АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ МЕНИ КАНДАЙ ОЙЛОРГО ТҮРТТҮ?

  • 05.02.2025
  • 0

Өткөн жумада борбордогу мектептердин биринде билим алган 10-класстагы уулумдун класстык ата-энелер жыйынына катышып,  бул маанилүү иштин советтик доордон бери эч бир өзгөрүүсүз жашап жатканына таң калдым. Эмесе, сөз башынан болсун.

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ МЕНИ КАНДАЙ ОЙЛОРГО ТҮРТТҮ?

Ким болбосун, бул жыйынга катышуу үчүн баарынан мурун бош убактысын издейт эмеспи, анын сыңарындай мен да жумуштан суранып чыкканым менен, шаардагы тыгындын айынан жыйырма мүнөткө кеч келдим. Баштала элек экен. Дагы ошончо убакыттан кийин башталды…

Союз маалында да, андан кийин да, айрым жерлерде азыр да ата-энелер жыйынын өткөрүү жеңил эмес. Эмне үчүн? Анткени, анын максаты ата-энелерге дайын эмес. Ошон үчүнбү, кээ бирөөлөр «Баягы эле акча топтомой да, барбайм!» дейт.

Экинчиден, бардык иште кыйынчылыктарды жеңе билүүгө чакырган шыктандыруу керек болгондой, мында да ата-энелерге туура мотивация зарыл деп ойлойм. Ата-эне ошол жыйын өз баласынын тарбиясына пайда алып келерин билгенде гана жүз пайыз келип катышат, катышмак турсун, өз оюн, сунушун айтат.

Тилекке каршы, азырынча бизде көпчүлүк мектептеги ата-энелер жыйындары баланын тарбиясына, окуусуна эмес, эң биринчиден мектепке керектей уюштурулуп жүрөт…

Азыр аны ойдогудай уюштурууга класс жетекчинин колунда бардык зарыл каражаттар бар экенин айта кетейин. Ар бир тарбиячы Ватсап группа түзүп алган, ошол аркылуу ата-энелерге каалаган маалыматты жеткире алат.  Ватсап группа — кайтарым байланыш түзүүнүн эң ылайыктуу жолу.

…Ошентип, жыйын башталды. Класстагы 31 окуучудан 13 окуучунун ата-энеси келди. Класс жетекчи дагы 5 ата-эне жүйөлүү себептерден улам келе албай, жооп сураганын айтты.

— Жооп сурагандарды кошкондо бизде 18 ата-эне. Демек, баштай берсек болот, — деди ал.

Унчукпадык. Эжей буга чейин бизге таратып берген дептердин бир актай барагын кайра чогултуп алды. «Уулуңуз/кызыңыз бош убактысын кантип өткөрөт?» деген суроого жазуу жүзүндө жооп бердик.

Мугалим жыйнап алды да, бизге окуучунун өз убактысын туура пайдалануусу, максат коё билиши анын келечегине кандай таасир этерин монитордо көрсөтүп, оозеки баяндап жатты. Жаңы тема беш мүнөткө да жеткен жок.

— Ушул тема класста да өтүлдүбү? — деп сурадым.
— Директордун иш-планына ылайык мындай иш-чаралар жыйындар залында гана өтүлүп жүрөт. Кызыктуу адамдар менен жолугушуулар, концерттердин баары ошол жакта уюштурулат, — деп жооп берди.
—  Эмне үчүн класста өтүлбөйт?
—  Убактыбыз жок. Анан бизде баары  көпчүлүктүн катышуусунда өтөт.
— Өткөнү жакшы деңизчи, бирок класста өтүлгөн класстык саат аябай таасирдүү эмеспи?! Көпчүлүктүн алдында айрым балдар өз пикирин айта алышпайт. Тартынышат. Мисалы, мен журналистмин, көптөгөн ийгиликтүү адамдарды билем. Эверестти багындырган Эдуард Кубатовду чакырсак, балдарга максат коюп жашоону эң сонун кылып айтып бермек, — дедим.

Мугалим маани бербеди окшойт, класстын окуу жетишкендигин мониторду колдонуп айта баштады.

— Экинчи чейректе  биздин класстын окуу көрсөткүчү 41 пайыз болду. Мектеп боюнча алганда жакшы жетишкендик. Класста 2 отличник, 13 ударник бар, — деп ошол окуучулардын аты-жөнүн монитордон көрсөттү.

Орто, начар окугандар жөнүндө сөз да болгон жок. Класс жетекчи негизинен сабактан жетишип окугандарга боор тартканы сезилип турду.

— Азима өткөн чейректе жалаң «беш» деген баага окуду эле, бул жолу эки сабактан «төрт» чыгып калды. Бизде бир же эки сабактан «үч» чыгып, ударникке жетпей калгандар да бар, — деди тарбиячы өкүнүп.

Балдары жалаң үчкө окугандар, чейрек бааларын угууга кызыгышпады. Эжей да ооз ачкан жок. Кеп жакшы окугандар туурасында эле жүрүп жатты.

— Элизанын класском койгонум эң туура болуптур. Өткөндө эки жумага окууга кеттим эле, менин жоктугум эч билинбеди. Класстагы окуучулар да ага көнүп калышыптыр. Айтканын кылышат. Класс жетекчи катары ушул ишимди туура көрөм. Класскомду алмаштыра бергенди жаман көрөм, — деди эжей.

— Туура да, — Алдыда олтурган ата-эне колдоого алды. Класском ошол эженин кызыбы деп ойлоп калдым.

Көпкө күттүрбөй, жыйында класстагы тартип маселеси да козголду.

— Силер билсеңер же балдарыңардан угуп калсаңар, ачык эле айткыла. Бизде менин байкашымча, четтен чыккан бала деле жок. Бирөөгө акча салып, коркуткандарды көрбөдүм. Жашырганда эмне, кыздардын арасында жасалма кирпик таккандарды көрүп калам. Чоңоюп калган кыздарга же катуу айта албайт экенсиң. Сиздер да үйдөн айтыңыздар! — деп жылмайды эжей.

— Мектеп — билим берүү мекемеси катары өз эрежелери менен жашайт. Ошол эрежелерди окуучуларга, айрыкча өспүрүмдөргө астейдил жеткирүү керек. Илгери мектептерде женсовет дегендер бар эле. Экинчи жагы  элибиз эзелтен «Кыз бала — жакадагы кундуз», «Кыздуу үйдө кыл жатпайт», «Кызга кырк үйдөн тыюу» деп айтып келгенин, ушул жерде олтурган апалар, чоң апалар деле айтып бере алат. Дегеле, тарбияда ата-энелердин потенциалын пайдаланууну унутпашыбыз зарыл. Арабызда салатты, тамакты жасаганды эң мыкты билген, мейман тосуунун, үйдү таза кармоонун жол-жобосун көрсөтүп бере алган апалар бар, ошолордон класстык саатка чакырса болбойбу, — дедим.

Алдыда олтурган эже ушунун баарын айтып бергенге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовду чакыралы деген сунушту айтты. ..

Ушундай нотада бул күнкү ата-энелер жыйыны аяктады. Бирок менде, журналист, ата-эне катары бир топ суроолор жаралды.
Эң башкысы, арадан канча жыл, канча доор өтсө да тарбиядагы бул иштин мазмуну, формасы эч өзгөрбөй келе жатканына кейидим.

Эми  бул күнкү жыйынды уюштурууда класс жетекчи кандай кемчиликтерди кетирди, ошолорго токтоло кетейин. Муну туура түшүнүңүздөр…

Менимче, класстагы окуучулар эле эмес, ата-энелери да класс жетекчи үчүн бирдей орунда турууга тийиш. Ар бир окуучунун үй-бүлөсү, ата-энеси, жашоо шарты, артыкчылыктары тууралуу тарбиячы жетик билгенде гана, ал окуучусуна туура таасир эте алат.

Айтайын дегеним, уулум бул класска жаңы келгенине карабай, мугалим «Урматтуу ата-энелер, биздин жыйынга жаңы окуучубуздун атасы келди. Журналист болуп иштейт» деп, мени ата-энелерге тааныштырбады. Бир топко чейин чоочун адамдардын арасында отургандай өзүмдү ыңгайсыз сездим.

Экинчиден, уулумду мектепке которуп жатканда, ушул эжейге агартуучулар гезитинде иштээримди айткам. Мугалим менин сентябрь айынан бери азыркы билим берүүнү  трансформациялоо боюнча, STEM билим берүүсү, PISA тестине даярдык көрүү, жаңы мамлекеттик стандарттын өзгөчөлүгү, мугалим менен окуучулардын өз ара мамилелери, ошондой эле класстагы эрежелер  тууралуу жазган макалаларымдын бирин да окубаптыр. Казакстандын борбору Астанадагы эки мектептин окутуу системасына кайрылдым эле, андан да кабары жок. Мага көчөдөн келген бир кишидей эле мамиле кылып койду.

Агартуу тармагында айылдык  мектептен баштап педагогика илим изилдөө институтунда илимий кызматкер болгонум, эң абройлуу ЖОЖдордо, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда лекция окуганым, акыр аягында эл аралык программанын жеңүүчүсү катары океан артына барып, Американын билим берүү системасы менен таанышып келгеним, журналисттик, калемгерлик тажрыйбам эжейди түк кызыктырбады.

Анан 80-жылдары мектепте беш жыл класс жетекчи болуп иштеген өзүмө эжейди салыштырдым. Бул күнкү жыйналыштан кийин бир эле мен эмес, менин ошондогу кесиптештеримдин баары чын дилинен берилип иштеген экен деген ойго келдим.

Бизде, ар бир класс жетекчиде, 11 багыттан турган тарбиялык планыбыз бар болчу. Тарбия завучу кол коюп, директор бекиткенден кийин ошону менен иштеп, согуш, эмгек ардагерлери, түрдүү кесиптин ээлери менен жолугушууларды уюштурчубуз.

Класстык сааттан балдар-кыздар жашоого кандайдыр бир багыт алып, эртенки күнгө шыктануу алып кубаныч менен үйүнө тарашчу. Окуучулардын үйлөрүнө барып, жашоо шарты менен таанышчубуз.

Жардамга муктаж окуучуларга профком аркылуу кийим -кече жагынан кол кабыш кылчубуз. Айтматовдун китептерин чогуу окуп, талкуулачубуз. Поэзия кечелерин өткөрчүбүз. Ата-энелерди майрамга карата чакырып, концерттик программа коюп берчүбүз. Сабакты билбеген балдардын сахнадагы өнөрүн көрүп, ата-энелер таң калышчу.

Биз балдарга бир эле окуу жагынан баа бербей, анын эмгекчилдик, токтоолук, сабырдуулук, тапкычтык, жаратмандык жана толгон мыкты сапаттары аркылуу баа берчүбүз.

Ошон үчүн баары бир заматта өзгөрүп, жаңыланып жаткан санарип заманда баланын мектептеги ийгилигин жалаң «төрт», «беш» менен баалап койгон такыр туура эмес деп эсептейм.

Эжей биздин гезитти такай окуп турса, бул күнкү жыйынды таптакыр башкача уюштурмак. Биз өткөн жылы чет өлкөлөрдө,  алыс барбай эле өзүбүздөгү эле «Сапат» лицейлеринде, «Креатив-Таалим» менчик мектебинде ата-энелер жыйындарын кандай заманбап форматта өткөрүп жүрүшкөнүнө кенен токтолгонбуз.

Алдыңкы мектептерде мурункудай класс жетекчи бир күндү белгилеп алып, монолог формасында ата-энелер чогулушун өткөрүү эбак токтогонун жазганбыз. Анын ордуна негизги мектептин окуучуларынын ата-энелери бир күнү, жогорку класстардын ата-энелери башка күнү келип, предмет-предмет боюнча өз-өзүнчө отурган мугалимдерден өз баласынын жетишүүсүнө байланышкан маалыматты толук алып  кетишерин окурмандарга кабарлаганбыз.

Бүгүнкү жыйында болсо, биз  класс жетекчиден башка предметтик мугалимдердин бирин да көрө албадык…
Мунун баарын жалгыз ушул класс жетекчинин кемчилдиги катары түшүнүү туура эмес. Бул бүтүндөй системанын кемчилиги.

Эсиңиздерде бардыр, 90-жылдары, биз «Билим берүү мектептин иши, тарбия берүү —  үй-бүлөнүн жоопкерчилиги» деп бир чоң ката кетиргенбиз. Эми ошону оңдоого мезгил жетти! Билим жана тарбия — биринен бири ажырагыс процесс. Мугалим сабакты өткөнү, билимин бергени класска кирди дейли, анын үстүндөгү кийген кийиминен тартып, ар бир балага жасаган мамилесине чейин баары тарбия эмеспи? Мунусу билим, анысы тарбия деп кантип ажырата аласың? …

Ушундан улам «Дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин эң мыкты табылгаларына таянган азыркы улуттук мектептин жаңы моделин канткенде туура жолго салабыз?» деген суроо туулат.
Ан үчүн биз, тарбиячылар, ар бир балага инсан, лидер катары өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө тийишпиз. Азыркы билим, тарбия баланын келечегине салым кошкондой болушу керек.

Анан ушул иште өзүнүн бараандуу орду бар класс жетекчилердин эмгеги татыктуу бааланышы керек. Класс жетекчинин соцпедагогдой эле статусу болууга тийиш. Айлыгына азыркыдай миң сом эмес, беш миң сом кошсок да аздык кылат.

Экинчиден, класс жетекчи болом дегендер  мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу курстарынан өтүп, атайын сертификатка ээ болушун талап кылышыбыз керек. «Класс жетекчи болуп иштебеген мугалим завуч же директор болууга талапкер боло албайт» дегенди киргизишибиз керек.

Анткени, мугалимдин лидерлик сапаттары дал ушул класс жетекчилик иште курчуйт, сыноодон өтөт…Класс жетекчилик ишке жетик маани бербей туруп, азыркы билим берүүнү заман талабына шайкеш трансформациялай албайбыз.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер