БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ДАЯРДООДОГУ ҮЧ БАГЫТ

  • 08.12.2022
  • 0

Кыргызстандын мектепке даярдоо программасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде сыймыктана турган үлгүлүү долбоорлордун бири. Мындай пикирин КР билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова 7-декабрда Бишкек шаарында өткөн билим берүү секторунун биргелешкен обзорунда билдирди.

Бала бакчалардын 59% гана интернетке туташтырылган

Нурзида Касымова өзүнүн баяндамасында кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу, вариативдүү, альтернативдүү бала бакчаларды иштетүү, балдарды өнүктүрүү борборлорунда мектепке даярдоо, балдарды туура тамактандыруу, бала бакчаларды каржылоо, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери бүгүнкү күндө бул тармактагы эң приоритеттүү маселе экендигин белгиледи. Баяндамачынын маалыматы боюнча учурда бала бакча менен камсыздоо 24% түзөт. Бирок кыска мөөнөттүү бала бакчаларды, вариативдүү, альтернативдүү бала бакчаларды, балдарды өнүктүрүү борборлорун ачуу аркылуу жалпы мектепке чейинки программа менен камсыздоо 48,6%га жеткен. 2000-жылы 416 гана бала бакча болсо, азыр бала бакчалардын саны 1712ге жетти.

— Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн үч жылдык кыска мөөнөттөгү планы үч багытта жүргүзүлөт. Биринчи багыты – жеткиликтүүлүк, экинчиси — сапат жана үчүнчүсү каржылоо маселеси. Бала бакчалар республикалык, жергиликтүү жана ата-энелердин колдоосу болуп үч булак менен каржыланат. Республикалык бюджеттен белгилүү болгондой, эмгек акы жана соцфонд камсыздалат, ал эми калган чыгымдардын баары жергиликтүү бюджеттен каралат. Бирок жергиликтүү бюджеттин 85% дотацияда олтургандыктан, коммуналдык төлөмдөр жана жыл сайын өткөрүлүүчү кезектеги жеңил ремонт иштери каржыланат, ал эми окуу дидактикалык материалдар сыяктуу эң керектүү окуу материалдарына бир да сом акча бөлүнбөйт. Тарбиячылар окуу дидактикалык материалдарды өз колдору менен жасайт. Эгерде сапаттуу билим бергибиз келсе, ушул жагын көз жаздымда калтырбашыбыз керек. Өлкө жапырт санариптештирүүгө өтүп жаткан шартта республика боюнча 59% гана бала бакча интернетке туташтырылган. Калган 41% бала бакчага интернет байланышы киргизиле элек. Алар модем, мобилдик интернет менен маалымат базасын толтурууга аргасыз, — деди.

БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ДАЯРДООДОГУ ҮЧ БАГЫТ

Балдардын тамак-ашын ата-эне 100% каржылоого тийиш

Ал баса белгилеген дагы бир олуттуу маселе — бала бакчалардагы бөбөктөрдүн тамак-ашын каржылоо. Маалыматка ылайык, ата-энелер тамак-аштын 50% каржылайт. А бирок бүгүнкү күндө 89% бала бакчада гана ушул норма сакталып, калган миңден ашык бала бакчада сакталган эмес. Себеби инфляцияга жана тамак-аштын кымбатташына жараша ата-энелердин төлөмдөрү бир нече эсеге көбөйгөн, бирок жергиликтүү бюджеттики өкмөт бекиткен 18 сом менен эле калган. Мисалы, Бишкек шаарында тамак-ашка жумшалчу 60 сомду ата-энелер, 60 сомду мэрия төлөйт. Андыктан азыр балдардын тамак-ашын каржылоону толугу менен ата-энелерге жүктөө сунушталууда. Бишкек шаарында пилоттук негизде №47 жана №162 бала бакчасы өз алдынча каржылоого өткөн. Ага ылайык тамак-аш чыгымдарын ата-энелер жүз пайыз толугу менен төлөйт, ал эми мамлекет, мэрия эмгек акысын жана башкаларын каржылайт. Мына ошондо мамлекеттен жана жергиликтүү бийликтен бөлүнгөн каражат балдарды окутууга зарыл болгон окуу материалдарын сатып алууга жумшалмак.

Кыргыз билим берүү академиясынын мектепке чейинки жана башталгыч мектепте билим берүү лабораториясынын жетекчиси Нуржамал Бакиеванын пикиринче, ата-энелер балдарынын тамак-ашын толук каржылоого тийиш.

— Ата-энелер тамак-аш жагын каржыласа, каржылык көз карандылыкка жетишип, ошол эле учурда үнөмдөөгө жакшы шарт түзүлөт. Экинчиден ата-энелердин кызыкчылыгы, көзөмөлү күчөйт. Балдардын туура тамактануу маселеси да өзүнөн-өзү чечилет. Мисалы, Бишкекте бир бала үчүн 120 сом болсо, анын жарымын ата-эне, жарымын мамлекет төлөйт. Эгерде аны толугу менен ата-энелер төлөсө, мамлекеттен түшкөн акча үнөмдөлөт. Аны окуу пособиелерин, керектүү оюнчуктарын сатып алганга жумшамак, — дейт ал.

Лицензия алууну жеңилдетүү керек

Эл аралык тажрыйбага таянсак, мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүүгө абдан кылдат жана олуттуу мамиле жасалат. Мектепке чейинки куракта социалдашуу эң мыкты жүргөндүктөн, эрте куракта өнүктүрүү менен убакыттан уттурбоо зарыл. Башка мамлекеттердин тажрыйбасына таянсак, аларда жетишпей жаткан бала бакчалардын имараттарын эффективдүү пайдалануу кеңири жайылтылган. Өзбекстан мисалы, бала бакчаларды ачуунун жеңилдетилген нормаларын кабыл алып, бала бакчалардын санын көбөйтө алган.

— Бала бакчанын санын көбөйтүүгө санитардык нормалардын эрежелеринин татаалдыгы да тоскоол болбой койгон жок. Биз жакында эле Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Швеция мамлекетине барып көрдүк. Ал жакта уктоочу бөлмөлөрдөгү керебеттерди жыйнап коюунун эсебинен оюн ойноочу аянттарды кеңейтүүнүн эң сонун ыкмасын тапкан. Биз да ушул ыкманы колдонуп, балдарга оюн аянтчалары үчүн ыңгайлуу шарт түзөлү деп, Бишкек, Ош шаарларында жана Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунда пилоттук долбоор киргизгенбиз. Бирок Бишкек шаарында ишке ашкан жок, себеби саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен баштасак деле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору келип айып пул салды. Ал эми Аламүдүн районунда көп орунду ээлеген керебеттердин ордуна уктоочу матрастарды колдонуу менен имаратты эффективдүү пайдаланууну ийгиликтүү ишке ашыра алышты, — дейт Нурзида Касымова.

Республикадагы алты миң тайпалардын кеминде эле беш миңинде уктоочу бөлмөлөр балдар түштө эки саат уктагандан кийин бош эле турат. Мына ошондой имараттарды эффективдүү пайдалануу жана санитардык шарттарды, бардык ченемдик-укуктук документтерди ыңгайлаштыруу, лицензия алууну жеңилдетүү менен мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо планы ийгиликтүү ишке ашмакчы.

БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ДАЯРДООДОГУ ҮЧ БАГЫТ

Мектепке чейинки билим берүүнү талкуулоого катышкан республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов мектепке чейинки билим берүүнүн үч негизги көйгөйүн белгиледи.

—  Балдарды бала бакчаларга 100 пайыз камтуу үчүн кыска мөнөттүү бала бакчалардын санын кескин көбөйтүү жана лицензия берүүнү өтө эле жөнөкөйлөтүү керек. Мисалы, Казакстан лицензияны убактылуу алып туруп, бала бакчалардын санын көбөйтүп алды. Экинчи маселе – кадр маселеси. Бул жагынан үч багытта иштөө керек: кадрларды даярдоону күчөтүү, кайра даярдоону жеңилдетилген форма менен ишке ашыруу. Азыр 85% адис эместер олтурат. Аларды кыска мөөнөттүү офлайн жана онлайн окутуу ыкмаларын тандап, керек болсо балким, жеринде барып окутууну колго алалы. Бизде “Кыргызстан үчүн окутуу” деген бир долбоор башталганы турат. Ал долбоор адистерди эки жыл бою жайкы лагерде өзгөчө жол менен даярдап, колдоруна сертификат берет, — дейт Алмазбек Токтомаметов.

Китепканалардын базасында балдар борборлорун даярдоо

Бүгүнкү күндө жалпысынан эрте курактагы балдардын 98% мектепке чейинки окутуу программасы менен камсыздалган. Буга 2015-жылы киргизилген мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программасы өз салымын кошууда. Учурда 101 миң бала “0” деп аталчу класска барып жатат, ал үчүн мектептерде 4 миң 48 класс оңдолуп, эмеректер менен камсыздалган. Ал мектепке бир жыл калганда такыр бала бакчага барбаган балдарды башка балдар менен бирдей деңгээлде 1-класска даярдоо максатында атайын иштелип чыккан.

Маалым болгондой, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү пландаштырылып, жыл сайын 50 борбор ачылып жатат. Билим берүү министрлиги китепканачылардын квалификациясын акысыз жогорулатууну колго алган. Учурда 150 китепкананын базасында балдарды өнүктүрүү борбору иштеп жатат. 3800дөн ашык бала ата-энелери менен же өздөрү келип, жумасына эки сааттан үч жолу, үч сааттан эки жолу билим берүү программаларынын жардамы менен ар тараптуу өнүгүүдө. 2018-жылы 3-5 жаштагы балдар үчүн кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачылганы маалым. 2025-жылга чейин дагы 560 бала бакча ачуу пландаштырылган. Бул республика боюнча калктын саны жыш жайгашкан, бала бакчага өтө муктаж жана чек ара аймактарында ачылмакчы. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ылайыктуу имараттар менен камсыздаса, калганынын баары долбоордун эсебинен жүрөт, ал эми кызматкерлердин эмгек акысы республикалык бюджеттен төлөнөт.

БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ДАЯРДООДОГУ ҮЧ БАГЫТ

Мугалимдерди даярдоо, кайра даярдоо

Мектепке чейинки билим берүү сапатын көтөрүү максатында мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу мамлекеттик стандарты 2020-жылы иштелип чыккан. Мугалимдерди даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо боюнча атайын программаларга өзгөртүүлөр, толуктоолор жаңы стандартка ылайыкталып киргизилген. Учурда бул индикатор боюнча басып чыгаруу жана мугалимдерди окутуу каралган, азыр мугалимдер окутуу жүрүп жатат, ал эми басып чыгаруу мыйзам кабыл алынгандан кийин өзгөртүлгөн стандартка жараша болот.

Балдарды эрте өнүктүрүү боюнча китепканалардын базасындагы китепканачылардын системалуу түрдө квалификациясын жогорулатуу боюнча атайын иштелип чыккан модуль апробациядан өтүп институтка өткөрүлүп берилген. Окуулар туруктуу негизде жыл сайын улантылып турмакчы.

Республикадагы 8 миң тарбиячынын 15% гана мектепке чейинки билим берүүнүн адиси, ал эми калгандары ар түрдүү предметтерди окуткан, педагог статусуна ээ болгон мугалимдер. Андыктан тарбиячылардын квалификациясын жогорулатууга да көңүл буруу талапка ылайык. Бул албетте эрте жаш курактагы балдарды окутууда жана тарбия берүүдө эң маанилүү, анткени балдарды өнүктүрүүгө сөзсүз түрдө кесипкөй адистер келиши керек.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Айдана Саридинованын пикиринде, Бишкек сыяктуу балдардын саны көп аймактарда педагог өзүнүн билгенин үйрөтүп жетише албайт. Андыктан окутуунун сапатын жакшыртуу үчүн дагы бир педагогду кошуу же анын жардамчысын кайра окутуу керек деп эсептейт.

Инклюзивдүү билим берүү

Бишкектеги “АРДИ” майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин жетекчиси Тамара Жумабекова эрте жаш курактарды билим берүүгө тартууда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды да көңүлдөн сыртта калтырууга болбостугун белгиледи.

— Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебинде 18 жашка чейинки 34 миңден ашык бала бар. Чындыгында андан да бир жарым эсе көп болушу мүмкүн. Маалыматты карасак, Кыргызстанда 1700 бала бакча, алты миң бөлүм бар экен, алар бирок биздин майыптыгы бар балдарыбызды албайт. Эгерде ал бөлүмдөр үч гана баладан кабыл алса, 1800 майып бала бакчага барып калмак. Коомго кошулган балдардын акыл-эси өсүп, башка балдар менен мамиле түзгөндү үйрөнмөк. Ошол балдардын ичинен беш миң бала мектепке тартылса, анда мүмкүнчүлүктөрүнө жараша кесиптик билим алып, башкаларга да, өздөрүнө да пайдасын тийгизмек. 34 миң баланын ичинен беш миңге жетпеген гана бала мектепке барат экен. Балдарды эрте жаш курагында окутууга киришүүнүн натыйжасында ресурстук, реабилитациялык борборлор ачылса, алардын энелерин адистикке окутса, балдарынын акыл-эсин өстүрүүгө, коомго аралаштырууга жакындан жардам берүүчү жакшы механизм болмок. Билим берүү жагын Билим берүү жана илим министрлигине реабилитациялык жана ресурстук борборлорду Саламаттыкты сактоо менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтери колдоо көрсөтүшү керек. Балдарды 100 пайыз мектепке даярдоо программасына тартууда майыптыгы бар балдар биринчи приоритетке коюлушу керек. Мыйзам боюнча ар бир ишкана-мекемеде 5% майыптыгы бар адамдар иштөөгө тийиш, бирок аларда тиешелүү билим жок болгондуктан, ишке жарамсыз болуп калууда, — дейт Тамара Жумабекова.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер