АЙБЕК САРЫГУЛ: «PISA ЖАМАНАТТЫГА ЭМЕС, ТУУРА ЖОЛДУ ТАНДООГО КЕРЕК»

  • 09.09.2026
Бүгүн Кыргызстанда PISA-2025тин жыйынтыгы кызуу талкууланып жатат. Өлкөбүз 91 катышуучунун арасында 80-орунду ээлептир. Социалдык тармактарда «позор» дегендер да, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеваны күнөөлөгөндөр да көп.
Бирок бул маселеде эмоцияга алдырбай, алгач PISA деген эмне экенин түшүнүп алышыбыз керек.
PISA — Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму, башкача айтканда OECD тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык изилдөө. Ал 15 жаштагы окуучулардын мектеп программасын канчалык жаттаганын эмес, алган билимин турмушта пайдалана билүүсүн баалайт.
PISA баланын:
  •  текстти окуп, маанисин түшүнүү;
  •  маалыматты талдоо жана салыштыруу;
  • математикалык билимди практикалык маселеге колдонуу;
  • илимий маалыматтардын негизинде жыйынтык чыгаруу;
  • тааныш эмес кырдаалда өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн текшерет.
Демек, бул кадимки экзамен эмес. Окуучу PISAдан төмөн балл алса, класста калбайт, аттестатына таасир этпейт жана университетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготпойт. PISA жеке баланы эмес, бүтүндөй билим берүү системасын текшерет. Жөнөкөй айтканда, PISA — билим берүүнүн термометри.
Термометр оорунун себебин аныктабайт, бирок дене табы канчалык көтөрүлгөнүн көрсөтөт. PISA да мектептерибиздин эмне үчүн начар иштеп жатканын толук түшүндүрүп бербейт. Бирок системанын кайсы деңгээлде экенин эл аралык өлчөм менен көрсөтөт.
Кыргызстан PISAга качан катышкан?
PISA дүйнөдө 2000-жылдан бери өткөрүлүп келет. Кыргызстан ага биринчи жолу 2006-жылы, андан кийин 2009-жылы катышкан. Эки жолкусунда тең өлкөбүз катышуучулардын арасында акыркы орунда калган. 2009-жылы Кыргызстандын көрсөткүчтөрү болжол менен мындай болгон:
  • табигый илимдер — 330 балл;
  • математика — 331 балл;
  • окуу сабаттуулугу — 314 балл.
Ошол оор жыйынтыктан кийин Кыргызстан PISAдан 16 жылга чыгып кеткен. Биз эл аралык салыштырууга катышпай калдык. Мектептерибиздин реалдуу деңгээли кандай өзгөрүп жатканын сырттан өлчөй турган негизги инструменттен баш тарттык.
Бул мезгилде дүйнөлүк рейтингдерде көрүнбөй калганыбыз менен, билим берүү көйгөйлөрү жоголуп кеткен жок. Тескерисинче, алар жабык бойдон топтоло берди.
2025-жылы Кыргызстан 16 жылдык тыныгуудан кийин PISAга кайра катышты. Сынакка өлкөдөгү 196–197 билим берүү мекемесинен 6,7 миңден ашуун окуучу тартылып, тестирлөө биринчи жолу компьютердик форматта өткөрүлдү.
2025-жылдагы жыйынтык:
  • табигый-илимий сабаттуулук — 363 балл;
  • математикалык сабаттуулук — 364 балл;
  • окуу сабаттуулугу — 344 балл.
2009-жылга салыштырмалуу үч багыт боюнча тең 30–33 баллдык өсүш бар. OECD бул өзгөрүүнү статистикалык жактан маанилүү деп баалап жатат.
Өсүштү жокко чыгарууга болбойт. Бирок аны чоң жеңиш катары көрсөтүүгө да негиз жок. Анткени Кыргызстандын көрсөткүчтөрү дагы эле OECD өлкөлөрүнүн орточо деңгээлинен 100–120 баллга төмөн.
Эң кооптуу жагы — окуучуларыбыздын басымдуу бөлүгү функционалдык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жетпей жатканы. Бала текстти үн чыгарып окушу мүмкүн, формуланы жатка билиши мүмкүн, бирок окуганын талдоо, маалыматтарды салыштыруу жана алган билимин жаңы кырдаалда колдонуу жагынан кыйналып жатат.
Биздин чыныгы көйгөйүбүз 80-орун эмес. Негизги көйгөй — мектепте тогуз-он жыл окуган балдардын чоң бөлүгү алган билимин турмуштук маселелерди чечүүдө толук колдоно албай жатканы.
«11 позицияга көтөрүлдүк» дегенге этият мамиле керек. 2009-жылы PISAга 65 өлкө жана экономика катышкан. Кыргызстан акыркы орунда болгон. 2025-жылы катышуучулардын саны 91ге жетти.
Ошондуктан 65 катышуучунун арасындагы акыркы орунду 91 катышуучунун арасындагы 80-орун менен түз салыштырып, «Кыргызстан 11 позицияга көтөрүлдү» деп айтуу толук туура болбойт. Анткени катышуучулардын курамы жана саны өзгөргөн.
Андан тышкары, PISA дүйнөдөгү бардык мамлекеттерди камтыбайт. Демек, «Кыргызстан дүйнөдө 80-орунда» деп да айта албайбыз. Туурасы — Кыргызстан PISA-2025ке катышкан 91 өлкө жана экономиканын арасында төмөнкү топто калды.
Биздин реалдуу өсүш рейтингден эмес, 2009-жылга салыштырмалуу баллдардын 30–33 пунктка жогорулашынан көрүнөт. Бирок бул өсүш 16 жылга бөлүнгөндө өтө жай жүргөнү да ачык көрүнөт. Ушундай темп менен өнүксөк, дүйнөнүн орточо деңгээлине жетүү үчүн дагы бир нече он жыл талап кылынышы мүмкүн.
Догдуркүл Кендирбаеванын аракетин туура баалашыбыз керек. Бүгүнкү жыйынтык үчүн бир гана азыркы министрди күнөөлөө адилетсиз. PISA-2025ке катышкан 15 жаштагы балдар мектепке болжол менен 2015–2016-жылдары киришкен. Алардын билими акыркы он жылдагы окуу программаларынын, китептердин, мугалимдердин даярдыгынын, мектеп шарттарынын, үй-бүлөлүк абалдын, пандемиянын жана мамлекеттик саясаттын таасири астында калыптанган.
Бул — бир министрдин эки-үч жылдык ишинин эмес, ондогон жылдар бою топтолгон маселелердин жыйынтыгы. Тескерисинче, Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында Кыргызстандын 16 жылдык тыныгуудан кийин PISAга кайтып келиши — колдоого татыктуу чечим.
Начар жыйынтыктан коркуп, эл аралык баалоого катышпай коюу оңой. Андай учурда өлкө рейтингде көрүнбөйт, министрлик да сын укпайт. Бирок көйгөй чечилбейт.
Ал эми системанын чыныгы абалын ачык көрсөтүү, дүйнөлүк талаптар менен салыштыруу жана коомдук талкууга алып чыгуу — саясий эркти талап кылат.
Догдуркүл Кендирбаева билим берүүдө көп жылдан бери топтолгон көйгөйлөрдү жашыруунун ордуна, аларды ачыкка чыгарууга аракет кылып жатат. Кыргызстанды кайра эл аралык изилдөөлөргө киргизип, биздин күчтүү жана алсыз жактарыбызды өлчөөгө жол ачканы — анын эмгеги катары бааланышы керек.
PISAдагы 80-орунду министрдин жеке «позору» катары көрсөтүү — маселенин маңызын түшүнбөгөндүк. Тескерисинче, өлкөнүн начар көрсөткүчүн жашырбай жарыялап, коомду аны талкуулоого чакыруу — туура башкаруучулук мамиле. Эгер оорулуунун температурасы жогору болсо, термометрди алып келген дарыгерди күнөөлөбөйбүз да. Биз оорунун себебин издеп, дарылоону баштайбыз. PISA да биздин билим берүү системабыздын температурасын көрсөттү.
Эми министрликти «эмне үчүн өлчөдүңөр?» деп эмес, «өлчөгөндөн кийин эмнени өзгөртөбүз?» деп сурашыбыз керек.
PISAга катышуу Кыргызстанга эмне берет?
Биринчиден, өзүбүздү өзүбүз алдабай, билим берүүнүн чыныгы деңгээлин көрөбүз.
Экинчиден, Кыргызстандагы окуучулардын билимин башка өлкөлөрдүн окуучулары менен бирдей методика аркылуу салыштырабыз.
Үчүнчүдөн, шаар менен айылдын, бай жана жакыр үй-бүлөлөрдүн, кыздар менен балдардын, кыргыз жана орус тилдүү мектептердин ортосундагы айырмачылыктарды аныктай алабыз.
Төртүнчүдөн, кайсы мектептер жана кайсы окутуу ыкмалары жакшы натыйжа берип жатканын изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Бешинчиден, жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасын кийинки PISA циклдеринде өлчөөгө болот.
Алтынчыдан, Кыргызстандын билим берүү боюнча адистери эл аралык изилдөө, статистикалык талдоо жана билим сапатын баалоо тажрыйбасын алышат.
Эң негизгиси — PISA биздин балдардын келечекте кандай жумушчу, инженер, дарыгер, мугалим, ишкер жана мамлекеттик кызматкер болорун алдын ала көрсөтөт.
Бүгүнкү 15 жаштагы окуучулар 10–15 жылдан кийин Кыргызстандын экономикасын, айыл чарбасын, өнөр жайын, логистикасын, банк системасын жана мамлекеттик башкаруусун жүргүзүшөт. Эгер алардын көпчүлүгү маалыматты талдай албаса жана алган билимин практикада колдоно албаса, анда өлкөнүн экономикалык өсүшү да чектелет.
Ошондуктан PISA Агартуу министрлигинин гана маселеси эмес. Бул — президенттин, Министрлер Кабинетинин, парламенттин, жергиликтүү бийликтин, ата-энелердин жана бүтүндөй коомдун маселеси.
Эмне үчүн жыйынтык төмөн болуп жатат?
Мунун бир гана себеби жок. Бизде айрым класстарда 40–50 бала окуйт. Мугалим ар бир балага өзүнчө көңүл бура албайт. Айылдарда жана алыскы аймактарда математика, физика, химия, англис тили боюнча мугалимдер жетишпейт.
Көп окуу китептеринин тили оор, мазмуну эски жана баланын өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө ылайыкташкан эмес.
Сабактарда эрежени жаттоо жана мугалимдин айтканын кайталоо үстөмдүк кылат. Ал эми PISA жаттаган маалыматты эмес, аны жаңы кырдаалда колдонууну талап кылат.
Башталгыч класстарда текстти түшүнүп окуу көндүмү жетиштүү калыптанбай калса, бала жогорку класстарда математикадан, физикадан, тарыхтан жана башка предметтерден да кыйналат.
Мектептердин шарттары да бирдей эмес. Бишкектеги тандалма мектеп менен алыскы айылдагы мугалим жетишпеген мектептин мүмкүнчүлүгүн салыштыруу кыйын.
Үй-бүлөлүк шарттар да чоң роль ойнойт. Ата-энеси баласы менен китеп окуган, үйүндө китеби, компьютери жана тынч окуй турган жери бар баланын мүмкүнчүлүгү башкача. Ал эми ата-энеси миграцияда жүргөн же үй-бүлөсүнүн тиричилигине жардам берүүгө мажбур болгон баланын шарты таптакыр башка.
Мунун баары ондогон жылдарда топтолду. Аны бир буйрук, бир программа же бир министр бир-эки жылда өзгөртө албайт.
Эми эмне кылышыбыз керек?
PISAнын жыйынтыгын дагы бир жаңылык катары талкуулап, бир жумадан кийин унутуп калбашыбыз керек. Өкмөт PISA боюнча толук улуттук аналитикалык баяндаманы жарыялашы зарыл. Анда ар бир облус, шаар жана айыл, мектептин түрү, окутуу тили, жыныс жана үй-бүлөнүн социалдык абалы боюнча айырмачылыктар көрсөтүлүшү керек.
Кийинки PISAга чейин «рейтингде канча орунга көтөрүлөбүз?» деген максат эмес, «базалык деңгээлге жетпеген балдардын үлүшүн канчага азайтабыз?» деген так милдет коюлушу керек.
Башталгыч класстарда окуп түшүнүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бала текстти түшүнбөсө, башка предметтердин баарынан артта калат.
40–50 балалуу жана үч нөөмөттө окуган мектептерди жоюу боюнча так план керек. Калкы тез көбөйүп жаткан аймактарда жаңы мектептер салынышы зарыл. Мугалимдердин эмгек акысын көтөрүүнү улантуу керек. Бирок айлык менен катар мугалимдин даярдыгы, окутуу методикасы жана кесиптик өсүүсү да жакшыртылышы шарт.
Окуу китептери баланы жаттаткан эмес, ойлонткон, суроо берүүгө, талдоого жана чечим чыгарууга үйрөткөн мазмунда болушу керек.
Ата-энелер дагы жоопкерчиликти толугу менен мектепке жүктөбөшү зарыл. Күнүнө жарым саат балабыз менен чогуу китеп окуп, окуганын талкуулоо чоң жардам берет.
Жыйынтык!
PISA-2025 Кыргызстан үчүн жеңиш эмес. Кубана тургандай чоң жетишкендикке жете элекпиз. Бирок бул толугу менен «позор» да эмес.
Чыныгы жакшы жаңылык — Кыргызстан 16 жыл жашырынып отургандан кийин кайрадан өзүнүн билим берүү системасын эл аралык таразага коюуга батынды.
Биз дүйнөдөн канчалык артта экенибизди көрдүк. 2009-жылга салыштырмалуу аз да болсо өсүш бар экенин билдик. Эми кайсы багыттарды оңдоо керектигин так изилдөөгө мүмкүнчүлүк алдык.
Бул үчүн Догдуркүл Кендирбаеваны таламайга алуунун ордуна, анын Кыргызстанды кайра PISAга алып келүү аракетин колдошубуз керек. Анткени ал системанын көйгөйүн жараткан министр эмес. Тескерисинче, көп жылдардан бери топтолгон көйгөйдү ачык көрсөтүп, билим берүүнү эл аралык өлчөмгө чыгарууга аракет кылып жаткан жетекчи.
Эми эң чоң ката — жыйынтыктан арданып, PISAдан кайра чыгып кетүү болот. Бул температурасы жогору чыкканда термометрди сындырып салганга барабар.
PISA бизди жаманатты кылуу үчүн эмес, өзүбүздү таанып, туура жолду тандоо үчүн керек.
Бүгүнкү негизги суроо «Кыргызстан эмне үчүн 80-орунда калды?» деген менен эле чектелбеши керек.
Негизги суроо мындай болушу зарыл:
2029-жылы кыргызстандык балдардын билими канчалык жакшырат жана бүгүн ошол максат үчүн мамлекет, мектеп, мугалим жана ата-эне катары эмне кыла баштайбыз?
Айбек Сарыгул, коомдук ишмер
Бөлүшүү