Амангелди ЖУМАДИЛОВ: «ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ГЛОБАЛДЫК ТРЕНДДЕРДЕН КАЛБАЙ, ГИБРИДДИК ФОРМАТКА ӨТҮШҮБҮЗ КЕРЕК»
- 17.07.2026
- 0

Амангелди ЖУМАДИЛОВ: «ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ГЛОБАЛДЫК ТРЕНДДЕРДЕН КАЛБАЙ, ГИБРИДДИК ФОРМАТКА ӨТҮШҮБҮЗ КЕРЕК»
Кыргызстандагы заманбап билим берүүнүн келечеги, мектеп реформасынын жогорку окуу жайларына тийгизген таасири жана Салымбеков университетинин алдындагы Америкалык технологиялар институтунун өзгөчөлүктөрү тууралуу Салымбеков Университетинин Президенти, экономика илимдеринин доктору (PhD) Амангелди ЖУМАДИЛОВ менен маектештик.
-Амангелди мырза, бүгүнкү күндө билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп жатканы баарыбызга маалым. Бул реформалардын артында кандай негизги факторлор турат?
-Азыркы убакта билим берүүнү өзгөртүүгө түрткү берген үч чоң фактор бар. Биринчиси —дүйнөлүк тенденция. Бүгүн бир гана билим берүү эмес, бүтүндөй тармактар трансформацияланып жатат. Эгер мурда технологиялык өзгөрүү цикли 50 жылды түзсө, азыр бул убакыт 5 жылга чейин кыскарды. Эмгек рыногу өзгөрүп, кээ бир кесиптер жоюлуп, жаңылары пайда болууда.Экинчиси- Кыргызстандын ичиндеги мамлекеттик саясат. Агартуу министрлигинин демилгеси менен мектептерде 12 жылдык билим берүүгө өтүү башталууда. Бул жөн гана 11 жылга 1 жылды кошуу эмес, окуу куралдарынын мазмунун (контентин) жана структурасын түп-тамырынан өзгөртүү болуп саналат.Үчүнчүсү- коомдо калыптанган билим берүүдөгү көйгөйлөр. Мына ушул үч факторду бириктирип, мектеп билими менен жогорку билимди туура айкалыштырышыбыз керек.
-Сиз айткан коомдогу көйгөйлөргө кененирээк токтоло кетсеңиз. Биздин жогорку билим берүү системасында кандай кемчиликтер бар?
—Биринчи чоң көйгөй -бул кайталануу. Бизде балдар мектепте 11 жыл бою орус, кыргыз же англис тилдерин окушат, бирок ЖОЖго келгенде биринчи-экинчи курста ошол эле тилдерди кайрадан башынан баштап окушат. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай нерсе жок, аларда университеттеги билим мектептегини кайталабайт. Бизде болсо мектеп тиешелүү деңгээлде бере албагандыктан, ЖОЖдор убакыт коротуп кайра окутууга мажбур. Экинчиси — мектептерде STEM (илим, технология, инженерия жана математика) багытында функционалдык сабаттуулуктун жоктугу. Бала химия, биология, математикадан «беш» деген баа алып, аттестат же диплом үчүн гана окуйт, бирок аны жашоодо колдоно албайт. Натыйжада, колуна диплом тийгени менен, кесиптик багыты жана адистиги жок бүтүрүүчүлөр көбөйүүдө.

-Анда заманбап университеттер кандай болушу керек? Дүйнөлүк тажрыйба эмнени көрсөтүүдө?
-Бүгүнкү күндө дүйнөдө онлайн университеттер, салттуу окуу жайларга альтернативалуу платформалар абдан тез өнүгүп жатат. Ири IT компаниялар өздөрүнүн билим берүү борборлорун ачып, мугалимсиз эле платформа аркылуу онлайн окуп, жумушка орношкондор көбөйдү. Биз билген салттуу университеттер трансформацияланып жатат. Азыр эң натыйжалуу формат — бул гибриддик окутуу. Салымбеков университетинин алдындагы Америкалык технологиялар институту дал ушул гибриддик форматты колдонот. Биздин окуу жайга келсеңиз, кадимки аудиторияларга караганда кеңселер (офистер) көбүрөөк экенин көрөсүз. Балдар кеңседе отургандай долбоорлордун үстүндө иштешет. Лекцияларды, теориялык материалдарды онлайн алышат, ал эми оффлайн режимде профессорлор, мугалимдер менен биргеликте реалдуу долбоорлорду жасап, изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Мугалим бул жерде лектор эмес, багыт берүүчү тютор (насаатчы) болуп саналат.

-Сиздердин институтта билим алып жаткан студенттер реалдуу долбоорлорго аралаша алышабы?
-Албетте. Биз АКШдан, Дубайдан, Кытайдан реалдуу долбоорлорду алып келип, студенттерди ошол долбоорлор менен камсыздайбыз. Бул жөн эле окуу эмес, коммерциялык же социалдык багыттагы реалдуу иштер. Балдар ошол долбоорлордо иштеп, ай сайын жогорулатылган стипендия алышат. Учурда биздин IT факультетте 114 студент окуса, алардын 50-60 пайызы бүгүнкү күндө ушундай реалдуу эл аралык долбоорлордо иштеп жатышат. Бул теория менен практиканын чыныгы айкалышы.
-Институтта кайсы адистиктер боюнча кадрлар даярдалат жана алардын өзгөчөлүгү эмнеде?
-Бизде учурда эки негизги адистик бар: «Бизнес информатика» жана «Компьютердик илимдер» (Computer Science). Биз 2023-жылы ушул багытты баштаганда мамлекеттик билим берүү стандарттары дүйнөлүк эмгек рыногунун талаптарынан артта калганын көрүп, ал кездеги билим, илим министрлигине сунуш менен чыкканбыз. Натыйжада бизге эксперименталдык окуу программасын колдонууга уруксат берилген. Бул программаны түзүүгө Американын эң алдыңкы беш университетинин окуу пландары жана Apple, Meta, Intel сыяктуу алдыңкы «Big Tech» компанияларынын жумушка орношууда койгон талаптары негиз болду. Институттун түзүлүшү жана заманбап программанын иштелип чыгышында докторлук даражасын АКШда жасалма интеллект боюнча жактап, ал жакта Meta, Intel сыяктуу ири технологиялык компанияларда жогорку позицияларда көп жылдар иштеп келген Эмиль Бильгазиев жана Мунара Толубаева сыяктуу мекендештерибиздин эмгеги чоң. Институт дал ушул чыгаан мекендештерибиз менен биргеликте түзүлүп, бүгүнкү күндө ийгиликтүү иш алып барууда. Окуу программасын иштеп чыгууга АКШдагы ири IT компанияларда иштеген 14 адис катышкан. Эки жылдык ийгиликтүү эксперименттен кийин, Агартуу министрлиги биз иштеп чыккан программаны жактырып, «Компьютердик илимдер» багыты боюнча жаңы мамлекеттик стандарт катары бекитти. Бул биздин өлкөнүн билим берүү системасына кошкон чоң салымыбыз болду. Азыр бизге эң алдыңкы, ЖРТдан жогорку балл алган студенттер тапшырууда. Быйылкы кабыл алууда тапшыргандардын орточо баллы биринчи турга карай турган болсок 214тү түзүп жатат. Бул өлкө боюнча абдан жогорку көрсөткүч.
-Жакшы кадрларды даярдоо үчүн биринчи кезекте күчтүү мугалимдер керек да. ЖОЖдордогу окутуучулардын деңгээлин көтөрүү үчүн эмне кылуу зарыл?
-Азыркы муундун балдары такыр башкача. Алар каалаган маалыматын, атүгүл мугалимдин катасын да телефондон тез эле таап алышат. Ошондуктан мугалим бүгүн жөн гана маалымат берүүчү эмес, баланы кызыктыра алган насаатчы, тренери болушу парз. Мугалим өз предметин мыкты билгени аздык кылат, ал балдар менен иштеше билиши керек. Бүгүнкү күндө биз мугалимдерди даярдоодо предметти түшүндүрүүдөн сырткары, алардын эмоционалдык интеллектин өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды колдоно билүүсүнө өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл. Ошондо гана биз дүйнөлүк деңгээлде атаандаша алган адистерди тарбиялай алабыз.
Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
Амангелди ЖУМАДИЛОВ «Салымбеков Университети» мекемесинин негиздөөчүсү жана Президенти. Ошондой эле «Аскар Салымбеков фондунун» аткаруучу директору. Илимий даражасы: PhD (Философия доктору) даражасы бар. Ал Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин докторантурасын (PhD) «Экономика» адистиги боюнча ийгиликтүү аяктаган. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бакалавр жана магистратура деңгээлдерин өзгөчө үлгүдөгү (артыкчылык) диплом менен бүтүргөн. Билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги бир катар сыйлыктардын ээси. Кыргызстандагы көптөгөн инновациялык, билим берүү жана кайрымдуулук долбоорлорунун демилгечиси жана жетекчиси.
Комментарийлер