АЙТБҮБҮ АБДЫИБРАЕВА: “АНГЛИС ТИЛИН ӨЗ АЛДЫНЧА БЕКЕР ЖАНА САПАТТУУ ҮЙРӨНӨ АЛЧУ ПЛАТФОРМАНЫ ИШТЕП ЧЫГАМ”

  • 20.08.2024
  • 0

Президенттик «Эл үмүтү» программасынын стипендианты Ноттингем университетинин “Компьютердик илим жана жасалма интеллект” программасы боюнча магистратурага өткөн Айтбүбү АБДЫИБРАЕВАНЫ сөзгө тарттык.

АЙТБҮБҮ АБДЫИБРАЕВА: “АНГЛИС ТИЛИН ӨЗ АЛДЫНЧА БЕКЕР ЖАНА САПАТТУУ ҮЙРӨНӨ АЛЧУ ПЛАТФОРМАНЫ ИШТЕП ЧЫГАМ”

— Айтбүбү, кыскача өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз?

— Ушул окуу жылында  Президенттик «Эл үмүтү» стипендиясына ээ болгон талапкерлердин биримин.  Бул программа мага Улуу Британиядагы Ноттингем университетинин “Компьютер илими жана жасалма интеллект” тармагы боюнча эки жылдык магистратура программасында билим алуума шарт түзүп берип жатат.

— “Эл үмүтү” стипендиясына ээ болууда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

АЙТБҮБҮ АБДЫИБРАЕВА: “АНГЛИС ТИЛИН ӨЗ АЛДЫНЧА БЕКЕР ЖАНА САПАТТУУ ҮЙРӨНӨ АЛЧУ ПЛАТФОРМАНЫ ИШТЕП ЧЫГАМ”

— Негизи кыйынчылыксыз эч нерсе ишке ашпайт эмеспи. Эң биринчи кыйынчылык — бул стипендиянын өлчөмүнө дал келген, дүйнөлүк топ-100кө кирген жогорку окуу жайды жана менин жеке максаттарыма жана  кызыгуума ылайык болгон программасын тандоо болду. Мисалы, IT тармагынын мекени болгон Американын топ окуу жайлары мага дал келген программалары бар болгону менен окуу төлөмү өтө кымбат экени мени түйшөлттү. Кийинки менин жүрөгүмө жакын өлкө Англия болду, себеби мен англис тилин жана адабиятын көп жылдап окугам. Бул өлкөдө топ-100кө кирген жогорку окуу жайлар абдан көп. Ал эми мен тандаган Ноттингем университети — Альберт Эйнштейн баштаган бир катар Нобель сыйлыгынын ээлери эмгектенип кеткен тарыхый, кадыр-баркы бийик окуу жай. Бул окуу жайды “Оксбридж” деп да аташат экен, мааниси Оксфорд жана Кембридж университеттеринин стилинде иш алып барган престиждүү университет.

Дагы бир кыйынчылык — Кыргызстандын ЖОЖнун дипломдорун котортуп, нотариустан өткөрүү процесси. Мисалы, АКШдагы айрым топ ЖОЖдор жергиликтүү нотариустардын котормосун жаратпайт. Мен, мисалы, бакалаврдан алган дипломумду Пенсильвания университетине тапшыруу үчүн  $290 USDге SpanTran компаниясы аркылуу жасаттым. Ошол үчүн биз кайсы кесипке ээ болбойлу дипломубузда англисче да котормосу бар болсо деп биздин министрликке сунуштап кетким келет.

Мындан сырткары, учурда Англияга виза алуу мен күтпөгөндөй татаалдыкты жаратууда. Буюрса, окуу жылына кечикпей барсам экен деп аракет кылуудамын.

— Эмне үчүн ушул программаны тандадыңыз?

— Мен программалоо башкача айтканда, код жазуу билими жана жөндөмдөрдү үйрөнүүгө АКШ мамлекетинин Индиана университетинде Фулбрайт программасы менен 2015-жылы баргандан тарта кызыгып калдым. Себеби ал жактан санариптешүү ааламы ушунчалык ар тармактуу басымда жүрүп жатканын көрдүм. Бул багытта магистратура билимин алуу үчүн абдан аракеттендим, ал жактан бюджетке бул тармакка өтүп окуу мен үчүн мүмкүн эмес болду. Чикагодогу кыргыз мекендештерден да жардам издедим. Тилекке каршы, колдоо таба албай, мыйзамды сактап, өлкөмө кайттым. Андан бери колумда бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга аракет кыла бердим. Академиялык багытымды алгач санариптешкен педагогикага буруп, Ташкент, Алматы жана Дубайда өткөн илимий иш-чараларга катыштым, Борбор Азиядагы Америка университетинде магистратуралык ишимди дагы компьютер терминологиялары тууралуу жаздым, IT курстарга бардым, акыры ушул тармактан билим алууну чечтим. Себеби, компьютер илими жана жасалма интеллект учурдагы жана келечектеги актуалдуу тармак экендиги мени абдан кызыктырды.

АЙТБҮБҮ АБДЫИБРАЕВА: “АНГЛИС ТИЛИН ӨЗ АЛДЫНЧА БЕКЕР ЖАНА САПАТТУУ ҮЙРӨНӨ АЛЧУ ПЛАТФОРМАНЫ ИШТЕП ЧЫГАМ”

— Алган билим менен коомго эмне пайда келтиресиз?

— Илимий жетекчим боло турган профессор Коллин Жонсон менен биргеликте “English for IT” автордук платформамдын ChatBot AI бөлүгүн ишке ашырууну бул окуу жайга тапшырып жаткан убакта бир нече жолу талкууладык. Ошол себептен ал жакка бара тургандыгымдын так максаты — дал ушул платформама байланыштуу деп айтсам болот. Буюрса, бул программам ишке ашса, англис тилин кыргыз тилдүү окуучулар жана  студенттер өз алдынча бекер жана сапаттуу үйрөнө алчу платформа жасайм деп ишенем. Себеби шаарбы же айылбы, негизи мамлекеттик мектептерде англис тили сапаттуу окутулбай жаткан маселе бар. Таланттуу, бирок курска акча табалбай жаткан окуучуларга бул платформа аркылуу абдан жардам бергим келет. Себеби англис тили кандай кесип ээси болбойлу аба-суудай керек тил экенин жашообуз далилдеп жатат.

Андан сырткары, менин апам менен биргеликте кол өнөрчүлүк менен жасаган автордук окутуу куралдарым бар, аларды да жакынкы он жылдыкта  санариптештирүүнү абдан каалайм. Негизи, биздин билим берүү тармагыбыздын сапатын жогорулатуу үчүн санариптешүү аба-суудай керек нерсе деп эсептейм. Мисалы, китептерибиздин мазмунунан тарта, анын электрондошкон, интерактивдүү, заманбап версиясын программисттердин иштеп чыгуусу өтө актуалдуу болуп турат. Учурдан пайдаланып, мен сыяктуу билим берүү жана IT тармактарына кызыккан мекендештер болсо менин email почтам аркылуу байланышып, ушундай долбоорлорду бирге ишке ашырууга бир коом түзсөк деп чакырып өткүм келет: [email protected]

— Дагы кандай кыялдарыңыз бар? Биздин коомдо эмнени өзгөрткүңүз келет?

— Биздин коомдо жеке сапаттардан, мисалы, бири-бирибизге ишеним, колдоо, жакшы сөз, ар нерсеге жоопкерчиликтүү мамилени  жана адамгерчиликтин максималдуу болушун абдан каалайм. Ал эми кесипкөйлүк сапаттардан талыкпай изденүүчүлүк, күн сайын заманбап билим алуу (жашыбызга карабай), өзүбүздүн кемчиликтерибиздин үстүндө иштөө (эч ким идеалдуу эмес) сыяктуу биздин өзүбүздү гана эмес, жалпы коомубузду өстүрүп, жакшы жакка өзгөртө  турган сапаттарды жайылтууга адам катары салым кошууну кыялданам.

Мисалы, өлкөбүздө көп кыз-келиндер үйдүн түгөнбөгөн жана такыр бааланбаган түйшүгүн тартат. Мага кандай учур болбосун ишенген, колдогон апама, жакындарыма, үй-бүлөмө, жолдошума абдан ыраазымын. Өзгөчө жолдошубуз жана жакындарыбыз түшүнүктүү болбосо, ийгилик жаратуу, бактылуу турмуш куруу жана максатка жетүү мүмкүн эмес экен. Ошол себептен, мен ар бир кыргыз кызынын коомдо колдоо табуусун, билим алууларын жана жашоодо кем болбогондугун  каалайм.

— Кыргызстанга кайра кайтып келесизби?

— Бул программанын негизги талабы — биздин таланттуу жаштарга дүйнөнүн эң алдыңкы ЖОЖнан билим алып, мамлекетибиздин ар тармагында өз тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүүгө келишим түзөт. Мен акыркы убакта билим алган Жогорку Технологиялар Паркы IT компанияларга көп турларды уюштуруп беришкенде көптөгөн программисттер мекенибизде деле эч жакка кетпестен жакшы маяна таап иштегендери мени кубандырды. А, бирок, технологиялардын мекени болгон өлкөлөрдөн билим жана тажрыйба алуу баасы теңдеш нерсе катары эсептейм. Мындай мүмкүнчүлүккө жетүүнү абдан каалагам. Ал эми өзүмдү келечекте биздин өлкөдө IT тармагын сапаттуу окутууга салым кошкон адис катары көрөм. Кылычбек Ураимов сыяктуу күчтүү IT педагогдор менен иштешким келет.

АЙТБҮБҮ АБДЫИБРАЕВА: “АНГЛИС ТИЛИН ӨЗ АЛДЫНЧА БЕКЕР ЖАНА САПАТТУУ ҮЙРӨНӨ АЛЧУ ПЛАТФОРМАНЫ ИШТЕП ЧЫГАМ”

— Дагы кандай кошумча ойлоруңуз бар?

— Сиздерге чоң рахмат, үнүмдү коомчулукка жеткирип жатканыңыздар үчүн жана учурдан пайдаланып, ушул мүмкүнчүлүктү түзүп берип жактан “Эл үмүтү” программасынын уюштуруучуларына терең ыраазычылыгымды билдирем. Буюрса, пландап жатам жакынкы айларда сөзсүз соцтармактар аркылуу кантип чет өлкөлүк окуу жайларга тапшыруу керек же кантип Кыргызстанда IT курстарын туура тандоо керек? —  деген сыяктуу кызыккандар үчүн вебинарларды уюштуруп берем.

Дагы бир мен окурмандарга айткым келген нерсе — кандай максат болбосун ага жетүү оңой болбойт. Биздин коомдо мен байкагандан тез эле байыгыбыз келет, эки-үч айда программист болууну же бир-эки айда англисче эркин сүйлөөнү кыялданабыз жана ошондой жарнамаларды уялбастан таркатабыз. Чындыгында,  тилекке каршы, андай эмес. Кесипкөй билим алуу жана өнөр үйрөнүү, балким 10+ жылдарды  талап кылат деп эсептейм. Ошол биз каалаган ийгиликти жаратууга жакындарыбыз убакыт берип, мүмкүнчүлүк түзүп, ишенип жана ар тараптан колдоп турууларын суранып өткүм келет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер