ЛЕЙЛЕК: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ТАПТАГАН №5

  • 15.10.2025
  • 0

Лейлек районундагы №5 жалпы орто билим берүүчү мектеби — Жылдын мыкты мугалимдерин  таптаган университет.

ЛЕЙЛЕК: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ТАПТАГАН №5

Билим берүү – коомдун өнүгүүсүнүн башкы кыймылдаткычы. Мыкты билимдин негизинде чыныгы устаттардын эмгеги жатат. Маалыматка таянсак, №5 жалпы орто билим берүүчү мектебин “Жылдын мыкты мугалимдерин” таптаган университет деп айтууга толук негиз бар экен.

ЛЕЙЛЕК: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ТАПТАГАН №5

Бүгүнкү күндө аталган мектептен  тогуз мугалим “Жылдын мыкты мугалим” кароо- сынагынын райондук, облустук жана республикалык этабынын байгелүү орундарынын ээлери жана жеңүүчүлөрү болуп саналат.

ЛЕЙЛЕК: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ТАПТАГАН №5

ЛЕЙЛЕК: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ТАПТАГАН №5

ЛЕЙЛЕК: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ТАПТАГАН №5

Алар:

  1. Шооруков Бакытбек Абдибахапович — математика жана информатика мугалими (Жылдын мыкты мугалими — 2005);
  2. Жалилова Кыймат Абдиламитовна — математика мугалими (Жылдын мыкты мугалими);
  3. Шоорукова Алтынчач Абдибахаповна — кыргыз тили жана адабияты мугалими (Жылдын мыкты — 2015, Жылдын мыкты мугалими — 2025);
  4. Саматов Мэлс Асанович — география мугалими (Жылдын мыкты мугалими — 2018);
  5. Рахманкулов Чынгыз Абдинабиевич — математика жана информатика мугалими (Жылдын мыкты мугалими — 2016);
  6. Ормошов Зайирбек Абдилазизович — математика жана информатика мугалими (Жылдын мыкты мугалими);
  7. Сагыналы кызы Бактыгүл — математика жана информатика мугалими (Жылдын мыкты мугалими — 2021);
  8. Нурланбек кызы Аида — биология мугалими (Жылдын мыкты мугалими — 2024);
  9. Эркинбаева Ширин Абибиллаевна — математика жана информатика мугалими (Жылдын мыкты мугалими — 2025).

Алардын ичинен төрт мугалим республикалык этапка чейин жетип, өз кесиптик чеберчилигин жогорку деңгээлде көрсөтүшкөн, алар Шооруков Бакытбек, Сагыналы кызы Бактыгүл, Нурланбек кызы Аида, Эркинбаева Ширин. Республикалык этапта Сагыналы кызы Бактыгүл II орунга татыктуу болгон, ал эми алты мугалим облустук этапта байгелүү алдыңкы орундарды камсыздашкан.

ЛЕЙЛЕК: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ТАПТАГАН №5

ЛЕЙЛЕК: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ТАПТАГАН №5

ЛЕЙЛЕК: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ТАПТАГАН №5

Республикалык, облустук жана райондук деңгээлде билим берүү тармагында мектептин атын даңазалаган мугалимдерди атап кетпесек болбойт. Алардын көч башында математика жана информатика мугалими — Шооруков Бакытбек Абдибахапович жана математика жана информатика мугалими Сагыналы кызы Бактыгүл турат.

ЛЕЙЛЕК: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ТАПТАГАН №5

ЛЕЙЛЕК: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ТАПТАГАН №5

ЛЕЙЛЕК: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ТАПТАГАН №5

ЛЕЙЛЕК: МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ТАПТАГАН №5

Ошол эле мектептин бүтүрүүчүлөрү жана учурда кайрадан өз мектебинде эмгектенип кеткен, эмгектенип жаткан мугалимдер:

  1. Математика жана информатика мугалими — Сагыналы кызы Бактыгүл;
  2. Кыргыз тили жана адабияты — мугалими Шоорукова Алтынчач Абдибахаповна;
  3. Математика жана информатика — мугалими Рахманкулов Чынгыз Абдинабиевич;
  4. Математика жана информатика мугалими — Ормошов Зайирбек Абдилазизович;
  5. Биология мугалими — Нурланбек кызы Аида;
  6. Математика жана информатика мугалими — Эркинбаева Ширин Абибиллаевна.

— Бул жетишкендиктер  №5 жалпы орто билим берүүчү мектебинин педагогикалык жамаатынын тынымсыз эмгегинин, чыгармачылык изденүүсүнүн жана билим сапатына болгон жоопкерчиликтүү мамилесинин натыйжасы. Ар бир мугалим өз кесибине болгон берилгендиги менен мектептин кадыр-баркын жогорулатып, жаш муундарга үлгү болуп келе жатат. №5 жалпы орто билим берүүчү мектебинин жамаатынын мындай ийгиликтери — билим берүүдөгү эмгектин баалуулугун даңазалап, келечек муундарды мыкты адис болууга шыктандырат, — дешет мыкты мугалимдер.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер