АСАН ЖАКШЫЛЫКОВДУН ААЛАМЫ

  • 09.11.2026

1977-жылдын апрель же май айы эле. мен анда Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин экинчи курсунда окуп жаткамын. Акын-жазуучулар менен жолугушуулар көп болуп турчу. Ошол жылы ОМПИнин филология факультетинин кеңири залында жаңыдан адабият мейкиндигинен жарк этип көрүнө калган жаш акын Асан Жакшылыковдун поэзия кечеси болуп, анын эки ырын толкунданып сахнага чыккан мен шатыратып жатка окуган элем.

Ушул жерден Кыргыз Эл акыны, пародиянын падышасы Токтосун Самудиновдун А.Жакшылыковго арнаган ырын окурмандарга тартууламакчымын.

“Жакшылыков инибиз,

Жазуучунун ажысы.

Жанрлардын баарынан,

Жакшы кетти арышы.

“Учкул сөздөн” көрүндү,

Ойлорунун чабыты.

Түйшөлткөн иш эми аны

Элибиздин тарыхы.

Толстойду эстетет,

Томдорунун жарышы”.

Баса, быйыл акындын 21 томдугу жарык көрдү. Бул кыргыз адабиятындагы чоң жаңылык. Кеп, 21 том деп санап койгондо эмес. Токтосун ага айткандай, акындын томдорунун жарышы чындыгында эле дүйнөлүк адабияттын алпы Лев Толстойдун чыгармачылыгын элестетет.

Автордун ырлары, поэмалары, прозалары, эсселери, ар кандай багыттагы макалалары, деги койчу, бардык чыгармалары Жер планетасында жашаган адамдардын турмушу жөнүндө. Графикалык ырларын дагы өзүнчө талдап, сөз кыла турган учур алдыда деп эспетейм.

“Кургактагы балык же Жунус пайгамбар жөнүндө” поэмасы өзүнчө бир мейкиндик. Көркөмдүгү жагынан дагы чындыгында эле мактоого татыктуу. Турмуш жанды кыйнап, эзип, ыза кылып, жеңип, улам кордой бергенде кайгы-шорду көтөрүп алып, кайраттанып чеңгелден чыккың келет.

“Эстегиле кордук көрүп калгандар,

Жанталашып жар башына баргандар,

Мен сыяктуу жээкте жалгыз калгандар.

Биздей эле өткөн оор сыноодон

Балык соруп байкуш Жунус пайгамбар.

 

Кандай абал туштукту экен кишиге

Кирип кеткен килейген кит ичине?

 

Деңиздеги балык соргон тагдырга,

Кең ааламда бирөө көңүл бөлөбү?

Жалгыз калган жанды бирөө көрөбү?”

 

Куранда жазылган ушу окуяны автор жөн эле саймедиреп айтып бербей,

Поэзиянын тили менен көркөмдүктүн өзүнчө бир бийиктигине алып чыккан. Жунус пайгамбар киттин ичинде камалып жатып ушундай шорго батканына кайыл болуп, ушул балыкка залалым тийбесе экен деген ойго батат. Балыктан башка бардык жандууларга Жараткандан жакшылыкты суранат.

Асан Жакшылыковдун “Өмүр” аттуу поэмасы философиялык ойлорго бай. Жөн эле бир окуяны сүрөттөп отурбайт. Ааламды ар тараптан айланып караган адамды жолуктурабыз.

“Билбейм дагы өттү канча Убакыт,

Убакыт – бул, Тирүүлүккө эге экен.

Жымжырттыктын дүйнөсүндө “ал байкуш”,

Эшик каккан сурамчыга тең экен”.

 

Акыйкатта аалам менен биригүү айтып бүткүс өзүнчө бир той экенин, тирүүлүктүн башка жакка кайрылып кетип калар бөлөк жолу жок экенин, жымжырттыктын ар бир сөзүн кармап калсаң маани деген, шаани деген мол экенин айтып, Чексиздик, Кенендик, Үнсүздук, акыл жетпес Тереңдик жөнүндө ойго чөмүлөт. Булбулу көп, буруксуган гүлү көп, жылдыздарынан жылып турган күнү көп, бу добушуна кулак сал дейт, автор. Күнүмдүк үчүн кулга айланып кор болбой, баары жетик падышадай жашап, эң башкысы, ушул өмүрдүн баркын билгиле, ир алды. Акындын ушул поэмасындагы ойлор анын алысты көрө билген бийиктигинен кабар берет.

“Кара кулпу алтын ачкыч жөнүндө” философиялык поэма окурманды аңтар-теңтер ойго салбай койбойт. Кулпу артында турган миллиард адамдын каны кайнап, жердеги бүт жашоонун көзү жайнап, деңиздер-океандар толкуп, токойлор өрттөнүп, жер силкинип, үйөр жүрүп, аба-суу алдас уруп, кулак түрүп…бирок бул учурда байыган кайбарлардын көңүлү ток, ошондуктан кулпудан кутулууга аракет жок, а бирок кулпу бекте – келечеги жок, дейт автор. Жаатташуу-тирешүүдөн кайта албай, адамдардын ичтерин желе басып, кир, чаң толуп, мончого миң түшсө дагы, тазаланбаганын, өзүнө өзү кулпу салып, чындыкты ачык сүйлөп айта албаганын ачыкка чыгарат. Ооба, адашкын, кулпулангын, куурагын деп ааламдан кимдир бирөө келген жок да. Ошондой эле адамдардын Абийирге көз жумганына көп убакыт өткөнүн, ал турсун, Алла Тааладан да уялбай калганына өкүнөт.

“Абалым ойлоп көрсөм ушунча оор,

Төбөмө куюлгансыйт дүйнөлүк шор.

Башыма чырмалгансыйт чыгарбас тор.

Өзүнө өзү кулпу салып алса,

Адамзат, ар пендеси дайыма кор”.

Албетте, тирүүлүктүн жок болгонун, жашоонун биротоло токтолгонун каалабай тургандыгын билдирип, абасын ууга айлантып, суусуна кесир сүйлөп, жандуулардын эч бирөөсүн аябастан пайда көрүш үчүн ташбоорлук кылганын, эч нерсеге тойбой айыккыс ач көз болуп кеткенин билдирет.

“Билбепмин, ойлобопмун деле эч качан,

Кыязы көпкөн кезим болсо керек.

Ар бир жан өзүнө өзү камалаарын,

Кантип мен алтын саптуу, алтын баштуу

Жашоого Ачкычымды таба аламын.

Жоюп мен эки жүздүү жосунуңду,

Дилиме чыйыр жолду салуум керек

Теңирге жүзүм жарык баруум керек”.

Албетте, ар бир пенде ушундай ой жүгүртсө, Жер планетасы  тоо суусундай тазармак. Поэмадагы ушул акыркы саптын өзү жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу дегенди түшүндүрөт.

“Мээрим” аттуу ыр менен жазылган романы жөнүндө пикирин билдирген адабиятчылар, окумуштуулар бир топ. Окурмандардын жан дүйнөсүн обологон тазалыктын, тунуктуктун мейкиндигине алып чыккан бул чыгарманы автор отуз жашында жазган эле.

Аалы Токомбаевдин “Кандуу жылдар”, Абдрасул Токтомушевдин “Алтын тоо”, Омор Султановдун “Адамдын турмушу” жана Асан Жакшылыковдун “Мээрим” аттуу ыр менен жазылган романдарын окурмандар абдан жакшы билишет.

Филология илимдеринин доктору Мырзабек Жумаев “Асан Жакшылыковдун ири жанрдагы чыгарма жазуусу башка акындарга атаандыштык кылуусунан жаралган кокустук эмес. Доорубуздун улуу жазуучусу Чынгыз Айтматов айткандай күн сайын адам болуу – баарынан оор, анткени баарыбыз эле адам тукуму саналып, пенде, жан, киши делинип өзүбүздү адам катары санаганыбыз менен ар күнү адамдык касиетибизди сактай алабызбы”. Асан Жакшылыков “Мээрим” романында дал ушул татаал суроого жооп табууну издеген.

“Мээрим” романы Асандын эпикалык арымынын кеңдиги, сөз байлыгынын күчтүүлүгүн айкындады”,-дейт Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев.

21 томдук чыгармалардын кыргыз элине тартууланышы, албетте чоң жаңылык. Ааламдын бардык тарабын айлана караган автордун – КР эл акыны, кыргыз поэзиясынын дөө-шааларынын бири Асан Жакшылыковдун эбегейсиз эмгеги. Менин пикиримде булар жөн эле санап коё турган китептер эмес. Кыргыз элине гана эмес, жалпы эле дүйнөлүк окурмандарга кызмат кыла турган кереметтүү көркөм чыгармалар экенин баса белгилеп кетмекчимин.

 

Карбалас БАКИРОВ,

КР Эл акыны

 

 

Бөлүшүү