Асыл жан элең даанышман. Эмгек сиңирген мугалим Алима Максутованын бейнесине сүртүмдөр
- 15.08.2024
- 0
«Мугалим мөмөлүү дарак»
Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинен орун алган кичинекей кыштак Тору-Айгыр деп аталат. Ал айылда 1919- жылы алгач совет мектеби ачылып жаш улан-кыздардын сабатсыздыгын жоюуга алгачкы кадам таштаган. Советтик деп аталган боз үйдөн кыргыздын тунгуч драматургу “Кайгылуу Какейдин” (1928) автору Молдогазы Токобаев, 1926-1930-жылдары кыргыз мамлекетинин финансы министринин биринчи орун басары Жусуп Булатов, академиктер Иса Ахунбаев, белгилүү тарыхчы Сатар Ильясов, биринчи илимпоз кыргыз геологу Абдылда Миңжылкиев, профессорлор: Токтосун Акматов, Бүбүкан Чыймылова жана башкалар сабатсыздыгын жоюп, тамга таанып, окуганды, жазганды үйрөнүшкөн.
1920-жылдардын аягында айылдагы эки бөлмөлүү башталгыч мектептен Калыгул Эшенкулов, Султан Жунусов, Имаш Райымкулов, Бүбүкан Абдрахманова жана Алима Максүтовалар билим алышкан. Булар кийин мугалим деген ардактуу кесипти тандап алышып, өмүрүнүн аягына чейин татыктуу эмгектенишкен. Ошол алгачкы мугалимдик кесипке ээ болушкан Тору-Айгырлыктардын арасынан Алима Максүтованын өмүр жолу азыркы жаш мугалимдер үчүн өрнөк болот го деген үмүттөбүз.
Алима Максүтова 1924-жылы Ысык-Көл областына караштуу Балыкчы районундагы Тору-Айгыр айылында колхозчу-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Анын атасы Максүт (1898-ж), апасы Умуке (1904-ж) өз оокаттарына тың, айылдагы кадыр-барктуу, эл катары жашаган ынтымактуу үй-бүлөдөн болушкан. Алардын эки уулу (Ыбрай, Ысман), үч кызы (Алиман, Роза, Ырыскүл) айылдагы мектептен билим алышкан. Балдардын эң улуусу Алима жети жашка чыкканда (1931-жылы) айылдагы төрт жылдык мектепке кирет, кийин Балыкчыдан жети жылдык мектепти бүтүрүп(1938-ж) ошол эле жылы Караколдогу (Пржевальск) эки жылдык педагогикалык окуу жайга экзаменди ийгиликтүү тапшырып өтөт. 1941-жылы башталгыч мектептин мугалими деген адистикке ээ болуп,17 жашында Кочкор районуна караштуу Талды-Булак башталгыч мектебинде мугалим болуп иштей баштаган.
Анын эмгек жолу Улуу Ата Мекендик согуштун башталган каардуу жылдарына туш келди. Эркек мугалимдерди аскерге алып кетип, мектепте мугалим жетишпеген учур. Ошондой оор мезгилде айылда жаштар уюмун түзүп, айылдагы кары-картаңдарга жардам берүүгө жигердүү катышкан. Ал айылда өсүп барга-жокко көнгөн, айылдык турмуштун оор-кыйышын мыкты түшүнгөн эмгекчилдиги, боорукердиги айылдагыларга жагып, баары ага сый мамиле жасашкан.
Айылдагы бой жеткен сулуу, билимдүү, токтоо мүнөздүү Алимага кочкорлук Калыбек аттуу жигит сөз айтып, үй-бүлө курууну сунуштайт. Ал өзүнөн жети жаш улуу билимдүү, токтоо жигит экенин байкап жүрөт. Экөө кийин 1943-жылы баш кошуп, 1944-жылы Анархан, 1947-жылы Зинакан аттуу кыздуу болушат. Кийин 1949-жылы Ишенбек, 1950-жылы Дүйшөнбек, 1954-жылы Шейшенбек деген уулдардын ата-энеси болууга жетишет.
Караколдон алгач билимин дагы тереңдетип, жогорку билим алууга умтулган Алиман жаш балалуу болгонуна карабай 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна кирип, аны 1957-жылы сырттан окуп бүтүрүп, тарых мугалими деген адистикке ээ болгон.
Борбордон алган билими аны жаш муундарды адептүүлүккө, чынчылдыкка, боорукердикке жана мекенчилдикке тарбиялоонун алдыңкы ыкмаларын пайдаланып эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Алиман мектепте иштеген жылдары өсүп келе жаткан улан-кыздарга терең билим, татыктуу тарбия берүүдө эң маанилүү эки очок бар экенин баамдаган. Ал эки очок тең окуучуга бирдей жылуулукту бергенде гана жакшы жыйынтык чыгаарына көзү жеткен. Ал эки очок: үй-бүлө — ата-эне — окуучу; мектеп-мугалим-окуучу. Анткени окуучулук үй-бүлөдөн (ата-энесинен, бир туугандарынан) алган алгачкы сезимдерин, ой жүгүртүүлөрүн, көз караштарын, жүрүш-турушун туура жолдго салууда, өнүктүрүүдө мугалим эң башкы орунду ээлерин сезе билген. Ошондуктан болгон акылын, билимин жана тажрыйбасын мектеп окуучуларына билим жана тарбия берүүгө жумшаган.
Алиманын мектепте эмгектенген мезгилдериндеги жаңычылдыгын, ишке тактыгын, уюштургучтук, эл менен тил табыша билгендигин эске алып 1958-жылы Ысык-Көл районунун партиялык комитети аны “Тамчы” айылындагы орто мектепке директорлук кызматка дайындайт.
Ошол жылдары Алиманын жеке турмушунда оор кайгы да эмгектеги ийгиликтер да коштоп турду. 1957-жылы өмүрлүк жары, уул-кыздарынын сүйүктүү атасы, үй-бүлөнүн тирөөчү Калыбек катуу оорудан каза болду. “Өлгөндүн үстүнө көмгөн” дегендей сегиз жашар уулу Ишенбек көлгө чөгүп кетти. Күйөөсүнөн жана ойнок баласынан ажыраган Алима Ала-Тоодой аскасы кулагандай, шаркырап аккан тунук суусу солгондой болуп ботодой боздоп жазмыш берген шум ажалдын таш боордугуна, мерездигине баш ийгенге аргасыз болду.
Жаратылыштан сабырдуу, намыскөй Алима өз жашоосундагы оор жоготууга чөкпөй Өкмөт ишенип тапшырган жооптуу кызматты ак ниети менен аткарууга белсинип киришет. Адам баласына берилген бардык айкөлдүк сапаттардын ичинен ар намыс эң баалуу асыл таш сыяктуу дайыма жаркырап күйүп турат. Алима да мен жесирмин, таянган тоом кулады, сүйүктүү наристемен айрылдым деп кайгыга алдырбай, белин бекем бууп, намысына келип, өз мектебинин атак данкын бүт республикага таанытууну өз алдына максат койду.
Бала кезинен эле ички дүйнөсү бай Алима “Тамчы” орто мектебиндеги мугалимдер жамаатына таалим-тарбия берүүнү жогорку сапаттарга жеткирүүнүн жолдорун, ыкмаларын издөөгө, жаңыча иштөөгө үйрөттү. Окуучуларды тууга жолго чакырган мугалим өзү аларга үлгү болушу керектигин ар бир жыйында айтып эскертер эле. Мугалимдерди, тарбиячыларды окуучулардын окууга жетишүүсүнө, коомдук иштерге катышуусуна, жүргөн-турганына, тазалыгына, кийген кийимине чейин күнүгө көзөмөлдөп, текшерип, алар менен сырдашып, окуучулардын ички ой-толгоолорун билүүгө чакырчу.
Алима мектептин жетекчиси катары ар бир мугалимге, окуучуга, ата-энеге бирдей мамиле жасап, алардын көңүлүн оорутпоого аракеттенчү.
Алима райондук, областтык жана республикалык билим берүүгө арналган жыйындарга катышып, өзу жетектеген мектептеги ийгиликтер жөнүндө баяндама жасачу. Ал өз сөзүндө: “Алыскы айылдарда кыштын ызгаардуу суугуна, жайкы аптаптуу ысыкка карабай жаш муундарга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүүгө бүтүндөй акылын, билимин, тажрыйбасын берип жаткан айылдык жөнөкөй, жупуну мугалим билимге жол көрсөткөн, окуучулардын жан дүйнөсүнө чырак болуп жанган, алардын жүрөктөрүн жылыткан мугалимдерибиздин ак эмгегин баалаш жетекчинин ыйык милдети”- деп айткандарынын теңтушу, педагог Бүбүкан Абдрахманова эже эскерип калар эле.
“ Эп келтирип сөз айтуу-
Эстүүлүктүн белгиси.
Өз орду менен сүйлөсө,
Кызыл тилин бүлөсө,
Таасындыктын белгиси.
Кадырлуу болсо журтуна,
Сүйлөгөн сөзү тек кетпейт
Кары-жаш укса умсуна,
Акылдуулуктун белгиси” –
деген төкмө акын Арстанбек буйлаш уулунун ыр саптарында айтылгандай, Алима өз учурунда сөз айта алган эстүү, чечен, акылдуу иниси экени жумурай журтка белгилүү боло баштайт.
Жаш муундарга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүүдөгү эмгеги жогору бааланып, Кыргыз ССРнин билим берүүсүнүн отличниги Максүтова Алима СССРдин “Ардак белгиси”, “Эмгек Кызыл Туу” ордендери менен сыйланат. Кийин “Кыргыз ССРнин Эмгек сиңирген мугалими” деген мамлекеттик жогорку наамга татыктуу болгон. Мындан сырткары бир нече медалдар жана Ардак грамоталардын, баалуу сыйлыктардын ээси болгон.
1941-1960-жылдар аралыгында 35 жаштагы Алима кыска убакыттын ичинде болуп көрбөгөндөй чоң ийгиликтерге, эмгектеги жеңиштерге жетишкен. Кыздар, балдарына тирек болуп 2 кыз, 2 уулун өзү жалгыз тарбиялаган.
Тору-Айгырлык жердеши, замандашы, өмүр бою мугалим болуп эмгектенген Имаш Райымкуловдун Алима жөнүндө төмөндөгүдөй эскергени бар:
“Алима башына түшкөн көптөгөн оор жоготууларды, жаманчылыкты, кайгы-муңду көтөрө алган сабырдуу, токтоо, намыскөй жана ыймандуу инсан болчу. Ал бизге эң мыкты, үлгүлүү мугалим, татыктуу жетекчи болууну үйрөттү. Ыйманы бар адамдын жүзүнөн нур чачырап турат. Ал дайыма башкаларга өзүнүн жарыгы менен ыймандын жолун көрсөтүп турчу.
Алима жолдошунан 32 жашында ажырап калды. Сымбаттуу, токтоо, акылдуу жаш жетекчи аялга сөз айтып, баш кошууну бирге жашоону сунуштагандар да болду. Бирок анын ыймандуулугу, намыскөйлүгү баарын жеңди. Мен Алиманын ушул сапатына, улуу адамгерчилигине, айкөлдүгүнө баа берип суктанып жүрдүм”.
Чынында эле Алима сүйүктүү күйөөсүнүн ак сүйүүсүн бирөөнө алмаштырбай, мугалим-тарбиячы катары балдарына чоочун адамды ата дедиргенден алыс болду.
Ары жок ишке барганча,
Артык көр андан өлүмдү —
деген Токтогул акындын ырын дайыма көкүрөгүнө түйүп, балдарына таза, ыймандуу апа болууну каалады.
Айтмакчы, Алима өмүрүнүн акыркы күндөрүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган экен. Бирок ооруп жаткандыгына байланыштуу жаңы кызмат ордунда иштегенге мүмкүн болгон жок.
Капыстан пайда болгон оору Алиманын алын кетирди. Уйкусуз түндөр, учу-кыйыры жок санаа анын тынчын алды. Өзүнүн көпкө жашабасын билген апа эми уул-кыздарынын тагдырын ойлоп, ичтеги арманын кагаз бетине түшүрүгө аракет жасады. Анын акыркы арман ырлары кол жазма түрүндө сакталып калган экен:
Кыпкызыл өңүм жез болуп,
Кыйналткан оору көз болуп.
Жанымды коер жер таппай,
Калгансыйм көңүл чөккөндөн,
Түгөнбөйт көз жаш төккөндөн.
Кайгырам кайран жаш кезге,
Кадырым билбей өткөргөн.
Карасам калган өмүрдү,
Кабыргам жаман сөгүлдү.
Каралдым Дүйшөн, Шейшеним
Калаары жетим төгүнбү?
Төбөмдөн тийип күн турса,
Нуруңду кантип кыямын.
Түбөлүк жарык көрсөтпөс,
Көрүңө кантип сыямын?
Жүрөктүн толтосунан сыгылып чыккан армандуу ый. Адам баласынын бул дүйнө менен коштошуусу. Балдарын жетим калаарын, караңгы көргө түбөлүккө көмүлөөрүн билип, жазган ыр саптары анын тунук акылын, башына түшкөн тагдырга моюн сунуп баш ийгенинен баян берет.
Өлүм алдында Алима акыркы керээзин атасы Максүткө, энеси Үмүткө айтып кетиптир:
“Ата, апа мен сиздерге чексиз ыраазымын. Мен эми бул оорудан айыкпай калдым. Шум ажал мени да алып кетет. Бирок сиздерге аманат эки уулум өтө жаш калды. Ошол экөөнү жетимсиретпей канатыңарга катып өстүргүлө. Кыздарым болсо чоңоюп калды. Алар бактылуу болсун деп тилейм”.
Алима Максүтованын сөөгү 1961-жылы апрелде өзү туулуп өскөн Тору-Айгыр айылына коюлду. Чакан айыл бир асыл кызынан ажырады. Бүтүндөй айыл эли, Тамчы, Чырпыкты, Чолпон-Ата, Балыкчыдагы орто мектептин директорлору жана партиялык кызматкерлердин катышуусунда коштошуу аземи өттү. Айылда биринчи жолу сөөктү узатуу аскердик оркестрдин коштоосу менен болгонун азыр да эл кеп кылат.
Алима Максүтованын көзү өткөнү менен ал жасап кеткен эмгек унутулган жок. “Тамчы” орто мектебинде ага арналган атайын бөлмө уюштурулду. Тору-Айгыр айылында анын атын бир чоң көчөгө ыйгарышты.
Алима апанын улуу кызы Анархан (1944-жылы туулган) Кыргыз Мамлекеттик университетин ийгиликтүү бүтүрүп, Фрунзедеги Чернышевский атындагы китепканада өмүрүнүн акырына чейин бөлүм башчы болуп иштеген. Кийинки кызы Зинахан (1947-жыл) Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүрүп, технолог болуп эмгектенген. Азыр эс алууда, Бишкекте турат. Дүйшөнбек автожол технукумун бүтүрүп, өз кесиби менен иштеп жүрүп, оорудан каза болду.
Алима Максүтова тарбиялаган уул-кыздары анын атын уятка калтырган жок. Ал окуткан тарбиялаган жүздөгөн улан-кыздар азыр элине, жерине ак кызматын өтөөдө. Алима ысымы эч убакта өчпөйт. Анткени ал өзүнүн акылын, билимин жана тажрыйбасын жаш муундарга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүүгө арнаган. Анын жаркын элеси Тору-Айгырлык жердештеринин, ага-туугандарынын жана миңдеген окуучуларынын эсинде түбөлүккө калат.
Асан Ормушев тарых илимдеринин, доктору, профессор
Комментарийлер