АСКАР ОСМОНКУЛОВДУН ИЛИМИЙ МУРАСТАРЫ – УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БААЛУУ КАЗЫНАСЫ

  • 09.11.2026

100 жылдык маараке – мураска кайрылуу

Жусуп Баласагын атындагы Кыргызы улуттук университетинин профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасы Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери, белгилүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Аскар Осмонкуловдун 100 жылдык мааракесине карата 2026-жылдын 27-ноябрында “Профессор Аскар Осмонкулов – кыргыз тилин окутуунун методикасы илиминин көрүнүктүү өкүлү” аталышындагы республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрөт. Бул маанилүү иш-чара окумуштуунун илимий-педагогикалык мурасын кайрадан терең изилдөөгө, кыргыз тилин окутуунун методикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын баалоого жана анын эмгектерин азыркы билим берүү практикасына киргизүүнүн жолдорун талкуулоого багытталган.  Ошондой эле “Эл агартуу” журналынын бир санына өмүр жолу, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү, окумуштуунун мурасы жана кыргыз тилин окутуунун методикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу макалалар жарыяланат.

Бул иштер көрүнүктүү окумуштуунун эмгегин эскерүү гана эмес, улуттук билим берүүнүн тарыхына, эне тилди окутуунун бай тажрыйбасына жана келечек муундарга калтырган илимий мурасына кайрадан кайрылуу үчүн дагы маанилүү мүмкүнчүлүк десек болот.

АСКАР ОСМОНКУЛОВДУН ИЛИМИЙ МУРАСТАРЫ – УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН БААЛУУ КАЗЫНАСЫ

Аскар Осмонкуловдун өмүр жолу – агартууга кызмат кылуунун үлгүсү

Аскар Осмонкулов 1926-жылы Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылында туулган. Анын балалык жана жаштык кездери өлкөдө билим берүү системасы калыптанып, сабатсыздыкты жоюу жана мектептердин ишин өнүктүрүү милдеттери алдыга коюлган мезгилге туш келген. Мындай тарыхый шарт анын келечектеги кесиптик багытынын калыптанышына таасир эткен деп айтууга болот.

Ал мугалимдик кесипке эрте аралашып, Ош шаарында беш айлык курстан өткөндөн кийин Өзгөндөгү “Эркин-Тоо” жети жылдык мектебинде иштей баштаган. Кийин Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда билим алып, 1947-жылы окуусун аяктаган. Бул мезгилден тартып анын өмүрү мектеп, мугалимдик иш, билим берүүнү уюштуруу жана илимий-изилдөө менен тыгыз байланышкан.

Аскар Осмонкулов мектеп директору, райондук жана облустук билим берүү тармактарында жетекчи, “Мектеп” басмасынын директору, “Эл агартуу” журналынын редактору, Кыргыз мамлекеттик университетинде декан жана кафедра башчысы болуп иштеген. Ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мамлекеттик тил маселелерине байланышкан жетекчилик кызматтарда иштеген.

Бул кызматтардын ар бири өзүнчө жоопкерчиликти талап кылган. Мектептеги иш мугалимдин күнүмдүк түйшүгүн жана окуу процессинин өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө шарт түзсө, билим берүү тармагындагы жетекчилик иш мектептердин жалпы көйгөйлөрүн көрүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ал эми басма сөз жана жогорку окуу жайындагы ишмердик окуу китептерин, методикалык эмгектерди даярдоо жана педагогикалык кадрларды тарбиялоо менен байланышкан маселелерди тереңирээк изилдөөгө жол ачкан.

Демек, Аскар Осмонкуловдун окумуштуу катары калыптанышында теориялык билим менен практикалык тажрыйба бири-бирин толуктап турган. Ал билим берүүнү сырттан байкап гана тим болбостон, анын ар кандай баскычтарында түздөн-түз иштеп, тармактын муктаждыктарын терең  түшүнгөн.

 

Кыргыз тилин окутуу методикасына кошкон салымы

Аскар Осмонкуловдун илимий ишмердигинин маанилүү багыттарынын бири – кыргыз тилин окутуунун методикасын изилдөө болгон. Ал эне тилди окутуу маселесин жөн гана грамматикалык эрежелерди түшүндүрүү же көнүгүүлөрдү аткаруу менен чектебей, окуучунун тилдик билимин калыптандырууга багытталган системалуу педагогикалык иш катары караган.

1966-жылы окумуштуу “Мектептерде кыргыз тилинин фонетикасын окутуунун методикасы” деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Бул изилдөө анын кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн мектепте окутуунун өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурганын көрсөтөт. Фонетика – тил илиминин негизги тармактарынын бири болуп саналат. Окуучунун тыбыштарды туура айтуусу, сөздөрдү туура окуусу, орфоэпиялык жана орфографиялык көндүмдөрү өздөштүрүшү тилди сабаттуу колдонууга негиз түзөт.

Ошондуктан фонетиканы окутуу мугалимден илимий түшүнүктөрдү так берүүнү гана эмес, аларды окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө жана кабыл алуу деңгээлине ылайык түшүндүрүүнү талап кылат. Аскар Осмонкуловдун бул багыттагы изилдөөлөрү кыргыз тилинин тыбыштык системасын окутуунун методикалык маселелерине көңүл бурууга шарт түзөт.

Окумуштуунун 1967-жылы жарык көргөн “Кыргыз тилинин фонетикасын окутуунун методикасы” аттуу эмгеги да ушул багыттагы изилдөөлөрүнүн маанилүү жыйынтыктарынын бири болуп саналат.

Бүгүнкү күндө билим берүү системасы жаңыланып, окутууда интерактивдүү ыкмалар, санариптик технологиялар, аудио-визуалдык каражаттар кеңири колдонулуп жаткан шартта да фонетиканы натыйжалуу окутуу маселеси актуалдуулугун жоготкон жок. Тескерисинче, окуучулардын угуп түшүнүү, туура сүйлөө, окуу жана сабаттуу жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү талабы күчөдү.

Мындай шартта Аскар Осмонкуловдун илимий мурастарын азыркы талаптарга ылайык талдоо маанилүү. Анын эмгектериндеги методикалык идеяларды бүгүнкү окутуу технологиялары менен айкалыштыруу аркылуу мугалимдер үчүн жаңы сабак үлгүлөрүн, практикалык тапшырмаларды жана окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун натыйжалуу жолдорун иштеп чыгууга болот.

Бул жерде тарыхый эмгекти эч өзгөрүүсүз кайталоо эмес, андагы илимий-методикалык баалуулуктарды аныктап, азыркы билим берүү шартында чыгармачылык менен пайдалануу негизги орунда турушу керек.

 

Эл агартуунун тарыхын изилдеген окумуштуу

Аскар Осмонкуловдун илимий ишмердигиндеги дагы бир маанилүү багыт – Кыргызстандагы эл агартуунун жана эне тилди окутуунун тарыхын изилдөө. Бул багыттагы эмгектери улуттук мектептин өнүгүү жолун, кыргыз тилин окутуу тажрыйбасынын калыптанышын жана агартуучулардын ишмердигин түшүнүүгө жардам берет.

1974-жылы жарык көргөн “Кыргызстанда эл агартуу иштеринин жана эне тилин окутуунун тарыхынан” аттуу эмгеги окумуштуунун бул маселеге олуттуу көңүл бурганын айгинелейт. Кийинчерээк анын “Мектептерде эне тилин окутуу тарыхынан” деген эмгеги да жарык көргөн.

1996-жылы Аскар Осмонкулов “Жалпы билим берүүчү кыргыз мектептеринде эне тилди окутуунун тарыхы” деген темада докторлук диссертациясын жактаган. Бул изилдөө көп жылдык илимий изилдөөнүн маанилүү жыйынтыгы болуп эсептелет.

Эне тилди окутуунун тарыхын изилдөө – мурда кандай мектептер болгонун же кайсы окуу китептери жарык көргөнүн тизмектөө менен гана чектелбейт. Ал тилди окутуунун максаты кандай өзгөргөнүн, окуу мазмуну кандай калыптанганын, мугалимдер кандай методдорду колдонгонун жана улуттук билим берүүнүн өнүгүшүнө кандай шарттар таасир эткенин түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Бул жагынан алганда, Аскар Осмонкуловдун изилдөөлөрү мугалимдер үчүн да маанилүү. Анткени бүгүнкү билим берүү системасындагы көптөгөн маселелердин тарыхый тамырларын билүү учурдагы көйгөйлөргө тереңирээк көз караш менен мамиле кылууга жардам берет.

Өткөн мезгилдин тажрыйбасын изилдөө аркылуу биз эне тилди окутуудагы жетишкен ийгиликтерди, мурда колдонулган ыкмалардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктай алабыз. Мындай талдоо азыркы мектеп үчүн туура багыттарды тандоого өбөлгө түзөт.

 

Улуттук агартуучулардын мурасын таанытуудагы орду

Аскар Осмонкуловдун илимий изилдөөлөрүндө кыргыз элинин билим берүү тарыхында өзгөчө орунду ээлеген агартуучулардын ишмердигине да көңүл бурулган. Алардын бири – Эшеналы Арабаев.

Эшеналы Арабаев кыргыз элинин сабаттуулугун жогорулатууга, улуттук мектептерди өнүктүрүүгө жана эне тилде билим берүүгө зор салым кошкон агартуучулардын катарында белгилүү. Анын өмүрүн жана педагогикалык ишмердигин изилдөө улуттук билим берүүнүн башаттарын түшүнүү үчүн маанилүү.

Аскар Осмонкуловдун 1993-жылы жарык көргөн “Эшеналы Арабаев – көрүнүктүү агартуучу” аттуу эмгеги бул багыттагы изилдөөлөрүнүн бири болуп саналат. Анда агартуучунун өмүр жолу, коомдук-педагогикалык көз караштары жана билим берүү тармагындагы ишмердиги каралган.

Мындай изилдөөлөрдүн мааниси – тарыхый инсандардын аттарын атап коюуда эмес, алардын эмгегин кийинки муундарга жеткирүүдө. Улуттук агартуучулардын мурасын билген мугалим окуучуларга билимдин баалуулугун, эне тилдин коомдогу ордун жана улуттук маданиятты сактоонун маанисин тереңирээк түшүндүрө алат.

Демек, Аскар Осмонкуловдун агартуучулардын мурасын изилдөөгө байланышкан эмгектери тилди окутуу менен улуттук тарыхты, адабиятты жана маданий баалуулуктарды өз ара байланышта кароого негиз боло алат.

 

Шакирттери – илимий мурасынын улантуучулары

Аскар Осмонкуловдун илимий-педагогикалык ишмердигинин маанилүү багыттарынын бири – илимий кадрларды даярдоо жана жаш изилдөөчүлөргө устаттык кылуу болгон. Ал көп жылдык илимий тажрыйбасын шакирттерине өткөрүп берип, кыргыз тилин окутуунун методикасы менен улуттук педагогикалык илимдин өнүгүшүнө салым кошкон адистердин калыптанышына көмөк көрсөткөн.

Окумуштуунун илимий жетекчилиги астында докторлук диссертация коргогондор: Ж.Чыманов, К.Биялиев, А.Акунова, Б.Чокошова. Ал эми кандидаттык диссертацияларын коргогондор: С.Сакеева, Ж.Чыманов, Т.Раева, Б.Сарымсакова, Ч.Курманалиева, А.Жаманкулова жана Б.Сыдыкбаева.

Бул ысымдар Аскар Осмонкуловдун ишмердиги жана жеке илимий изденүүлөр менен гана чектелбестен, кийинки муундун окумуштууларын тарбиялоо менен да тыгыз байланышта болгонун көрсөтөт. Анын жетекчилиги астында даярдалган адистердин илимий ишмердиги аркылуу педагогикалык билимдердин, методикалык тажрыйбанын жана изилдөө иштеринин улантылышына өбөлгө түзүлгөн.

Чыныгы окумуштуунун мурасы анын жарык көргөн китептери жана макалалары менен гана өлчөнбөйт. Ал тарбиялаган шакирттери, алардын илимий жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымдары да устаттын эмгегинин маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. Ушул жагынан алганда, Аскар Осмонкуловду кыргыз тилин окутуунун методикасын өнүктүргөн көрүнүктүү окумуштуу гана эмес, илимий мурастын улантылышына кам көргөн тажрыйбалуу устат катары баалайбыз.

 

Окумуштуунун эмгектери – мугалим үчүн методикалык булак

Аскар Осмонкуловдун илимий мурасы көп тармактуу. Ал фонетиканы окутуунун методикасы, эне тилди окутуунун тарыхы, улуттук агартуунун өнүгүшү жана кыргыз педагогикасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн ишмердиги боюнча эмгектерди жараткан.

Анын негизги эмгектеринин катарына төмөнкүлөрдү кошууга болот: “Кыргыз тилинин фонетикасын окутуунун методикасы” (1967); “Кыргызстанда эл агартуу иштеринин жана эне тилин окутуунун тарыхынан” (1974); “Мектептерде эне тилин окутуу тарыхынан” (1983); “Кыргыз тилинин тыбыштык системасын окутуу” (1983); “Кыргыз тилин окутуу методикасынын илим катары өнүгүшү” (1992); “Э.Арабаев – көрүнүктүү агартуучу” (1999); “Кыргызстанда революциядан мурдагы эл агартуу иштери жана эне тилин окутуу тарыхынын очерки” (2001), “Жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз тилин окутуунун тарыхы” (2006); “Кыргыз тилинин окумуштуу-методисттери жана тажрыйбалуу мугалимдери” (2006).

Бул эмгектердин аталыштарынын өзү эле окумуштуунун изилдөө багыттарынын кеңдигин көрсөтүп турат. Ал бир жагынан тилдин конкреттүү бөлүмдөрүн окутуунун методикалык маселелерин караса, экинчи жагынан кыргыз мектептеринин жана эне тилди окутуунун тарыхый өнүгүшүн изилдеген.

Окумуштуунун эмгектерин мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүндө пайдалануунун бир нече жолу бар. Биринчиден, алар кыргыз тилин окутуунун методикасынын тарыхын үйрөнүүгө жардам берет. Экинчиден, азыркы окуу программалары менен мурдагы методикалык тажрыйбаны салыштырып, окутуунун өнүгүү өзгөчөлүктөрүн аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт. Үчүнчүдөн, мугалимдерди өз сабагынын мазмунуна сын көз караш менен мамиле кылууга жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багыттайт.

Ошондой эле бул эмгектер педагогикалык жогорку окуу жайлардын студенттери, магистранттар, аспиранттар жана кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча изилдөө жүргүзүп жаткан адистер үчүн дагы маанилүү болуп саналат

Окумуштуунун 1954-2011-жылдар аралыгындагы илимий жана методикалык жарыялоолору анын бул тармакта узак жылдар бою үзүрлүү иштегенин көрсөтөт. Анын илимий жетекчилиги астында жаш изилдөөчүлөрдүн калыптанышы да педагогикалык илимдин өнүгүшүнө кошулган салым катары бааланууга тийиш.

Аскар Осмонкуловдун көзү өткөндөн кийин да анын илимий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү иштери улантылып, окумуштуунун өздүк китепканасы толугу менен өзү көп жылдар бою эмгектенген Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасына өткөрүлүп берилген. Бул – агайдын баалуу илимий жана методикалык мурасын сактоого, анын эмгектерин студенттердин, магистранттардын, аспиранттардын жана окутуучулардын илимий изилдөө иштеринде пайдаланууга түзүлгөн маанилүү иш болуп саналат. Ошентип, Аскар Осмонкуловдун китепканасы жана илимий эмгектери анын устаттык мектебинин улантылышына, кыргыз тилин окутуунун методикасы илиминин мындан ары өнүгүшүнө кызмат кылып келүүдө.

 

80 жылдык маараке – илимий мурасына берилген баа

Аскар Осмонкуловдун илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү көзү тирүүсүндө эле татыктуу бааланып, 2006-жылы окумуштуунун 80 жылдык мааракеси кеңири белгиленген. Анын мааракесине карата өзү көп жылдар бою эмгектенген «Эл агартуу» журналынын бир саны толугу менен Аскар Осмонкуловго арналган. Анда окумуштуунун өмүр жолу, педагогдук ишмердүүлүгү, илимий эмгектери, ээлеген кызматтары тууралуу замандаштары, кесиптештери жана шакирттери өз ойлорун, эскерүүлөрүн жана илимий бааларын билдиришкен.

2006-жылдын ноябрь айында Аскар агайдын 80 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн. Конференцияда окумуштуунун өмүрү, илимий-педагогикалык мурасы, кыргыз педагогикасынын жана эне тилин окутуу методикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу жана окумуштуунун Кыргызстанда гана эмес, коңшулаш Казакстан менен Өзбекстанда да таанылган белгилүү окумуштуу жана практик-устат катары мүнөздөгөн бир катар мазмундуу докладдар окулган. Алардын арасында С.И. Ибрагимовдун «А. Осмонкуловдун өмүрү жана ишмердүүлүгү жөнүндө», Ф.Ш. Орозбаеванын «О педагогическом наследии профессора А.О. Осмонкулова», Н. Ишекеевдин «Өткөндөн келечекти издеген окумуштуу», Н.Т. Шаршеевдин «Илимпоздун илимдеги издери», Ү.Б. Култаеванын «А. Осмонкуловдун кыргыз тилин окутуу методикасындагы алган орду», З. Тагаеванын «Эне тилин окутуу тарыхы» жөнүндөгү баалуу эмгек жөнүндө сөз», Ж.А. Чымановдун «А. Осмонкулов жана кыргыз тилин окутуунун методикасы», Т. Раеванын «Уңгулуу жол баскан устат», Ж. Аскар кызынын «К.К. Сартбаев жана А. Осмонкулов» аттуу баяндамалары өзгөчө көңүл бурууга арзыйт.

Конференцияда окулган докладдар өзүнчө жыйнак болуп басылып чыгып, Аскар Осмонкуловдун илимий мурасын изилдөөгө жана жайылтууга кошулган дагы бир маанилүү салым болгон жана А. Осмонкуловдун өмүрүнүн алтымыш жылдан ашык мезгили билим берүү тармагына, кыргыз тилин эне тил жана мамлекеттик тил катары окутууга арнагандыгы, бул багытта баа жеткис илимий жана методикалык мурас калтыргандыгы баса белгилеген.

Аскар агайдын 80 жылдык мааракесине карата «Жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз тилин окутуунун тарыхы», “Кыргыз тилинин окумуштуу-методисттери жана тажрыйбалуу мугалимдери”, “Мамлекеттик тилдин актуалдуу маселелери” аттуу эмгектери жана эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары жыйнак болуп жарыкка чыгышы окумуштуунун көп жылдык үзүрлүү эмгегине жана илимий мурасына көрсөтүлгөн терең урмат-сыйдын, татыктуу баанын айкын далили болгон.

Демек, Аскар Осмонкуловдун 80 жылдык мааракесинин кеңири белгилениши, анын эмгектеринин атайын басылмаларда жарыяланышы жана илимий конференциянын өткөрүлүшү – окумуштуунун кыргыз педагогикасынын, эл агартуу тарыхынын жана эне тилин окутуу методикасынын өнүгүшүнө кошкон салымынын өз мезгилинде эле таанылгандыгын көрсөтөт.

 

Аскар Осмонкуловдун мурасы бүгүн эмнеге керек?

Бүгүнкү билим берүү системасы мугалимден окуучуга даяр маалыматты жеткирүүнү гана эмес, анын өз алдынча ой жүгүртүүсүн, сүйлөө маданиятын, маалыматты талдоо жана турмушта колдонуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү талап кылат. Кыргыз тилин окутууда да окуучунун тилдик, кептик жана маданий компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу негизги милдеттердин бири болуп саналат.

Ушундай шартта Аскар Осмонкуловдун эмгектерин кайра карап чыгуу өзгөчө мааниге ээ. Анын фонетиканы окутуу боюнча изилдөөлөрү тилдик көндүмдөрдү калыптандыруунун методикалык негиздерине көңүл бурууга шарт түзсө, эне тилди окутуунун тарыхы боюнча эмгектери улуттук билим берүүнүн тажрыйбасын түшүнүүгө көмөктөшөт.

Албетте, бүгүнкү мектептин шарттары мурдагы мезгилден айырмаланат. Санариптик ресурстар, электрондук окуу материалдары, интерактивдүү платформалар жана жаңы педагогикалык технологиялар окутуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Бирок технологиялардын өнүгүшү мугалимдин методикалык билиминин сабактын илимий негиздүүлүгүнүн жана окуучунун тилди аң-сезимдүү өздөштүрүшүнүн маанисин азайтпайт.

Тескерисинче, заманбап каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн мугалим окутулуп жаткан материалдын мазмунун, тилдик өзгөчөлүктөрүн жана аны үйрөтүүнүн жолдорун жакшы билиши керек. Бул жерде мурдагы окумуштуулардын илимий-методикалык мурастарын изилдөө менен бүгүнкү педагогикалык жаңылыктарды айкалыштыруу зарыл.

Аскар Осмонкуловдун эмгектерин заманбап билим берүү шартында пайдалануу үчүн мугалимдердин методикалык бирикмелеринде талкууларды өткөрүү, анын эмгектери боюнча илимий-практикалык семинарларды уюштуруу, тарыхый методикалык материалдардын негизинде сабак иштелмелерин даярдоо пайдалуу болмок. Ошондой эле педагогикалык жогорку окуу жайларда окумуштуунун эмгектерин кыргыз тилин окутуунун методикасынын тарыхын үйрөнүүдө кеңири колдонууга болот.

Мындай иш-аракеттер окумуштуунун мурасын жөн гана эскерүү деңгээлинде калтырбастан, аны практикалык билим берүү ишине киргизүүгө жардам берет.

Корутунду

Аскар Осмонкуловдун өмүр жолу – мугалимдик кесиптен башталып, билим берүүнү уюштуруу, илимий изилдөө жана педагогикалык кадрларды тарбиялоо менен уланган узак жана үзүрлүү жол. Ал кыргыз тилин окутуунун методикасын өнүктүрүүгө, эл агартуунун тарыхын изилдөөгө жана улуттук агартуучулардын мурасын таанытууга олуттуу салым кошкон окумуштуу катары эсте калат.

Анын эмгектери кыргыз тилин окутуунун калыптануу жолун түшүнүүгө, мектептеги методикалык тажрыйбаны баалоого жана азыркы билим берүү үчүн маанилүү жыйынтыктарды чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Окумуштуунун мурастарын бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык изилдөө – өткөндү даңазалоо менен чектелбестен, келечектеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган иш.

Ар бир мугалим өз предметинин тарыхын, аны өнүктүргөн окумуштуулардын эмгегин жана улуттук билим берүүнүн баалуулуктарын билүүгө тийиш. Анткени кесиптик өнүгүү жаңы технологияларды өздөштүрүү менен гана чектелбейт. Ал илимий ой жүгүртүүгө, тарыхый тажрыйбаны талдоого жана ошол тажрыйбаны чыгармачылык менен пайдаланууга да байланыштуу.

Аскар Осмонкуловдун илимий-педагогикалык мурасы – кыргыз тилин окутуунун тарыхын тааныган, улуттук агартуунун өнүгүшүнө кызыккан жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга умтулган ар бир адис үчүн баалуу мурас. Анын эмгектерин изилдөө, кийинки муундарга жеткирүү жана азыркы окутуу практикасы менен байланыштыруу аркылуу биз улуттук педагогикалык илимдин уланмалуулугун камсыздай алабыз.

Өткөндүн тажрыйбасын терең билген мугалим бүгүнкү күндүн милдеттерин туура түшүнүп, келечекке ишенимдүү багыт алат. Аскар Осмонкуловдун өмүрү менен эмгеги ушул ойду айкын далилдеп турат.

 

 

 

Аскар кызы Жылдыз,

педагогика илимдеринин кандидаты, доцент.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы

кафедрасынын башчысы

 

Бөлүшүү