БЕКТУР АГАЙ: “МУГАЛИМ БОЛУУ – КЕСИП ЭМЕС, ӨМҮРЛҮК КЫЗМАТ”
- 13.08.2026
- 0
Кээ бир адамдар менен жолугушуп, баарлашкандан кийин сөздөрү көпкө чейин эсиңден кетпейт. Бектур агайдын көз карашы жана жашоого болгон мамилесин өзүнөн угуп билгеним мен үчүн абдан маанилүү болду. Кыргызстандын билим берүү тармагында Бектур Исаковдун орду өзгөчө экенин мурда эле билчүмүн. Бирок алыстан угуу менен жүз көрүшүп баарлашуунун таасири таптакыр башка экен. 
Эң бийик мүдөө
Таласка досторум Асылбек Жоодонбеков жана Кеңешбек Сайназаров үчөөбүз атайын барып, Бектур агай менен бир нече саат маектештик. Анын өмүр жолун, мугалимдик философиясын, кыргыз тили менен адабиятын окутуудагы тажрыйбасын жана
бүгүнкү билим берүү тууралуу ойлорун өз оозунан уктук. Бул жолугушууда мени эң көп таасирленткен нерселердин бири –
Бектур агайдын мугалимдик кесипке болгон терең урматы, жөнөкөйлүгү жана өз ишине берилгендиги болду. Көп жылдык тажрыйба. Элдин сый-урматы. “Эл мугалими” наамы. Педагогикалык чөйрөдөгү таасир. Мунун баары адамды кызматтан
кызматка умтулушуна түрткү бериши мүмкүн. Бирок Бектур агайдын жолу башкача болуптур.
Агайга ар кандай деңгээлдеги жетекчилик жана жогорку кызматтар бир нече жолу сунушталганда, ал баарынан баш тартып, мугалим бойдон калууну тандаган экен.
Анткени Бектур агай үчүн мугалимдик – жөн гана кесип же кызмат эмес. Бул – анын жашоосунун мааниси, ишенимин жүзөгө
ашыруунун жолу жана коомго кызмат кылуунун формасы. Агайдын сөздөрүн угуп отуруп, анын мектепти эмне үчүн эч
нерсеге алмаштыргысы келбегенин түшүндүк. Окуучулар менен түздөн-түз иштөө, сабак өтүү, балдардын ой жүгүртүүсүн
өнүктүрүү ал үчүн башка кызматтардын баарынан маанилүү болгон.
Ушул жерден мен дагы бир нерсени түшүндүм: чыныгы мугалимдин күчү анын кызматында же наамында эмес, өзү
тарбиялап өстүргөн муунда жана уңгулуу идеяларында экен. Бектур Исаков – Кыргыз Республикасынын Эл мугалими. Өмүрүн
айыл мектебине, окуучуларга жана мугалимдик кесипке арнаган инсан. Анын педагогикалык ишмердигин ондогон жылдар менен гана өлчөө жетишсиз. Анын эмгеги бүтүндөй муундардын тагдыры менен өлчөнөт.
“Окуучуга даяр жооп айтпай, ой жүгүртүүнү үйрөтүү керек”
Бектур агайдын өзгөчөлүгү – ал сабакты жөн гана маалымат берүүчү процесс катары карабайт. Анын сабагында окуучу даяр
жоопту жаттап алуучу эмес, ойлонгон, суроо берген, талдаган жана өз оюн негиздей алган инсан болушу керек.
Айрыкча “Манасты” окутуудагы тажрыйбасы буга ачык мисал. Бектур агай үчүн “Манас” – жөн гана эпостун текстин үйрөнүү
эмес. Аны окутуу аркылуу окуучуну өз алдынча ой жүгүртүүгө, дүйнөнү өз акылы менен түшүнүүгө, фактыларга жана окуяларга жеке мамилесин түзүүгө жеткирүү маанилүү. Бул жерде мен үчүн абдан маанилүү педагогикалык идея жатат:
мугалимдин милдети – сабакта баарын айтып берүү эмес окуучунун ой жүгүртүү шыгын ойготуу.
Ар бир бала өз алдынча инсан болушу керек
Бектур агайдын окуучулар менен болгон мамилесинен дагы бир маанилүү нерсени байкадык. Ал окуучуларын колдоп, дайым
изденүүгө шыктандырган экен. Бирок мында эч качан сырткы эффектке же жасалмалуулукка жол бербептир.
Агай окуучуга ишеним артууну, аны адам катары сыйлоону жана өз алдынча өсүшүнө шарт түзүүнү мугалимдин табигый милдети
катары кабыл алган. Балким, чыныгы педагогикалык таасирдин күчү да ушундадыр. Окуучуну өзүңө көз каранды кылуу эмес, өз
алдынча күчтүү инсан болууга жардам берүү. 
Салт менен инновацияны айкалыштыруу
Бектур агайдын эмгегинин дагы бир өзгөчөлүгү – ал инновацияны салттан бөлүп карабайт. Ал заманбап окутуу ыкмаларын
кыргыздын улуттук маданияты, тили, адабияты, тарыхы жана этнопедагогикасы менен айкалыштырат.
Бүгүн биз көп сүйлөгөн түшүнүктөр: сынчыл ой жүгүртүү, активдүү окутуу, окуучуга багытталган билим берүү,
компетенттүүлүккө негизделген окутуу – мунун баары Бектур агайдын педагогикалык практикасында көп жылдар мурда эле өз
ордун тапкан. Анын тажрыйбасынан жаралган усулдардын республика боюнча
жайылышы жана өз айылынын мектебинин базасында алдыңкы педагогикалык тажрыйба мектебинин калыптанышы да бекеринен эмес. Агайдын педагогикалык тажрыйбасы бир гана өзүнүн классы
менен чектелип калбаган. Агай окуу китептерин жана усулдук эмгектерди жазып, мугалимдер менен тажрыйбасын бөлүшкөн. Ошентип, анын идеялары бир класстын, бир мектептин чегинен чыгып, миңдеген мугалимдерге жеткен.
Бүгүнкү билим берүүгө мамиле
Бизди өзгөчө таасирленткен дагы бир жагдай – Бектур агайдын бүгүнкү билим берүү системасына болгон мамилеси. Ал учурдагы
абалды идеалдаштырган да, толугу менен четке каккан да жок. Билим берүүнүн күчтүү жактарын да, олуттуу көйгөйлөрүн да ачык айтты. Эң маанилүүсү – ал көйгөйдү жөн гана белгилеп койбостон, анын себептерин, кесепеттерин жана мүмкүн болгон чечүү жолдорун өзүнүн педагогикалык бай тажрыйбасынын негизинде талдоого
аракет кылат. Бектур агай менен сүйлөшүп отуруп, анын педагогикалык позициясы теориядан гана эмес, көп жылдык практикадан, байкоодон, өзүн-өзү талдоодон жана терең ой жүгүртүүдөн калыптанганын сездик.
Жөнөкөйлүк – адамдын бийиктиги
Мени өзгөчө таасирленткени – Бектур агайдын жөнөкөйлүгү. Чоң тажрыйба. Чоң эмгек. Элдин сый-урматы. Мамлекеттик наамдар. Бирок мунун баары адамды өзүнөн өзү улуу кылбайт. Чыныгы улуулук – билимиң жана тажрыйбаң көбөйгөн сайын
жөнөкөйлүгүңдү сактай билүүдө. Бектур агайдан дал ушул сапатты көрдүк.
Технология өзгөрөт, бирок мугалимдин бийик парзы өзгөрбөшү керек
Бектур агай менен сүйлөшкөндөн кийин мугалимдик кесиптин маңызы тууралуу көп ойлондум. Бүгүн билим берүүдө жаңы
технологиялар, жасалма интеллект, санариптик платформалар, жаңы методикалар жөнүндө көп сүйлөшөбүз. Алардын баары
маанилүү. Бирок технологиялар канчалык жаңыланса да, билим берүүнүн өзөгүндө өзгөрбөшү керек болгон баалуулуктар бар.
— Баланы адам катары көрүү.
— Анын оюн угуу.
— Өз алдынча ойлонууга үйрөтүү.
— Изденүүгө түрткү берүү.
— Өзүнө ишенүүгө жардам берүү.
Бектур агайдын педагогикалык мурасы дал ушул жөнөкөй, бирок фундаменталдуу баалуулуктар менен күчтүү.
Лидерликтин өрнөгү
Агайдын өмүр жолунан дагы бир чоң сабак алдым. Ал жогорку кызматтарга умтулган жок – бирок анын идеялары миңдеген
мугалимдерге жетти. Ал мансапты тандаган жок – иштиктүү лидерликтин бийик өрнөгүн жаратты. Ал өзүн көрсөтүүгө аракет
кылган жок – бирок анын эмгеги өзү жөнүндө айтып турат. Мен үчүн бул жолугушуу жөн гана улуу мугалим менен таанышуу
болгон жок. Бул – мугалимдик кесиптин чыныгы маңызын кайрадан эстеген күн болду.
Кээде билим берүү жөнүндө жүздөгөн китеп окуйсуң. Кээде бир адам менен бир нече саат сүйлөшүп отуруп эле ошол китептерде
жазылган нерселердин маанисин кайрадан терең түшүнөсүң. Бектур агай – ошондой адамдардын бири.
Устаттын өмүрү ал өзгөрткөн адамдардын өмүр жолунда уланат. Бектур агайдын дагы далай жылдар бою жаш мугалимдерге дем
берип, педагогикалык ой жүгүртүүгө жол көрсөтүп, өзүнүн бай тажрыйбасын кийинки муундарга өткөрүп беришин каалайм.
Устат менен жолугушуу – чоң бакыт. Ал эми чыныгы устаттан сабак алуу – андан да чоң жоопкерчилик.
Дүйшөн ШАМАТОВ,
Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору
Комментарийлер