БАЛДАР ДЕП СОГОТ ЖҮРӨГҮ
- 18.04.2025
- 0
Ат-Башы районундагы А.Курманалиев атындагы бала бакчанын тарбиячысы Гүлжан Надырбаева билим берүү тармагынын казанында кайнап келатканына он беш жылдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында бир топ тажрыйба топтоп, жумшак мүнөзү, боорукер мамилеси менен балдардын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлей алды.
Жан дүйнөсү таза, тунук бөбөктөр
Тарбиячы 2005-жылы Ат-Башы районундагы Ж.Шералиев атындагы орто мектебин аяктагандан кийин Нарын мамлекеттик университетинин биология факультетин, 2020-жылы мектепке чейинки билим берүү педагогикасынын магистратурасына тапшырып, окуусун ийгиликтүү бүтүргөн. Алгачкы эмгек жолун 2009-жылы өз билим уясында лаборант болуп иштөөдөн баштап, кийин мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоо жолун тандап, А.Курманалиев атындагы бала бакчада эмгектенип келатканына он жылдан ашты.
— Мага бала бакчада балдар менен иштеген абдан жагат. Бул жерде жүрөгү тунук, жан дүйнөсү аруу, таза балдардын арасында өзүмдү өзгөчө дүйнөгө түшкөндөй сезем. Алардын жанында жүрүү мага энергия тартуулайт. Балдар өздөрү али наристе болсо дагы бардык нерсеге акылы жетик, абдан баамчыл, зирек келет. Минтип айткан себебим, баскан-турганыңды эле эмес, кийген кийимиңе, чач жасалгаңдын өзгөргөнүнө чейин байкап, жагымдуу сөздөрүн “жаадырып” турушат. Бир жолу менин туулган күнүм болуп, балдарды каалоо-тилек айткыла дедим. Ошондо бир баламдын “Акчаңыз көбөйсүн” деген тилеги бир чети таң калтырса, бир чети кубандырды. Балдарымдын ар бир тилегинен чоң мотивация алам. Бакчадагы ар кыл иш-чара, балдар менен өткөргөн көз ирмемдердин бардыгын видеотасмага тартып турам, — дейт тарбиячы.
Гүлжан айым педагогикалык кызматкер болууну бала кезинен эле кыялданган. Мектепте окуп жүргөндө эжейинин тапшырмасы менен классынын тизмегинен тартып, окуучулардын жүрүм-туруму, дептерлеринин тазалыгы, жетишкендиктеринин баарын атайын дептерге жазып, мугалиминин жардамчысы болор эле. “Кээ бир классташ кыздардын мени таза деп жазып койчу деген суранычтарын аткарбай, каадаланчу элем” дейт, ал күндөрүн эстеп жылмайып. Мына ушундай мектеп курагынан эле ишине так, жоопкерчиликтүү, тырышчаак кыз мектептеги иш-чараларда активдүү катышып, окуунун алдыңкысы болуп, жалан “5” деген баага окуган. Окуудагы жакшы жетишкендиктери жетекчиликтин көз жаздымында калбай бааланып, 11-классында ошол кездеги Президент Аскар Акаевдин стипендиясына да илингенин сыймыктануу менен белгилеп өттү.
— Ажонун колунан кысып, диплом жана сыйлык алган күн эсимден такыр кетпейт. Эсимде, мектеп директорубуз өзүнүн унаасы менен алып барып келген. Келгенде “Президенттин колунан ким эле сыйлык алып жатыптыр” деп ыраматылык атама мактана айтып, сыймыктанган. Ошол көз ирмемдер мага дем берип, андан кийин да ийгиликтерди багындыруума жол ачып берди, — дейт тарбиячы.
Гүлжан Надырбаева балдарга таасирдүү тарбия берүү үчүн талыкпай изденүү жолунда. Заманга ылайык санарип мугалим болуу үчүн бир катар окуулардан өтүп, заманбап билим берүүнүн сырларын күн сайын өздөштүрүп келет. Кесипкөйлүгүн дагы да жогорулатып, тажрыйба топтоо, билимин жаңылоо максатында быйылкы “Мыкты тарбиячы” сынагына да катышууда. Себеби башкы максаты — чыгармачылык менен изденүү аркылуу жаш муундарга татыктуу тарбия берүү.
Тарбиячынын айтымында, бакчада иштеген адам эң оболу баланы сүйүшү, жан дүйнөсү бала деп согуп туруш керек. Эгерде жан дүйнөңдө башка болсо, анда канчалаган методдорду колдонсоң да, балага берген тарбияң жугумдуу болбой, балдардын жүрөгүнөн орун тапмак түгүл, эч бир балага жакындай албасын ал жакшы билет.
— Азыр жасалма интеллект, санариптешүү деп жатканыбыз менен адамдын өзүнүн интеллекти бийик болушу керек. Ошондо гана балдарга эң жакшы билим берип, тарбиялайбыз, өнүктүрөбүз жана өстүрөбүз. Баланын фундаменти бала бакчадан түптөлөт, алгачкы турмуштук элементтерди мына ушул бакчадан үйрөнүп, мектеп-билим деген түшүнүк пайда болот. Ошондуктан бала бакчанын таасири ар бир бала үчүн жагымдуу, эсте каларлык болушу өтө маанилүү, — дейт Гүлжан Надырбаева.
Бала бакчадагы түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү кесипти аркалап келе жаткан тарбиячы өмүрлүк жолдошу экөө беш баланы татыктуу тарбиялап келет. Сүйүктүү кесиби менен үй-бүлөсүн бирдей алып кетишине жакындарынын колдоосу чоң. Себеби алар жеңилин жерден, оорун колдон алып, жумушунда же тиричилик жумуштарында болбосун, бардык жагынан жардамын аябай турган адамдар. Мындай колдоо ар бир аялзаты үчүн эң баалуу жана кайтарымдуу экенин ар бири жүрөгү менен сезери бышык.
Заманбап тарбиячы кандай болушу керек?
Гүлжан Надырбаева 2016-жылдан бери эмгектенип келаткан Анапия Курманалиев атындагы бала бакчасы 1982-жылы 140 орундуу типтүү бала бакча катары курулуп, учурда мында 160 бала тарбияланууда. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Бактыгүл
Бекташованын айтымында, азыркы учурда тарбиячыга коюлган талаптар өтө жогору. Аны менен бирге иштеген кесиптештери эң оболу “Заманбап тарбиячы кандай болушу керек?” деген суроого жооп берүүсү керек. Ал — акылдуу, билимдүү, насаатчы, сүрөтчү болууга тийиш. Балдарды тарбиялоо үчүн керектүү бардык билимдерге ээ болуп, аны сабактарда туура колдоно билиши керек. Гүлжан Надырбаева мына ушул талаптарга жооп берген тарбиячы.
— Тарбиячы кесиби — өтө ардактуу жана кадырлуу. Балдардын инсандык сапатын калыптандырууга жана алардын келечектеги тагдырын өнүктүрүүгө баланын ата-энеси менен бирге тарбиячы да жооптуу. Бул үчүн оболу баланын тилин таба билүү зарыл. Тарбиячыбыз Гүлжан бул жагынан алдына киши салдырбайт. Тарбиялануучулар абдан жакшы көрүп, күткөн кызматкер. Ошондой эле “Мектептер 2030” программасынын алкагында Ага Хан долбоорунда да алгылыктуу иштерди жасап, 5-6 категориядагы балдар менен иштеп, эң сонун сабактарды көргөзүп келди. Быйылкы окуу жылында 1- кенже тайпасында балдарга дагы жаш өзгөчөлүгүнө жараша STEM багытындагы сабактарды өтүп, тажрыйбасы менен бөлүшүп талыкпай иштеп жатат. Мен, Гүлжандай тарбиячыларым бар экендигине сыймыктанам! — дейт бала бакча жетекчиси. Жетекчинин мына ушундай жогору баасына татыктуу болгону тарбиячы үчүн да абдан сыймыктуу болсо керек.
Айгерим ТОКТОБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер