Ар бир бала өзүнчө талант, өзүнчө дүйнө
- 12.01.2026
- 0
Кошумча билим берүү — келечекке инвестиция
Келечек муунду тарбиялоо – бул улуттук артыкчылык. Мектеп бизге негизги билимди бергени менен, балдарыбыздын талантын, чыгармачылыгын жана эң маанилүүсү, сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө келгенде, биздин үмүтүбүз мектептен тышкаркы кошумча билим берүүгө – жөнөкөй тил менен айтканда, ийримдерге байланып калат. Бүгүнкү күндө билим берүү мурдагыдан да динамикалуу, жаңычыл болуп, баланын ар тараптуу өнүгүшүнө багытталууда.
Окуучуларга бир гана сабактардагы билимди берүү жетишсиз. Убакыт өткөн сайын коомдун керектөөсү да өзгөрүп, чыгармачылык, логикалык ой жүгүрткөн, коммуникативдик жактан өнүккөн, техникалык сабаттуу жаңы муунду тарбиялоо зарылчылыгы турат. Дал ушул талаптарга жооп берген мекемелердин бири — мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдары, анын ичинде балдардын чыгармачылык борборлору.
Мектептен тышкары кошумча билим берүү бүгүнкү күндө балдардын чыгармачылык, интеллектуалдык жана социалдык өнүгүүсүн камсыздоодо өзгөчө мааниге ээ. Чыгармачылык борборлордо уюшулган ийримдер балдардын табигый жөндөмдөрүн ачып, алардын келечектеги багытын аныктоого чоң өбөлгө түзөт. Педагог жана ийрим жетекчиси катары иш тажрыйбамда бул борборлордун мүмкүнчүлүгү кандай кең, балдардын потенциалы кандай терең экенине далай ирет күбө болдум.
Чыгармачыл борборлор — баланын жөндөмүн таап, аны өнүктүрүүгө эң ыңгайлуу шарт түзгөн чөйрө. Ар кандай багыттагы ийримдердин ишмердүүлүгү аркылуу окуучулар өз талантын ачып, кызыккан тармагына терең кайрылууга мүмкүнчүлүк алышат. Ийримдер ар бир баланын жеке потенциалын байкап, аны иш жүзүндө колдонууга үйрөтөт.
Ийримдердин негизги максаттары – бул жөн гана бош убакытты өткөрүү эмес,
кесиптик багытты эрте аныктоого жардам берет, командада иштөөнү, социалдык көндүмдөрдү өнүктүрөт, мектеп программасында жетишсиз болгон заманбап билимди (IT, робототехника, терең чет тилдер, кол өнөрчүлүк, сахнага даярдоо, лидердик сапат, финансылык сабаттуулук жана башка) берет.
Иш тажрыйбамдан: Балдардын чыгармачылык борбору ар бир баланын табигый шык-жөндөмүн ачкан аянтча. Ийрим жетекчиси катары окуучулар менен күн сайын иш алып баруу мага чоң жоопкерчилик. Ар бир балада өзүнчө талант, өзүнчө дүйнө бар.
Мен жетектеген ийримдерге келген балдардын сүрөткө шыктуулугу, кол өнөрчүлүккө кызыгуусу, сахналык чыгармачылыгы, инженердик ой жүгүртүүсү, логикалык жана интеллектуалдык жөндөмдөрү өз убагында байкалса, туура методикалык иш менен аларды өнүктүрүүгө болорун тажрыйба далилдеди. Көптөгөн окуучуларым республика деңгээлиндеги көргөзмөлөргө, сынактарга катышып, ийгиликтерге жетишти. Алардын жетишкендиктери педагог катары мен үчүн чоң сыймык жана кошумча билим берүүнүн эффективдүүлүгүнүн кашкайган далили болуп эсептелет.
Чыгармачылык борборлордун методикалык багыты:
Өз ишимде төмөнкү методикалык багыттарга өзгөчө көңүл бурам:
- Жекече мамиле принциби.
Ар бир баланын кызыгуусун, жөндөмүн өзүнчө изилдеп, анын темпине жараша тапшырма берем. Бул анын өзүнө болгон ишенимин күчөтөт.
- Практика менен теориянын айкалышы.
Ийрим сабактарында теориялык түшүндүрмө сөзсүз практикалык иш менен бекемделет. Балдар жасаган иштеринин натыйжасын өз көзү менен көргөнү — чоң мотивация.
- Чыгармачылык эркиндик.
Балага катуу чектөө коюлбайт. Ал өз фантазиясын, көркөм оюн, инженердик идеясын эркин айта жана көрсөтө алат.
- Командалык иш.
Көп долбоорлорду биргелешип жасоонун натыйжасында балдар социалдык көндүмдөргө ээ болуп, бири-бири менен кызматташууга үйрөнөт.
Ийримдерде үзгүлтүксүз иштеген окуучуларда төмөнкү өзгөрүүлөр айкын байкалат:
- Көркөм жана чыгармачылык ой жүгүртүү тереңдейт
- Кол эмгек жөндөмү, майда моторикасы өнүгөт
- Жоопкерчилик жана эмгекчилдик сапаттары калыптанат
- Жаңы идея ойлоп табууга кызыгуу күчөйт
- Коом менен баарлашуу жөндөмү жогорулайт
- Келечектеги кесипке кызыгуу тактала баштайт.
Көп балдарым ийрим аркылуу өз жолун тапканын айтып, ыраазычылыгын билдирип келет. Бул мен үчүн гана эмес, бардык кошумча билим берүү системасы үчүн чоң жетишкендик. Ар бир ийримдин ишмердүүлүгүнүн артында бир гана хобби эмес, чоң максат турат. Алардын негизги багыттары төмөнкүлөр:
- Баланын табигый жөндөмүн таап чыгуу
- Чыгармачылык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү
- Эркин ойлоого жана жаңы идеяларды сунуштоого үйрөтүү
- Социалдык активдүүлүктү арттыруу
- Келечектеги кесиптик багытын туура тандоого шарт түзүү
- Бош убактыны пайдалуу өтүүгө жардам берүү
Ийримдердин түрлөрү жана алардын балага тийгизген таасири
- Чыгармачылык жана искусство ийримдери
Бул багытка сүрөт, кол өнөрчүлүк, бий, театр, вокал, улуттук аспаптар сыяктуу ийримдер кирет.
- Техника жана санариптик билим берүү ийримдери
Робототехника, программалоо, IT-компилятор, моделдөө, компьютердик графика.
- Илимий-техникалык багыттагы ийримдер
Экология, биология, химия, физика, эксперименттик илимдер
- Спорттук жана интеллектуалдык ийримдер
Шахмат, улуттук спорт түрлөрү, жеңил атлетика, гимнастика
- Социалдык жана маданий багыттагы ийримдер
Лидерлик, дебат, журналистика, оратордук чеберчилик.
Ийримдин тарбиялык мааниси
Ийримдерде окутуу — бул жөн гана жаңы нерсени үйрөтүү эмес. Ар бир сабак баланын ички дүйнөсүнө чоң таасир этет. Кошумча билим берүү – коом үчүн инвестиция. Ийримдердин иши бир гана баланын өнүгүүсүнө эмес, бүтүндөй коомдун өсүшүнө салым кошот.
Жыйынтыктап айтсам, ийримдер — баланын бош убактысын толтуруучу гана иш эмес, бул анын ички дүйнөсүн ачкан, жөндөмүн өнүктүргөн, турмушка даярдаган маанилүү билим берүү борбору. Ийримдер аркылуу бала өзүн таанып, жоопкерчиликти сезип, команда менен иштөөнү, өз оюн эркин билдирүүнү үйрөнөт. Формула менен бааланбаган, бирок турмушта баасы жогору болгон көндүмдөр дал ушул ийримде калыптанат. Ар бир бала өзүнө жакын тармакты тапканда гана ал келечекте туура кесип тандап, өз ордун таап, өз күчүнө ишенген инсан болуп өсөт. Ийримге келген ар бир бала жаңы дүйнөнүн эшигин ачат. Ошондуктан ийримдер- кошумча эле билим эмес, келечекке салынган инвестиция. Аны колдоо — баланын эмес, бүтүндөй коомдун өнүгүшүнө кошулган салым.
Шарипова Айдана
Чоң-Алай райондук балдардын чыгармачылык борбору, “Компилятор” ийриминин мугалими.
Чоң-Алай району, Дароот-Коргон айылы
Комментарийлер