БАЙ ТҮП ДАРАК БАРКТАЛАБЫ?..
- 11.04.2025
- 0
Мектепте 50 жыл иштедим. Анда аталышы Максим Горький эле. Азыр №29 Мухтар Нургазиев атындагы мектеп болду.Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү бул үч кабаттуу мектеп 1987-жылы бүтүп, ишке берилген. Көзү өтүп кеткен ал кездеги мугалимдерди эскерүү, алардын адилеттүүлүгүн айтып, ак эмгегин баалоо тирүү пенденин милдети эмеспи.
Аларды көп эскерем. Мугалим деген сөз жети тамгадан турат. Ошол жети тамгада керемет күч бар. Заманга бап келген окумуштуулар, өмүргө өмүр улаган дарыгерлер, кереметтүү акындар, куруучулар, кыргыздын туусун көтөрүп, дүйнөгө аты чыккан спорт чеберлеринин жана башка көптөгөн кесиптердин устаты бул — мугалим эмеспи. Мугалимдин түшүнө байлык да, бийлик да эмес, мектеп жана окуучу кирет. Мугалимдин эмгегин унуткан адам Мекен жүгүн аркалай албайт. Изденип иштесе, мугалимдик кесиптен ырахат алууга болот. Азыркы “Алтын Казык” программасын ишке ашырууда, 12 жылдык билимге өтүүдө да мугалимдин ролу өтө зор. Келечекти ойлоп, билим тармагын трансформациялоого киришкен КР билим берүү жана илим министрлигине, жетекчилерге, кесиптештериме ийгилик каалайм.
Эми азыноолак өз тарыхымды, ыймандай сырымды айта кетейин. Ушул А.Нургазиев мектебинде 12 жыл тарбиялык иштер боюнча директордун жардамчысы болдум. Жыйырма жыл бою окуу бөлүмүн жетектедим. Ортодо мектептин директору кызматында ийгиликтүү иштедим. Азыраак убакыт аймактар боюнча методисттин жумушун аркаладым. Жетекчилик кызматта көп нерсеге көзүм жетти. Кандай кызматта болбоюн татыктуу тарбия, мугалим катары жугумдуу сабак берүү милдетим экенин терең түшүнүп, мугалим деген ыйык атты, жүктөлгөн парзды так аткарууга болгон аракетимди жумшадым. Эмгегимди эл баалады. КР эмгек сиңирген мугалими деген ардактуу мамлекеттик наамды алдым. Коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ыраазычылыгын билдиришип, Ардак грамоталар менен сыйлашты. СССРдин убагында «Эл агартуунун мыктысы» деген наамга да жетишкем. “Кетмен-Төбө өрөөнүнүн ардактуу атуулу”, Аялдар конгрессинин “Даткайым” медалын беришти. КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен да сыйландым. Мугалимдердин үч жолку курултайынын делегаты болдум. Бул эми мактаныч катары айтылган кеп эмес. Болгону тынбаган, түйшүктүү эмгегимдин өз убагында бааланганын гана айтып турган чагым.
Эми мен өстүргөн бак жөнүндө айтайын. Анда жаш чагым. Бир күнү жетекчиме мектептин аркасына бак өстүрөйүн деген идея менен кайрылсам: “Кайдагы бакты айтасың, сугармак тургай, ичерге суу жок как жер болсо”, — деди. Ынанган жокмун. Илгери ата-энем менен жүгөрү, картошка чаап, кетмен, күрөктү калем саптай кармачумун. 100 миң түп бак өстүрөм деп чыктым. Демилгемди айла жок колдошту. Тилегим ишке ашып, мектеп тегереги жашылданып, керемет бакка курчалды. Көп эмгек, зор мээнетти талап кылды. Баарына көндүм. Дарактардын 80 пайызы туя. Туя дарагы 150 жыл жашайт дешет. Бир жылда араң 18, 20 см. өсөт. Тамыры бекем, өзөк терең кетет. Калган 20 пайызы кара жыгач. Түндүк чыгышында 20 түп жаңгак, бака терек бар. Мектептин пайдубалын тегиздегенде бир аяк жол 40-50 метрдей жар болгон. Жарды капталына түртүп, ал жерди жапсар кылып, кара жыгач отургуздум. Сыртын жыгач менен тостуруп салдым. Азыр ал жерге мал эмес, тоок өтө албайт. Кара жыгач уругунан чыгат экен. Чыгыш тарабынан айылга кете турган чоң арык казылган. Ак кайыңдар да бар. Кыскасы, аң, жарын кошкондо бир гектар жер болот. Өткөн жылдары райондун акими Акылбек Алякунов мектепте өткөрүлгөн райондук маанидеги жыйынга келип катышып, иш-чарадан кийин бактарды аралап бүт көрүп чыгып, колумду кармап, мага ыраазычылыгын айтты. Менин багым “Жашыл мурас” долбооруна дал келип калганына кубанам. Кейигеним, жетекчиликке татыктуу адамды койбосо, эмгектин баркын билбейт турбайбы. Райондук акимчиликтеги айрым атка минерлер бактын маанисин, каралышын жеткире түшүнө беришпегени өкүндүрөт. Беш айдан бери айлыгымды беришпейт. Бакты сугаруу, ичин тазалоо дайым керек иш эмеспи. Аны аткарып берген кишилерге акы төлөп, каржылаганга каражат керек. Акысыз эч ким иштебейт. Бул маселе боюнча тийиштүү мекемелерге кат жолдодум. Чечилип калаар деген үмүтүм бар. Өзүм аялдын жашын сурабайт десе да айтайын, 70тен ашып калдым. Кылган эмгегим дарактай көгөрүп турат деп тайманбай айтканга негиз бар. Акылыма таянып, кайратыма сүйөнүп иштеп койгон эмгегим бар, бийик турат көгөрүп, Байлык жыйба, кыялыңды өзгөртөт, эмгек жыйсаң жалбырактай көңүлүңдү көгөртөт. Урматтуу редакция, ушул алакандай отчёт макаламды мугалимдердин эң сүйүктүү гезити болгон “Кут Билимге” жарыялап койсоңуздар деп өтүнүп кетем. Себеби жашыл бакты, жаратылышты коомай караган айрым жетекчилердин кулагына күмүш сырга болуп тагылып, эмгегибизди эске алар деген ишеним али да болсо бар.
Күлүйпа УСЕНОВА,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Жалал-Абад облусу, Токтогул району
Комментарийлер