АЛЫСКЫ ТУУГАНДАН – ЖАКЫНКЫ КОШУНА
- 26.10.2025
- 0
7–9-октябрда Кыргызстандын билим берүү тармагындагы ар түрдүү мекемелерден жана окуу жайлардан тандап алынган адистер Казакстандын борбору Астана шаарында үч күндүк интенсивдүү стажировкага катышып келди. Бул иш-чара “Назарбаев Интеллектуалдык мектептеринин (НИМ) алдындагы Педагогикалык чеберчилик борбору (ПЧБ) тарабынан уюштурулуп, эки республиканын мугалимдери үчүн эл аралык билим берүү стандарттары менен жакындан таанышууга, жаңы усулдарды өздөштүрүүгө жана кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Кыргыз делегациясынын курамы
Стажировкага төмөнкү мекемелердин өкүлдөрү катышты: Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, “Кыргызстан Маариф” фондунун Ала-Тоо эл аралык университети, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Ош билим берүү институту жана Борбор Азиядагы Америка университети (AUCA). Бардык катышуучулар – педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу менен алектенген адистер. Баары атайын сурамжылоо аркылуу тандап алынган. Кыргыз делегациясын Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун эл аралык бөлүмүнүн жетекчи адиси Акынбек Эргешов баштап барды.
Казакстандагы реформалык көчтүн баштоочусу

НИМ ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Ануар Жангозинге белекти Акынбек Эргешов тапшырды (солдон оӊго).
Стажировка “Назарбаев Интеллектуалдык мектептеринин (НИМ) жана анын курамындагы Педагогикалык чеберчилик борборунун (ПЧБ) базасында өттү. НИМ – Казакстандын билим берүү системасындагы реформалардын авангарды болуп эсептелет. Дал ушул мектептер жаңыланган окуу программасы, критерийлик баалоо, сабакты изилдөө (lesson study) сыяктуу түшүнүктөрдү өлкөдө биринчи болуп киргизип, билим берүү практикасына системалуу түрдө жайылткан. Бул мектептерде окуу казак, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлүп, Cambridge программасынын негизинде түзүлгөн. НИМдеги окуу процессинде сынчыл ойломго, интерактивдүү окутууга жана технологиялык инновацияларга басым жасалат. Ал эми ПЧБ 2011-жылы түзүлгөндөн бери өлкө боюнча 21 аймактык өкүлчүлүк аркылуу мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өнүгүүсүн үзгүлтүксүз колдоп келет.
Үч күндүк стажировка: теория жана практика айкалышы

Д. Карабаев менен Өмүрбай кызы Чолпон таяныч конспект менен.
Биринчи күнү НИМ башкармалыгынын төраганын орун басары Жанбота Кабдыкаримова жана ПЧБ директору Толкын Кайырбекова билим берүүдө колдонулуп жаткан инновациялык усулдар, мугалимдин өнүгүүсү жана сапатты жогорулатуу маселелери боюнча семинарларды өткөрүштү. Андан соң физика-математика багытындагы НИМ мектебине экскурсия уюштурулуп, заманбап лабораториялар жана жогорку технологиялык сабак өтүү форматтары көрсөтүлдү.

Жолдаспаева Сапура тренинг учурунда
Экинчи күнү тренер Сапура Жолдасбаева “Тренердин профессионалдык компетенциялары: эффективдүү сабак түзүү жана топтук динамиканы башкаруу” темасында практикалык тренинг өткөрдү. Анан топтор төмөнкү темалар боюнча иштешти:
Мониторинг тобу: Изилдөөчүлөрдүн этикалык принциптери жана мониторинг маданияты.
Программа иштеп чыгуучулар: Изилдөө жана муктаждыкты талдоо, SMART ыкмасы жана Блум таксономиясы боюнча окутуу программасынын түзүлүшү.
Тренерлер тобу: Тренердин ишиндеги этика, аудиторияны башкаруу жана позитивдүү окуу чөйрөсүн түзүү.
Мындан кийин биздин өкүлдөр Астанадагы №96 мектеп-гимназияга барышып, казак тилинде өтүлгөн сабактарга катышышты. Улуттук баалуулуктар менен айкалышкан окутуу методдорун көрсөткөн бул сабактар катышуучуларга чоң таасир калтырды.
Үчүнчү күнү биз Назарбаев университетине бардык. Университет – Казакстандын жогорку билим берүүдөгү флагманы, англис тилинде билим берип, дүйнөлүк академиялык стандарттарга жооп берет.
Бул жерде профессор Дүйшөн Шаматов, Нурлан Имангалиев, Куралай Байтажикова жана Кенжегүл Бекимова семинар өткөрүштү:
Нурлан Имангалиев – “Мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү: максат, мазмун жана баалоонун шайкештиги”
Куралай Байтажикова – “PedHackathon: мугалимдердин идеялары ишке айланган аянтча”
Кенжегүл Бекимова – “Педагогикалык хакатондун мисалы: тарбия иштери боюнча директор орун басарын колдоо”

Назарбаев университетинин китепканасында профессор Д. Шаматов менен.
Билим берүү жаатындагы эл аралык деңгээлдеги адис, профессор жердешибиз Дүйшөн Шаматов менен жолугушуудан биз абдан жакшы таасир алдык. Мугалимдин коомдогу орду, билим сапатын көтөрүү жана өзгөрүүгө болгон эрктин мааниси тууралуу доклады баарыбызга жакты. Профессордун терең билими, дүйнөлүк билим берүү тенденцияларын кыргыз контексти менен айкалыштыра билгени жана жигердүү турпаты ар бир катышуучуда сыймыктануу жана шыктануу сезимин жаратты.
Катышуучулардын ой-пикирлери
Катышуучулар стажировканы “жаӊы көз караш тартуулаган жана шыктануу жараткан” иш-чара катары баалашты:
Акынбек Эргешов:
— Бул сапар бизге жаңы билим, баалуу тажрыйба жана мотивация тартуулады. Жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Педагогикалык чеберчилик борборунун жетекчилигине чоң ыраазычылык билдиребиз!
Өмүрбай кызы Чолпон, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин искусство жана технология, ден соолук маданияты багытындагы координатору, тренер:
— Казак мектептеринде домбура сабагы милдеттүү экен. Биз барган эки мектепте тең (НИМге караштуу жана мамлекеттик) бул сабактын жүрүшүн көрдүк. Ар бир окуучу домбура аркылуу казактын маданиятына каныгып өсөт тура. Эң эле биринчи байкаганым, бардык окуучулар орус мектебинде окуйбу, казак же англис мектебинде окуйбу, биз менен казакча “салеметсизби” деп учурашып жатышты. Тарбия ушул учурашуудан башталат эмеспи”.
Өзүбүз эмне кылсак болот?
Стажировкадан кайтарда өз ара сүйлөшүп, төмөнкүдөй сунуштарга токтолдук:
Кыргызстанда региондордо педагогикалык чеберчилик борборлорунун ишин күчөтүү;
Педагогдордун портфолиосун жана баалоо системасын жаңылап туруу;
Интеллектуалдык мектептердин кыргызча моделин иштеп чыгуу;
Улуттук деңгээлдеги санариптик билим берүү платформасын түзүү;
Чоңдорду окутууда (андрагогика) заманбап ыкмаларды жайылтуу;
“Педхакатон” сыяктуу чыгармачыл форматтагы иш-чараларды киргизүү;
Назарбаев университетинин тажрыйбасын жогорку билим берүүдө ийкемдүү колдонуу.
Сөз соӊу
Практикалык, чыгармачыл ишке артыкчылык берген бул стажировка биздин адистерге абдан жакшы таасир калтырды. НИМ жана ПЧБ үлгүсү көрсөткөндөй, билим сапатын өзгөртүү – бул үзгүлтүксүз үйрөнүү жана биргелешкен аракеттин натыйжасы. Коңшу өлкөнүн ийгиликтүү тажрыйбасы менен таанышуу Кыргызстандагы билим берүү реформасынын жаңы баскычынын башталышы болду.
Сүрөттөрдө:
- Кыргыз делегациясы жигердүү катышты
- НИМ ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Ануар Жангозинге белекти Акынбек Эргешов тапшырды (солдон оӊго).
- Д. Карабаев менен Өмүрбай кызы Чолпон таяныч конспект менен.
- Жолдаспаева Сапура тренинг учурунда
- Назарбаев университетинин китепканасында профессор Д. Шаматов менен.
Данияр КАРАБАЕВ,
Борбор Азиядагы Америка университетинин Эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы
Комментарийлер