АЙЫМДАР ҮЧҮН СЕРГЕК ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ ЖАНА МААНИСИ
- 25.09.2024
- 0
Айымдар үчүн сергек жашоо- бакубат үй-бүлө, дени сак уул-кыздар, спорт жана жаркын маанай
Сергек жашоо деген кеңири түшүнүк. Бирөөлөр үчүн ынтымактуу үй-бүлө, дени сак уул-кыздар, дене тарбия, спорт сергек жашоонун негизи болсо, башкалар үчүн кыймыл-аракет, эмгек, мээнет, өзү сүйгөн кесип, ыңгайлуу чөйрө. Айрымдар үчүн сулуулук, туура тамактануу, жаркын маанай, куунак көңүл, оюн-шок. Бүгүн менен спорттук баяндамачы, дене тарбия, спорт тууралуу 20 китеп жазып, 12 олимпиада оюндарын жеринен түз чагылдырган журналист катары айымдар үчүн сергек жашоонун негизи болгон дене тарбиянын, спорттун мааниси, ролу тууралуу сөз кылайын деп турам. Себеби, айымдардын спортко болгон мамилеси ошол коомдогу социалдык, экономикалык абалын чагылдырып, улуттун ден соолугунун барометри эмеспи. Дагы бир баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, эненин дени сак, сергек жашоо ыңгайы болсо дени сак уул-кыздар төрөлүп, өлкөнүн келечеги кең болоорун дагы эске алуубуз зарыл. Дүйнө жүзү боюнча сергек жашоо ыңгайында айымдардын абалын жана аларга берилген жоопкерчилигин же кызматын эске алганда, спортто айымдардын өзгөчөлүктөрүнөн мурда жынысына карап бааланганын айтууга болот. Айрымдар, спорт- эркектер үчүн, айымдардын орду спорт эмес дешет. Мындай пикир тээ илгертен бери айтылып келген. Бирок, сергек жашоодо, өлкөнү дүйнөгө таанытууда акыркы убактарда айымдар жана спорт маселеси олуттуу каралып, талкуулана баштаганы кубандырат. Эгемен өлкөбүз Кыргызстанда сергек жашоо менен гана чектелбей эр жигиттерден кем эмес тайманбас кыздарыбыз арбын. Айымдар бааланып, аларга колдоо көрсөтүлсө ишенимди сөзсүз актап, намыска жарап, өлкөнү дүйнөгө тааныта алышаарын бир нече ирет далилдешти. Ат жалында ойногон, жаа тартып таамай аткан тарыхта аты аталган Жаңыл Мырзадай, Кыз Сайкалдай спортто ийгиликтерди жараткан баатыр кыздарыбыз, чемпиондор Мария Кулчунова, Татьяна Колпакова,Татьяна Сидоренко, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана башкалар менен сыймыктанбыз.
Активист айымдардын кыймылы, алар уюштурган иш-чаралары жана чакырыктары менен белгилүү бир социалдык өзгөрүүлөргө жетишкенибиз менен коомубузда, бүгүнкү күндө да сергек жашоого маани бербей көмүскөдө калып кеткен айымдар да бар. Көпчүлүгү үй-бүлөдөгү турмуш шарттын айынан, кээ бирлери тартынуунун (уялчаактык) айынан спорт чөйрөсүнө аралашпай, сергек жашоо ыңгайына көнө албай келатышат. Ал эми социалдык-экономикалык жана маданий деңгээли белгилүү болгон үй-бүлөлөрдө сергек жашоого маани беришип, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоону, эртең менен чуркоону, жөө басуунун адат кылыган, уул-кыздарын спорт менен машыгуусуна шарт түзүүдө. Спорт менен машыккан ата-энелер уул-кыздарын, неберелерин спортко үндөп, аларга шарт түзүп, мотивация берип, шыктандырганы өтө кубандырат. Бирок, сергек жашоо ыңгайы менен салыштырсак, көп учурда кыз-эркек айырмачылыгы жаралгандыктан балдарга караганда кыздардын саны төмөнү өкүндүрөт.
Белгилүү бир жашка чейин балага эненин таасири көбүрөөк тийет. Дени сак энеден, дени сак балдар төрөлөт. Ошондуктан сергек жашоодо ден-соолукту чыңдоонун бирден бир булагы- бул дене тарбия жана спорт. Мына ушуну эске алып, сергек жашоону кеңири жайылтууда, спорттун коомго кеңири жайылуусу үчүн аялдардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга, дене тарбия жана спортко активдүү катышуусына аракет кылуу зарыл экенин баса белгилегим келет. Илгертен эле ханды хан кылган да, вазир кылган да аял, эрди кем кылган дагы аял экени айтылып келатат. Айтайын дегеним, айымдарга колдоо көрсөтүлсө, аларга камкордук көрүлүп, шарт түзүлсө гана сергек жашоонун мааниси артат. Бактылуу айымдын жанында бактылуу балдар тарбияланып, сергек, ден соолугу чың болуп, өлкөгө кызмат кылып, намысты туу кылат. Бактылуу айым баласына эң сонун таалим-тарбия берип, терең билим алуусуна, маанайы жарык, келечеги кең болушуна өбөлгө болот. Андай болсо коомдо жалаң гана жакшылыктар болуп, сергек жашоо ыңгайы жайылат. Жакшылыктын чынжыры үзүлбөй, улуттук нарк, мурас уланып, жеңиштер, ийгиликтер жаралат. Сергек жашоонун шарапаты менен ийгилик, жеңиш, атак-даңк гана эмес, уул-кыздары элин жерин, өлкөсүн дүйнөгө таанытат. А биздин өлкөбүздүн жаратылыш шарты, улуттук рухий баалуулуктар, Айкөл Манас бабабыздан берки асыл мурастар сергек жашоого негиз болуп, кыз-келиндерибиз спорт менен таанылууга татыктуу. Ошондуктан спорт тармагында кыз-эркек дебей айымдарга да колдоо көрсөтүлүп, өзгөчө көңүл бурулса сергек жашоо кеңири жайылат эле. Спортто дагы айымдардын багы ачылып, келечектеги муундарга үлгү, өрнөк болгону кубандырып, үмүт жандырат.
Айымдар үчүн коргонууну үйрөнүүчү спорт түрлөрү
Сурамжылоолордо айымдардын эң көп тандаган спорт тармагы 1-орунда шахмат келет экен. Анткени, айымдар назиктикти жана тынчтыкты самашат. Туура, шахмат тынчтыктын жана акылдуулуктун символу. Айымдарга, жеткинчек жаштарга шахмат дүйнөсүн ачып, далай чемпиондорду тарбиялаган чыгаан устат Бактыгүл Тиленбаеванын мээнети тоодой. Бирок, айымдар сергек жашоо үчүн шахмат менен гана чектелбөө керек. Ошондой эле 2-орунда волейбол турат. Бүгүнкү күндө чындыгында айымдардын волейболго болгон суроо-талабы, кызыгуусу артып, эл аралык аренада таанылып, Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп жатканы кубандырат. Анткени, волейбол топ менен күч сынашууда команда менен иштөө жана биримдикти талап кылат. Мындан тышкары, айымдар үчүн 3-орунда таэквондо спорту, 4-орунда жеңил атлетика, 5-орунда спорттук бий, көркөм гимнастика болуп, дагы бир канча спорттун түрлөрү сурамжылоодо катарга кирген. Баса, көпчүлүк айымдар тарабынан дзюдого жана кикбокска болгон кызыгуулары да айтылып жүрөт. Көпчүлүк айымдар кикбокс боюнча рингге чыгып, күч сынашуу эмес, болгону коргонуу максатында гана кызыгып жүрүшкөнүн билдиришкен.
Албетте, сергек жашоо үчүн баардык айымдардын спортко келүүсү мүмкүн эмес. Ошентсе да, айымдарды ар күнү дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоого, жөө басып, чуркап, кыймылдуу оюндарды ойноп, спортко үндөп, маани берсе деген гана тилек. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин жеке демилгеси менен Бишкекте кыз-келиндер үчүн заманбап күрөш залы, спорт комплекси ачылганы, бул спортко кыз-келиндердин кызыгуусу артып баратканы кубандырат.
Мурда балбан кыздарыбыз жигиттер менен бирге машыгып, жеке гигиена эрежелери сакталбай келсе, учурда күрөш менен машыккан кыз-келиндер үчүн эң мыкты шарт түзүлүп, ийгиликтер жаралууда. Эми дагы эч болбосо айымдар үчүн сергек жашоо ыңгайын жайылтуу максатында жана өздөрүн коргоо үчүн чакан спорт клубдары ачылса дурус болчудай. Айылдагы кыз-келиндер үчүн атайын спорт залдары курулса улут ден соолугуна өбөлгө болот эле. Мүмкүнчүлүктөр, шарттар түзүлсө спортко, сергек жашоого болгон кызыгуу жаралып, талантуу кыздардын багы ачылып, өлкөбүздү спорттун бир нече түрлөрү боюнча дүйнөгө таанытат эле. Кызыгуудан чоң ийгиликтер, жеңиштер жаралып, дүйнөнүн, Азиянын, олимпиаданын жаңы чемпиондорунун ысымдарын билет элек.
Сергек жашоо ыңгайын жайылтып, спортко кызыгам бирок, мен үчүн өзүмдү коргоонун техникаларын үйрөнсөм жетиштүү десеңиздер, айрым айымдар. Анда айымдар үчүн эң мыкты өзүн-өзү коргоо спорту күнүмдүк жашооңузда каршылашуучу коркунучтардан коргой турган спорт түрүн учкай атай кетейин. Учурда коомчулукта айымдарга кордук көрсөтүп, ден соолугуна зыян кылган айрым жагымсыз окуялар кайталанып жаткандыктан, мына ошондой жагымсыз коркутууларга каршы колдоно турган коргонуу спорт түрлөрүн тизмектей кетейин.
Винг Чун – аялдар үчүн эң мыкты өзүн-өзү коргоо спорту катары жогорку орунду ээлейт. Бул спорт аял тарабынан иштелип чыккан. Коркунуч убагында коргонуу үчүн мүмкүн болушунча тезирээк кутулууга же чечкиндүүлүккө багытталган спорт. Бул коргонуу спорту тең салмактуулукту жана тартипти орнотуу менен коркунуч учурунда эң эффективдүү кыймылы менен эмне кылуу керектигин үйрөтөт. Кытайдын түштүк тарабынан чыккан жоокер өнөрү же болбосо Винг Чун искусствосу болжол менен 300 жыл мурун пайда болгон. Луи Сей-Лун атуу айым буддисттик аты Нг Мой тарабынан иштелип чыккан.
Винг Чун концепциясы искусствонун бүгүнкү шарттарга ылайыкталган варианттары колдонулат. Бирок, бүгүнкү күндө бул спорт менен машыккандар дээрлик аз санда.
Винг Чундун принциби – коркунучтуу учурда мүмкүн болушунча тезирээк, байкалбаган эффективдүү жана жөнөкөй ыкмалар менен атаандашты алсыздандыруу. Башка жоокер өнөрлөрү сыяктуу визуалдык искусство эмес, жашоо үчүн күрөшүү деп айтылат.
Айкидо— кол салуу эмес, коргонуу искусствосу деп аталат. Кытай тилинен которгондо Ай — биригүү, гармония, Ки — жашоо күчү, руху, До – жол деп түшүнүдүрүлөт. Айкидо жапондорго таандык заманбап жоокер өнөрү.
Бул спорт өзүн-өзү сактап калуу же коргонуу үчүн гана эмес, руханий жактан да өнүгүп, өсүүгө салым кошот. Айкидо башка жекеме жеке мушташ түрлөрүнө салыштырмалуу көп күчтү талап кылбаган өзүн коргоо спорту. Бул спортто атаандаштын кыймылдарынан пайдаланып ага каршы кыймылдар, ыкмалар жасалат. Ошондуктан бул спорт менен машыккан айымга коргонуу ыкмаларынан пайдалуу кыймылдарды жана тактикаларды үйрөнөт.
Кикбоксинг— тай жана батыш боксунун айкалышы болуп саналат жана киктерди колдонууга мүмкүндүк берет. Спорттун бул түрү менен машыккан аялдар коркунучтун алдын ала алышат. Кикбокста аялдардын өзүн-өзү коргоо же коркууну жеңүү үчүн машыктырылат. Кикбокстун эрежелерин эң тез жана оңой үйрөнүүгө болот. Кикбоксинг англис тилинен которгондо кик тебүү, бокс муштоо. Бул спорт америкалык жана жапондук кикбоксинг деп экиге бөлүнөт.
Көпчүлүк айымдар өзүн коргоо максатында дзюдо, каратэ-до, таэквон-до, самбо, эрежесиз кармаш спорт түрлөрү менен машыгып, айрымдары ийгиликтерге да жетишип жүрөт.
Күрөш көбүнчө эркектер тарабынан жактырылганы менен, дененин каршылыгын арттырган жана атаандашына каршы коргонуу кыймылдарын абдан жакшы үйрөткөндүктөн, айымдардын коргонуу спортунун арасында да колдонула турган маанилүү спорт катары таанылып келатат. Күрөшкө кызыккан айымдар физикалык жана психологиялык каршылыкты күчтөндүргөндүктөн, кооптуу жагдайларды сезе алышат.
Учурда күрөш спортунун түрлөрү кеңири жайылып, көпчүлүккө маалым болгон. Күрөш: эркин күрөш, грек-рим күрөшү, панкратион, бел кур күрөшү, алыш күрөшү, кумдагы жээк күрөшү, дзюдо, самбо, грэпплинг, стриттинг, лута ливре, сумо, шуай жиао сыяктуу ж.б. көп түрлөрү бар. Эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы өлкөбүздү дүйнөгө таанытып, олимпиада оюндарында жана дүйнө, Азия чемпионаттарында байгелүү орундарды багындырып келаткандан бери кыз-келиндердин бул спортко кызыгуусу артып баратат. Ошондой эле кыргызстандык кыз-келиндер алыш, самбо, дзюдо, грэпплинг күрөштөрүндө дагы ийгиликтерди жаратып жүрүшкөнү да кубандырып, сергек жашоонун маани, маңызын билдирип жатышат.
Ал эми кыз-келиндер үчүн сергек жашоо ыңгайын жайылтууга, ден соолугун чыңдоого негиз болгон кызыктуу спорт түрлөрү катары гимнастиканы, сууда сүзүүнү, волейбол, баскетбол, жеңил атлетика, ат спортун, велосипед тебүүнү, спорттук бий, теннис, фехтование, ок атуу, жаа атуу, футбол, гандбол, кайык жарыштары жана башка спорт түрлөрүн өздөрү каалап машыгууга чектөө жок. Кышкысын кыз-келиндер лыжа, коньки тээп, керлинг жана көркөм муз тебүү спорту ийримдерине катышса болот.
Чынында дене тарбия жана спорт сергек жашоо үчүн аялдар, эркектер жана балдарга абдан маанилүү болуп саналат. Ошондуктан ар дайым спорт ден- соолуктун булагы деп бекеринен айтылып келбесе керек. Бул чындык себеби, спорт аркылуу булчуңдар күч-кубатка ээ болуп, ден соолугуңуз чың болот. Сиз ийкемдүүлүккө жана туруктуулукка ээ болосуз. Сөөктөрүңүз бекемделип, сизди алда канча чың жана кубаттуу кылат. Спорт олуттуу стресс же депрессиядан чыгууга көмөктөшөт жана кан басымды жөнгө салат. Фитнесиңиз жогорулайт, маанайыңыз көтөрүлөт. Спорт менен машыгуу бир гана ден соолуктуу чыңдоо эмес. Спорт улуттун ден-соолугу, чыныгы байлык, руханий көрөңгү, жашоонун өзөгү, маданияттын түркүгү, стимул жана жеңиштердин башаты. Мына ошондуктан спортту күнүмдүк адатка айландырып, сергек жашоого умтулуу керек.
Көпчүлүк айымдар эртең менен туруп ишке жөнөп, кайра үйүнө келип күнүмдүк үйдүн тиричилиги менен алектенишет. Анын ичинде тамак жасоо, үй жыйноо, кир жуумай, булар күндө кайталануучу иш болгондуктан өздөрүнө көңүл буруп, спорт менен машыкканга убактылары жетпей калат. Атап өткөн күнүмдүк үй тиричиликтери спорт ордуна эсептелбейт, болгону кыймыл аракет болуп саналат. Мындайды көпчүлүк айымдар айтышат, «үй жумуштарын жасайм, жумушка жөө басып барам бул да дене тарбия, спорт» дешет. Тилекке каршы, сиз күн ичинде жасаган иш-аракеттериңизди дене тарбия көнүгүүлөрү же спорт катары кароого болбойт. Анткени бул адаттар организмиңиздин буга чейин көнүп калган кыймылдары. Андыктан, сергек жашоонун булагы болгон дене тарбия жана спортко өзүнчө көңүл буруп, үзгүлтүксүз көнүгүүлөрдү жасоо, машыгуу абдан маанилүү экенин унутпаңыз. Ден-соолугуңуздун чың болушу үчүн, өзүңүздү ар кандай коркунучтуу кырдаалдарда коргоо үчүн, энергияңызды, күч-кубатыңызды көтөрүү үчүн, өзүңүзгө болгон ишенимди жогорулатуу үчүн спортко келиңиз. Атап өткөндүн баары сергек жашооңуз үчүн спортто бар.
Урматуу айымдар, кыз-келиндер спортту сүйүп жана өзүңүздөр каалаган спорт түрлрү менен машыгып, чың ден-соолукта , сергелең жашаңыздар.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы,
“Кут Билим”
Комментарийлер