БҮГҮНКҮ МЕТОДИСТ — МЕНТОР ЖАНА МОДЕРАТОР

  • 23.10.2026

Кыргызстандын билим берүү системасында масштабдуу жана терең мазмундуу өзгөрүүлөр жүрүп жатат. 12 жылдык мектептик билим берүү, мектепке чейинки даярдоодон баштап кесиптик багыт берүүгө чейинки билим берүү баскычтарын жаңыча уюштуруу, санариптештирүү жана STEAM-технологияларды калыптандыруу — мунун баары заманбап мектептин жүзү, эң башкысы, мугалимдин таптакыр жаңыча иштөө форматы.

Усулдук кызматтын заманбап ролу

Кандай гана мамлекеттик программа же жаңыланган стандарт кабыл алынбасын, анын мектептеги практикалык турмушта ишке ашуусу түздөн-түз мугалимдин кесиптик даярдыгынан жана ага берилген кесиптик колдоодон көз каранды. Ал эми билим берүүдөгү ушул стратегиялык максаттар менен катардагы мугалимдин күндөлүк сабагынын ортосундагы негизги көпүрө — бул усулчу.

Мурда усулчунун милдети негизинен отчетторду жыйноо, кагаз түрүндөгү программалардын аткарылышын көзөмөлдөө же инспекциялык текшерүү менен чектелсе, бүгүнкү реформалар шартында усулдук кызматтын миссиясы түп тамырынан бери өзгөрдү. Заманбап усулчу — бул жөн гана көзөмөлдөөчү эмес, ал эң оболу насаатчы, инновацияларды киргизүүчү жана мугалимге багыт берүүчү модератор. Айрыкча айылдык жана райондук мектептерде, билим сапатын жогорулатууда, санариптик инструменттерди өздөштүрүүдө жана жаңы муундун улуттук баалуулуктарга сугарылган мекенчил жаран болуп калыптанышында усулчунун орду баа жеткис.

Дал ушундай жоопкерчиликтүү жана мезгил талабына шайкеш келген талыкпас эмгектин жаркын үлгүсү катары Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Мээрим Сексекованын ишмердүүлүгүн атоого болот. Ага “Кут Билим” медиа борборунун тандоосу боюнча быйыл алгачкы жолу уюштурулган “Жаратман мугалим” жогорку сыйлыгынын ыйгарылышын райондогу агартуу тармагында жүрүп жаткан алгылыктуу өзгөрүүлөргө берилген адилеттүү баа деп билсек болчудай.

Мугалимдиктен усулчулукка чейинки жол

Мээрим Сексекова Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айылында туулуп-өскөн. Айылдык мектептин турмушун, мугалимдердин түйшүгүн жана окуучулардын муктаждыктарын бала кезден көрүп өскөн кыз 2000-жылы М.Кеңешбеков атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң ошол эле жылы келечегин агартуу тармагы менен байланыштыруу максатында Жусуп Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетине тапшырып, аталган окуу жайдан тарых мугалими адистигине ээ болгон.

Мээрим Кудайбергеновнанын билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгек жолу мындан туура жыйырма жыл мурда башталган. Анын педагогикалык траекториясы кокустуктардан эмес, ырааттуу өздөштүрүүдөн турат. Адегенде Панфилов районундагы №3 мектепте жана Кара-Балта шаарындагы №4 мектепте окуучулар менен түздөн-түз иштешүү аркылуу сабак берүүнүн усулдарын, окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн жана класс башкаруунун сырларын иш жүзүндө өздөштүрдү.

Административдик жана билим берүүнү башкаруу тажрыйбасы Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүндө калыптанды десек болот. Ал жерден аймактык билим берүү системасынын иштешин, уюштуруучулук жана координациялык иштерди ичинен көрүп, усулдук документтер менен иштөө көндүмдөрүн чыңдады.

Ал эми мектепке чейинки билим берүү тажрыйбасы Бишкек шаарындагы “Радуга” балдар бакчасында түптөлдү. Бала бакчада иштөө менен бирге баланы өнүктүрүүнүн башаты болгон мектепке чейинки курактагы тарбиялоо методикасын өздөштүрдү. Бул тажрыйба кийинчерээк 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү шартында мектепке чейинки даярдоо жана башталгыч класс ортосундагы уланмалуулукту камсыз кылууда чоң көмөк болду.

Дал ушундай ар тараптуу тажрыйбасы, т.а. класстык сабактан баштап райондук, шаардык башкаруу органдарына чейинки кадамдары Мээрим Сексекованы даяр, терең аналитикалык көз карашка ээ усулчу катары калыптандырды.

Мээрим Кудайбергеновна 2017-жылдан бери Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинде талыкпай эмгектенип келет. Сокулук району — демографиялык жактан тез өсүп жаткан, мектептердин жана мугалимдердин саны боюнча эң ири жана жоопкерчиликтүү аймактардын бири. Бул жерде усулчу болуу өзгөчө мобилдүүлүктү жана жогорку кесипкөйлүктү талап кылат. Анын ишмердүүлүгүнүн негизги стратегиялык багыттары төмөнкүдөй тармактарды өзүнө камтыйт:

Педагогдорго сабактарды натыйжалуу уюштуруу, заманбап педагогикалык технологияларды (интерактивдүү ыкмалар, долбоорлоп окутуу, сынчыл ойломду өстүрүү) сабакка киргизүү боюнча туруктуу колдоо көрсөтүлөт. Усулчу сабактардын максаттарын туура коюу, сабактын структурасын логикалык катарда түзүү жана окуучулардын жетишкендиктерин калыптандыруучу (формативдүү) баалоо критерийлери боюнча туруктуу консультацияларды берип келет.

Интерактивдүү семинарлар жана тажрыйба аянтчалары

Кагаздагы семинарлардан качып, практикалык багыттагы тренингдерди, мастер-класстарды уюштуруу — М. Сексекованын башкы усулдук кол жазмасы. Анын райондогу алдыңкы мугалимдердин тажрыйбасын жайылтуу, жаш мугалимдерге “Устат-шакирт” системасы аркылуу багыт берүү боюнча атайын тажрыйба алмашуу аянтчалары үзгүлтүксүз иштеп турат.

Азыркы тапта мугалим кагаз журналы менен гана чектелбей, санариптик билим берүү платформаларын, электрондук журналдарды, мультимедиалык куралдарды жана жасалма интеллекттин элементтерин сабакта колдонуусу зарыл. Мээрим Кудайбергеновна райондун мугалимдерине санариптик сабаттуулукту жогорулатуу, дистанттык жана аралаш окутуу куралдарын өздөштүрүү боюнча практикалык семинарларды үзбөй уюштуруп келет.

Билими боюнча тарых адис катары окуучуларга сапаттуу билим берүү менен бирге, аларда улуттук жана мекенчилдик сезимди калыптандырууга өзгөчө маани берет. Тарых сабагында кургак даталардын эсебин алуу эмес, окуучунун тарыхый ой жүгүртүүсүн өстүрүү, улуттук баалуулуктарды урматтоо жана жарандык жоопкерчиликти аңдап билүү зарылдыгын мугалимдердин эсине салып келет.

Билим берүүдөгү реформалар шартында усулчунун жаңы образы

Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында ишке ашырылып жаткан 12 жылдык мектеп модели жана жаңы мамлекеттик стандарттар усулчулардан оперативдүүлүктү талап кылат. Маселен, жаңы окуу китептеринин, интеграцияланган предметтердин жана компетенттүүлүккө негизделген окутуунун киргизилиши мугалимдер арасында түрдүү суроолорду жаратат. Дал ушул суроолорго так жооп берип, методикалык башаламандыкка жол бербөө — Мээрим Сексекова сыяктуу тажрыйбалуу усулчулардын күндөлүк милдети.

— Педагогикалык ишмердүүлүгүмдө окуучулардын тарыхый билимин тереңдетүүгө, мекенчилдик сезимин калыптандырууга, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана жарандык жоопкерчилигин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам. Ал эми усулчу катары эң башкы милдетим — мугалимге ишеним берүү, анын кесиптик өнүгүүсүнө туура багыт көргөзүү жана билим берүүдөгү жаңыланууларды ар бир сабакка жеткирүү, — дейт Мээрим Сексекова.

“Кут Билим” медиа борборунун тандоосу менен тапшырылган “Жаратман мугалим” сертификаты жөн гана сыйлык эмес, ал — айыл мектебинен баштап райондук деңгээлге чейинки агартуу тармагында талыкпай, ак ниеттүүлүк менен иштеп келаткан, реформаларды кагаз бетинен мектеп турмушуна өткөрүүгө жан дили менен далалаттанган, агартуучулук кесипке чындап берилген адамга берилген татыктуу баа деп билсек болот.

Мээрим Сексекованын басып өткөн эмгек жолу жана анын усулдук ишмердүүлүгү терең билимдүү, ар тараптуу тажрыйбалуу, жаңылыкка ачык жана улуттук баалуулуктарды туу туткан чыныгы жаратман адамдын портрети менен айкалышып, бүгүнкү заманбап кыргыз мектебинин методисти кандай болушу керектигин айкын далилдеп турат.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү