АЙТМАТОВСУЗ КҮНДӨР…

  • 27.01.2026
  • 0

Жантелефондун жан-алы калбай чырылдаганынан келген катты ача салсам: «Алтын боолуу ак шумкар алтын боосун үзүптүр, күмүш боолуу көк шумкар күмүш боосун үзүптүр…» деген жүрөк-жүлүндү куйкалаган сөздөр экен… Ушундай да оор, ушундай да ыйлатар сөздөр болобу? Кайран, кыргыз, сөзгө бүт кудурет-күчүн салып кетиптир…

АЙТМАТОВСУЗ КҮНДӨР…

«Алтын боолуу ак шумкар»

Беш-алты жыл мурда эле Чыңгыз Айтматовдун жанында турсак, ушундай жантелефону чырылдап калды, бирөө менен, чамасы, Рустам Рахманалиев болсо керек эле, сүйлөшүп туруп, бизди карап: «…ушул чөнтөк телефондору тууралуу жомокчулар да кыялданып, ойлогон эмес экен, карабайсыңарбы эми» деп койду.

Ал киши кайда болбосун жантелефонун өчүрбөйт эле, чоң жолугушууларда да эркин жүрүп, бирөө чалса ошол жерден эле сүйлөшө берчү.

Азыр эми мага Германиядан өлүм кабары дал ошол жантелефондон келип атат.

Алтын боолуу ак шумкарыбыздан айрылдык…

Күмүш боолуу көк шумкарыбыздан айрылдык…

Акыретке аттантар алдынан…

Айтматов Ала-Тоосунан өзү тууралуу документалдык киного тартылам деп тирүү кетип, тага журтунан ажал таап, Ала-Тоосуна табытка салынып келди. Он төртүндө Ала-Тоосунан кеткен экен, он төртүндө Ала-Тоосунун койнуна берилди…

Жагылып баратып уулу Элдарга «Кыргызстанга алып кеткиле» дептир. Жүрөк сезген бейм. Жанталашып элчилик кызматын өткөрүп берип, шашып аткан белем. Кийинки күндөрдө майдын башында эле шагдам жүргөндөй көрүнгөн. Көз тийдиби?..

Коштошуу зыйнаты. Аза ыйы…

Филармониянын алдына каракомок эл батпайт. Мындайды кыргыз көрбөгөндүр, аста жылып, аттиң, сөөктү көрүүгө жетпей жатабыз. Түртүшөбүз, тартышабыз, сыгылышабыз, тепкичтерден учуп түшөбүз, баарына кайыл болуп жазуучунун жүзүн акыркы ирет бир көрүп калууга шашылабыз. Шаар мэри Данияр Үсөнов менен Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев улам-улам башын чайкайт, элди башкара албай, көл-шал тердешет. Элмирбектин сай-сөөктү какшаткан муңдуу ыры Жоломандын жебесиндей жүрөккө саят. Төбөдөн күн куйкалайт… Кылымдын эң ысык да, эң узак да күнү…

Жетпедик. Эшиктер жабылды. Миңдеген адамдар жазуучу менен коштошконго жетпей калдык. Аттиң арман. Таңкы саат 5те ачып, кечки 5ке чейин турганда эмне дейм. Баары бир жетмек эмеспиз. Мындай узатуу жүз жылдан бери бир болсо Рим Папасында гана болгондур…

Биз, кыргыздар, мурда-кийин мындай азага кабылып, мындай улуу кишини акыретке узатып көрүппүзбү?..

Дагы айтып коём: эгер бу кишини Москвада, Анкарада, Астанада узатканда деп, анда эл агымы миллиондомок экен…

Ый

Сөөк салынган табыт филармониядан чыкты. Бул имараттын алдында өткөн кылымдан бери катып турган Тургунбай уста жасаган Аккуласын алкынткан ажыдаар алп Манас аты менен кошо Айтматовду ээрчип алгандай болду. Бакайдын эстелиги башын жерге салып, жүрөгүн мыкчып карап турду. Биз байкабаппыз. Бир убакта жаныбыздан көз жашы кылып Саякбай санаттап сайрап ийди:

Карагай ыйлап, тал ыйлап,

Канча жандын баары ыйлап,

Бешиктеги бала ыйлап,

Токсондогу кары ыйлап,

Кайберен дүргүп төр ыйлап,

Кара дайра сел ыйлап,

Асман ыйлап, Жер ыйлап,

Алгысы келбей көр ыйлап…

Кайран Саке! Чыңгыз балаңар экөөңөр ата-бала болуп жүрчү эмес белеңер! Ушул алмадай баштын ичине алп Манас кантип батат деп таң кала берчү эмес беле! Ошол «Манас» дастанында айтылгандай ушундай экен дүйнө пок!

Саякбайга кошулуп биз да ыйладык: бала да ыйлады, чал да ыйлады, орусу да ыйлады, немиси да ыйлады… Жол да ыйлап жатты… Биз буулугуп ыйлап, ыйлаган жолду абайлап басып бараттык…

Ушул Чыңгыз Айтматов менен

Чүй көчөсү менен «Ала-Тоо» аянтына бараттык. Ушинтип бул жолдон митингчилер, төңкөрүшчүлөр өтүп калчу. Эми биз баратабыз. Үнсүз-сөзсүз күйүп баратабыз. Айтматовсуз күндөрдүн алгачкыларын кемирип жеп баратабыз…

Башкалар эмне ойлоп жатты, менде болсо туман башта, кайнаган казан сымал мээде сансыз көп санаалар биринин артынан бири келип жатат:

Ушул улуу Чыңгыз Айтматов менен биз башка элге тең эмес белек, казактардан, өзбектерден өйдө туруп сүйлөөчү эмес белек, эми кантебиз дейм?..

Ушул улуу Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адабияттын эң акыркы алп адамы эмес беле, аны менен кошо бул Жер планетасында адабият деген, китеп окуу деген өнөр түбөлүк өлүп калабы дейм…

Ушул улуу Чыңгыз Айтматов менен биз кимди көтөрүп баратып, кимди көөмп салганыбызды азыр аңдай албай жатабыз, оо кийин-кийин түшүнөбүз го дейм…

Ушул улуу Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн ээрчип бараткандар оо кийин-кийин да башка муундагы кыргыздар тарабынан Айтматовдун замандаштары деп, башкача урматтала караларбыз ээ дейм…

Эне-бейит жана Ата-бейит

Душмандар маңкурт кылган уул өз энесин атып өлтүрүп, ошол эненин сөөгү эң алгач коюлган жер Эне-Бейит аталып, ошондон ушуга дейре наймандардын баарынын сөөгү жашырылып келет.

АЙТМАТОВСУЗ КҮНДӨР…

Биз болсо Ата-Бейитке баратабыз. Эң биринчи расмий түрдө Чыңгыз Айтматовдун сөөгү ушул жерге берилет. Найман-Эне жана Чыңгыз-Ата…

Кыргыздар жаңы кабырстан ачканда ырыстуу, нарктуу, бешенелүү адамдын сөөгүн коюп ачкан.

«Ата, мен сенин сөөгүң кайда коюлганын билбейм!»

«Саманчынын жолу» повести ушундай сүйлөмдөр менен башталат. Кийин жазуучунун атасынын сөөгү кайда коюлганын билдик. Эми Айтматовдор ал дөңсөөдө бирге жатат.

Атасы жөнүндө ал минтип эскерди эле:

«1937-жылдын август айынын акыркы күндөрүндө буюмдарыбыздын көбүн сатып, керектүүлөрүн жыйнап, апам, алты айлык карындашым Роза болуп, төрт бир тууган кайра жолго чыктык. Атам бизди Казань вокзалынан узатты. Поезд жүрүп баратканда да эшиктери ачык болучу. Вагондордун бирөө этияты-шартка деп кошумча турган экен. Купелериндеги керебеттер эки кабаттуу. Атам бизди ошондой жайлардын бирине жайгарды. Коштошту. Апамдын ошондогу көз жашын, атамдын өзүн-өзү чымырканып кармап турган олбурлуу кебетесин ошол-ошол али да көз алдымдан өчүрбөй келем…

Ошондо вагондо эл көп эле. Бири-бири менен тыгылышып, жолоочулар өз-өз купелерине жете албай издеп жүрүшкөн.

Менин атам болсо ошондо жылып бараткан поезд бир далайга узап кеткиче, андан калбай, поезд менен кошо чуркап баратты да, ошол баратышында, бизге кол булгалай берди, булгалай берди…

Мен купенин керебетинин үстүңкү кабатында элем. Баарысын-баарысын сезип-туйдум. Бири-бирибизди мындан ары көрбөшүбүздү да билгендей болдум. Ошондон го, буркурап ыйлай бердим. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндү как жарып өксүп жаттым».

Арадан жетимиш жылдай мезгилди жептирбиз. Кайрадан ата менен бала жолукту. Ата-Бейитте жолукту…

Тагдыр тамашасы

Айтматов согуш жөнүндө көп жазды. Немецтердин элибизге салган азабы анан бүтүндөй чыгармачылыгын кыраркадай кармап турат. Тагдыр тамашасын караңыз, анын эң көп окурмандары да ошол биз менен согушкан немецтердин кийинки мууну болуп чыкты. Жазуучунун акыркы күндөрү да, акыркы дем алган абасы да ошол немец жери болду…

Эми Айтматов келеби?

Жазуучунун денеси жерге бериле электе телевизор, радио тынбай айтып жатты, негедир баары эле «эми Айтматов жүз жылда да, миң жылда да келбейт» деп атышты. Айтматов кайдан келди? Татар менен кыргыз улутунун канынын кошундусунанбы, же шекерликтердин байыркынын жугу-журту калган элдик тарбиясынанбы?..

Ким билет да, ким аңдайт?!..

Дагы айтматовдорду келтирүүнү ойлонуш керек, эки кыргыздын бири алкаш болуп кетсе, эки кыргыздын бири жети ата өтпөй үйлөнүп жатса, кайдагы айтматовдор…

Бирок баары бир айтматовдор келиш керек. Балким, ал эми адабияттан келбестир…

Биздин бактыбыз

Атасы Төрөкулдун атылып кетиши – Чыңгыздын жеке турмушу үчүн кайгы, азап болгондур, бирок биз, окурмандар, үчүн ал чоң байлык болду. Бала атасынан айрылбаганда ал көркөм сөз баккан жазарман болмок эмес…

Адамдын ысымы – ырыскы

«Чыңгыз» деп биз айтсак, казактар «Шыңгыс» дейт, түрктөр «Деңгиз» дешчү. Атасы Төрөкулдун бир тууганы Рыскулбек авасы балага «Чыңгыз» деген атты ыраа көрүптүр. Чыңгыз хандай атактуу болсун, аалам кессин, аты өчпөсүн деген окшойт…

Кызырга жолуккан бала

1943-жылы февралда «Сукра» аттуу уюн уурдатып, ууруларды жетип барып атып салуу тууралуу бекем чечимге келип Жамбылга карай бараткан жолдо бала Чыңгызга бирөө жолугат. «Анын башында түсү оңуп кеткен, эскилиги жеткен тери тебетей. Өзү да бир кембагал бечара карыптай. Ошол мискин чал ак сакалын жайкалтып, төрт буту жерге тийип тийбей тыпырап баскан эшек минип келатыптыр. Ал көптөн бери киши барбай калган эски мазардан чыккандай. Экөөбүздүн жолубуз бир болуп калды. Салттагыдай салам бергенди да унутуп калыпмын. Ачууга алдыргандыктан болсо керек, мындай жоругума да маани бербедим. Жанынан озуп бара жатсам, карыя мага кайрылды:

— Токтоп турчу, уулум?! Бирөөнү өлтүргөнү баратасыңбы?!

— Ооба, — дедим, анын бул суроосуна кабагымды бүркөп да койбой: — Ооба, өлтүрөм!

Бетме-бет келдик. Тике караштык. Ошондо мен анын жүзүндөгү ушундай бир адамды өзүнө тарткан жылуулукту, мээримди байкадым да, ушунчалык бир ишенимдүү көздөрү менен тигиле караганда анын арыкчырай жүзүн аңдадым. Башын ийип, мага салам берип:

— Андай болсо шашпа! Менин сөзүмдү ук, бир аз аярла! Эмне үчүн өлтүргүң келип жатат, уулум? — деди жайбаракат.

— Тууганы калган бооз уюбузду уурдап кетишти. Төрт бир тууганбыз, эң улуусу менмин. Апам менен таежем болсо оорукчан…

— Ошондойбу? Жаман болуптур, аябай жаман болуптур! Бирок, сен мени ук! Өч жаман нерсе. Каргыш тийген ууру болсо да, аны өлтүрүүнү ойлобошуң керек!

Унчуккан жокмун. Бакырып жиберейин деп, бирок өзүмдү өзүм араң кармап турдум.

— Сени түшүнүп жатам, уулум, — деп сөзүн улады карыя, — шу абалыңа аябай кайгырып, кандай шартта экениңди билип турам. Мендей карыяны ук! Өлтүрбө! Мындай нерсени ойлоп да койбо! Yйүңө кайт! Бу жашоодо ушундай наамарттыкка баргандар сөзсүз жазасын алат. Бул сөзүмө ишен. Жаза ар дайым аны менен кошо жүрөт, кошо жатып, кошо турат. Бирок, сен үйүңө кайтып, ууруларды өлтүрүү тууралуу кайра ойлонбосоң гана акыр аягы бактылуу болосуң. Бакыт сени өзү эле издеп таап келет. Сен мени жөн эле сүйлөп жатат деп ойлобо. Бир учур келгенде менин бул сөздөрүмдү эстеп, туура айтканымды билесиң. Yйүңө кайт, каралдым! Апаңа да ушуларды айта бар. Мен да өз жолума түшөйүн. Сага бирөө кандай жамандык кылса да, сен аны өлтүрүү тууралуу эч качан ойлонбо? — деди.

Анын ушул сөздөрүн уккандан кийин мен аркама бурулдум. Карыя баягысындай эле жолун улап эшегин кыдыңдатып кетип жатты…», — деп эскерет Айтматов кийин чоң жазуучу болгондо.

Ошол ким эле? Кызыр Ата (Кыдыр Ата) болуу керек! Ошондо бул балага батасын аябай бергендей…

СССРди кулаткан инсан

Биз, СССР деген империядан эң оңой кутулдук, ок атышпай, жакалашпай деп жүрөбүз. Бул – ырыс, ошонун ичинде орустардын да ырысы. «Жаңыча ойлонуу» деп жүрүп, Чыңгыз Айтматов ошол кезде Михаил Горбачев досу экөө СССРди уратып берди. Ушул эрдиги үчүн казактар да, өзбектер да, түркмөндөр да, грузиндер да, өзгөчө Балтика боюндагы өлкөлөр, анан Европадагы социалисттик мамлекеттер… бүт баары Чыңгыз Айтматов менен Михаил Горбачевдин эстелигин борбор шаарларынын борбордук аянттарына коюшу керек. Алар ошого татыктуу…

Лев Толстой жана Чыңгыз Айтматов

Орустун классиги, дүйнөлүк адабияттын №1 кишиси Лев Тостой эң сонун романдарын жазып атып эле, туулган кыштагы Ясная Полянага мектеп ачып, бала окутуп, аларга арнап чыгармаларды жазып, ашкере динчил болуп кеткенде орус зыялылары шылдыңдап күлгөн эле. Көрсө, Толстой башка дүйнөгө барып калган экен – адамзаттын дилине адамгерчиликтин үрөнүн сээп, арам ой адамды бул дүйнөнүн азабынан куткарайын деп ойлоп калган экен. Мээсинен башканын баарын кууп чыккан экен. Айтматов да эми ушуга келди эле, Европадан бошонуп, саясаттан бошонуп, мындан кийин Ысык-Көлдө, Бишкекте, Алматыда отуруп алып, башка дүйнөнүн адамы болуп адамзаттын гуманизминин өзү айтып келген эрежелеринин жаңы доорун планетардык масштабда ачмак болгон… А бул нерсе бүткүл адам баласын жаңы нукка бурмак беле… Айтматов мага ошол башка бир дүйнөнүн босогосуна келгендей сезилет… Аттиң бири кем дүйнө…

Айтматов жана өлүм

Чыңгыз Айтматов негедир өлүмдү көп-көп жаза бериптир, жаза бериптир.

Өзүнүн өлүм күнү жакындап келатканда өз аты менен аталган лицейдеги окуучулар менен жолугушууда мындай деди эле: «Мага кайсыл чыгармаңыз өзгөчө жакын деп көп сурашат. Буга жооп бериш кыйын, ар бирин үмүт менен, мээнет менен жазасың. Мына эми эле чыккан «Тоолор кулаганда» деген китеп бир нече тилде чыкты, эми япончо, кытайча да басылып жатат. «Кассандра энтамгасы» романым боюнча изилдөөчүлөр китеп жазыптыр, «Ч.Айтматов и космическое мышление» деп аталат, жакында мага тапшырды. «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» да романтикалык, сезимдин чыгармасы, аны да өзүнчө кабыл алышты. Немецтер «Бала жана Деңиз» деп которушкан, Э.Хемингуэйдин айтылуу «Чал жана Деңизиндей». Якутиянын драма театры ушул чыгарманын негизинде «Эңсеткен менин көк жээгим» деген спектакль даярдашкан, жыйырма беш жылдан бери репертуранынан түшпөй коюлуп келе жатат, гастролдоп дүйнөнүн көп жерин кыдырды. Дагы ушул повестти негиздеп Германияда «Бала жана Деңиз» деген опера коюшту».

Ошол сөз айтылгандан кырк күн өтүп-өтпөй эми Айтматовсуз ааламда «…Ала-Дөбөттү» кайрадан ачып отурам. Бала Кирискти сактоо үчүн кайыктагы кишилер баары өлүмгө барат. Эң акыры баланын атасы Эмрайинге кезек келет. Мына анын өмүр-тагдырынын соңку мүнөттөрү: «Эмрайин жаны кейигенине чыдабай тиштенип, онтоп жиберди, уулуна эчтеке айта албады. Оюнда ал уулу менен коштошуп, коштошуусу улам созулган сайын сууга боюн таштоо кыйын боло берди. Өткөн өмүрүнүн баары ушу бүгүнкү түндүн башталышы гана болгонун Эмрайин ушул түнү түшүндү. Анын туулганы да, азыр өлүп баратканы да мынабу уулунда калыш үчүн, уулунда уланыш үчүн тура. Уулу менен унчукпай коштошуп жатып, ата ушуну ойлоду. Өзүн өлүмгө берер алдында Эмрайин керемет жаңылык ачты: жан берип, көз жумганга чейин уулунда уланыш үчүн ал өмүр бою ушул Эмрайин болуп жашап келген тура».

Ка-аап десеңиз, Чыңгыз өмүр бою ушул Чыңгыз болуп, бизде, балдарында уланыш үчүн жашап келиптир… Ошол күндөрү бизге өмүр бериш үчүн өзүн Эмрайинче «сууга боюн» таштоого кам уруп атыптыр…

«Арыба, ак кеме, мен келдим!»

Жазуучу бул дүйнөдөн кетишин да мындан отуз сегиз жыл мурда эле айтып салыптыр, ошондогу жети-сегиз жашар Бала азыр эми сексендеги Айтматов-Балага айланыптыр: «Бала жүрөгүң арамдык менен кыянатчылыкты кабыл кылбады, балык болом деп сүзүп кеткениңен мен ушуну билдим. Эми менин көңүл жубатарым да ушул. Бир жарк этип, жалп өчкөн чагылгандай жашап өттүң. Чагылганды Көк Теңир чагат. Көк түбөлүктүү. Менин көңүл жубатарым ушул.

Дагы бир көңүл жубатарым: адамдагы балалык абийир дандагы түйүлдүк сыңары. Түйүлдүгү жок дан өспөйт. Бу дүйнөдө кандай күндү баштан кечирбейли, бирок адам туулуп-өлүп турары чын болсо, акыйкаттык түбөлүк жашаары чын…

Эмесе сени менен коштошоюн, бала.

Коштошоюн да, сенин сөзүңдү айтайын: «Арыба, ак кеме, мен келдим!»

АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ

Бөлүшүү

Комментарийлер