АТА-ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ — АКЫЛ ТАРБИЯНЫН КАЗЫНАСЫ

  • 11.04.2025
  • 0

Жашоо жолунда ата-энелердин ролу өтө маанилүү, алар балдарга билимди жана тартипти үйрөтүүчү башкы фигуралар болуп саналат.  Тарбияда ата-эне атаандашсыз роль ойношот, анткени үй-бүлө – баланын өзүнчө дүйнөнү түшүнүп, жашоого адаптация кылып, туура жолду табууга башталгыч кадам. «Ата-энелер» мектеби ушул процесстин негизги компоненти катары жашайт, аларга өзгөчө билим берүү жана тарбиялоо боюнча кеңештер, сабактар жана иш-чара сунушталат.

АТА-ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ -  АКЫЛ ТАРБИЯНЫН КАЗЫНАСЫ

Мектеп жана ата-эненин биргелешип аракеттенүүсү —  баланын өсүп-өнүгүүсүндө  маанилүү ролду ойнойт. Баланын билим алуусунда мектептин жана мугалимдин ролу чоң болсо, ата-энелердин колдоосу, мектеп менен тыгыз байланышта болуусу да абдан чоң мааниге ээ.

“Ата-энелер мектеби” — бул ата-энелерге балдардын билим алуусун, жүрүм-турумун, өнүгүшүн жакшыртуу үчүн зарыл болгон маалыматтар менен тааныштыруу, кеңеш берүү, колдоо көрсөтүү, келечекке туура багыт берүү максатын көздөйт.

Азыркы учурда мектеп үчүн эң чоң көйгөй –миграция. Мигрант ата-энелер мектептин ишмердүүлүгү, баласынын жүрүм-туруму тууралуу чектелген  гана маалыматка ээ. Баласынын окуусуна кандай жардам бере аларын билишпейт. Ушуга байланыштуу “Ата-энелер”мектеби бул маселелерди чечүүнү камсыздайт. Ошондуктан ар бир ата-эне “Ата-энелер мектебине” активдүү катышып,  байланыш түзсө, балдардын билим деңгээли жогорулап, жүрүм-туруму  көзөмөлдөнүп, кылмыштуулуктун алдын алабыз деген ишеничтемин.

№36 Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде “Ата-энелер мектеби” боюнча алгылыктуу иштер аткарылууда. Биздин мектепте жалпы 1280 окуучу  жана 42 класс комплект бар. Баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык ар бир класс жетекчи “Ата-энелер мектеби” боюнча чогулуштарды, маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүп келе жатышат. Бул аракет  мугалимдердин мектеп менен ата-эненин ортосундагы байланышты жакшыртууда жана балдарды алдыга жылдырууда көп мээнет менен ишмердүүлүккө чек жок экендигин тастыктайт.

АТА-ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ -  АКЫЛ ТАРБИЯНЫН КАЗЫНАСЫ

Роза Байботоева,

№36 Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин чет тили мугалими, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер