БАЛА БАКЧА: ЖАШЫЛ КӨНДҮМДӨР ЖАНА БӨБӨКТӨР
- 20.10.2025
- 0
Бала бакчада балдарга жаратылышты сүйүү түшүнүгүн кантип калыптандырууга болот? Анткени адистер жаратылышка аяр мамиле жасоону бала эс тарта баштаганда үйрөткөндө жугумдуу болорун эскертишет. Тилекке жараша, учурда айлана-чөйрөнү туура баалоо жана туура мамиле жасоо жашыл көндүмдөр деген жалпы түшүнүк кеңири тарап, балдар ал тууралуу билимди бала бакчадан ала баштады.
Жашыл көндүмдөр мамлекеттик билим берүү стандартында
КР Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Индира Токонованын айтымында, балдарга жашыл көндүмдөрдү үйрөтүүнү эрте жаш курактан баштаган оң.
— Жашыл көндүм – бул жаратылыш ресурстарын үнөмдүү колдонгон коомдо жашоо, аны өнүктүрүү жана колдоо үчүн зарыл болгон билим, жөндөм, баалуулуктар жана мамилелер, ага карата жаш муундардын түшүнүгүн, аң-сезимин өстүрүү.
Балдарга жашыл көндүмдөрдү — экологиялык маданиятты, таза жана туура жашоо образын калыптандырууну, деги эле айлана-чөйрөгө, табиятка мамиле түзүүгө үйрөтүүнү эрте жаштан баштаган туура болот. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары бул багытта чоң роль ойнойт. Анткени бул иштер Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мамлекеттик билим берүү стандартына” ылайык ишке ашырылат.
“Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартынын 2-главасындагы мектепке чейинки билим берүүнүн максаттары, милдеттери жана күтүлүүчү натыйжаларында заманбап экологиялык көйгөйлөрдү, климаттын өзгөрүү маселелерин, туруктуу өнүгүү үчүн жаратылышка аяр мамиле жасоону жана жоопкерчиликтүү керектөөнү эске алуу менен дүйнөнүн бүтүндүк түшүнүгүн калыптандыруу максаты каралган.
Мында мектепке чейинки курактагы балдардын негизги компетенциялары катары таанып-билүү ишмердүүлүгүнүн компетенттүүлүгү, экологиялык сабаттуулугу жөнүндө түшүнүк берилет. Тагыраак айтканда, балдарда адамдын табигый чөйрө менен байланышын түшүнүү, жаратылышта жүрүм-турум ченемдерин жана эрежелерин билүү жана сактоо, жаратылыш кубулуштарынын себеп-натыйжа байланыштарын белгилөө, келечекти жакшыртууда өзүнүн ролун түшүнүү көндүмдөрүн калыптандыруу иш-аракеттери жүргүзүлөт. Мисалы, “Жаратылыштын досу бол!” аттуу сабактар өтүлүп, анда балдарга дарактардын, гүлдөрдүн, жаныбарлардын ролу түшүндүрүлөт. Экологиялык мультфильмдер көрсөтүлүп, алар боюнча баарлашуу жүргүзүлөт, — дейт.
Ал ошондой эле практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу максатында бала бакчалардагы ар бир тайпада тазалык бурчтары уюштурулуп, балдар күн сайын оюнчук, китеп, идиш-аяк ж.б. каражаттарды тазалап үйрөнүүгө тийиш экендигин белгиледи. Анткени бул каражаттарды туура колдонуу, аларды сарамжалдуу пайдалануу да экологияны сактап калууга чоң жардам экендигин балдарга түшүндүрүү зарыл. Бала бакчаларда жыл сайын колдонулган буюмдардан жаңы буюмду жасоо боюнча сынактар өткөрүлүп, ага ата-эне жана балдар активдүү катышат. Балдар ата-энелери менен биргеликте жашыл өсүмдүктөрдү отургузуу, аларга кам көрүү иш-чараларына катышып, жашыл өсүмдүктөрдүн табияттагы жана адамдын жашоосундагы маанисин өз көзү менен көрөт.
— Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ден соолук жана жашыл жашоо образы боюнча балдарга тазалык эрежелери тууралуу роликтер көрсөтүлүп, андан кийин практикалык көнүгүүлөр жүргүзүлүп турат. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте кол жуу, тиш жуу, курчап турган чөйрөнү таза сактоо боюнча тарбиячылар үчүн атайын колдонмолор иштелип чыгып, республиканын ар бир район, шаарларында бир күндүк семинарлар өткөрүлдү.
Бала бакчаларда экологиялык тарбияны практикалык иштер аркылуу жүргүзүү – балдардын табиятты түшүнүүсүн, байкоо жүргүзүү көндүмдөрүн жана экологиялык аң-сезимин өнүктүрөт. Жөнөкөй лабораториялык иштер – балдар үчүн жеткиликтүү, кызыктуу жана үйрөнүүгө ылайыктуу усулдардын бири болуп саналат. Азыркы учурда “Өсүмдүк кантип өсөт?”, “Таза суу жана кир суу”, “Кайсы таштандылар чирийт?”, “Эмне үчүн таштандыны бөлүп чогултабыз”, “Абанын булганышы” ж.б. темадагы лабораториялык иштер балдар менен биргеликте өткөрүлүүдө. Бул байкоо жүргүзүү, салыштыруулар, балдардын экологиялык ой жүгүртүүсүн эрте өнүктүрүүгө жардам берет жана жаратылыш менен байланышты тереңдетет, балдарда жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырат, — дейт адис.
Бала бакчадагы экологиялык жумалыктын таасири
Токмок шаарындагы №3 “Аленушка” бала бакчасынын тарбиячысы Жамиля Русланова ал иштеген бала бакчада бөбөктөргө экологиялык тарбия берүү темасына өтө терең маани берилерин белгиледи.
— Экологиялык тарбия – адамда жаратылышка, айлана-чөйрөгө аяр жана гумандуу, ошондой эле жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун ченемдерин жана көндүмдөрүн калыптандыруунун үзгүлтүксүз жана максаттуу процесси болуп эсептелет. Биздин бала бакчада ушул жайда мектеп жашына чейинки балдардын экологиялык аң-сезимин кеңейтүүгө багытталган экология жумалыгы өттү. Ага мугалимдер жана балдар гана эмес, ата-энелер да активдүү катышты. Экология жумалыгынын алкагында бала бакчанын тайпаларында түрдүү иш-чаралар өттү. Балдар Кызыл китеп менен таанышты. Ошондой эле балдар “Жашылча-жемиштерди чогулткула”, “Аз-көп”, “Витаминдүү бакча”, “Булуттар-булуттар” ж.б. көптөгөн экологиялык темадагы оюндарга зор кызыгуу менен катышты. Биздин мугалимдер стол бетинде ойногон оюндарды, сюжеттик роль аткаруу оюндарын өткөрүштү. Андан тышкары, алар балдар менен бакчанын короосуна байма-бай экскурсияга чыгышып, аба ырайынын өзгөрүлүшүнө байкоо жүргүзүп, жылдын төрт мезгили, жаныбарлар, өсүмдүктөр жөнүндө кызыктуу маалыматтарды айтып, белгилүү жазуучулардын ырларын окуп берип турат.
Биздин тарбиячылар жакында эле STEAM технологияларын колдонуп, суу, кум менен эксперимент жүргүзүштү. Мугалимдер экологиялык билим берүү үчүн аппликация менен иштөө, сүрөт тартуу сабактарын өткөрүшүп, сабак учурунда балдарга ар бир сүрөт тууралуу кеңири түшүнүк берүүгө аракеттенишет, — деп, бала бакчадагы балдарды жаратылышты сүйүүгө шыктандырган иш-чаралары тууралуу кеңири айтып берди. Ал эксперимент жүргүзүү, байкоо жүргүзүү, көркөм адабият окуу, табышмактарды айтуу аркылуу кичинекей бөбөктөр кээде чоң адамдар маани бербеген нерселерге тез таасирленип, жандуу жана жансыз жаратылыштын сырларын ынтызарлык менен үйрөнүшөрүн белгиледи.
Педагогдор театрлаштырылган сценкалар, интерактивдүү технологиялар кичинекейлерде экологиялык тарбияны өнүктүрүү үчүн өтө пайдалуу экендигин айтышат. Ошондой эле интерактивдүү оюндар жана мультимедиалык ресурстар окутуу процессинин кызыктуу жана жеткиликтүү өтүшүнө ыңгайлуу өбөлгө түзөрүндө шек жок.
Ата-эне балдарына үлгү болууга тийиш
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун билим берүүнүн менеджменти кафедрасынын ага окутуучусу Назира Сагынбаева бала бакчаларда жашыл көндүмдөрдү окутуунун орчундуу маселелерин белгилеп өттү.
— Жашыл көндүмдөрдүн эң негизги багыты, максаты – баланын кичинекей кезинен баштап коомдун жараны катары жашоодо болуп жаткан нерселерди туура кабыл алганды үйрөтүү. Мисалы, ошол эле сууну кабыл алууну алалы. Тарбиячылар балдарга колубузду сууга жууп жатканда сууну ашыкча пайдаланбайбыз, улам өчүрүп турабыз деп айтып туруу зарыл. Ал эми кумчу? Балдарга кум бизге эмне үчүн керек экендигин эмоция менен түшүндүрүүгө жетишибиз керек. Бала бакчада боекторду, кагазды пайдаланышат. “Кагаз кайдан пайда болот? Ал дарактан жасалат, ал эми дарак жерде өсөт, аны өстүрүү үчүн суу, топурак талап кылынат, демек, биз аларды сыйлашыбыз керек, себеби алар бизге өмүр бою кызмат кылат, биз аларга аябай муктаж болобуз” деген сыяктуу кыска, бирок таасирдүү кылып айтып беришибиз абзел, — дейт.
Н.Сагынбаеванын айтымында, бала ар бир материалдын кантип пайда болоорун, ал кандай эмгек менен жасалганын билиши керек. Ал үчүн жок нерселерди ойлоп табуунун зарылдыгы жок. Балдар отурган отургучту, столду мисал катары алып, анын жасалышы, кимдер жасаганын, эмнеден жасаганын, жыгач кайдан келерин айтып, түшүндүрө берүү керек. Мындай сабактар күнүмдүк кайталама сыяктуу сезилгени менен, дал ушундай сабактар балдардын аң-сезиминде айлана-чөйрөгө туура мамиле жасоону калыптандырарын айткан педагог, мындай көнүгүүлөр аркылуу келечекке кам көрүү көндүмдөрүн да балага сиңирүүгө болот деп эсептейт.
— Азыр балдар бардык нерсеге кайдигер болуп өсүп келатканы кейиштүү. Ким менен сүйлөшпө, кайсы ата-энеге кайрылба, баары эле балдарынын кайдигер болуп өсүп келатканын, аларды колдорундагы ааламды батырган телефондон башка эч нерсе кызыктырбай калганын айтышат. Мен ошол кайдигерликти жашыл көндүмдөрдүн жардамы менен жойсо болоруна ишенемин. Биз балдарыбызга телефондогу видеолорду иргеп, пайдалууларын көрсөткөндү үйрөтүшүбүз керек. Биз өзүбүз балдарга кандай мамиле кылсак, балдар ошого көнөт, биз биринчи жасап балдарыбызга көрсөтсөк, балдар ошону жасайт. Анан чын эле өзүбүздүн колубуздан телефон түшпөсө, андагы пайдалуу маалыматтарды көрүүнүн ордуна кайдагы ызы-чууларды көрсөк, жаратылышка аяр мамиле жасагандын ордуна тебелеп-тепсеп, туш келди түкүрүнүп басып кетсек, балдарга кайдан үлгү болобуз?! Өзүбүз айланабыздагы кооздукту көрүп, туюп, аларга аяр мамиле жасасак, бассак-турсак бак-дарактардын пайдасы кандай экендигин балдарыбыздын кулагына кичинесинен куя берсек, андан да таасирдүүсү – өзүбүз үлгү болсок, эң таасирдүү сабак ушул, — дейт Назира Сагынбаева.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер