БЕШ ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨГӨН МУГАЛИМ КЫЗ
- 26.05.2025
- 0
Өскөнбек кызы Айгерим учурда АКШда жашап, тил үйрөнүүчүлөргө онлайн сабак берет. Ал борборубуздагы окуу жайлардын биринде окуп жүргөн кезинде эле, Түркиядан тилдик практикадан өтүп, окуусун бүткөн соң, бир жылдай Германияда кичинекей балдар менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Айтуусунда, бул анын педагог болсом деген чечимин биротоло бекемдеген.
Мектептен эле тилчи болууну каалачу
Элибизде «Жаштын тилегин берет» деп бекеринен айтылбаса керек. Айгерим бала чактан эле тилчи болууну каалачу. Өзү теңдүү кыздар менен ойноп жүргөндө, сөзсүз аларга «мугалим» болчу. Кызыгы ошондо эле айылдын балдарына орус тилин «үйрөтчү». Кийин мектепте окуй баштаганда, негедир тил сабактарына жакын болуп, кыргыз, орус, англис тил сабактарын жан дили менен берилип үйрөнөт. Кайсыл сабактан жаңы сөздөрдү жаттоо, же аларга сүйлөм, чакан текст түзүү берилбесин, бирин калтырбай аткарат. Тапшырмага берилген акындардын ырларын да жаттап алып, далай поэзия кечелеринде жатка көркөм айтып жүрдү. Тилдерди үйрөнүү каалоосу он биринчи классты аяктап жатканда, келечек кесибин жаңылбай тандоого жардам берди.
Борбордогу окуусуна ыраазы
Бишкекте эмне көп, окуу жай көп эмеспи! Ошентсе да Айгерим окуу жайды тандоо жагынан жаңылган жок. Кыргызстандагы гуманитардык билимдин борбору аталган Бишкектеги Хусейн Карасаев атындагы мамлекеттик университеттин лингвистика багытын тандап, биринчи курстан алдыңкы студенттердин катарын толуктап билим алды. Дүйнөлүк тил болуп саналган англис тили менен бирге немец тилин үйрөндү. Окутуучулардын лекция, практикалык сабактары менен эле чектелип калбастан, өз алдынча да билимин жогорулатты. Көрөрмандардын көбүнө тааныш тасмаларды, сериалдарды котормосуз көрүүнү адат кылды. Түркияга тил практикасына биринчилерден болуп жазылган кыргызстандык дилгир кыз бөтөн жерден тилдерди окутуунун эң алдыңкы усулдары менен таанышып, тилдик тажрыйбасын байытып мекенине кайтат.
Стажировка тилдик көндүмдөрүн курчутту
Айгерим жашоодо “адам дайыма өзүн өркүндөтүүгө умтулушу керек” деген принципке таянып жашайт. Ал үчүн билим алуу – бул токтобогон процесс, ал эми ар бир кыйынчылык – жаңы мүмкүнчүлүк.
Гуманитардык университеттеги тил үйрөнсөм деген зор каалоосу, күжүрмөн аракети текке кетпеди. Бакалавр даражасын алды. Англис, немец тилдерин өздөштүрдү. Бирок дүйнөдө баары тездик менен өзгөрүп жаткан ааламдашуу доорунда башкаларга тилди кантип бат жана сапаттуу үйрөтсө болот деген сыяктуу ойлор жаш адиске тынчтык бербейт. Ошон үчүн мектепте иштегендин ордуна, тилди үйрөтүү компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүү максатында Германияга бир жылдык тилдик стажировканы тандады.
— Ал жакта кичинекей балдар менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бул менин педагогикалык ишмердигиме чоң түрткү берди. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин эл аралык мектептерде иштеп, ар түрдүү билим берүү ыкмаларын үйрөнүп, баалуу тажрыйба топтодум, — дейт ал.
Океан артындагы тажрыйбасы
Айгерим Өскөнбек кызы учурда АКШда жашайт. Тил деңгээлин мындан да жогорулатуу максатында ал ESL (English as a Second Language) программасы боюнча билим алууда. Ошону менен бирге, билим берүү тармагындагы билимин тереңдетип, англис жана кыргыз тилдеринде балдарды окутууга арналган эки илимий макала жазууга жетишти.
— Бул макалаларда балдардын тил үйрөнүү процессиндеги өзгөчөлүктөрү, ошондой эле натыйжалуу окутуу ыкмалары кеңири талданып, практика менен айкалышкан негиздерде баяндалган, — дейт жаш адис.
Он эки жылдык билим берүүнүн талапкери
Мекендешибиз өз өлкөсүнөн ыраакта жашаганы менен Кыргызстандын Аялдар Конгрессинин (Congress of Women of the Kyrgyz Republic) мүчөсү катары билим берүү жаатында активдүү салым кошууну максат кылат. Азыркы тапта ал онлайн сабак берүүнү улантып келет. Мындан тышкары, бала бакча жашындагы жана мектеп курагындагы балдарга багытталган инновациялык, кызыктуу сабактарды иштеп чыгуу менен алектенүүдө.
Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты тууралуу сураганыбызда ал бизге «Азыркы учурда билим берүүнүн сапаты бир топ көйгөйлөргө туш болуп жатат. Материалдык-техникалык база жетишсиз, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу зарыл. Ошол эле учурда, окутуунун мазмуну заманбап талаптарга шайкеш келбей жатканы байкалат. Балдарды шыктандыра турган, чыгармачылыкты өнүктүргөн методдор аз колдонулат. Ошондуктан бул багытта реформа жүргүзүү керек деп эсептейм» деп жооп берди.
Өз сөзүндө мекендешибиз 12 жылдык билим берүү системасы эң туура кадам экенин да айтып өттү.
— Бул система туура багыттагы кадам деп ойлойм. Эл аралык стандарттарга ылайыкташуу, балдардын билимди жай ыргакта, терең өздөштүрүшүнө шарт түзөт. Бирок бул модель ийгиликтүү ишке ашышы үчүн, мугалимдерди даярдоо, окуу программасын оңдоо жана ата-энелер менен тыгыз иштешүү зарыл, — деди Айгерим.
Билим берүү тармагында баш-аягы беш жылдык тажрыйбасы бар Айгерим Өскөнбек кызы — тил үйрөтүү менен катар кыргыз жана англис тилдеринде жарык көргөн илимий макалалардын автору. Жаш адис өз изилдөөлөрүндө СДВГ диагнозу бар балдарды окутууда жасалма интеллектти колдонуу жана чет тилдерин үйрөнүүнүн балдардын эмпатиясына жана социалдык жүрүм-турумуна тийгизген таасирин изилдейт.
Устаттарын эч унутпайт
Айгерим билим берүү жолунда жолуккан устаттарын терең урмат менен эскерет. Алардын ар бир сөзү, мамилеси жана ишине болгон берилгендиги ага чоң таасир берип, өзүнүн да мыкты мугалим болууга болгон умтулуусун күчөттү. “Устаттарым мени окутуп гана тим болбостон, жүрөгүмө жол таап, ишенимди үйрөтүштү”, — дейт Айгерим.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер