АСМАНЫБЫЗ АЧЫК, ЗАМАНЫБЫЗ ТЫНЧ БОЛСУН!

  • 12.08.2021
  • 0

Жакында “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Кадамжай, Баткен, Самаркандек, Кара-Бак жана Лейлек жайлоо өнүгүү борборлорунда мастер-класстарды уюштурушту.

Иш-чара мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда стресс болгон балдарды калыбына келтирүүгө багытталган. Ден соолук чыңдоочу борборлордо балдардын саламаттыгына кам көрүү боюнча мындай иш-чаралар улантылат.

АСМАНЫБЫЗ АЧЫК, ЗАМАНЫБЫЗ ТЫНЧ БОЛСУН!

– Бүгүнкү балдар – эртең эрезеге жетип, четинен чоңоюшат. Чек арада тынчтыкты сактоо үчүн улуулар ачык баарлашып, тынчтыкты жана достукту баалай алышы керек. Ошондуктан бала чактан эле бул баалуулуктарга үйрөтүү өтө маанилүү. Стресс болгон балдарды калыбына келтирүүгө багытталган программа менен жайлоо бакчаларынын тарбиячылары жайкы сезондо эң сонун өтүп жатканы боюнча ой бөлүшүштү. Эске салсак, Баткендеги чек ара жаңжалынан кийин көптөгөн үй-бүлөлөр тоо жактарды көздөй качып коргонушкан. Акыбал тынчыгандан кийин деле ата-энелер балдарын тынчыраак тоо жактарга тууган-туушкандарыныкына жиберип жаткандыгына байланыштуу, Баткен облусунда беш жайлоо өнүгүү борборлорунда бала бакчаны уюштурууда боз үй табуу маселеси бар эле. Ушуга байланыштуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана “Жайлоо өнүгүү борбору” долбоору баткендик балдарды колдоо максатында демөөрчү издеп таап, боз үйлөр менен камсыз болушту. Балдарды стресстен алып чыгууда аларды таза абада оюн-зоок уюштуруп, жана өнөрү менен тааныштырып, эр жүрөктүүлүккө тарбияладык десем жаңылышпайм, — дейт Аксана Молдалиева.

Көптөн күткөн боз үй Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Адыген жайлоо бакчасына да жеткирилди. Ушул бала бакчанын тарбиячысы Айнура Бахапова мындай деди:

«Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунун жетекчилерине, «Жайлоо өнүгүү борбору»долбоорунун ассистенти Сагынтай уулу Арстанбекке, деги эле баардык жамаатка Баткен облусунун элинин, ата-энелеринин, балдардын жана жеке өзүмдүн атыман терең ыраазычылык билдирем. Аталган фонд буга чейин деле бир топ эң мыкты иш-чараларды, долбоорлорду Баткен облусунда өткөрүп келген. Албетте, биз, мугалимдер байлыгыбыз, келечегибиз болгон балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө, бакубат жашоолоруна колдон келген аракетибизди жумшайбыз”.

Зарыл ишиң болбосо Зардалыга эмне бар?

Эң алыс жайгашкан Зардалыда да “Р.Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан уюштурулган Жайлоо өнүгүү борбору көптөн бери элден калбай иштеп келет. Зардалы жайлоо бакчасы дагы боз үй менен камсыз болду.

Бишкектен Баткен шаарына чейин 731 км. болсо, андан ары Зардалыга 125 км. Бирок ушул 125 км. кууш, таштак, жар бойлоп жүргөн кыйын-кезең жол болгону менен бул айылдын да өзүнчө бир керемети бар. Ошондон улам, канткенде ал жерди туристтерге кызыктуу аймак кылабыз деп изденгендер да жок эмес. Күн жылуу мезгилде айыл калкынын саны 1500ге чейин жетет. Айылдын чакан мектеби да бар. А жазында Зардалынын жайыттарына миңдеген мал жайылат.

Зардалы жайлоо бакчасынын тарбиячысы Токтосун ава менен Бурайха эже дагы өз ойлорун ортого салышты:

– Зардалы Баткендин борборунан 100 чакырымдай аралыкта жайгашкан, анын 12 чакырымын аскадагы жалгыз аяк жол менен жөө басуу керек. Ошондо үч саат пияда басабыз. Белгилей кетсек, Зардалыда 600 жылдан бери өсүп келаткан өрүк бар. Курчап турган сулуулукту байкоо менен гана чектелбестен, өзүбүздүн сулуулукту жаратышыбыз керек. Жаан-чачындуу аба-ырайы күчтү бекем сактоого шыктандырат.

Саламат эжеке, тарбиячы:

– Чабандардын үй-бүлөсү балдардын билим алып, дүйнө таануусуна абдан аз көңүл бөлүшөт, себеби таң аткандан кеч киргенге чейин үй жумуштарынан колдору бошобойт. Алсак, мал карап, кыргыз улуттук тамактарын даярдашат — кымыз, сары май, каймак, курут ж.б.у.с.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер