БАТКЕНДИК ДҮЙШӨН АГАЙ

  • 16.01.2026
  • 0

Куш ысымдуу Лейлек районунда төрөлүп өсүп, өмүрүнүн көбүн жалаң билим берүүгө арнаган 75 жаштагы Миталип Аширов ушу тапта  да Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Малтабар айылындагы Абдрахман Бердибаев атындагы орто мектебинде тарыхтан сабак берет.

БАТКЕНДИК ДҮЙШӨН АГАЙ

Тарых демекчи, Миталип агайдын өзүнүн жеке жашоосу да узун тарых… Ал бир жашында жарык дүйнөгө алып келген апасынан ажырап, көрүнгөн туугандын колунда өстү. Союз кезинде кара алтыны менен даңкталып турган Сүлүктүнү билесиңер, атасы дал ошол жерде далай жыл кен казып иштеди. Азыр кийинки ападан болсо да, төрт иниси, бир аталаш карындашы бар. Ушуга каниет кылат…

Бирок өз энеге жетеби?!… Эненин ордун эч ким алмаштыралбасын жаштайынан жон териси менен сезген өспүрүм 8-класска чейин Сүлүктү шаарындагы №5 мектепте, андан кийин «Тогуз-Булак» орто мектебинде билим алат. Онунчуну аяктап, 1970-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык училищенин дене тарбия бөлүмүнө тапшырат. Ортодо армияга чакырылып, окуу жайын 1974-жылы бүтүрөт. Жаш адисти дароо эле Лейлек районундагы «Жаңы турмуш» сегиз жылдык мектебине жумушка жөнөтүшөт. Мектеп чакан болгон үчүн, мында ал дене тарбиядан сырткары биринчи класстарды да окутат. Билбегенин тажрыйбалуу мугалимдерден үйрөнөт. Билим пайдубалын түптөгөн башталгыч класста иштөөнүн жоопкерчилигин туюп, ар бир сабагына дыкат даярданды. Аруу тилек балдарга окуганды, жазганды үйрөтүү бир жагынан түйшүктүү да, бир жагынан кызыктуу болуп жатты… Төрт жыл иштеп, райондогу «Тогуз-Булак» орто мектебине которулат. Ушул тушта ал үч күн «Тогуз-Булакта», дагы ушунча күн «Жаш тилек» сегиз жылдык мектебинде дене тарбиядан сабак бере баштаган эле. Бир жылдан кийин өзү туулуп-өскөн Айбийке айылындагы «Маданият» мектебинде иштей баштайт.

Кептин төркүнүн айтсак, ушул жерден Миталип агайдын педагогдук таланты ачылды…

Киндик каны тамган жердин касиетиби же өзүндөгү мугалимдик дээрби, айтор, өз айылында барды-келди болуп иштебеди. Келген күндөн тартып сүйгөн ишине билек түрүп шымалана киришти. Дүйнөнү дүңгүрөткөн советтик шахматчылар Гарри Каспаров менен Анатолий Карповдун ийгиликтери таасир эттиби, айтор Союз маалында мектептерде шахмат ийримдерине өзгөчө көңүл бурулчу. Баарына таандык бул саамалыктан жаш педагог да сыртта калбады. Ал өзү эмгектенген мектепте шахмат ийримин ачып, бул спортко шыктуу окуучуларды топтоп, аларды ар кандай мелдештерге даярдай баштады. 1980-жылдан 1985-жылга чейин Миталип агайдын шакирттери шахмат боюнча облустук мелдеште жалаң алдыңкы орундарды багындырып, шахмат ышкыбоздорун, калыстар тобун таң калтырды. Өзгөчө 1980-жылы Кызыл-Кыя шаарындагы республикалык мелдеште лейлектик саяпкердин тарбиялануучулары Совет районунан кийинки 2-орунду ээлешти. Бул албетте, зор жеңиш, зор ийгилик болчу! Бирок кээде болуп келгендей, жаш педагогдун ушундай демилгелүү аракети жетекчилик тарабынан бааланбай көз жаздымында калды. Ушуга азыр да өкүнөт. «Мени кичине эле мактап койсо, тоону томкоруп салмак экенмин», — дейт ардагер агай.

Бирок бул саяпкерлик тажрыйбасы да бекер болгон жок: өзүндөй өмүрүн спортко, билим берүүгө арнаган кызыктуу инсандар менен таанышты. Алар жөнүндө азыр да жакшы сөзүн аябайт:

«Дайыр Маматов, Ким Цой деген шахмат саяпкерлери бар болчу. Дайыр Маматов биринчи класстагы окуучумду «Мага бериңиз, өзүм багам, өзүм окутам, тубаса талант экен» деп ээрчип кала берген»…

Бала тарбиясы дегенде ичкен ашын жерге койгон элеттик эмгекчил педагог 1980-жылы кошуна Тажикстандын Хожент шаарындагы Киров атындагы педагогикалык институтунун сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, азыркы атактуу мугалим Гапыр Мадаминовдон эки жыл кийин өзбек тайпасында «тарых мугалими» адистигине окуп калат.  Баса, Хоженттеги бул окуу жайда булардан кыйла мурдараак Лейлектин дагы бир таланттуу агартуучу акыны Тайир Аширбайдын атасы Саиткул Аширбаев да билим алганын айта кетели. Миталип агай ушул жерден сырттан окуп жүргөндө эле «Тогуз-Булак» мектебинде тарыхтан сабак берип жатты. 2000-жылы өз айылына кайтып келди да, «Маданият» орто мектебинде элге таалим чачкан ишин ийгиликтүү улантат.

БАТКЕНДИК ДҮЙШӨН АГАЙ

«Мектепте тарых музейи бар экен. Ошонун экспонаттарын көбөйттүм. Бир тобун жаңыладым. Мурда иштегендердин, көзү өтүп кеткен эжей-агайлардын сүрөттөрүн илдим. Ал гана эмес, пол жууган кызматкерлерден бери калтырбадым. Бул музей азыр да райондогу көзгө басар музейлердин бири болуп эсептелет» — деди Миталип агай өткөн күндөрүнө кайрылып.

Шаарга караганда, айылда мугалимдик орундар таңкыс экенин көбү билишет. «Паланча пенсияга чыкса, ордуна барып иштейт элем»деген жаштар ар бир айылдан табылары бышык. Жашы өйдөлөгөн сайын Миталип агай баарынан да «Пенсияга чыккандан кийин кетпейби!» деген сөздү угуудан коркту. Бир жагы бирге иштеген жаш келин алты саат менен иштеп жаткан эле. Ошону ойлоп, 60 жашында, пенсияга чыгары менен мектептен кетти…

Бирок жаштайынан эмгекке бышкан жаны үйдө олтура албады. «Эмгектин жаман-жакшысы болбойт» деп, айтылуу Кара-Суу базарында араба түртүп, жүк ташып калды.

Ыраматылык кемпири тирүү болгондо, мындай алыс жерге жөнөтөт беле, жөнөтпөйт беле, эбак эрге тийген тогуз кызы муну укканда ызылдап кала беришти…

«Кудайым мага мугалимдиктен башка кесипти буюрбаптыр», – деп күлөт агай ошондогу күтүүсүз кадамын эскерип. «Базарда бир ай иштеп-иштебей жатып, илгери Жалал-Абадда дене тарбия мугалимдигине чогуу окуп калган курсташыма жолугуп калсам болобу?! Райондук билим берүү бөлүмүндөгү жетекчилердин бири экен, дароо алып барып, «Жылкелди» мектебине декреттеги эжейдин ордуна тарых мугалими кылып жумушка киргизди. Кийин ушул эле райондогу «Кең-Сай» мектебинде иштедим. Анан Бишкек тарапка келип, Аламүдүн районундагы Васильевка-2 мектебинде дагы бир боюнда бар эжейдин ордуна орношуп, ал жумушуна кайткан соң, Москва районундагы «Беш-Терек» мектебине которулдум».

БАТКЕНДИК ДҮЙШӨН АГАЙ

БАТКЕНДИК ДҮЙШӨН АГАЙ

Айтуусунда иштеген жеринин баарында жетекчилер жатакана менен камсыз кылышты.  Өзү да балдардан билгенин аябады.

«Беш-Терек» мектебиндеги демилгеси тууралуу мындай деди:

— Жергиликтүү мугалимдер эки кабат мектепти салдырган мурунку директордун ысымында окуу каанасын ачалы десе, баары жооптуу кызматтарда иштеген уул-кыздары колдобой жатышканына кейип жүрүштү. Бир эмес, көп жолу уктум. Оңунан чыгып, бир тойдо ошол балдарынын баары чогуу отурат. «Кимиси тың?» деп сурасам, бир арыкчырай жигитти көрсөтүштү. Ошону чакырып, болгонун болгондой айтсам, «Канча акча керек?» дейт… Жүз миң сом сарптап, бир классты бүтүндөй жабдып берди. Жаңы жылдын ошонун ачылышына келген элдин кубанганын айтпа!

Миталип агай быйылкы окуу жылдан тартып Малтабар айылындагы мектепте  иштеп жатат.

— Жамаатта 27 мугалим иштейбиз. Экөөсү гана агайлар. Менден башка дене тарбиядан окуткан жаш жигит иштейт. Мектептерде илгеркидей Бакай менен Кошойдой болгон уюткулуу акылдын ээлери — ак калпакчан агайлар калбай баратат. Ушуга аябай кыжаалат болом. Дагы Кудайга шүгүр! Курманжан даткадай болгон министрибиз бар. Зор өзгөрүүнү баштады. Ошого баарыбыз кол кабыш кылалы!» – дейт ардагер агай.

Айтматовдун Дүйшөнүн эске салган ардактуу мугалим Миталип Ашировдун тогуз кызынын алтоосу да мектепте иштейт. Мындайча айтканда, агай үй-бүлөлүк агартуучулар династиясынын баштоочусу! Ата кесибин уланткан кыздары да өз-өз мектептеринде ардагер агартуучу атасын уят кылбай, алдыңкыларга теңелип иштешүүдө.

БАТКЕНДИК ДҮЙШӨН АГАЙ

Мугалимдик кесип тагдырына айланган Миталип агайдын тогуз кызынан 39 небереси, эки чебереси бар. Ооба, адам үчүн мындан өткөн бакыт барбы?!…

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер