Арслан Койчиевдин кыргыз адабиятына кошкон салымы

  • 14.01.2025
  • 0

Кыргыз адабияты элдик оозеки чыгармачылыктын асыл үлгүлөрү менен башталып, кол жазма адабият менен коштолуп, андан соң совет адабиятына өтүп, профессионал адабият пайда болуп, бир канча жылдар өсүү жолунда турду. Бул аралыкта кыргыз адабияты Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу союздук эле эмес, дүйнөлүк аренага чыкты.

“Жаза кой” деген жагымдуу шарттар менен коштолгон мезгилдер өтүп, 90-жылдардан тартып адабият солгундоого түштү. Жаңы кыргыз адабияты дедик, бирок бул жылдарда жарк эткен ысымдар пайда болбой турду. Адабият эле эмес жамы маданият кризиске кептелди.

Бирок, коомдогу жаңылануу калемгерлерге коммунисттик цензурадан бошонууну тартуулады. Демек, бул мезгилди, жазуучулар үчүн айтар кебин акыл-ойду эркин чабыттатуу менен жаңы бийиктикке көтөрө алчу калемгерлерди жаратуучу мезгил десек болчудай.

Бугүн сөз кылчу калемгер дал ушундай мезгилде адабият айдыңына кирип келген Арслан Капай уулу десек жаңылышпайбыз. Сыймыктуу жердешибиз, илимпоз, таланттуу журналист катары сыймыктанып жүргөн учурда, өзгөдөн айырмаланган стили, омоктуу ойлорго курчалган ой чабыты менен “Беделдеги каргыш”, “Айта бар менин кебимди”, “Бакшы жана Чыңгыз хан”, “Добул-таштык Заратустранын аңгемеси” аттуу чыгармаларын тартуулап, өз үнү, өз жолу бар бараандуу жазуучуга айлана алды.

Сөз арасында көңүлдү Арслан агабыз менен Кубатбек Жусубалиев агабыздын маегине бурсак:

Арслан агабыздын “Сиз Алайдын тоолоруна кетип, бизге окшогон окурмандар сизге жете албай жүрдү. Азыркы учурдагы адабий процесске байкоо салып турасызбы?” — деген суроосуна:

“Кандай чыгармалар жаралып жатканы тууралуу кабарым жок. Анын үстүнө бул мени кызыктырбайт. Биз өтө кызыктай мезгилде жашап жатабыз. Эгер, азыркы доордо адамдар бийик талантка ээ болсо, анда улуу чыгармалар жаралат деп ойлойм. Жалгыз эле кыргыз адабияты эмес, дүйнөлүк адабиятты да окубай койдум. Кызыкканым жок. Азыр бүт эле акча жасоого айланып кеткен экен. Башкы механизм – акча табуу”, — деп жооп берген экен Кубатбек Жусубалиев.

Чындыгында, өзүм дагы адабиятчы катары саресеп салып, акыркы жылдардагы чыга калган китептерди окуп, эки аялдын ушагындай сюжетсиз чыгармаларга ичим чыкпай, адабият акча жасоонун куралына айландыбы деп жүрдү элем. Жазуучунун “Айта бар менин кебимди” романындагы Турар Атаевдин ой толгоолору жана аны жазуучунун адамды миң толготкон чебер сүйлөмдөр менен бере алгандыгы канат байлатып, тээ тереңде катылып калып кеткен, китеп десе жантыгынан жата калчу окурмандык сапатымды ойготту. А мүмкүн, Кубатбек агабыз айтмакчы.

Арслан Капай уулунун калеминен акча жасоочу эмес, улуу чыгармалар жаралып жаткандыр. Бул оюмду, Кыргыз эл жазуучусу, маркум Казат Акматовдун төмөнкүдөй жылуу пикири да коштойт:

“Сыртта иштеп жүргөн балдардан кыргызча ушундай роман жазат деп эч убакта күткөн эмеспиз. Анан эле Арсландын романы колума тийип калып, окуп чыгып, жактырган пикир жазып жибердим… Бул – биздин адабиятка кошулган чоң салым. Ушундай чыгармалар жарала берсе, кыргыз адабияты эч убакта түшпөйт, өркүндөөнүн үстүндө болот. Муну соңку он жылда жаралган мыкты чыгармалардын бири деп эсептейм”.

Кыргыздын жүрөгүнө өчпөс так салган Үркүн окуясы тууралуу апаатты өз башынан өткөргөн бир канча акын-жазуучуларыбыз коммунисттик цензура тил – оозду бууп турган убакта да тарыхый чындыктар жымсалданган бир канча чыгармалары аркылуу окурмандарга жүрөк тилчү эмгектерин тартуулаган. Бул чындыктар тарыхчы агабыздын да жүрөгүн тилип, жөн койбогонун 2010-жылы жарыкка чыгарган “Мисмилдирик” романынан билсек болчудай. Алгач китеп колго тийгенде же Беделдеги каргышка түшүнбөй же “Мисмилдирик” аталышына түшүнө бербей, Жамгырбек Бөкөшев агабыз “аталышы менен “…кыргыз тилин мыкты билем дегендердин шаштысын алган”, — деп таасын айткандай чочулап турдум. Чыгармага сүңгүп кирип, мисмилдирик сөзүнүн маанисин аңдап сезгенден кийин жана Бедел ашуусунда бүтүндөй кырылган уруунун чоң энеси Карагыз эненин зар какшаган каргышынан соң, өз жолу, өз стили бар, өзгөчөлөнгөн ысымдын жаңы кыргыз адабиятына салымын кошуп, өз ордун тапкандыгын биле алдым.

Жогоруда айтылгандай цензурадан бошогон адабияттын өкүлү экендигин жазуучу дал ушул романы менен далилдей алды.

Белгилүү тарыхчы, профессор Бектемир Жумабаев:

“…1916-жылкы көтөрүлүштө да, 1937-жылкы репрессияда да кыргыздын каймагы кеткен, бейкүнөө адамдар жок кылынган. 1916-жылкы көтөрүлүштүн башында кыргыздын саясий элитасы – Мөкүштөр, Канаат хандар башында турган. А.Койчиевден мурда да 1916-жылдагы көтөрүлүш боюнча “Канаат хан” деген роман жазылган. 1916-жылга арналган чыгармалар көп. Бирок аны 1937-жылкы кыргын менен бирге кошо көрсөткөн чыгарма жок болчу”.

Ооба, Арслан Капаевдин чыгармаларындагы ойлордон, каармандардын өзгөчөлүгүнөн мен “тарыхый эс-тутумду” сезе алганым мына ушундан. Үркүнгө катышып, азаптуу күндөрдү акыл-эс мерчемине каткан Мукай Камбаровдун кайра келип, эс тутумдан жоготуп албоо максатындагы эскерүүлөрү үчүн репрессиянын курмандыгы болгондугу образ түзүүдөгү жазуучунун жаңычылдыгы болду.

Ал эми тарыхчы катары факт жана тарыхтагы маалыматтар менен калып калбай аны неден улам чыгармага айлантты экен деген суроого таанымал адабият таануучу жана философ, профессор Жамгырбек Бөкөшов агабыздын төмөнкү пикири жооп болчудай:

“1916-жылды тарыхчылардын изилдегени, илимий эмгектерди жазганы бир жөн. Ал эми сүрөткер катары ошол окуяларды көркөм образдар аркылуу жаратуу башка кеп. Арслан Койчиев тарыхчы катары тарыхый булактарды казып көрүп, анан ага ичи чыкпай, ошондон көркөм чыгармачылыкка ооп кеткен болуш керек. Ал мезгилди азыркы доорго чейин алып келип, анан ошол улут башчылары, алдыңкы сапта тургандардын кайгылуу тарыхын көркөм чыгармачылыкка алып чыгыш логикалык жактан да, тарыхый жактан да өзүн-өзү актай алат”.

Повесть деп жарыяланып, бирок окурманга романдын мазмунун бере алган “Добул-таштык Заратустранын аңгемеси» да аты да,заты да өзгөчө эмгек. Чыгармада 1937-1938-жылкы репрессия темасы кайрадан козголуп, 90-жылдардагы элди солк эттирген жалын жүрөк кыргыздын каймактарынын сөөгү табылган окуялар тарыхый контекстте көркөм баяндалат. Бул оюмду автордун: “Ошол окуялардын контекстинде репрессия эмнеден келип чыкканы, кандай из калтырганы, репрессия сыяктуу окуялар атам замандан бери эле кайталанып келгени чечмеленет”, — деген сөздөрү да тастыктайт.

Негедир бул чыгармада жазуучуну 16-жылкы кыргын, 38-жылкы репрессия уйку бербей, ойдон бошотпой жатканын, кыргын темасын ачууда тээ Библияга чейин сүңгүп киргенинен сезебиз. Чыгармада Библиядагы сюжеттер, окуялар өзүнчө бир көркөм интерпретацияланганын көрө алабыз. Библияда еврейлерге кандаш тууган мадийлердин Моисейдин буйругу боюнча кыргынга учурашы жөнүндө жазылган жери бар.

Жазуучунун 2014-жылы жылдын эң мыкты прозалык чыгармасы катары “Турар” басмаканасы уюштурган “Арча” адабий сыйлыгынын баш байгесин жеңип алган дагы бир чыгармасы “Бакшы менен Чыңгыз хан”. Чыгарманы окуп чыгууга кызыкдармын. Үстүртөн карап, автор кайрадан эле сюжет курууда эки түрдүү доор, эки мезгилди паралелль кармап, Айтматовдун чыгармага ыктуу жана кылдаттык менен өтмүшкө кайрылуу жана аны чыгарманын өзөгүн, идеясын ачып берүүдө ийгиликтүү колдоно алган жазуучулук чеберчилигин өздөштүрүүгө кадам таштаганын байкадым.

Бекеринен, Арслан Капай уулу Евразия жазуучулар бирлигине Кыргызстандан Чыңгыз Айтматов, Султан Раевден кийин үчүнчү болуп мүчөлүккө кабыл алынбаган экен.

«Бул түрк дүйнөсүнүн анын чыгармачылыгын таанып жаткандыгынын, чыгармаларын билип жаткандыгынын чоң белгиси, ошонун өзүнчө бир баасы деп айтсак болот. Ага бардык эле адамдар мүчө боло бербейт. Бул биринчи кезекте кыргыз адабиятынын бийиктиги», — деди Кыргыз эл жазуучусу
Султан Раев.

Жыйынтыктап айтканда, белгилүү тарыхчы, таланттуу журналист жана жазуучу агабыз Арслан Койчиев аз жана саз чыгармалары менен кыргыз адабиятына өзүнүн омоктуу салымын кошуп жатканын сезип биле алдык. Агабыздын калеминин сыясы кургабай, окурмандарына дагы далай мыкты чыгармаларды тартуулайт деп күтөлү.

Нарынкан Термечикова,
№2 Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими,
Токтогул шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер