БАРС — ТООНУН ЭЭСИ
- 09.11.2026
- 0
Ысык дөбөсүнөн табылган алтын буюм
КИРИШ СӨЗ
Замандын агымы тездеп, глобалдашуунун толкуну улуттардын өздүк өзгөчөлүгүн жууп-чайып жаткан азыркы доордо, ар бир эл өзүнүн тарыхый тамырын, рухий тирөөчтөрүн жана улуттук кодун кайрадан аңдап билүүгө умтулууда. Бул контекстте, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Ак илбирстин (Снежный барс) улуттук символ катары расмий түрдө таанылышы — жөн гана экологиялык же саясий чечим эмес. Бул — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өзүн-өзү таануусунун, рухий жактан кайра жаралуусунун жана улуттук улуулугунун жаркын белгиси. Бул жарлык аркылуу биз геосаясий картадагы катардагы бир өлкө эмес, өзүнүн ыйык символу, улуу тарыхы бар өзгөчө цивилизация экенибизди дүйнөгө дагы бир ирет жарыяладык. Илбирс — биздин өткөн чагыбыз менен келечегибизди байланыштырган, улуттук аң-сезимибиздин туу чокусунда турган жандуу эстелик.
Бул руханий кайра жаралуунун өзөгүн түзүүчү ”Унгужол” программасынын негизги идеясы да ушул мааниге сугарылган: биз сырттан көчүрүлгөн жасалма баалуулуктар менен эмес, өзүбүздүн ички улуттук демибиз, каныбыздагы көчмөн рухубуз аркылуу гана дүйнөлүк бийиктиктерге чыга алабыз. Бул программанын контекстинде Барс — курулай мактануунун эмес, реалдуу ички күчтүн, интеллектуалдык жана руханий бийиктиктин символу болуп саналат. Анткени илбирс төмөндүктү, ыпластыкты жана кулчулукту кабыл албайт; ал эркиндиктин, тазалыктын жана асманга тирешкен аска-зоолордун ээси. Кыргыз эли да тарыхтын татаал кезеңдеринде дал ушул илбирс сымал бийик рухтун аркасында өз алдынчалыгын сактап, улут катары жоюлуп кетүүдөн аман калып келген.
Ушул илимий-философиялык эссенин алдына койгон негизги максаты — барстын биологиялык өзгөчөлүктөрүн гана санап өтүү эмес, анын артында катылып жаткан кыргыз дүйнө таанымынын терең философиялык катмарларын ачуу болуп саналат. Биз бул эмгекте табият илимдеринин так фактылары менен көчмөн элдин мифологиялык аң-сезими кандайча бир чекитте биригерин талдайбыз. Барс менен кыргыздын ортосундагы тагдырлаштык, кулк-мүнөзүндөгү окшоштуктар жана табият менен адамдын ортосундагы улуу гармония — биздин бүгүнкү реалдуулукта зарыл болгон экофилософиялык багытыбызды аныктайт. Илбирстин образы аркылуу биз өзүбүздүн ички дүйнөбүзгө саякат жасап, улуттук демибиздин уңгусун кайрадан издейбиз.

БАРС ДҮЙНӨЛҮК МИФОЛОГИЯДА
Адамзаттын мифологиялык аң-сезиминде кээ бир жаныбарлар жөн гана табияттын бир бөлүгү катары эмес, кудай тарабынан берилген касиеттин, күч-кубаттын, улуу рухтун жана мамлекеттик бийликтин тирөөчү катары кабыл алынып келген. Бул катарда Барстын (илбирстин) образы дүйнөлүк маданиятта жана ар кыл элдердин космогониялык (дүйнөнүн жаралышы тууралуу) түшүнүктөрүндө өзгөчө улуу архетиптердин бири болуп саналат. Ал — чексиз мейкиндиктин, кол жеткис бийиктиктин жана жашыруун сырдуулуктун символу. Ар бир цивилизация бул улуу жырткычка карап, өзүнүн ички күчүн, коркуусун, ошону менен бирге суктануусун чагылдырган.
Эң оболу, “Тоонун ээси” деген түшүнүк чыгыш дүйнө таанымында, өзгөчө кытай мифологиясында абдан терең орун алган. Кытайдын байыркы философиясында Жолборс (“жол+барс”, “ала барс”) тоолордун абсолюттук падышасы жана жер үстүндөгү бүткүл тирүүчүлүктүн коргоочусу деп эсептелген. Бул жерде кызыктуу бир тарыхый-философиялык атаандаштыкты байкоого болот: изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, байыркы Кытайда Жолборс жана Ажыдаар эки башка улуу уруулардын башкы тотемдери болгон. Сары Император жол баштап, Батыштан келген жоокер уруулар Жолборско сыйынышса, түштүктөн көчүп келип. Сары-Өзөндүн түштүк-чыгыш жээктеринде жайланышып, дыйканчылык менен алектенген элдер Ажыдаарды өздөрүнүн коргоочусу деп билишкен. Кийинчерээк бул уруулар аралашып, бирдиктүү Хан улуту калыптанганда, Ажыдаар асмандын, суунун жана императордун (“Асман уулунун”) символуна айланып, бийликти монополиялаштырган. Ал эми Жолборс болсо, Ажыдаарга баш ийген элдин ичинде калып, жердин, тоонун жана үйдүн чыныгы коргоочусу, ийгилик менен куттун символу катары жашай берген. Жаңы жыл алдында үйлөрдүн босогосуна “үйдү кайтарып турган жолборстун” сүрөтүн илүү салты ушундан калган — ал жаман рухтарды жолотпоочу ыйык күч катары кызмат кылган.
Барстын мындай коргоочулук жана эрдик кубаты түндүк элдеринин, өзгөчө Саха (Якут) мифологиясында жоокердик рухтун туу чокусу катары сүрөттөлөт. Якут уламыштарында барс — согуш кудайынын жандуу образы болуп саналат. Ал — кайраттуулуктун, көзү жок баатырдыктын жана душманды заматта селкинткен кандуу демдин символу катары каралат. Бул образ согуш талаасында артка чегинүүнү билбеген, ар-намыс үчүн өлүмгө тик барган эр жүрөк жоокерлердин ички демин чагылдырып турат.
Башка бир улуу маданий очок болгон арий цивилизациясында, тагыраагы Фирдоусинин атактуу “Шахнаме” эпосунда Барстын образы шах бийлигинин символун билдирет. Арий падышалары жана кагандары өздөрүнүн тактысын, аскердик күч-кубатын жана мамлекеттик кудуретин барс (илбирс) тотеми аркылуу бекемдешкен. Бул дагы бир ирет барс образынын бир гана жаныбар эмес, ири империялардын, улуу каганаттардын саясий жана руханий идеологиясынын негизи болгонун далилдейт.
Бул дүйнөлүк мифологиялык чынжырдын эң маанилүү жана биз үчүн эң ыйык шакекчеси — байыркы Енисей (Энесай) таш жазууларында калган кыргыз кагандарынын изи болуп саналат. Энесай кыргыздары өздөрүнүн эркиндигин, жоокердик мүнөзүн жана мамлекеттик улуулугун ташка чегип жазып жатканда, өздөрүн дал ушул барска салыштырышкан. “Мен барс элем, душмандарымды кыйраттым”, же “Барс сымал көккө умтулдум” деген сыяктуу ураан-чакырыктар байыркы кыргыздардын улуттук аң-сезиминде барс жөн гана тотем эмес, алардын генетикалык рухунун, эр жүрөктүүлүгүнүн жана мамлекет куруучулук кубатынын жандуу күбөсү болгонун көрсөтөт. Кыргыздар өз кагандарын, баатырларын барс мүнөздүү деп атап, улуттук биримдикти ушул ыйык жаныбардын образы айланасында бекемдешкен.
Ошентип, дүйнөлүк мифологиялык контекстте Барс — жер менен асманды, эл менен мамлекетти байланыштырып турган улуу рухий көпүрө. Ал эми кыргыз дүйнө таанымында бул символ өзүнүн эң жогорку философиялык жана маданий деңгээлине жеткен.
КЫРГЫЗ ДҮЙНӨ ТААНЫМЫ жана БАРС
Көчмөн кыргыз цивилизациясынын дүйнө таанымы — бул табиятты багындырууга же аны курал катары колдонууга эмес, анын улуу мыйзамдары менен толук шайкештикте жашоого багытталган улуу экофилософия. Бул уңгулуу дүйнө таанымдын туу чокусунда кыргыз менен Ала-Тоонун, адам менен барстын мистикалык жана философиялык тагдырлары турат. Кыргыз — тоонун эли. Биздин ата-бабаларыбыз өздөрүн ушул көк тиреген залкар тоолордун бир бөлүгү катары сезип, өздөрүнүн улуттук мүнөзүн аскалардын бекемдиги, мөңгүлөрдүн тазалыгы жана илбирстин эркиндиги менен байланыштырышкан. Барс — кыргыздын географиялык гана эмес, руханий мекенинин да абсолюттук ээси.
Бул байланыштын эң бийик көрүнүшү биздин башкы рухий паспортубуз болгон “Манас” эпосунда ачык чагылдырылган. Барс тукумунан тараган жырткыч жаныбарлар (арыстан, кабылан, жолборс) — улуттун түп атасы, улуу Манас баатырдын мифологиялык колдоочулары, көзгө көрүнбөгөн ыйык тотемдери. Манас төрөлгөндө анын тегерегинде барс тукумундагы жаныбарлар айланып, баатыр жоого аттанганда анын алдында жолборс жол баштап, сүр берип турганы тууралуу жаңырган эпикалык саптар жөн эле көркөм метафора эмес. Бул — кыргыздын аң-сезиминдеги баатырдык рух менен барстын касиетинин бир бүтүнгө айланып кеткендигинин далили. Барс баатырга күч, кайрат гана бербестен, анын намысын, ички тазалыгын жана адилеттигин калкалап турган рухий калкан милдетин да аткарган. Байыркы кыргыздар үчүн илбирсти өлтүрүү — өз кутуңду учуруу, колдоочу рухтан ажыроо жана каргышка калуу менен барабар болгон.
Табият менен адамдын бул улуу айкалышын жана анын заманбап трагедиясын улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов өзүнүн акыркы “Тоолор кулаганда” (“Жаабарс”) романында көсөмдүк жана көрөгөчтүк менен сүрөттөгөн. Романдын башкы каарманы болгон карыган Жаабарс менен мергенчи Арсен Саманчиндин тагдыры бир убакта, бир чекитте кесилишет. Бул чыгарма аркылуу Айтматов адамзатка өтө терең философиялык эскертүү калтырган: качан гана адам баласы өзүнүн ач көздүгү, материалдык байлыкка умтулуусу менен тоонун куту болгон илбирске кол салганда — тоолор кулай баштайт. Бул жердеги “тоолордун кулашы” — экологиялык гана кырсык эмес, бул — улуттук рухтун, адеп-ахлактын жана улуттук коддун кыйрашынын символу. Жаабарстын тагдыры – ал кыргыздын өзүнүн рухий келечегинин күзгүсү.
Анткени, Кыргыз Евразия мейкининде жөн гана жашап келбестен, өзүнүн мамлекеттүүлүгүн, эркиндигин коргоп келген башкаруучулук кудуретке ээ “хан эл” болгон. Муну бүгүнкү күндө заманбап генетикалык (ДНК) изилдөөлөр жана тарыхый булактар да тастыктап жатат. Евразиянын кең мейкиндигинде түрк-монгол элдеринин башын бириктирип, улуу каганаттарды курган кыргыз руху дал ушул тоо үстүндө жалгыз кожоюн катары жашаган барстын мүнөзүнө төп келет. Биздин тарыхый аң-сезимибиздеги бул башкаруучулук, улуулук жана эч кимге көз каранды болбогон эркиндик феномени илбирс философиясы аркылуу бекемделип, бүгүнкү күнгө чейин биздин каныбызда жашап келатат.
КЫРГЫЗ жана БАРС: ПАРАЛЛЕЛДЕР
Жаныбарлар дүйнөсүнүн өзгөчөлүктөрүн адамдын кулк-мүнөзү, психологиясы менен салыштыруу — дүйнөлүк философиядагы эң байыркы ыкмалардын бири. Ал эми илбирс менен кыргыздын мүнөзүндөгү окшоштуктар жөн гана сырткы окшоштук эмес, бул — кылымдар бою бирге жашаган географиялык чөйрөнүн жана тагдырдын таасиринен калыптанган ички рухий параллелдер. Атүгүл байыркы ата-бабаларыбыз табияттын кубулуштарына байкоо салып, өз улутунун психологиялык портретин дал ушул тоо падышасынын образынан көрүшкөн.
Биринчи кезекте, илбирс — бул “көзү жок эр”. Адам ичинде мындай сыпат “Адам шери” деп айтылган баатырга таандык. Белек Солтоноевдин жазганына караганда, мындай баатыр жалгыз келаткан жолунда душмандын “жүз” же “миң” адамдан турган колу жолукса, “артка качканым уят” деп, душманды жалгыз өзү качырат. Ал душманга тоодон кулаган таштай тиет. Же өзү өлөт, же башчысын барымтага алып, кутулуп кетет.
Барс да ушундай: ал өз аймагында эч кимден коркпойт, эч качан артка чегинбейт жана өлүмгө түз карайт. Кыргыз элинин тарыхы да дал ушундай тайманбастыктан, намыс үчүн өлүмгө баш байлаган баатырдыктан куралган. Кыргыздар бейпил кезде барска окшоп момун, бирок намысына тийгенде же эркиндигине коркунуч туулганда өлүмдөн да коркпойт, бир заматта өзүн жыйнап, коркунучту качырган эр жүрөк эл.
Бул мүнөз бизге байыркы Туран замандарынан бери уланып келаткан улуу мурас. Буга тарыхтагы сонун бир мисал далил: Дарий баштаган зор кубаттуу перс аскерлери скифтердин артынан кууп келип, чечүүчү салгылашууга даярданып жатканда, аларды карай согушуунун шарттарын сүйлөшкөнү келаткан скиф элчилери алдынан чыга калган коёнду кубалап жөнөшөт. Перстердин падышасы муну көрүп, алардын өлүмдү тоготпогон, эч нерседен коркпогон, эркин аң-сезимине таң калып, артка чегинүүгө мажбур болот. Бул — дүйнөлүк империялардын сүрүнөн коркпогон, өз эркиндигин баарынан бийик койгон барс мүнөздүү улуттук демдин көрүнүшү.
Экинчиден, илбирстин мүнөзүндө бир караганда таң калыштуу, бирок өтө философиялык “жалкоолук” бар. Ал күндүз аска үстүндө жамбаштап уктап, күн өткөргөндү жакшы көрөт. Кыргыздын мүнөзүндө да ушундай бейкамдык, шашпагандык, кенебестик, кебелбестик, “жамбаштап жатып кой кайтаруу” сапаттары бар. Бирок, бул жалкоолук эмес, бул — ички күчтү топтоо, ар кандай кокустуктарга даяндануу процесси. Илбирс ууга чыкканда же коркунуч туулганда, ал заматта жыйналып, чабуулга өтөт. Кыргыз да дал ошондой эл: катардагы турмушта шашпай, бейпил жашаганы менен, эл башына күн тууган учурларда заматта биригип, улуу күчкө айлана алат.
Үчүнчүдөн, илбирс бийиктикти сүйөт. Ал деңиз деңгээлинен 3000–6000 метр бийиктикте, мөңгүлөрдүн арасында, таза абада гана жашайт. Төмөнгө түшүүнү, ысыкты жана ыпластыкты жактырбайт. Кыргыз да улуу тоолордун арасында жашаган, эл оозунда айтылып калчу атак-даңкты, намысты жана рухий бийиктикти баарынан жогору койгон эл. Биздин эл үчүн материалдык байлыктан көрө рухий эркиндик, тазалык жана элге кылган кызмат аркылуу келген атак-даңк алда канча баалуу болгон. Башын төмөн ийүү, жалган айтуу — кыргыз үчүн өлүм менен барабар. “Сөзүн өлгөнчө – өзүн өл” дейт кыргыз макалы. Дагы: “Койонду – камыш, эрди намыс өлтүрөт” дейт.
Акырында, илбирс — өз алдынча болгонду жакшы көрүп, көбүнчө жалгыз жашаган жаныбар. Ал тоо мейкиндигинде эч кимдин жардамысыз, өзүнүн жеке күчүнө гана ишенип аман калат. Кыргыз маданиятындагы улуу баатырлар – Эр Төштүк, Кожожаш, жада калса Манас да көбүнчө жеке эрдиги, ички кубаты жана өз алдынча кабыл алган чечимдери менен айырмаланат. Биздин элде жеке инсандын ролу, анын ички эркиндиги жана өз алдынчалыгы абдан жогору бааланган. Ошол эле учурда, бул жалгыздыктын артында бүтүндөй тоо мейкиндигин көзөмөлдөгөн улуу жоопкерчилик жатат.
Биз ушул параллелдерди терең талдоо менен, илбирс кыргыздын ички дүйнөсүнүн, психологиялык кодунун жандуу күзгүсү экенине дагы бир жолу ынанабыз.
ИЛБИРС ИЛИМИЙ КӨЗ КАРАШТА
Табият — эң улуу архитектор жана залкар сүрөтчү. Ал ар бир жандыкты өзү жашай турган чөйрөгө ылайыктап, кемчиликсиз бир сыр менен жаратат. Илимий көз караштан алганда, Илбирс (алт: ирбис) — бийик тоолордун катаал шарттарында, каардуу суук менен муздак мөңгүлөрдүн арасында аман калуу үчүн атайын “жаратылган” табияттын чыныгы шедеври. Бирок биз бул илимий жана биологиялык фактыларды жөн гана кургак маалымат катары эмес, терең философиялык жана маданий мааниде карашыбыз керек. Анткени илбирстин анатомиясы — бул көчмөн элдин жашоо философиясынын жандуу чагылышы.
Эң оболу, илбирсти “тоо аралап жүргөн караан” (“призрак гор”) деп аташканы анын сырдуу кубулушуна байланыштуу. Анын ак-боз түстөгү, кара тактар менен кооздолгон калың жүнү (бийиктиги 6 смге жетет) аска-зоолордун жана кардын арасында заматта “эрип”, сиңип кетүүгө мүмкүндүк берет. Илбирс каалаган учурда жалт кайып болуп, адамдын көзүнө көрүнбөй, мейкиндикке кирип, жок болуп кете алат. Бул – апыртмасы жок, ашыкча мактоосуз эле – чын сөз. Ал өзү жашаган аймакты толук көзөмөлдөгөн улуу күч-кубаттын символу. Эң таң калыштуусу, бул касиеттүү жырткыч арстан же жолборс сыяктуу айбаттуу күркүрөп, ырылдоону билбейт. Анын алкымынын өзгөчө түзүлүшү үн байламталарынын катуу күркүрөөсүнө жол бербейт. Илбирс карды же топуракты шилеп, ыркырайт жана бири-бири менен учурашканда мурду аркылуу “чих-пых” деген сылык, назик добуш чыгарат. Бул — чыныгы улуулуктун далили: илбирс күч-кубатын “бакырып-кыйкыруу” менен эмес, ички сүрү менен, салмактуулугу жана сабырдуулугу менен көрсөтөт.
Илбирстин эң уникалдуу мүчөсү — анын кереметтүү куйругу. Анын узундугу дээрлик денесинин узундугу менен барабар. Анын куйругу бир нече улуу миссияны аткарат. Биринчиден, ал — биологиялык баланс. Илбирс аскадан аскага улуу секириктерди жасаганда (айрым учурда 10-15 метрге чейин), куйругу абада руль кызматын аткарып, тең салмактуулукту кармайт. Экинчиден, ал — табигый моюн орогуч. Тоодо бороон-чапкын болуп, аяз күчөгөндө, илбирс куйругу менен бүт денесин, мурдун ороп, үшүүдөн сактанат жана куйругунун учу түшүп кетпеши үчүн тиши менен тиштеп алып уктайт. Бул образ бизге адамдык жашоодогу тең салмактуулукту жана өзүн-өзү коргой билүүнүн акылмандыгын үйрөтөт. Үчүнчүдөн, бул куйрук — тарбия куралы. Илбирстин балдары аңчылыктын алгачкы сабактарын энесинин куйругун кууп, аны тиштеп ойноп жатып үйрөнүшөт.
Мындан сырткары, анын чоң, жазы тамандары карда жүрүүгө ынгайлашкан. Алар дененин салмагын тегиз бөлүштүрүп, басып баратканда кирип, тыгылып калбай, кар үстүндө жеңил жана ийкемдүү жүрүүсүн камсыз кылат. Ал эми мурдунун чоң көңдөйлөрү бийик тоодогу суюк абаны өпкөгө жеткиргенге чейин жылытуучу “кондиционердин” ролун аткарат.
Андан башка, илимпоздорду таң калтырган кереметтердин эң туу чокусу — илбирс эненин мээрими. Илбирстин ургаачысы балдары туулгандан кийин жатып уктай турган уя-бешикти өзүнүн эң жумшак, эң жылуу жүндөрүн өзүнүн төш жүндөрүнөн жулуп туруп жасайт. Бул — табияттагы энелик мээримдин эң улуу жана эң уникалдуу көрүнүшү. Бул — өз баласын ак бешикке бөлөп, ага бүтүндөй өмүрүн, мээримин жана ички жылуулугун берген көчмөн кыргыз энелерин элестетет. Илбирстин бул касиети кыргыздын үй-бүлөлүк баалуулуктарынын, энелик мээримдүүлүктүн жана тукум улоонун улуу символу катары биздин ал тууралуу түшүнүгүбүздү ого бетер тереңдетет.
ГЛОБАЛДУУ ДҮЙНӨ жана БАРС: ЭКО-ФИЛОСОФИЯ
Философиялык ой жүгүртүү дайыма реалдуу турмуштун маселелери менен айкалышканда гана өзүнүн чыныгы баасын алат. Биз жогоруда талдап өткөн мифологиялык образдар, рухий параллелдер жана биологиялык кереметтер бүгүнкү глобалдуу дүйнөнүн эң курч экологиялык чакырыктары менен түздөн-түз байланыштуу. Бул контекстте Барс — жөн гана кооз жаныбар эмес, ал заманбап илимде экосистеманын абалын аныктап турган негизги көрсөткүч (“вид-индикатор”) деп аталат. Илбирс өзү жашап жаткан экосистемада тамак-аштын бар экенин кабарлап турган да жандуу прибор. Демек, эгер тоодо илбирс аман-эсен, эркин жашап жаткан болсо, анда ал жердеги жаратылыш таза, суулар мөлтүр, жапайы жаныбарлар (тоо эчки, аркарлар) жетиштүү жана бүтүндөй экосистема “жакшы абалда” экенин билдирет. Илбирстин жоголушу — тоо кутунун качышы, табигый баланстын бузулушу жана тоо элинин келечегине коркунуч туудурган сигнал.
Тилекке каршы, ХХ кылымдын аягы жана ХХI кылымдын башында адамзаттын ач көздүгү, браконьерлик жана климаттын өзгөрүшү бул улуу жаныбарды тукум курут болуу абалына алып келди. Дүйнө жүзү боюнча илбирстин жалпы саны абдан азайып кеткен. Бирок дал ушундай кыйын кезеңде Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында чыныгы Эко-Философиялык лидерлик миссияны өз мойнуна алды. Биздин өлкө илбирсти коргоо боюнча глобалдык демилгелердин ордосуна айланды. Атактуу Бишкек декларациясынын кабыл алынышы жана Глобалдык программанын (GSLEP) катчылыгынын Бишкек шаарында жайгашышы — Кыргызстандын дүйнөдөгү 12 өлкөнүн башын бириктирип, жаратылышты сактоодогу улуу эркин көрсөттү.
Мамлекет башчысынын чечкиндүү кадамдары, анын ичинде илбирсти улуттук символ катары таануу тууралуу Жарлык жана браконьерликке каршы айып пулдарды 2 миллион сомго чейин көтөрүү сыяктуу катуу чаралар өзүнүн реалдуу жемишин бере баштады. Акыркы илимий эсептөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстандагы илбирстердин саны туруктуу өсүп, 500дөн ашты. Бул — курулай убадалардын эмес, мамлекеттик деңгээлдеги туура эко-идеологиянын жана “Унгужол” программасынын реалдуу жеңиши. Биз дүйнөгө жаратылышты багындыруучу эмес, аны коргоочу, тоонун касиетин жана кутун сактоочу улуу көчмөн философиясын заманбап деңгээлде кайрадан көрсөтө алдык
ЖЫЙЫНТЫК
Жыйынтыктап айтканда, Барс — Кыргыз элинин кечеги эс-тутумунун, бүгүнкү кайра жаралып жаткан аң-сезиминин жана улуттук дүйнөтаанымынын улуу символу. Ал биздин мифтерде тоонун ыйык ээси, эпосторубузда Улуу Манас бабабыздын колдоочу тотеми, ал эми улуттук кулк-мүнөзүбүздө бийиктикти, эркиндикти жана тайманбастыкты сүйгөн кыргыз рухунун күзгүсү болуп саналат.
Бүгүн Президенттин демилгеси жана “Унгужол” программасынын алкагында Барс образынын заманбап идеологиялык деңгээлге көтөрүлүшү — улуттук демди бекемдөөнүн эң туура стратегиясы. Барсты сактоо — бул жөн гана биологиялык түрдү сактоо эмес, бул — кыргыздын өзүнүн улуттук кодун, тарыхый аң-сезимин жана улуттук дүйнөтаанымын сактап калуу деген сөз. Улуу Тоонун ээлери катары бийик чокуларга чыгып, дүйнөгө көз салып турушкан барстар, өздөрүн кандай эркин жана сыймыктуу сезип жашап жатышса, аны улуттук символ туткан Кыргыз улуту өз мамлекетин дүйнөлүк аренада даңазалап, дүнгүрөп, өнүгө бермекчи!
БАЙАС ТУРАЛ