БАКЫТБЕК АЛМАТОВ: “МУГАЛИМГЕ БОЛГОН КАМКОРДУК – БУЛ КЕЛЕЧЕК МУУНГА БОЛГОН КАМКОРДУК”
- 22.07.2026
- 0
Быйыл ордолуу Ош шаарында бир эле учурда 17 жаңы мектептин жана үч жаңы бала бакчанын курулушу кызуу жүрүп жатат. Жаңы окуу жылына даярдыктардын жүрүшү, кадрлар менен камсыздоо, билим сапаты жана башка орчундуу маселелер тууралуу биздин “Маек-төр” рубрикабыздын мейманы Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Камилжанович АЛМАТОВ айтып берет.
— Бакытбек Камилжанович, эң оболу сизди жаңы кызмат ордуңуз менен куттуктап коюуга уруксат этиңиз. Ушундай эң жооптуу жана эң татаал тармактагы жетекчилик ишиңизге ийгилик каалайбыз. Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы катары ишти биринчи эмнеден баштадыңыз же баштоону пландап жатасыз?
— Жаңы кызматка киришкенден кийин биринчи кезекте Ош шаарындагы билим берүү тармагынын учурдагы абалына ар тараптуу талдоо жүргүзүүнү баштадым. Ар бир мектептин жана бала бакчанын инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү, кадрдык камсыз болушу, окуучулардын жана тарбиялануучулардын саны, билим берүүнүн сапаты, материалдык-техникалык базасы жана башкаруу процесстери боюнча маалыматтар системалаштырылууда.
Ошол эле учурда билим берүү мекемелеринин жетекчилери, педагогдор, ата-энелер жана жергиликтүү коомчулук менен жолугушууларды өткөрүүгө, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн угууга өзгөчө көңүл буруп жатам. Анткени билим берүү тармагын өнүктүрүү бир гана башкармалыктын эмес, жалпы коомдун биргелешкен аракетин талап кылат.
Менин негизги иш принциптерим — ачык-айкын башкаруу, мыйзамдуулук, жоопкерчилик, санариптик башкарууну өнүктүрүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Ар бир кабыл алынган чечим балдардын кызыкчылыгына, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө жана ата-энелердин ишенимине негизделиши керек деп эсептейм.
Ошондой эле башкаруудагы бюрократияны азайтып, билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен түз байланыш түзүүгө, көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө жана натыйжага багытталган башкаруу системасын калыптандырууга өзгөчө көңүл буруу.
Биздин башкы максат — Ош шаарындагы ар бир бала жашаган аймагына же социалдык абалына карабастан сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, коопсуз, заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү системасын түзүү. Мен үчүн бул кызмат – жөн гана административдик жетекчилик эмес, шаардагы ар бир баланын келечеги үчүн жоопкерчилик.
— Биринчи орундагы артыкчылыктуу багыт эмне болот?
— Мен үчүн эң башкы артыкчылык – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Анткени заманбап мектеп же жаңы курулган имарат өз алдынча сапаттуу билимди камсыздай албайт. Билимдин сапаты биринчи кезекте кесипкөй мугалимден, натыйжалуу башкаруудан жана окуучу үчүн түзүлгөн ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүнөн көз каранды.
Ошондуктан ишмердүүлүгүбүз үч негизги багытка таянат.
Биринчиси – мугалимдин кадыр-баркын жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу. Педагогдордун квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууга, заманбап окутуу усулдарын, санариптик технологияларды жана жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрүн билим берүү процессине киргизүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Ошондой эле жаш адистерди колдоо жана тажрыйбалуу мугалимдердин ментордук институтун өнүктүрүү боюнча иштер улантылат.
Экинчи багыт – билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу. Мектептердин жана бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, заманбап лабораторияларды, STEM-кабинеттерди, компьютердик класстарды түзүү, жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү биздин негизги милдеттерибиздин бири болуп саналат.
Үчүнчү багыт – башкарууда ачык-айкындуулукту жана санариптештирүүнү күчөтүү. Мектепке жана бала бакчага кабыл алуу, кадрдык башкаруу, отчеттуулук жана кызмат көрсөтүүлөр санариптик платформалар аркылуу жүргүзүлүп, адам факторун минималдаштыруу жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу боюнча иштер улантылат.
Ошол эле учурда өзгөчө көңүл бурула турган маселелердин бири – балдардын коопсуздугу жана тарбиясы. Бүгүнкү күндө мектеп билим берүүчү гана эмес, баланын инсан катары калыптануусуна шарт түзгөн чөйрө болушу керек. Ошондуктан билим менен бирге тарбияга, жарандык жоопкерчиликке, патриоттук аң-сезимге, маданиятка жана сергек жашоо образына багытталган иштер күчөтүлөт.
Мындан сырткары, биз ата-энелер менен өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарып, алардын сунуштарын эске алган ачык башкаруу маданиятын калыптандырууну көздөйбүз. Анткени сапаттуу билим берүү — бул мугалимдин, ата-эненин, мектептин жана коомдун биргелешкен жоопкерчилиги.
— Бакытбек Камилжанович, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда бала бакчаларда жана мектептерде орундар тартыш экени баарына маалым. Бул көйгөйдү чечүү үчүн кандай конкреттүү кадамдар жасалат?
— Чындыгында, мектептерде жана бала бакчаларда орун жетишсиздиги бүгүнкү күндө Ош шаары үчүн эң олуттуу маселелердин бири болуп саналат. Калктын санынын өсүшү, жаңы конуштардын кеңейиши жана ички миграция билим берүү мекемелерине болгон суроо-талапты жылдан-жылга көбөйтүүдө. Ошондуктан бул маселени убактылуу чечимдер менен эмес, комплекстүү жана узак мөөнөттүү стратегия аркылуу чечүү зарыл.
Бүгүнкү күндө бул багытта конкреттүү иштер аткарылууда. Азыркы тапта Ош шаарында бир эле учурда 17 жаңы мектептин жана үч жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул шаардагы билим берүү инфраструктурасын кеңейтүү боюнча акыркы жылдардагы эң ири долбоорлордун бири. Аталган объектилер пайдаланууга берилгенден кийин миңдеген балдар үчүн кошумча орундар түзүлүп, мектептердеги жана бала бакчалардагы жүктөм кыйла азаят.
Мындан сырткары, шаардагы бардык мектептердин жана бала бакчалардын мүмкүнчүлүктөрүнө толук талдоо жүргүзүлөт. Пайдаланылбай жаткан же максатсыз колдонулган жайларды натыйжалуу пайдалануу аркылуу кошумча окуу класстарын жана тайпаларды ачуу мүмкүнчүлүктөрү каралат.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү дагы маанилүү багыттардын бири. Жеке менчик бала бакчалар менен кызматташууну кеңейтүү аркылуу мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга аракет кылабыз.
Ошол эле учурда мектепке жана бала бакчага кабыл алуунун электрондук системасын мындан ары да өркүндөтүп, анын толук ачык-айкын иштешин камсыздайбыз. Бул орундарды адилеттүү бөлүштүрүүгө, адам факторун азайтууга жана коррупциялык тобокелчиликтерди минималдаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Албетте, мындай масштабдагы маселени бир жылдын ичинде толук чечүү мүмкүн эмес. Бирок бүгүн башталган ар бир курулуш, ар бир жаңы мектеп жана бала бакча, ар бир түзүлгөн кошумча орун — бул келечекке жасалган инвестиция.
— “Кадрлар бардыгын чечет” дегендей эле иштин сапаты кадрларга көз каранды. Кадрлар жетиштүүбү? Мугалимдер тартыштыгы кандай чечилет? Аларды окутууга кандай көңүл бурулат?
— Бул суроо бүгүнкү күндө билим берүү тармагындагы эң маанилүү маселелердин бири. Чынында эле, билим берүү системасынын ийгилиги эң оболу мугалимдин кесипкөйлүгүнө, билимине жана жоопкерчилигине байланыштуу. Ошондуктан биздин негизги максатыбыз – билим берүү мекемелерин квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу жана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө туруктуу шарт түзүү.
Учурда Ош шаарында айрым предметтер боюнча, өзгөчө математика, физика, химия, информатика мугалимдерине болгон муктаждык дагы эле сакталууда. Бирок бул маселени чечүү багытында конкреттүү иштер жүргүзүлүп жатат.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташып келет. 2026-жылдын май айында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен 90, Ош мамлекеттик университетинен 42 жана Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинен 32 бүтүрүүчү бөлүштүрүлүп, жалпысынан 164 жаш адис Ош шаарындагы билим берүү мекемелерине жумушка кабыл алынды. Бул жаш кадрларды билим берүү тармагына тартуу боюнча маанилүү кадамдардын бири болду.
Мындан тышкары, дуалдык окутуу программасынын алкагында педагогикалык адистикте окуган 10 студент 0,5 ставкалык жүктөм менен шаардагы мектептерде эмгектенип, теориялык билимди практикалык тажрыйба менен айкалыштырып жатышат. Бул система келечекте жаш адистердин кесипке тезирээк ыңгайлашуусуна өбөлгө түзөт.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде да кадр маселесин чечүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Үстүбүздөгү жылы өткөрүлгөн “Бош жумуш орундар жана кесипке багыт берүү жарманкесинин” жыйынтыгында бала бакчалардагы бош кызмат орундарын адистер менен камсыздоого жетиштик.
Бирок кадр маселеси кызматкерлерди жумушка алуу менен гана чектелбейт. Биз үчүн мугалимдин кесиптик өсүшү дагы чоң мааниге ээ. Ошондуктан ар бир педагог заманбап окутуу усулдарын, санариптик технологияларды жана жасалма интеллект мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүп, аларды окуу процессинде натыйжалуу колдонууга тийиш.
— Ушундан улам суроо: материалдык-техникалык базаларды чыңдоо, жаңылоо, заманбап усулдук куралдар жана инновациялык программалар менен камсыздоо иштери кандай уюштурулат?
— Бүгүнкү күндө билим берүүнүн сапаты мугалимдин кесипкөйлүгү менен катар билим берүү чөйрөсүнүн заманбап шарттарына да түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан мектептердин жана бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо биздин негизги артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири болуп саналат.
Эң оболу шаардагы бардык билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык абалына комплекстүү талдоо жүргүзүлөт. Ар бир мектептин жана бала бакчанын инфраструктурасы, окуу кабинеттеринин абалы, лабораториялары, компьютердик класстары, спорттук аянтчалары жана инженердик тармактары боюнча муктаждыктар аныкталып, жаңылоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт.
Биздин максат – бардык мектептерде окуучулар үчүн заманбап жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү. Бул үчүн компьютердик класстарды жаңылоо, интерактивдүү панелдерди жана санариптик жабдууларды көбөйтүү, физика, химия жана биология кабинеттерин заманбап лабораториялык жабдуулар менен камсыз кылуу иштерин улантабыз. Ошондой эле STEM-билим берүүнү өнүктүрүү максатында робототехника, программалоо жана инженердик багыттагы окуу кабинеттерин этап-этабы менен көбөйтүү пландалууда.
Мындан сырткары, бардык билим берүү мекемелеринде туруктуу жана сапаттуу интернет байланышын камсыз кылуу, электрондук билим берүү ресурстарын кеңири пайдалануу жана санариптик билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча иштер улантылат.
Материалдык базаны чыңдоо менен катар мугалимдерди заманбап усулдук материалдар жана инновациялык окутуу технологиялары менен камсыз кылууга да өзгөчө көңүл бурабыз. Бүгүнкү күндө билим берүү дүйнө жүзүндө тез өзгөрүп жатат. Ошондуктан биздин педагогдор дагы жаңы методикаларды, санариптик платформаларды жана жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонууга даяр болушу керек.
— Бала бакчага жана мектепке электрондук каттоо жана кабыл алуу системасынын ачыктыгын камсыздоо, коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу боюнча кандай чаралар көрүлөт?
— Билим берүү системасындагы эң маанилүү багыттардын бири – бала бакчага жана мектепке кабыл алуу процессинин толук ачык-айкын, мыйзамдуу жана бардык жарандар үчүн бирдей жеткиликтүү болушун камсыз кылуу. Бул багыттагы негизги максатыбыз – адам факторун минималдаштыруу, санариптик башкарууну өнүктүрүү жана коррупциялык тобокелчиликтерди толугу менен жоюу.
Бүгүнкү күндө Ош шаарында мектепке кабыл алуу 1mektep.edu.gov.kg мамлекеттик платформасы аркылуу, ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кабыл алуу «Балалык» маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул системалар «Түндүк», MegaPay жана MBank сыяктуу санариптик сервистер менен интеграцияланган. Натыйжада ата-энелер документтерди онлайн тапшырып, кезектин жүрүшүн көзөмөлдөп, кызматтарды аралыктан пайдалана алышат.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан бул системалардын үзгүлтүксүз иштешине өзгөчө көңүл бурулат. Кабыл алуу мезгилинде жооптуу адистер иштеп, ата-энелерге техникалык жана усулдук жардам көрсөтүлөт. Ар бир кайрылуу мыйзамдын негизинде өз убагында каралат.
Эң негизгиси – кабыл алуу процесси автоматташтырылган алгоритмдер аркылуу жүргүзүлөт. Бул орундарды бөлүштүрүүдө адам факторунун таасирин азайтып, бардык балдар үчүн бирдей жана адилеттүү мүмкүнчүлүк түзөт.
— Интеграцияланган жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү, өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн шарттарды түзүү планыңызда барбы?
— Албетте, интеграцияланган жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү – Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири. Ар бир бала анын ден соолугунун абалына, мүмкүнчүлүгүнө же өзгөчө билим берүү муктаждыгына карабастан, сапаттуу билим алууга жана коомдун толук кандуу мүчөсү болууга укуктуу.
Биздин негизги максат – өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн жөн гана мектепке келүү мүмкүнчүлүгүн түзүү эмес, алардын билим алуусуна, өнүгүүсүнө жана социалдык жактан адаптацияланышына толук шарт түзүү.
Бул багытта бир нече негизги иштер жүргүзүлөт.
Биринчи кезекте билим берүү мекемелеринде тоскоолдуксуз жана жеткиликтүү чөйрө түзүүгө көңүл бурулат. Мектептерди жана бала бакчаларды оңдоп-түзөөдө пандустарды, кармагычтарды, кең эшиктерди, атайын санитардык бөлмөлөрдү орнотуу, көрүүсү начар балдар үчүн багыттоочу белгилерди жана башка керектүү шарттарды түзүү иштери каралат.
Экинчи багыт – атайын адистер менен камсыздоо. Өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар балдар менен иштөөдө логопеддердин, дефектологдордун, психологдордун ролу чоң. Ошондуктан мындай адистердин ишин күчөтүү жана алардын билим берүү мекемелериндеги жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү.
Ошондой эле мектептерде жана бала бакчаларда инклюзивдик ресурстук кабинеттерди өнүктүрүү багытында иш алып барабыз. Бул кабинеттерде балдардын психологиялык, социалдык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүчү шарттар түзүлөт.
Инклюзивдик билим берүүнүн ийгилиги мугалимдердин даярдыгына да байланыштуу. Ошондуктан педагогдор үчүн өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар балдар менен иштөө методикасы, инклюзивдик педагогиканын негиздери жана индивидуалдуу мамиле кылуу боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары уюштурулат.
— Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана мектепте билим берүү процесси учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоо жана тамак-аш сапатын көзөмөлдөө системасын күчөтүү боюнча кандай чараларды көрөсүз?
— Балдардын коопсуздугу жана ден соолугу – билим берүү системасындагы эң башкы баалуулуктардын бири. Бала мектепке же бала бакчага келгенде ата-эне анын билим алуусу менен катар коопсуз чөйрөдө болуп, сапаттуу тамактануусуна толук ишенимде болушу керек. Ошондуктан бул багыттагы иштер Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын туруктуу көзөмөлүндө болот.
Биринчи кезекте билим берүү мекемелеринде балдардын коопсуздугун камсыздоо системасын күчөтүүгө көңүл бурулат. Бул багытта мектептердин жана бала бакчалардын имараттарынын техникалык абалы, өрт коопсуздугу, санитардык талаптардын сакталышы, видеокөзөмөл системалары, кирип-чыгуу тартиби жана балдардын коопсуз жүрүүсү боюнча иштер үзгүлтүксүз көзөмөлдөнөт.
Ошондой эле ар бир билим берүү мекемесинде балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна байланыштуу тобокелчиликтерди алдын алуу боюнча жооптуу кызматкерлердин иши күчөтүлөт. Өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү боюнча машыгуулар, коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер арасында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.
Тамактануу маселесине өзгөчө маани беребиз. Балдардын туура жана сапаттуу тамактануусу алардын ден соолугуна, өсүп-өнүгүүсүнө жана окуудагы жетишкендиктерине түздөн-түз таасир берет. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомдорунун талаптарын аткаруу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Мектептерде окуучулардын тамактануусун уюштуруу үчүн жооптуу адамдар дайындалып, алардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт.
— Билим берүү тармагындагы реформаларды ишке ашырууда ата-энелер, коомчулук менен кызматташтыкты кантип бекемдейсиз?
— Билим берүү тармагындагы реформалардын ийгиликтүү ишке ашышы мамлекеттик органдардын гана аракетине эмес, ата-энелердин, коомчулуктун жана эл аралык өнөктөштөрдүн активдүү катышуусуна да байланыштуу. Ошондуктан Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бул багытта ачык диалогго, өнөктөштүккө жана өз ара ишенимге негизделген кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Биринчи кезекте ата-энелер менен болгон байланышты жаңы деңгээлге чыгаруу зарыл. Ата-эне мектептин ишине жөн гана көзөмөл жүргүзгөн тарап эмес, баланын билим алуусуна түздөн-түз таасир берген маанилүү өнөктөш болушу керек.
Бул багытта мектеп жетекчилиги, мугалимдер жана ата-энелер ортосунда туруктуу байланыш түзүлүп, билим берүү реформаларынын максаты жана мазмуну ата-энелерге түшүнүктүү форматта жеткирилет. Балдардын коопсуздугу, тарбиясы, санариптик маданияты, кесип тандоосу жана психологиялык колдоосу боюнча биргелешкен иш-чаралар уюштурабыз. Андан тышкары ата-энелер кеңештеринин ишин күчөтүп, мектеп менен үй-бүлөнүн кызматташуусун өнүктүрүүгө басым жасайбыз.
Ошондой эле билим берүү мекемелеринин ишиндеги ачык-айкындуулукка өзгөчө көңүл бурулат. Мектептердин материалдык-техникалык абалы, өнүгүү пландары, билим сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берилип турат.
Коомчулук менен кызматташтыкты өнүктүрүү дагы маанилүү багыт. Билим берүү мекемелери шаардагы жогорку окуу жайлары, чыгармачылык борборлор, коомдук уюмдар жана ишкерлер менен биргеликте окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырат.
Өзгөчө кесипке багыт берүү иштерине көңүл бурулат. Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар менен биргеликте окуучуларга кесип тандоого жардам берүүчү жолугушууларды, мастер-класстарды жана практикалык программаларды уюштуруу пландалууда. Бул жаштарды келечектеги кесибин туура тандоого багыттайт.
— Сиздин жетекчилигиңиз астында жакынкы эки-үч жылда кандай сапаттык өзгөрүүлөргө күбө болобуз?
— Менин негизги максатым – Ош шаарындагы билим берүү системасын заманбап талаптарга жооп берген, сапаттуу, ачык-айкын жана бала үчүн ыңгайлуу чөйрөгө айландыруу. Албетте, билим берүү тармагындагы чоң өзгөрүүлөр бир күндө ишке ашпайт, бирок туура багыт, так стратегия жана биргелешкен аракеттер менен жакынкы эки-үч жылда олуттуу сапаттык өзгөрүүлөрдү көрөбүз деп ишенем.
Биринчи кезекте биз билим берүүнүн сапатын жогорулатууга басым жасайбыз. Мектептин негизги көрсөткүчү – бул анын имараты гана эмес, окуучулардын билим сапаты, мугалимдердин кесипкөйлүгү жана баланын ар тараптуу өнүгүүсү болушу керек.
Бул багытта окутуунун заманбап усулдарын киргизүү, окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмүн жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү, STEM, робототехника, программалоо жана санариптик билим берүү багыттарын кеңейтүү жана окуучуларды келечектеги кесиптерге даярдоого багытталган профориентациялык иштерди күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу дагы негизги багыттардын бири болот. Биз жаш адистерди колдоо, тажрыйбалуу педагогдордун насаатчылык системасын өнүктүрүү, мугалимдерди заманбап методикаларга, санариптик технологияларга жана жаңы окутуу ыкмаларына үйрөтүү иштерин улантабыз.
— Учурда мугалимдер эмгек өргүүсүндө эмеспи, аларга кандай камкордуктар көрүлүп жатат?
— Мугалимдер – билим берүү системасынын негизги күчү. Ошондуктан алардын эмгегин баалоо, ден соолугуна кам көрүү жана жакшы эс алуусуна шарт түзүү биздин ишибиздин маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Учурда билим берүү кызматкерлери үчүн эмгек өргүүсү мезгили жүрүп жатат. Бул убакытта педагогдордун эс алуусун натыйжалуу уюштуруу, ден соолугун чыңдоо жана күч-кубатын калыбына келтирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош шаардык комитети менен биргеликте билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер үчүн ден соолукту чыңдоо жана эс алуу багытында иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.
2026-жылга карата билим берүү кызматкерлеринин эс алуусун уюштуруу боюнча түзүлгөн атайын иш-пландын негизинде жалпы 500гө жакын кызматкердин эс алуусун уюштуруу каралган. Атап айтсак: Жалал-Абад облусундагы эс алуу жайына – 230 кызматкер; Ысык-Көл облусундагы “Август” эс алуу борборуна – 200 кызматкер жана “Кызыл гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборуна – 70 кызматкерди жөнөтүү пландалууда.
Мугалимдердин социалдык абалын жакшыртуу, алардын эмгегин сыйлоо жана кесипке болгон мотивациясын жогорулатуу – биз үчүн маанилүү милдет. Анткени мугалим өзүн бааланган жана колдоого алынган учурда гана балдарга сапаттуу билим жана тарбия бере алат.
Биз мындан ары да педагогдор үчүн жагымдуу эмгек шарттарын түзүү, кесиптик өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү жана социалдык колдоону күчөтүү багытындагы иштерди улантабыз. Анткени билим берүүнүн сапаты мугалимден башталат. Мугалимге болгон камкордук – бул келечек муунга болгон камкордук.
— Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер