана кадрдык тандоо»; «Окутуунун мазмунун, билим берүү технологияларын жана өнөктөштүктү модернизациялоо»; «Китеп жана санариптик ресурс: кеңири билим алуу мүмкүнчүлүгү»; «Жаңы муундагы окуу китептери: улуттук мазмун жана заманбап билим берүү» сыяктуу маанилүү темалар талкууланды.




Секциялык иштердин негизги өзгөчөлүгү – катышуучулар реформанын багыттары тууралуу маалымат алып гана тим болбостон, «муну мектепте кантип ишке ашырабыз?» деген практикалык суроого жооп издешти.
Айрыкча 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагындагы профилге чейинки даярдык, жогорку класстарда окуучуларды келечектеги кесипке багыттоо, жаңы окуу программалары жана мугалимдин жаңы ролу кеңири талкууга алынды.
Жаңы доор – жаңы жоопкерчилик
Форумда бир гана маалыматтык иш-чара эмес, билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү жер-жерлерде түшүндүрүүгө, педагогдордун үнүн угууга жана практикалык маселелерди биргелешип чечүүгө багытталган маанилүү аянтча болгонун катышуучулар баса белгилешти.
— Бүгүн өлкөдө 12 жылдык билим берүүгө өтүү жүрүп жатат. Бул – окутуунун мазмунун, мугалимдин ролун, окуучуга болгон мамилени, баалоо системасын, окуу китебин, мектепти башкарууну жана жалпы билим берүү маданиятын жаңылоо процесси. Мындай чоң өзгөрүүнүн ийгилиги биринчи кезекте мугалимдин даярдыгына байланыштуу. Анткени жаңы стандартты мугалим ишке ашырат. Жаңы окуу китебин мугалим жандандырат. Жаңы технологияны мугалим сабакка алып кирет. Ал эми баланын жөндөмүн ачып, аны келечекке даярдаган – дагы эле мугалим. Ошондуктан «Жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» деген ураан бул – билим берүүнүн келечегине болгон көз караш. Эгер мугалим өзгөрүүгө даяр болсо, мектеп өзгөрөт. Мектеп өзгөрсө, окуучу өзгөрөт. Ал эми окуучу өзгөрсө – өлкөнүн келечеги өзгөрөт, — дейт Жаркын Сабырбековна.
Белгилей кетсек, мааниси зор бул улуттук форум үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрынан 9-сентябрына чейин республиканын бардык аймактарында өттү. Форумдун алкагында өткөрүлгөн секциялык жыйындарда катышуучулар актуалдуу маселелерди кеңири талкуулап, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Көкүрөктө сакталып жүргөн суроолорго мугалимдер, жетекчилер жоопторду алып, жемиштүү жолугушууга канааттана кубанып тарашканын белгилешти. Акырында ар бир тармакка тиешелүү 10 суроо-сунуштардан турган резолюция кабыл алынды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”