БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУНА БАЛА БАКЧА ЖООПТУУ

  • 13.12.2024
  • 0

Бала бакчада тарбиячылардын балдарга кол көтөргөн окуясынан улам коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып, кызуу талкуунун аягы басыла элек. Баласын тарбиячыларга ишенип кечке алардын кароосуна таштаган ата-энелер бул окуядан кийин коопсуз абалда калышканы жашыруун эмес. Бирок кенже балдардын очогу болгон бала бакчалардын баарында эле мындай көрүнүш бар деп айтууга негиз жок. Тажрыйбалуу, мээрими балага төгүлгөн, эркелигин энесиндей көтөрө билген тарбиячылардын кадырына доо кетирген бул окуя башкаларга сабак болушу керек деп ойлойбуз. Сузактагы окуядан кийин Билим берүү жана илим министрлиги кандай чараларды көрүп жатканын билүү максатында аталган мекеменин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымовага айрым суроолор менен кайрылдык.

-Нурзида Абабакировна, Сузактагы окуя коомчулук үчүн чоң коңгуроо болду окшойт. Бул кейиштүү көрүнүш кандайча каралды ошого токтолсоңуз?

— Сузак районундагы бала бакчадагы өкүнүчтүү окуя боюнча министрлик тарабынан дароо комиссия түзүлүп, жеринде териштирилип чыкты. Социалдык тармактарда тараган окуянын бир нече келип чыгуу себептери изилденип, такталып, аныкталып текшерилди. Мында балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоонун, коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын министрликтин чыгарган инструкциялары, буйруктары тиешелүү деңгээлде аткарылбай калган. Тарбиячылар  бала бакчада болгон учурда алардын өмүрүнө, ден соолугуна жеке жоопкерчилик тарта тургандыгын   эске албаганы көрүнүп турат. Мындай окуяларды болтурбаш үчүн бардык бала бакчаларда комплекстүү иш-чаралар  жүргүзүлүп жатат.  Бул окуя болгондон кийин ал жердеги кызматкерлер  тийиштүү жасаларын алып, шалаакылык үчүн иштен бошоп кетишти.

— Бирок бул маселе бошоп кетүү менен эле чечилбейт эмеспи. Бала бакчага балдарды сүйгөн, мээрим бере алган, баланы өнүктүрө алган тарбиячылар кызматка келиш керек эмеспи?

-Туура айтасыз. Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча алганда тарбиячыларыбыздын баарынын эле жогорку билими бар. Алар ар кандай предметтердеги  мугалимдер болушу да мүмкүн. Айрымдары экономист, финансист катары жогорку билимдүүлөр. Бирок балдар менен иштеген, алардын курактык өзгөчөлүктөрүн, психологиясын билген адистер болушу керек. Ошондуктан булар азыр 2020-жылы жаңы мамлекеттик стандарт чыккандан кийин, бизде мейли жогорку билими барлар иштесин, бирок алар балдардын өзгөчөлүктөрүн, психологиясын билиш үчүн жок дегенде 72 сааттык милдеттүү түрдөгү квалификациясын жогорулатсын деген талаптар коюлган. Учурда 60 пайыздан ашык тарбиячылардын кызматтык квалификациясы бар. Ошондой болсо дагы жогорку билимдүү, квалификациясы жетиштүү, атайын курстардан өткөн мугалимдерибиз тарабынан жогорудагыдай окуянын болуп калганы өкүндүрөт. Бул анын адамгерчилигине, моралдык психологиялык абалына  дагы бир нече купуя себептерге байланыштуу болот. Айта кетээрим, билим берүү уюмдарына тарбиячылар кызматка кабыл алынарда сөзсүз түрдө наркологиялык диспансерде,  психикалык ооруканада учётто турбайт, соттолгон эмес деген тастыктамаларды алып келишет. Бул текшерүү жумушка кирип жаткан учурда болот. Андан тышкары, жыл сайын окуу процесси башталганда жугуштуу оорусу жок  деген санитардык китепчеси толтурулганда гана иштегенге уруксат берилет.

— Дагы кандай кескин чаралар көрүлүүдө?

-Азыркы учурда жалпы республика боюнча ар бир облуска окуу-графиктерин бекитип, балдардын өмүрүн, ден соолугун коргоо боюнча инструкцияларды окутуп баштадык. Андан сырткары, ар бир бала бакчага балдардын жеке өмүрүнө жоопкер экендигин эскертип, кол коюу менен инструкцияларды тааныштырып жатабыз. Учурда жалпы республика боюнча 63, 3 пайыз б.а. 1186 бала бакчаларда видеокөзөмөл бар. Мындан ары бардык бала бакчаларда видеокөзөмөл  орноштуруп, туруктуу негизде  иштетүү жагын караштырып жатабыз. Андан кийин булар видеокөзөмөлдү өчүрүп салбасын деп ата-энелер комитетине мүмкүнчүлүк берүүнү карадык. Ал коопсуз шаар деп айып пул салып, карап жаткан электрондук онлайн системасындай иштеши керек. Ошол эле учурда  ички иштер министрлигине атайын кат менен кайрылып,  көзөмөл көз карандысыз орган катары  сиздер аркылуу жүргүзүлсө деген маанидеги долбоорду сунуштап жөнөттүк. Эгер булар ишке ашып калса, комплекстүү иш-чаралар жүрөт.

— Бала бакчанын жетекчилеринин сапаттык деңгээлин көтөрүү боюнча маселеге токтоло кетсеңиз?

— Негизинен мектепке чейинки билим берүү уюмдарына буга чейин директорлор айыл өкмөтүнүн сунушу менен тааныш-билишке карай дайындалып жүргөн. Алардын мыйзамдык-ченемдик укуктук актылар менен анчалык деле  кабары болгон эмес. Жумушунда инструкциялар менен бакчадагыларды тааныштырып койбой, тийиштүү иш-чараларды жүргүзбөй  эле иштей беришкен. Эми билимин жогорулатсын, мыйзамдарды, материалды, жоопкерчиликти билсин деген максатта  бала бакчалардын  директорлорун тандоо конкурсу жарыяланды. Өз билимдерин жогорулаткан, тестирлөөдөн өтүп, жакшы көрсөткүчтү көрсөткөн директорлор келип жатат.  Жаңы келген директорлор сөзсүз түрдө тарбиячыларга   билгендерин үйрөтөт деп ойлойбуз. Ал директорлор бакчага адистерди кабыл алат жана бошото алат. Ошондуктан  ишке жогорку билимдүү тарбиячыларды кабыл алышы керек. Мектепке чейинки билим берүүнүн жетекчисине  дагы, кызматкерлерине дагы мындан ары күчөтүлгөн тартипте балдардын коопсуздугун камсыз кылууга катуу талаптар коюлуп жатат. Мамлекеттик билим берүү стандартында тарбиячынын квалификациялык талаптары киргизилген. Андан сырткары, быйылкы жылы август айында Мектепке чейинки билим берүүнүн кесиптик стандарты иштелип чыкты. Коомдо азыркы учурда ошол стандартка ылайык тарбиячы даярдалышы керек.

-Бала бакчалардын саны өстү.  Адистер жетиштүүбү?

-Азыркы учурда Улуттук статистикалык комитеттин  маалыматы боюнча бакчага 28,3 пайыз балдар барып жатат. Биздин ыкчам маалыматтар боюнча 35 пайыз балдарды бала бакча менен камсыз кылганга жеттик. Эгер жүз пайыз бала бакча менен камсыздайбыз десек, анда кеминде 20 миңге жакын кызматкер керек болот. Келечектеги тарбиячыларды азыркы учурда педагогикалык багыттагы жогорку окуу жайлар даярдашууда. Быйыл пилоттук негизде кесилишкен адистиктерди даярдоо каралып, бекитилип жатат.   Тиешелүү дипломго ээ болуу үчүн  учурда төрт жыл окуу каралган.  Ошол окуу мөөнөтү бир жылга кыскартылат. Бул пилоттук иштин жыйынтыгына жараша болот. Жакшы адистиктерди тез, ыкчам, сапаттуу даярдаганга аракет кылып жатабыз. Андан тышкары,  туруктуу негизде квалификациясын жогорулатып туруусуна талап коюлууда. Бүгүнкү күндө мамлекеттик мурунку стандартка ылайык беш жылда бир квалификациясын жогорулатсын деген талап болсо, азыр туруктуу негизде тарбиячы өзүнүн квалификациясын жогорулатып турушу парз. “Мугалим” деген атайын платформа иштелип чыкты. Бул платформада мугалимдер, тарбиячылар өзүнүн канчалык деңгээлде билимин жогорулатканын, өнүгүп жатканын көрсөтө турган портфолиосу ишке кирип жатат. Мугалим канчалык өнүгүп, өзүнүн үстүндө иштесе, ал ошончо жогорку эмгек акы алат. Өнүкпөсө айлыгы менен калып олтура берет. Же болбосо начар иштесе, жумуштан четтетүү  талаптары коюла турган багытка баратабыз. Жогорудагы көрүлгөн иш-аракеттердин баары бала бакчаларда боло калган терс көрүнүштөрдү такыр болтурбоонун  иштиктүү чаралары экендигин баса белгилеп кетким келет.

Уланбек МАМБЕТАКУНОВ, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору:

 

“БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ТРАНСФОРМАЦИЯЛОО КОМПЛЕКСТҮҮ МАМИЛЕНИ ТАЛАП КЫЛАТ”

-Урматтуу Уланбек Эсенбекович, кийинки кездерде балдар бакчаларында балага болгон мамиленин терс жагына өзгөрүп жатканын окумуштуу, педагог  катары кандай кабыл алып жатасыз?

-Тилекке каршы, акыркы жылдары айрым ата-энелердин, улуулардын балдарга болгон мамилеси ар бирибизди бир жагынан таң калтырып жатса, экинчи жагынан жүрөктү оорутат. Балдарга зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча бала бакчалардын ишин трансформациялоо комплекстүү мамилени, анын ичинде билим берүү саясатын, тарбиялык практиканы, балдар жана ата-энелер менен өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле бала бакчалардын ишинин структурасын өзгөртүүнү талап кылат.

үнүгө эмес, саат сайын өзгөргөн дүйнөдө жакшылардын үлгүсүн алып жатканыбыз менен мындай бейадеп, кара мүртөздүк  кайдан эле көбөйүп кетти?

-Биз башка мамлекеттердин тажрыйбасын өзүбүзгө үлгү катары кабыл алганга аракет кылып жатабыз, бирок ошол эле учурда өзүбүздүн баалуулуктарыбызды унутуп, балдарыбызды уруп сокконго өтүп кеттик. Ар бир тарбиячы өздөрүнүн жоопкерчилигин түшүнүшү керек.

-Ага жетиш үчүн эң алды эмнелерди жасашыбыз парз?

-Бул максатка жетүүгө жардам бере турган кээ бир негизги багыттар деп төмөнкүлөрдү белгилемекчимин: Биринчиден, тарбиячылардын квалификациясын жогорулатууну күчөтүү зарыл. Мында тарбиячылар үчүн тренингдер көп өтүлүшү парз. Тарбиячылар балдарды зордук-зомбулуктан кантип коргоо, зомбулуктун белгилерин кантип таануу жана аларга натыйжалуу жооп кайтаруу боюнча үзгүлтүксүз тренингдерден өтүшү маанилүү. Экинчиден, тарбиячыларга психологиялык колдоо көрсөтүү керек. Тарбиячылар зомбулукка кабылган балдар менен иштөө же чоңдордун эмоционалдык жана физикалык зомбулуктарын алдын алуу үчүн психологиялык колдоо жана кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу маанилүү. Үчүнчүдөн,  коопсуз чөйрөнү түзүп берүү. Бул жерде жалгыз гана физикалык чөйрөнү айтпастан, психологиялык жактан дагы жагымдуу маанай түзүп берүү шарт. Тарбиячылар менен кичине балдардын ортосундагы урмат, ишеним атмосферасын түзүү маанилүү. Балдар ата-энесине гана эмес тарбиячыларга, коомго керектигин түшүнүү зарыл.

 -Сыйлоо жана толеранттуулук маданиятын өнүктүрүү да маанилүү эмеспи.

-Ооба, ошону айтайын деп тургам. Балдарды кичинесинен эле бири-бирин сыйлоо принциптерине үйрөтүү, чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүгө жана жеке чектерди сыйлоого үйрөтүү маанилүү. Бул нерселер бала-бакчада да, үй-бүлөдө да айтылышы керек. Андан сырткары, инклюзивдүүлүк принцибин сактоо: бала бакчада ар бир балага, анын өзгөчөлүктөрүнө карабастан бирдей шарттарды түзүп берүү зарыл.

-Бала бакчада ата-энелер менен тыгыз иштөө да маанилүү  эмеспи?

-Ооба, туура айтасыз, зордук-зомбулуктун алдын алуу процессинде ата-энелердин ролу өтө маанилүү. Бала бакчалар ата-энелер менен жигердүү кызматташып, аларды тарбиялоо маселелери боюнча чогулуштарды жана тренингдерди өткөрүп, ошондой эле баланын эрте өнүгүшүнө жардам бериши керек.

Зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн бала бакчаларды трансформациялоо – бул бир гана балдар менен иштөө эмес, мугалимдер, ата-энелер, жалпы коомчулук менен системалуу иш алып баруу. Маанилүү аспект — зордук-зомбулук мүмкүн эмес жана кабыл алынгыс, ар бир бала өзүн баалуу жана корголгонун сезе турган ишеним жана коопсуздук атмосферасын түзүү. Негизги максат ушулар эмеспи. Ар бир инсан бала биздин келечегибиз дегенди түшүнүшү керек. Мамлекет жана ата-эне ишенич менен тарбиячыларга берген балдарынын жашоосуна балта чаппайлы.

Биздин Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институттун алкагында келечектеги бала-бакчалардын тарбиячылары адистигиндеги студенттер дагы даярдалат. Окуу пландарыбызга балдарга психологиялык жардам берүү, ата-энелер менен иштөө ыкмалары дагы киргизилген. Эң негизгиси — кичинекей балдардын эрте өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү.

Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер