БИЛИМ БЕРҮҮ МАДАНИЯТЫНЫН ТРАНСФОРМАЦИЯСЫ, ЯПОНИЯНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ LESSON STUDY
- 24.06.2026
- 0
Бүгүнкү күндө билим берүү тармагындагы реформалар тездик менен жүрүп жатат. Окуу программаларын жаңыртуу жана окуу китептерин басып чыгаруу билим берүү реформасынын маанилүү бөлүгү болгону менен, алар өз алдынча күтүлгөн натыйжаны бере албай жатканы көрүнүп келет. Чыныгы өзгөрүү мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүнүн маданияты жаңыланганда гана ишке ашат деген ойдомун. Бүгүнкү күндө педагогдордун иштөө ыкмаларын кайра карап чыгып, билимди жөн гана берүүчү эмес, окуучунун өнүгүүсүн колдоочу жана биргелешкен изилдөөгө негизделген окутуу моделине өтүү зарылдыгы ачык сезилүүдө.
Окутуунун сапаты көбүнчө мугалимдин өз сабагына кандай мамиле жасаары, кесиптештери менен канчалык кызматташа алары жана окуучунун окуусун кандай изилдей алары менен аныкталат. Бул жагынан алганда Япониянын билим берүү системасы дүйнөдөгү эң ийгиликтүү моделдердин бири экенине көзүбүз жетти.
Алгач, Япония мамлекетине конгон учурдан тартып эле жапон элинин сылык мамилеси, тейлөө маданияты, убакытка болгон тактыгы жана башкаларга көрсөткөн урмат-сыйы алардын мектептен алган билими менен тарбиясынын жогорку деңгээлин айгинелеп турду. Кыргыз элинде «Өңдү көрсө жүз таят» деген накыл кеп бар. Чындыгында эле алардын жүрүм-турумунан, сүйлөө маданиятынан жана коомдук жайлардагы өзүн алып жүрүүсүнөн инсандык сапаттары даана байкалат. Албетте, мындай сапаттар кокусунан калыптанбайт. Алар мектепте мугалимдер тарабынан максаттуу түрдө калыптандырылып, билим берүү процессинин ажырагыс бөлүгү катары окуучулардын аң-сезимине сиңирилет.
Япониянын билим берүү системасынын жогорку натыйжалуулугу заманбап технологияларга же материалдык-техникалык базанын жеткиликтүүлүгүнө гана эмес, эң оболу мектеп ичиндеги үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү маданиятына негизделери байкалды. Байкоолор көрсөткөндөй, мектептердеги эмеректердин эскилиги же дубалдардын өзгөчө кооздолбогону мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүнө жана ар бир окуучунун муктаждыгына багытталган сапаттуу сабак өтүүсүнө эч кандай тоскоолдук жаратпайт экен. Тескерисинче, мугалимдердин окутууну дайыма талдап, өркүндөтүүгө умтулган мамилеси, кесиптештери менен тажрыйба алмашуусу жана биргелешкен изилдөө жүргүзүү маданияты билим берүүнүн сапатын камсыз кылуучу негизги фактор катары көрүнүп турду. Бул маданияттын өзөгүн Lesson Study, башкача айтканда, сабакты изилдөө түзөт. Японияда сабакты изилдөөнүн негизги максаты – күн сайын билим берүү процессин жакшыртуу, ар бир сабак аркылуу окуучунун окуусун терең түшүнүү жана мугалимдин кесиптик өсүүсүнө шарт түзүү болуп саналат.
Мындан тышкары, япон билим берүү системасында «Bottom-up» принцибине өзгөчө маани берилет. Бул принцип билим берүүдө чечимдерди жана өзгөрүүлөрдү жогорудан таңуулоо аркылуу эмес, түздөн-түз окуу процессинин катышуучуларынан, биринчи кезекте окуучулардын муктаждыктарынан жана мугалимдердин күнүмдүк практикасынан баштоону көздөйт. Мисалы, класста 36 окуучу болсо, алардын ар бири сапаттуу билим алууга, өз оюн билдирүүгө жана окуу процессинин толук кандуу катышуучусу болууга тийиш. Башкача айтканда, билим берүүдө көпчүлүктүн эмес, ар бир окуучунун ийгилиги маанилүү деп эсептелет.
Дал ушул көз караш Lesson Studyнин философиясы менен үндөшүп турат. Сабакты изилдөөдө мугалимдер сабактын жалпы жүрүшүн гана эмес, айрым окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин, кыйынчылыктарын, ой жүгүртүүсүнүн өнүгүшүн жана өз ара аракеттенүүсүн кылдат байкап, талдап чыгышат. Натыйжада, мугалимдердин көңүл борборунда сабакты өткөрүү эмес, окуучунун кантип окуп жатканын түшүнүү жана анын билим алуусун жакшыртуу маселеси турат.
Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай – мектептин миссиясына болгон мамиле болду. Япон мектептеринде миссия жөн гана дубалга илинип коюлган ураан эмес, билим берүү процессинин бардык катышуучулары үчүн өнүгүүнүн негизги багытын аныктоочу баалуулук катары кабыл алынат экен. Ар бир кызматкер, ар бир окуучу бир кемеде сүзүп бара жаткандай, мектептин миссиясын өзүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттоочусу катары көрөт. Ар бир кабыл алынган чечим, ар бир аракет жана күнүмдүк иш-аракеттер мектептин миссиясын ишке ашырууга кызмат кылышы керек деген түшүнүк калыптанган. Башкача айтканда, мектептин миссиясы жамаатты бириктирген, жалпы максатка багыттаган жана ар бир мүчөнүн жоопкерчилигин арттырган күч болуп саналат.
Lesson Study – сабакта колдонуучу ыкма катары кабыл алынбашы керек, бул билим берүүнүн маданияты. Кадимки эле тамактануу маданияты колдонбогонго болбогондой эле сабак берүү маданияты да ар дайым сакталышы керек. Кыргызстанда Lesson Study акыркы жылдары билим берүү практикасына киргизилип, айрым мектептерде ийгиликтүү колдонулуп келе жатат. Бирок анын ишке ашырылышында көбүнчө белгилүү бир алгоритмге негизделген иш-чара катары кабыл алынгандыгы байкалат. Натыйжада, Lesson Study белгилүү чектөөлөрү бар, кошумча убакытты жана күч-аракетти талап кылган кезектеги милдет катары түшүнүлүп, айрым мугалимдер тарабынан кошумча жүктөм катары кабыл алынып, оорчулук, ашыкча жумуш катары көрүп келишет. Ошол түшүнүктөрдү, кабыл алууларды Япониядагы стажировка Lesson Study тууралуу түп-тамырынан өзгөрттү. Мен үчүн Lesson Study мурда сабакты изилдөөнүн белгилүү бир этаптарынан турган методика катары кабыл алынса, жапон мектептериндеги байкоолор анын таптакыр башка өңүтүн ачып берди. Японияда Lesson Study бул эң оболу мугалимдердин кесиптик маданияты, үзгүлтүксүз үйрөнүүгө, кызматташууга, өз тажрыйбасын изилдөөгө жана күн сайын билим берүүнүн сапатын жакшыртууга болгон ички муктаждыгы болуп саналат. Башкача айтканда, Lesson Study япон мектептеринде өзүнчө уюштурулган иш-чара эмес, мектептин күнүмдүк жашоосуна сиңип кеткен, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнүн табигый бөлүгү катары жашап келет. Дал ушул жагдай билим берүү маданиятын өзгөртүүнүн жана мектепти өнүктүрүүнүн эң натыйжалуу механизмдеринин бири экендигин көрсөтүп турат. Албетте, «Алар япондор да» деген пикир жаралышы мүмкүн. Бирок мен кыргызстандык мугалимдердин потенциалына жогору баа берем. Биздин мугалимдер жаңы идеяларга, инновацияларга жана өзгөрүүлөргө ар дайым ачык келишет. Болгону, бири-бирибизди колдоону, биргелешип үйрөнүүнү жана жалпы максатка багытталып иштөөнү дагы да бекем өздөштүрүшүбүз керек деп эсептейм.
Японияда да бардык мугалимдер бирдей эмес экендигин байкоого жана угууга мүмкүнчүлүк болду. Алардын арасында да ар кандай көз караштагы, тажрыйбасы жана мүмкүнчүлүктөрү ар башка педагогдор бар. Бирок жамааттын басымдуу бөлүгү, коомго пайдалуу, жоопкерчиликтүү жана ар тараптуу өнүккөн инсанды тарбиялоо деген жалпы максаттын айланасына бириккен. Эл арасында айтылгандай, «аз адам көпчүлүккө баш иет». Жалпы педагогикалык жамааттын күч-аракети бир багытка багытталганда, мектептин өнүгүү нугунан четтеп кетүү дээрлик мүмкүн эмес.
Менин оюмча, дал ушул жагдай Япониянын билим берүү системасынын күчтүү тарабын түзөт. Анткени мектепти өнүктүрүү өзүнчө бир мугалимдин эмес, жалпы жамааттын жоопкерчилиги катары кабыл алынат. Lesson Study болсо ошол биримдикти, өз ара ишенимди жана кесиптик кызматташууну бекемдөөгө кызмат кылган маанилүү механизм болуп саналат.
2024-жылы «Акылман Президенттик мектебинин» атынан WALS (World Association of Lesson Studies) дүйнөлүк конференциясына катышып, мектепте жүргүзүлүп жаткан сабакты изилдөө боюнча тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алгам. Ошол конференциянын жүрүшүндө WALS ( Дүйнөлүк сабакты изилдөө ассоциациясынын) президенти, профессор Кэтрин Льюис менен жолугушуу өзгөчө таасир калтырды. Анын айткан төмөнкү сөздөрү бүгүнкү күнгө чейин эсимден кетпейт: «Lesson Study мугалимдердин көз карашын өзгөртөт. Убакыттын өтүшү менен алар “менин окуучуларым” деген түшүнүктөн “биздин окуучулар” деген түшүнүккө өтүшөт». Негизи, баары жөнөкөй.
Ал кезде бул сөздөрдү кесиптик кызматташтыкка чакырык катары кабыл алган болсом, Япониядагы стажировкадан кийин анын терең маңызын аңдай алдым. Чындыгында, Lesson Study – бул сабакты биргелешип пландоо жана талдоо менен чектелбестен, мугалимдердин жалпы жоопкерчилигин, бири-бирине болгон ишенимин жана ар бир окуучунун өнүгүүсүнө болгон камкор мамилесин калыптандыруучу билим берүү маданияты экен. Дал ушул маданият Япониянын билим берүү системасынын ийгилигинин негизги факторлорунун бири болуп саналат.
Кыргызстандагы билим берүү реформаларынын ийгилиги жаңы стандарттарды кабыл алуу менен гана чектелбестен, мектептерде жаңы билим берүү маданиятын калыптандырууга да түздөн-түз байланыштуу. Тилекке каршы, айрым педагогдор, өзгөчө окуучулардын саны көп болгон мамлекеттик мектептердин мугалимдери, «Бизге Lesson Study туура келбейт, анткени класстарда 30–40тан окуучу окуйт, ансыз деле жетишпейм» деген пикирди карманышат. Бирок, ойлоп көрсөк, тескерисинче, дал ушундай шарттарда Lesson Study өзгөчө зарыл болуп саналат. Көп сандагы окуучулардын билим алуусундагы айырмачылыктарды, алардын муктаждыктарын жана окуудагы кыйынчылыктарын бир мугалимдин жалгыз өзү толук камтуусу мүмкүн эмес. Ошондуктан көпчүлүк окуучулар өмускөдө калып калып жатат. Эгерде мугалим айрым маселелерди чечүүдө кыйналып жатса, анда бул алсыздык эмес, тескерисинче, кесиптештердин колдоосуна муктаж экендигинин белгиси да. Lesson Study мугалимдерге сабактарды биргелешип пландап, өткөрүп, байкоочулардын пикирлерине таянып талдоо жүргүзүүгө жана окуучулардын билим алуусун терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай кызматташтык аркылуу гана ар бир окуучунун окуудагы ийгилигин камсыз кылууга жана билим берүүнүн сапатын туруктуу жакшыртууга жетишүүгө болот.
Lesson Study аркылуу төмөнкүдөй өзгөрүүлөргө жетишүүгө болот:
- мектептин миссиясын жетекчиликке алып, жалпы максатка багытталган ишмердүүлүктү калыптандыруу;
- мугалимдердин биргелешип изилдөө жүргүзүү жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү маданиятын өнүктүрүү;
- «менин окуучуларым» деген түшүнүктөн «биздин окуучулар» деген түшүнүккө өтүү;
- ар бир окуучунун билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып, бир да окуучунун көңүл сыртында калбашына шарт түзүү;
- мугалимдер арасында өз ара ишенимди, кызматташууну жана колдоо маданиятын бекемдөө;
- окутуунун сапатын үзгүлтүксүз жакшыртуу аркылуу мектептин туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү.
Жыйынтыктасам, Япониянын тажрыйбасы көрсөткөндөй, билим берүүнүн жогорку сапаты биринчи кезекте мектепте калыптанган билим берүү маданиятына көз каранды. Lesson Study – бул жөн гана сабакты изилдөө ыкмасы эмес, мугалимдерди жалпы максаттын айланасына бириктирген, үзгүлтүксүз өнүгүүгө багыттаган кесиптик маданият болуп саналат.
Кыргыз элинде байыртадан эле «ашар» деген түшүнүк бар. Ашар – бул бир адамдын күчү жетпеген ишти жамаат болуп аткарып, бири-бирине колдоо көрсөтүү маданияты. Менимче, Lesson Study дал ушул педагогикалык ашарга окшош. Анткени бир мугалим 30–40 окуучунун ар биринин билим алуусун терең изилдеп, бардык көйгөйлөрдү жалгыз чечүүгө аракет кылгандан көрө, кесиптештери менен биргелешип сабакты пландап, өткөрүп, байкап жана талдап иш алып барганда гана окутуунун сапаты жогорулайт.
Демек, Кыргызстанда Lesson Studyни жайылтуу бул жаңы методду өздөштүрүү эмес, элибиздин табиятында бар болгон ашар, өз ара жардамдашуу жана жамааттык жоопкерчилик маданиятын мугалимдердин кесиптик чөйрөсүндө кайрадан жандандыруу болуп саналат. Эгерде биз мектептерде «менин окуучуларым» эмес, «биздин окуучулар» деген түшүнүктү калыптандыра алсак, анда бир да окуучу көңүл сыртында калбайт жана билим берүү реформалары ар бир класста өзүнүн реалдуу натыйжасын бере баштайт деп ишенем.
Гүлбарчын Самакова,
Бишкек шаарындагы Калем Академия мектебинин директору, билим берүүнүн мыктысы
Комментарийлер