Бакыт Малдыбеков: “МАМЛЕКЕТКЕ ДА, ЛИЦЕЙЛЕРГЕ ДА ЖЕҢИЛ БОЛМОК”

  • 15.12.2022
  • 0

Бакыт Малдыбеков: “МАМЛЕКЕТКЕ ДА, ЛИЦЕЙЛЕРГЕ ДА ЖЕҢИЛ БОЛМОК”

Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте Бюджеттик кодекске, «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизип, кесиптик лицейлерге окуу өндүрүштүк базаларды ачып, өз алдынча акча табуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Бул сунушталып жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Буюрса, эл өкүлдөрү тарабынан колдоо таап, мыйзам кабыл алынса, окуу жайларды кандай ийгиликтер күтүп турганын борбордогу №18 лицейдин директору  Бакыт Малдыбеков бизге берген маегинде айтып берди.

  • Бул биздин канча жылдан бери көксөп келе жаткан кыялыбыз. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, ириде материалдык-техникалык базабызды чыңдап, мугалимдердин, мастерлердин эмгек акысын жогорулатып, окуучулардын практикалык сабактарына керектелүүчү материалдарды өзүбүз эле таап алмакпыз. Негизи практика учурунда окуучуларга керектелүүчү материалдар мамлекет тарабынан каржыланышы керек эле. Эгерде бизге өз алдыбызча акча тапканга уруксат берип коюшса, өзүбүз эле элге кызмат көрсөтүп, керектүү материалдарды өзүбүз эле алып алабыз.

Бизде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана республиканын булуң-бурчундагы интернаттардан келген ата-энесинен кароосуз калган балдар да билим алат. Алардын окууга керектелүүчү материалдарды алууга мүмкүнчүлүгү жок. Анан биз иш берүүчүлөрдөн, цехтерден жиптин, чүпүрөктүн, топчу-шурулардын, катушканын калдыктарын сурап алганга аргасыз болобуз.

Бакыт Малдыбеков: “МАМЛЕКЕТКЕ ДА, ЛИЦЕЙЛЕРГЕ ДА ЖЕҢИЛ БОЛМОК”

  • Сиздердин окуу жай киреше алып келүүчү ишмердик жүргүзүп, өз алдынча акча тапканга даярбы? Айтайын дегеним база ошого жооп береби?

Албетте, биз даярбыз. Биринчи эле тигүү  лабораториябыз заманбап цехтерден эч айырмаланбайт. Бардыгы стандарт менен жасалган. Тигүүчү машиналар Азия өнүктүрүү банкы аркылуу алынган. Болгону биз ошол даяр турган нерсени иштетип, акча таба албай жатабыз. Эгерде бизге өз алдыбызча акча табуу мүмкүнчүлүгү берилип калса, эс алуу борборлору, пансионаттар,  отелдер менен кызматташып бир топ каражат таап алмакпыз. Алар дагы  заказын жеке цехтерге бергенден көрө, бизге бергенибиз жакшы дешет. Анткени бизде сабактар акыркы технология менен окутулат. Мисалы, азыр “Радуга” эс алуу борбору менен кызматташып, окуучуларыбызга практика болсун деп төшөк жапкычтарын, бет аарчыларын оңдоп-түздөп берип жатабыз. Эгерде бизге эркиндик берилгенде алардан кызматыбыз үчүн акча алмакпыз. Лицейге түшкөн каражатты болсо кайра тендер ойнотуп, зарыл болгон керектелүүчү материалдарга жумшамакпыз. Эң башкысы – балдарыбыздын курсагы ток болмок.

Ашпозчуларыбыз дагы кулинардык азыктарды жасап, тендер аркылуу кардарларды таап, сатып анча-мынча акча таап алганга күчү жетет.

Бакыт Малдыбеков: “МАМЛЕКЕТКЕ ДА, ЛИЦЕЙЛЕРГЕ ДА ЖЕҢИЛ БОЛМОК”

  • Сиз жогоруда лицейде социалдык жактан аз камсыз болгон балдар да билим алат дедиңиз. Аларга бериле турган тамактын сапатын жакшыртып алууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт беле?
  • Туура айтасыз. Азыр кесиптик лицейлердин колун байлаган дагы бир маселе — балдардын тамагына бөлүнгөн каражаттын өтө аздыгы. Биздин лицейде жалпы 700дөн ашуун окуучу билим алса, анын 500дөн ашыгы бюджетте окуйт. 200дөн ашууну жатаканада жатып окуйт. 9-класстын базасында келген балдарга ысык тамак каралган. Республиканын ар тарабынан интернаттан келген элүүдөн ашуун жетим бала, 20дан ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала окуйт. Аларга күнүгө төрт маал тамак берилет.  Бирок тилекке каршы, алардын тамагына күнүнө болгону 110 сомдон бөлүнөт. Анын отуз сому түшкү тамагына кетет. Анан элестетип көрсөңүз, азыр отуз сомго кандай тамак бере алабыз? Колубуздан келишинче биринчи, экинчисин, чай же компот, нан беребиз. Кичине каражатты үнөмдөйлүк деп нанды өзүбүз жасайбыз. Өзүбүз жасаган үчүн чектөө жок, нанды каалашынча жейт.  Бирок тамактын азыктуулугу өтө төмөн. Негизи балдарга тамак үч маалга эле эсептелген. Бирок түшкү тамак менен кечки тамактын ортосундагы убакыт узак болуп кеткендиктен, балдар ачка болуп кетпесин деп, түштөн кийин чай беребиз. Анан калса санэпидем станция дайыма азыктуулукту көбөйткүлө деп бизге кат жазат. Отуз сомго кантип көбөйтөбүз? Аны көбөйтүү үчүн биринчи менен экинчи тамакты бириктирип күчтүрөөк кылып, экинчисин эле берели деп сунуштап да көрдүк. Бирок бул сунушубуз өткөн жок. Эгерде бизге  киреше алып келүүчү ишмердикти жүргүзүүгө уруксат беришсе, бул маселени да өз алдыбызча чечип алмакпыз.

Албетте, биздин эң биринчи максатыбыз билим берүү болгондуктан миллиондорду табабыз деп жулунбайбыз. Бирок өзүбүз чыгарган продукцияны саткандан да кыйналбайбыз. Мамлекеттик сатып алуулар порталынан эле тендер өткөрүп, кардар таап алабыз. Бул бизге маселе эмес. Эң башкысы баары мыйзамдуу болмок.

Негизи бизге биздин эле иш берүүчүлөр момундай заказ алдык эле, жетишпей жатабыз, бир бөлүгүн алып тигип бергиле, акчасын төлөп беребиз деп көп кайрылышат. Тилекке каршы, биз азыр андай кызмат көрсөтө албайбыз, мыйзамга туура келбейт. Эгерде жаңы мыйзам долбоору кабыл алынып калса,  алар менен кадимкидей келишим түзүп алып иштешмекпиз. Мынча буйрутмадан мынча каражат түштү, анын мынчасы бул жакка кетти деп мыйзамдуу түрдө баарын эсепке алып турат элек.

Бакыт Малдыбеков: “МАМЛЕКЕТКЕ ДА, ЛИЦЕЙЛЕРГЕ ДА ЖЕҢИЛ БОЛМОК”

  • Силердин лицейде алдыңкы тажрыйба борбору катары Азия өнүктүрүү банкы тарабынан өндүрүштүк база ачылган эле.  База үмүттү актай алдыбы?
  • Лицейдин алдында автоунаа оңдоочу окуу-өндүрүштүк комплекс ачылган. Ал өз алдынча иштейт. Өзүнүн уставы, бухгалтериясы, жетекчиси бар. Келишим боюнча алар биздин балдарды гана практика учурунда үйрөтүп, акча төлөп берет. Негизи комплекс жайгашкан жер каралбай калган жер болчу. Азыр заңгыраган комплекске айланып, элге кызмат көрсөтүп жатат.

Биз Азия өнүктүрүү банкы аркылуу алты жылда бир топ иштерди бүтүрүп алдык. Долбоордон сырткары терезелердин баарын пластикке алмаштыртып, чатырын жаптырдык. Ашпозчулар менен тигүүчүлөрдүн лабораториясын ремонттоп, бардык жабдууларын алдырдык.

Дагы бир мактанып кете турган нерсе, бизде өндүрүүчүлөрдүн өздөрүндө  жок заманбап виртуалдык ширетүүчү аппарат бар. Балдар ширетүү иштерин алгач ошол жактан үйрөнөт. Аны GIZ компаниясы аркылуу алганбыз.

Бакыт Малдыбеков: “МАМЛЕКЕТКЕ ДА, ЛИЦЕЙЛЕРГЕ ДА ЖЕҢИЛ БОЛМОК”

  • Кесиптик лицейлердин ичинен имараты чоң, окуучусу көп сиздердин окуу жай окшойт. Үч миң квадрат метрден ашкан имаратты кармап туруу деле оңойго турбаса керек.
  • Албетте, ушунун баарын кармап туруш өтө кыйын. Бир күнү даараткананын бир жери талкаланат, же кран бузулат, же дагы бир нерсе болот. Мисалы, бармендикин окуган балдар үчүн бокалдын эле 60 ашык түрү керектелет. Суусундуктардын эле түрү канча? Ошонун баарын өзүбүз сатып алабыз. Кээде аргасыздан ата-энелерге кайрылабыз.

Окуучуларга жакшы шарт түзүп берелик деп болгон аракетибизди жумшап келебиз. Үч жылдан бери өзүбүздүн күчүбүз менен жылуулук тутумун толугу менен алмаштырып алдык. Мурда кышында имараттын ичи суук болгондуктан, балдар отуруп окуй алышчу эмес. Азыр жып-жылуу. Өзүңүз көрүп тургандай, эшиктердин баарын алмаштырдык. Жылда 2-3 лабораториябызды өз күчүбүз менен ремонт жасайбыз. Ар бир аудиторияга телевизор коюлган. Кечээ эле дагы алты телевизор, эки муздаткыч сатып алдык. Лицейдин ичи-тышынын баарына видеокөзөмөл койгонбуз. Эми балдар ушул жактан эле айдоочулук күбөлүк алып чыгышсын деп айдоочулук курс ачканы жатабыз. Ал үчүн атайын эки автоунааны өзүбүз жасап чыктык.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бакыт Малдыбеков: “МАМЛЕКЕТКЕ ДА, ЛИЦЕЙЛЕРГЕ ДА ЖЕҢИЛ БОЛМОК”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер