БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАН

  • 07.11.2025
  • 0

7-8-ноябрь – Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата туңгуч педагог Базаркул Данияров тууралуу сөз кылмакчыбыз. Ал жөнүндө аңгемелешүү үчүн Базаркул Данияровдун бир тууганы Санжарбек Данияровдун кызы, белгилүү коомдук ишмер Асел Даниярованы чакырганбыз.

БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАН

Асел Санжарбековна, сизди биз ата кесибин улаган, кыргыз медицинасынын өнүгүшүнө, айрыкча, медицина кадрларын окутуп даярдоодо опол тоодой эмгек сиңирген белгилүү коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору, академик Санжарбек Данияровдун кызы катары эле эмес, Үркүндү терең изилдеген тарыхчы, айылдык мугалимдердин руханий байлыгын байытууга зор салым кошкон агартуу тармагынын анык күйөрманы катары да жакшы билебиз. Тарыхтын ак барактарын толтурууга чоң салым кошуп,  Базаркул Данияровдун басып өткөн жолу жөнүндө “Базаркул Данияров — алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси” деген китеп жаздыңыз. Жазган китебиңиз жаштар үчүн эле эмес, улуу-кичүүнүн баарына баалуу табылга.

Алгачкы кыргыз агартуучуларынын бири Базаркул Данияровдун өмүр баянына кыскача токтоло кетсек. Анткени Базаркул Данияровдун өмүр жолу кыргыз тарыхындагы окуялар менен тыгыз чиеленишкендиктен, көп убакытка чейин жабылуу келген тарых барактарына кошо күбө болобуз деп ойлойм.

— Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө бүткүл өмүрүн эл агартууга арнаган агартуучуну “Кутбилим” аркылуу эскерип жатканыбыз мени абдан кубандырат. Базаркул Данияров Кыргызстандагы жогорку жана орто билим берүүнүн башатында турган, кыргыз тилинде биринчи басма китептерди, окуу китептерин басып чыгарган, Кыргыз автономиясынын түзүлүү мезгилинде анын интеллектуалдык элитасын түзгөн студенттердин бүтүндөй бир плеядасын даярдаган чыгаан инсан. Анын кыска өмүрү элибиз үчүн тагдыр чечүүчү тарыхый окуяларга толгон коогалаңдуу доорду камтыды. Базаркул Данияров 1897-жылы Чоң-Кеминде туулган. Ал кезде бул жер Россия империясынын колониясы болгон Түркстандын курамына кирген. Алгачкы билимди 1909-1912-жылдары Шабдан баатырдын жадид медресесинде алган. 1916-жылдагы Үркүндө үй-бүлөсү менен Кытайга сүрүлгөн. Ак падыша кулап,  1917-жылдагы эки революциядан кийин, 1920-жылы Түркстан автономиясынын борбору Ташкентте жаңыдан түзүлгөн Кыргыз агартуу институтуна (Киринпрос) окууга тапшырган. Баарыбызга белгилүү болгондой, ал убакта Россия империясынын доорунан бери жана 1925-жылдын май айына чейин казактар ​​расмий түрдө «киргиз» деп аталып келгендиктен, түпкүлүгүндө ал Казак агартуу институту болгон, бирок ал жерде кыргыздар да окуган. Базаркул Данияров менен Осмонкул Алиев бул окуу жайды 1924-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган алгачкы жети бүтүрүүчүнүн ичинде кыргыздын тарыхында биринчилерден болуп профессионалдык педагогдук билим алганын белгилеп коюу керек. Бир нече айдан кийин оорунун айынан кечигип калган Касым Тыныстанов да дипломун алганы маалым. Базаркул Данияров студент кезинде эле этнографиялык экспедицияларга активдүү катышып, элдик оозеки чыгармаларды чогулткан. Ал курсташтары К.Тыныстанов жана О.Алиев менен бирге Эшенаалы Арабаевдин жетекчилиги алдында Кара-Кыргыз илимий комиссиянын ишмердүүлүгүнө катышып, диплом алган соң Академиялык борбордо иштөөсүн улантып, кыргыз тилиндеги алгачкы окуу китептерин жазып, кыргыз тилине которуу менен эле алектенбестен, басып чыгарууга да активдүү аралашкан.

— Агаңыз ал окуу жайдын эле эмес, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жаралышына, ага удаа ачылган Киринпрос, т.а. Кыргыз агартуу институтунун түптөлүшүнө күбө болгон жана ага активдүү катышкан адам болгондугу да белгилүү.

— Ооба, бул окуялар 1924-жылдын аягына туш келет. Ошол жылдын 14-октябрында өтө маанилүү окуя болгонун тарыхтан улам билебиз. Бул күнү Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп, кыргыз эли жүздөгөн жылдардан бери биринчи жолу толук болбосо да административдик көз карандысыздыкка жетишкен. Бул биздин элибиздин Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу түзүлгөндөн тартып Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк картага түшкөнгө чейинки татаал жолунун башталышы болгон. Чыныгы эгемендиктин бекем пайдубалын калк сабаттуу, коомдо билимдүү жана жогорку кесипкөй адамдардын сынчыл массасы болгондо гана курууга болорун, тез арада кадр таңсыздыгын чечүү керектигин ошол кездеги журт башчылары абдан жакшы түшүнгөн. Андыктан алар ККАО түзүлгөн алгачкы күндөн тартып Кыргыз агартуу институтун, т.а. Киринпросту түзүү чечимин кабыл алган. Киринпрос кийинчерээк Борбордук кыргыз педагогикалык техникуму болуп аталган. Анын биринчи директору Петр Кузьмич Юдахин, ал эми окуу бөлүмүнүн башчысы жана директордун орун басары, кыргыз тилинде окутуунун биринчи программаларын түзгөн, кыргыз тили жана адабияты мугалими Базаркул Данияров болгон. 1929-жылы Юдахин каза болгондон кийин Данияров директор болуп 1931-жылга чейин иштеген. Ошол 1924-жылдагы тарыхый чечим кабыл алынгандан кийин бир жыл бою Петр Юдахин уюштуруу иштери менен алектенген, ал эми Б.Данияров 1925-жылдын жайына чейин Оштогу педагогикалык курстарды жетектөөсүн улантып, сабатсыздыкты жоюу, окуу китептерин жазуу жана басып чыгаруу иштери менен алектенген.

БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАН

— Базаркул Данияров Ош жана Пишпек, азыркы Бишкек шаарларында иштеген экен да?

— Туура. Тарыхый документтерде ушундай. Мен буга кененирээк токтоло кетейин. Быйыл Кыргызстанда 100 жылдык юбилейин эки университет белгиледи. Бири – Ж.Баласагын атындагы КУУ жана Ош мамлекеттик педагогикалык университети. Бул эки университеттин фундаменти болгон окуу жайлары 1925-жылы ачылган. Кээде Кыргызстандын кайсы университети биринчи ачылган деген суроо туулат. Жогоруда айтылгандай, КУУнун базасы 1924-жылдын ноябрындагы Революциялык комитеттин чечиминин негизинде түзүлгөн Киринпрос болгон. 1925-жылдын 25-октябрында студенттерге эшигин ачкан окуу жайдын окуу мөөнөтү негизги курска 4 жыл, даярдоо курсуна кирүү үчүн 7 жыл болгон. 1929-жылы Киринпрос Борбордук Кыргыз педагогикалык техникуму деп, аталышы өзгөртүлгөн. Анын негизинде 1932-жылы М.В.Фрунзе атындагы Кыргыз педагогикалык институту түзүлүп, 1951-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы университет аталганы маалым.

Окуу жайдын алгачкы бүтүрүүчүлөрү 1929-жылы аяктаган. 1929-1932-жылдар аралыгында андан жүзгө жакын адам билим алган. Алардын дээрлик бардыгы Кыргызстандын тарыхында жаркын из калтырган белгилүү жазуучулар, адабият ишмерлери, педагогдор болгон. Андыктан Киринпрос же Борбордук кыргыз педтехникуму Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын флагманы десек туура болот.

Ал эми 1924-жылдын жай айларында ачылган Ош жана Жалал-Абад педагогикалык курстарынын базасында 1925-жылдын 15-январындагы ревкомдун токтомунун негизинде Ош педагогикалык техникуму алгач бир жылдык окуу мөөнөтү менен ачылып, 1925-жылдын сентябрында үч жылдык болуп өзгөртүлгөн. 1994-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин Ош педагогикалык колледжи, 2002-жылы Ош гуманитардык-педагогикалык институту болуп аталып, 2021-жылдан бери Ош педагогикалык университетине айланган.

Демек, бул эки окуу жайдын тамыры 1924-1925-жылдарга барып такалат. Экөөндө тең Базаркул Данияров бул алгачкы окуу жайлардын түптөлүшүндө негизги инсандардын бири болгон. Бул факты дагы бир жолу анын агартуучулук ишмердигин, алдыңкы ролун баса белгилейт.

— Ал агартуучулук менен катар эле коомдук иштер жана чыгармачылык менен алектенип, талант-шыгы бар балдарга да өзгөчө көңүл бурганы айтылат.

— Ооба, Базаркул Данияров «Эркин Тоодо» басылып чыккан элдик оозеки чыгармаларды жыйноо боюнча колдонмону түзүп, аны колдонууну окуучуларга үйрөткөн. Ал Терминологиялык комиссияда активдүү иштеп, окуу китептерине көптөгөн математикалык терминдерди сунуштаган. Данияров латын графикасына негизделген жаңы кыргыз алфавити боюнча комитетте да иштеп, Киринпрос/БКПТда студенттерге сабак берген. 1926-жылы К.Тыныстанов менен бирге Бакуда өткөн Бүткүл дүйнөлүк түркологиялык конгресске катышкан. Данияров 1925-жылы илимий комиссиянын башчысынын орун басары болуп иштеген. Киринпростун жетекчиси катары Данияров жаш окутуучу С.Нааматов менен бирге «Кызыл Учкун» студенттик ийримин түзүүгө көмөктөшүп, кийинчерээк бул ийрим республикадагы жазуучулардын, акындардын адабий  жайына айланган.

— Анын өмүр жолу жогоруда айтылгандай эле тарыхый окуяларга тыгыз байланышта болгондуктан, ал дагы башка замандаштары сыяктуу эле саясий куугунтукка кабылганы кейиштүү…

— Тилекке каршы, Базаркул Данияровду ХХ кылымдын биринчи жарымындагы  кайгылуу апаат кыйгач өтүп кетпей, саясий репрессия курмандыгына чалынган. 1934-37-жылдары “социалдык теги”, “буржуазиялык улутчулдук”, “манаптар менен достук”, “Алаш Ордону колдогондугу” үчүн деген негизсиз айыптоолор менен партиялык тазалоолорго дуушар болгон. Анын негизинде Эл агартуу комиссариатындагы жумушунан четтетилип, Ош шаарына катардагы мугалим болуп жөнөтүлгөн. 1937-жылы август айында Базаркул Данияров “Социал-Туран партиясына” мүчө деген айып менен камакка алынып, 1939-жылы №58 саясий берене менен күнөөлүү деп табылган соң, 1940-жылы абактан Свердлов облусундагы Ивдель ГУЛАГдагы колониясына которулган, ал жерде 1942-жылы каза болгон. Ал каза болгондон кийин, 1959-жылы акталган.

— Базаркул Данияровдун ысымы көпкө чейин көмүскөдө калганына не себеп деп ойлойсуз?

— Анын себептеринин бири – ал саясий ишмер, артист же жазуучу болбогондугунда деп ойлойм. Болгону 45 жыл сүргөн өмүрүндө билим берүү тармагына эбегейсиз көп иштерди жасаганы менен көкүрөгүн какпаган, жупуну адам болгон. Өзү түрмөдөн жазган каттарынын биринде: «Чыныгы эл мугалими болчумун, ак ниет, таза жүрөк менен иштедим, ушул жолдо өлөм» деп жазганы бар. Сталиндик репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо процесси татаал жана узакка созулган. Сталин 1953-жылы каза болгон. Ал эми адилетсиз камалып, бейкүнөө өлүмгө дуушар болгондор, ГУЛАГда каза болгондор, жада калса аман калып, мекенине кайтып келгендер 1959-жылы гана акталган. Кээ бирлерине андан да кийинчерээк күнөөсүз экендиги тууралуу күбөлүк берилген.

Базаркул Данияровдун жубайы Гафифа Халикова (Даниярова) 19 жылдан бери эч нерсе укпай, каза болгон күйөөсүнүн тагдырын тактоо үчүн жазган каттарына жана кайрылууларына жооп катары эки айлык маянасын төлөп берүү жөнүндө катты 1959-жылы алган…

Андан кийин көп жылдар бою репрессия жөнүндө сөз кылууга тыюу салынып, архивдер жабык болгон, окуу китептеринде жана мектептердин программаларында алар тууралуу эч нерсе айтылган эмес да. Ал тууралуу маалыматтар жарым кылымга жакын убакыт өткөндөн кийин, 1980-жылдардын аягында ачылып, көптөгөн көрүнүктүү адамдардын ысымдары жана иштери бизге белгилүү болду. Тарых барактары акырындап ачылып, ушул күнгө чейин уланып келатат, көрсө, тарых баарын өз-өз ордуна коет тура…

БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАН

Мен “Базаркул Данияров — алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси” деген китепти окуганда, анын жубайы Гафифанын көрөгөчтүгүнө, акылына, туруктуу, терең сезимине баа бердим. Ал сактап калган сүрөттөр баа жеткис…

— Гафифа Даниярова, кыз кезиндеги фамилиясы Халикова 1905-жылы төрөлүп, 1992-жылы каза болгон. Ал албетте, терең урматтап-сыйлоого татыктуу аялзаты болгон. «Мекенди саткандардын үй-бүлө мүчөлөрү” кандай куугунтукка учураганын, алардын оор тагдырын билебиз. Алар жакын адамынан ажырап эле тим болбостон, өздөрү да куугунтукка кабылып, жумуштан куулган жана аларды эч жерге ишке алган эмес, кээ бирлери жашаган үйлөрүнөн куулуп, жадагалса, билим алууга да уруксаат берилген эмес. Айрыкча репрессияга кабылгандардын үй-бүлөлөрү үчүн мурдагы достору, жакындары алардан качып, алар менен баарлашуудан коркуп калган оор мезгил болгон. Алар айыптоодон жана НКВДнын аракеттеринен коркуп, туугандарынын сүрөттөрүн жок кылышкан. Мына ушундан улам ошол кездеги тарыхый инсандардын сүрөттөрү дээрлик сакталбай калган, сакталса да өтө аз. 87 жашка чейинки өзүнүн узак жана кайгылуу өмүрүндө Гафифа Даниярова күйөөсүнөн калган сүрөттөрдү, ГУЛАГда абактан жазган каттарын акыркы мүнөттөргө чейин кылдаттык менен аяр сактап келген.

Гафифа Даниярова сактаган материалдар Базаркул Данияровдун өмүр баянындагы фактыларды бирден терип бириктирүүгө мүмкүндүк берди. Саясий түрмөдөн келген каттар — ошол доордун тирүү күбөсү катары алар кандай катаал шарттарда кармалып, иштегендигин, ошондой эле анын рухунун бекемдигин далилдеп, ачуу чындыкты элестетүүгө мүмкүндүк берет. Базаркул өмүрлүк жубайына жазган каттарында “Мен үчүн эч кимден эч нерсе сураба, мен жөнүндө ойлобой, өзүңдүн жашооңду кур, иштегенге аракет кыл, өзүңдүн оокатыңды өзүң тап!”- деп жазган.

Айтмакчы, анын жазган каттары менен “Базаркул Данияров – алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси” китебинен кененирээк таанышсаңыздар болот. Анын камкор, мээримдүү жубайы этияттык менен сактап калган сүрөттөр, жазган каттары ошол китепке киргизилген. Ал сүрөттөр окуу жайдын атмосферасын, кийин атактуу болгон студенттердин интеллектуалдуу, жандуу жүздөрүн элестетүүгө мүмкүндүк берет.

— ⁠Данияровдон билим алган не бир залкарларды билебиз. Ошол адамдан алган билиминин артынан атпай журтка атактуу болуп, аттары көчөлөргө коюлуп унутулбай келет. Мисалы, А.Малдыбаев, Г.Айтиев, Ж.Бөкөмбаев ж.б. көптөгөн белгилүү адамдар. Б.Данияровдун ысымы эң жок дегенде Бишкектин бир көчөсүнө ыйгарууга татыктуу эмеспи? А болбосо, ал киши башатында туруп уюштурууга түздөн түз катышкан жогорку окуу жайлардын бирине коюуга неге болбосун? Чынында жогорку билимди түптөөгө салым кошкон эки кишинин бири Базаркул Данияров эле да?

— Сиз өтө маанилүү суроону көтөрүп жатасыз деп ойлойм. Анткени, биз өзүбүздүн тарыхыбызды, ата-бабаларыбызды эскерүү жөнүндө сөз кылып жатабыз. Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын түптөлүшүнө жол ачкан инсандарды эстеп, алардын ысымдарын кийинки муундарга калтыруу биз үчүн өтө маанилүү.

Мен бир аз артка чегинүү жасайын. Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө 60ка жакын жогорку окуу жайлары бар. Жогорку билими бар адистер кадыресе көрүнүшкө айланды. Алтургай, жогорку билим биздин өлкө үчүн маанилүү экспорттук нерсе болуп калды. Бирок дайыма эле ушундай болгон эмес. Элибиз билимди дайыма жогору баалап, аны балдарына берүүгө аракет кылганы менен анын жеткиликтүүлүгү өтө чектелүү болгондугу документтерден көрүнүп турат. 1925-жылы Киринпрос уюшулганга чейин азыркы Кыргызстандын аймагында кыргыз тилинде билим берүүчү мекемелер мындай турсун, бир дагы жогорку окуу жайы болгон эмес.

Туура, мурдагы кылымда сабаттуулуктун негиздерин үйрөтүүчү казыналык орус-тузем мектептери болгон. Алардын максаты орус администрациясы үчүн котормочуларды жана катчыларды даярдоо болгон, ошондуктан алар сабаттуулуктун негиздерин гана окутушкан. 19-20-кылымда жадид окуу жайлары өнүккөн, аларды кыргыздын манаптары каржылаган. Албетте, булар окутуунун жаңы ыкмасын колдонгон прогрессивдүү мектептер болгон жана чоң пайда алып келген, бирок алар балдарга башталгыч билим гана берген.

БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАН

Мындан жүз жыл мурда Киринпростун ачылышы республикабыздын өнүгүшүндөгү чечүүчү кадам катары Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын пайда болушуна негиз түзүп, анын алгачкы бүтүрүүчүлөрү элибиздин сыймыгы болуп калганы да талашсыз чындык. Ошол эле учурда анын биринчи жетекчилеринин – Петр Кузьмич Юдахин менен Базаркул Данияров негизинен тарыхчыларга гана белгилүү болбосо, чындыгында экөөнүн ысымы дээрлик айтылбайт. Бул адамдар тууралуу даректүү тасма тартса абдан кызыктуу болмок. Алар жөнүндө, ошондой эле Киринпрос — Борбордук кыргыз педагогикалык техникуму жөнүндө көркөм фильм же сериал тартса, абдан кызыктуу болоруна ишенем. Бул окуу жайда билим алгандар интеллигенциянын каймактары, не бир укмуштуудай инсандар болгон, алардын көбүн биз жакшы билебиз.

БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАН

Быйыл Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына, б.а. Кирипрос студенттерге эшигин ачканына жүз жыл болгонуна байланыштуу 25-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусунда салтанаттуу жыйын болуп, президенттин жарлыгына ылайык, билим берүү жана илимди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн университетке 3-даражадагы “Манас” орденин тапшырды. Өлкөдө жогорку билим берүүнүн пайдубалын түптөгөн Киринпрос, же Борбордук Кыргыз педагогикалык техникумунун түзүлүшү мамлекеттик кызматкерлердин, коомчулуктун көз жаздымында калбаганы кубандырат. Университеттин 100 жылдык мааракесинде, аны менен катар Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларынын юбилейлик жылында Кыргызстандын жогорку билим берүү пайдубалын түптөгөн алгачкы жетекчилери Петр Кузьмич Юдахин менен Базаркул Данияровдун ысымдары түбөлүккө сакталат деп терең ишенем. Базаркул Данияровдун ысымы педагогикалык жогорку окуу жайына же илимий мекемеге ыйгаруу менен түбөлүккө калтырылууга албетте, татыктуу.

— Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Алгачкы агартуучулар унутулбай, кийинки муундарга үлгү боло берерине биз да бекем ишенебиз.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер