АЛЫКУЛ ОСМОНОВДУН КӨРКӨМ ДҮЙНӨСҮН КАЙРАДАН АЧКАН ПЕДАГОГ-ОКУМУШТУУ
- 19.05.2025
- 0
Филология илимдеринин доктору, профессор, сынчы адабиятчы Советбек Байгазиевдин «Алыкул Осмонов — кыргыз поэзиясынын чолпону» аттуу китеби жарык көрүп, акындын 110 жылдыгынын урматына 12-майда Ж. Баласагын атындагы улуттук университетте өткөрүлгөн эл аралык илимий форумда бет ачары болуп, окумуштуунун аталган эмгегине жогорку баалар берилди. Белгилүү сынчы Аскар Медетов форумда С. Байгазиевдин китебин адабият таануу илиминдеги жаңылык катары баалады.
Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы боюнча адабият таанууда көптөн бери дымып, токтоп калган илим-изилдөө ишин кайрадан жандандырган Советбек Байгазиевдин бул китебинде классик акындын поэзиясы жарандык, сүйүү, эмгек, философиялык лирикалары делип, жанрларга бөлүнүп талдалып, бир катар орчундуу концептуалдуу көз караштар айтылат. Алыкулдун акындык көркөм ачылыштары 1930-40 — жылдардагы тарыхый — адабий процесстин контекстинде каралып, акындын поэзияда жасаган эстетикалык секиригин шарттаган факторлор тастыкталат. С. Байгазиев буга чейинки чогулган материалдарга жана изилдөөлөргө таянып, Алыкул Осмоновдун кыргыз поэзиясындагы ордун, алып келген новатордук жаңылыктарын, көркөм концепциясын, ыр, поэмаларындагы поэтикалык кооздукту, мазмун менен форманын шайкештигин аргументтүү талдоолор менен дагы бир жолу өз алдынча ырастап берген. Окумуштуунун чечмелөөлөрү, жазуу стили өзүнчөлүгү, кызыктуулугу, ой-пикирлеринин, чыгарган бүтүмдөрүнүн олуттуулугу менен айырмаланат. Сынчы, адабиятчынын бул китеби Алыкул таануга өз бетинче из түшүргөн, үлүш кошкон эмгек болуп саналат. Мурда жалпысынан кеп болуп келген А. Осмоновдун көп ырлары аналитикалык талдоого алынып, акындын чыгармачылыгы кеңири масштаб менен каралган. Жөнөкөй катардагы окурманга да, академикке да түшүнүктүү стилде жаза билген С. Байгазиевдин тил чеберчилиги китептин окумдуулугун арттырып турат. Профессордун бул эмгегин 2024-жылдын экинчи жарамынан 2025-жылдын биринчи жарымына чейин «Азия» газетасы байма-бай басып турду. Китеп филология факультеттеринин окутуучуларына, студенттерине, мектеп мугалимдерине, аспиранттарга, магистранттарга жана жалпы эле окурмандарга арналган.
Илимий форумда Алыкул Осмоновдун кичи мекени болгон Панфилов районунун акими Бекмат Масаидов сөз алып сүйлөп, улуу акындын мурастары жөнүндө мазмундуу китептерди жана макалаларды жазып, классиктин чыгармачылыгын кеңири пропагандалагандыгы жана райондун билим берүүсүнө кошкон салымы үчүн Советбек Байгазиевге райондун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгарды.
Илимий форумга коомдук ишмер, мурдагы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, А. Осмоновдун кыргыз маданиятындагы орду жөнүндө мазмундуу сөз сүйлөдү жана Советбек Байгазиевдин илимий ишмердигин жогору баалап өттү.
С. Байгазиев коллкектив жазган көп томдуу «Кыргыз маданиятынын тарыхынын» авторлорунун бири. «Чыңгыз Айтматов – ак калпак кыргыздын жана адамзаттын даанышманы» аттуу китептин ээси. «Манас эпосунун педагогикасы», «Гумандуу педагогика», «Улутубуздун уңгулуу нарктары» китептери мугалимдер арасында популярдуу. «Иниме кат» чыгармасы мектеп программасына кирип, 7-8 жолу кайрадан басылып чыкты. «Манас» эпосунун рухий нарктарын, патриоттук дөөлөттөрүн изилдеп жайылткан 8 томдук «Манастаануунун» автору. «Манастаануу» аттуу окуу китеби Министрлик тарабынан бекитилип, Жогорку окуу жайларында пайдаланылууда. Илимий-публицистикалык, этикалык-философиялык маанидеги 7 томдукту да окурмандарга тартуулаган. Профессор публицист 5 ыр, проза жыйнактарынын автору. Кыргыз адабиятын мектептерде окутуу боюнча билим концепцияларынын, стандарттарынын, программаларынын, окуу китептеринин авторлошу. Республикалык газеталарга байма-бай мазмундуу макалаларды жазып, коомдун агартуу, идеологиялык тарбия иштерине активдүү катышып келе жатат.
Советбек Байгазиев – көрүнүктүү педагог окумуштуу, белгилүү адабиятчы аалым, публицист, акын, КРдин эл жазуучусу, кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ардакту академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, КРдин Илим жана Техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Россиянын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү. Орус педагогикасынын атасы-Ушинский атындагы медалдын ээси, Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын, коомдук Манас академиясынын, Кыргыз педагогика академиясынын академиги, КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын ээси. Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын лауреаты. Нарын, Талас областтарынын, Жумгал, Ала-Бука райондорунун Ардактуу атуулу. Кыргызстандын 7 жогорку окуу жайынын Ардактуу профессору. Жумгал райондук борбордоштурулган китпканага С. Байгазиевдин ысымы ыйгарылган.
Бусара БЕЙШЕНБАЕВА,
Кыргыз Билим берүү академиясынын
Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен
сырткары кошумча билим берүү
лабораториясынын ага илимий кызматкери
Комментарийлер