АЛЫКУЛ ОСМОНОВ – ЭЛДИК АКЫН, ЭЛДИК БААТЫР

  • 19.11.2025
  • 0

Эл барда, элден чыккан мыкты таланттуу, акылдуу адамдар тарабынан баалана баштап, үстүбүздөгү жылы туулган күнүнүн 110 жылдыгы татыктуу белгиленип, көптөгөн мааракелер биринин артынан бири өтүп жатат. Айрыкча, мезгил өткөн сайын анын чыгармаларынын мазмуну улам терең ачылып жатканы бизди сүйүндүрөт. Кыргыз элинин улуу акыны Алыкул Осмонов жөнүндө көп жазылды, көп жазылмак. Анын чыгармачылыгы ушуга татыктуу. Нукура поэзиянын кыргыз алпы чыгармачылыгы, инсандык тагдыры, журтуна өтөгөн ак кызматы менен келечек муундарга дагы үлгү болмок, дагы сабак бермек.

1. Ырас, Алыкул калем кармаганда эле төгөрөгү төп келген чыгармаларды жарата албаптыр. Анын биз суктанган ырлары көп жылдарды камтыган түйшүктүү изденүүсүнөн кийин гана жаралды. Низами, Ш.Руставели, Шекспир, Пушкин… Бул залкарлардын ар биринин чыгармалары менен таанышып гана тим болбостон, аларды которуу ал үчүн өзүнчө бирден мектеп болгон. Айрыкча эл аралоо, элдин турмушун терең аңдап үйрөнүү анын чыгармачылыгына чоң пайда алып келген университет болду. Оозеки чыгармаларды укту, жазып алды, электен өткөрдү, натыйжада кийин пайдаланды, өзүнүн легенда поэмаларынын жаралышына алардын, элдик оозеки чыгармалардын жардамы, таасири чоң болду. Ыр деген сонун уйкашып, ыргагын бап келтирип, ассонанс, аллитерация жана троптун түрлөрүн туура колдонуп, сөздү кирпичтей кынап, ыр саптарынан калыпка салгандай куплет жасап, тизип таштоо гана эмес, элден (улуулардан) алганыңды электен өткөрүп, табылгаңды дилинде багып, канында туйлатып жашатып, камырдай жууруп, турмуштун тузун татытып, айтпай коюуга болбой калганга чейин сактап, ой асылына айландырып таптап, жаныңдан жан берип, анан көркөм образда, болгондо да башкалар айтпагандай айтуу керек экенин эрте түшүндү. Акындык өнөрдү таза тутуу, ырга калп айтпоо керек экенин дилинде убакты билди. Ошондо Пушкинди өзүнүн “Жарым кашык дарыясына чөктүргүсү келгени” куру кыял экендигин мойнуна алды. Андыктан гана баштагы начар ырларды жериди, сызды, айрыды, өрттөдү, кайра жазды. Чыгармачылыктын казанында кайнады да өзүнүн замандаштары жетишпеген бийиктикке чыкты. Бул тууралуу кийин анын ырларын орус тилине которгондордун бири Михаил Синельников мынтип жазган: “В сонме замечательных кыргызских лириков столетия Алыкул Осмонов – единственный великий поэт, единственный поэт мирового уровня. Мирового, потому что в отличие от ровесников и современников, обладал мировой культурой”. Мындай аракет текке кетпей,

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ –  ЭЛДИК АКЫН, ЭЛДИК БААТЫР

Алыкулдун чыгармачылыгынын гүлдөө бийиктигин эрте алып келди, ал 1944-жылдын күз айларынан баштап өмүрүнүн соңуна чейинки убакытты камтыйт. Азыркы кезде

Алыкул деп аты аталса “Андай жазмак кайда, ага жетмек кайда?..” деп бүшүркөгөн жаштарга, ал машакаттуу изденүүнүн чыгармачылыкка баш-оту менен берилүүнүн үлгүсүн көрсөткөн турбайбы! Бул бир сабагы.

2. А.Осмонов – өз мезгилинин татыктуу атуулу, мыкты адамы, чыгаан акыны гана болбостон улуттук баатыры болгон. Замандаштарынын анын мыкты адам, чыгаан акын экенин учурунда аңдай албаганындай эле (андаса да, көрө албагандай эле) анын улуттун баатыры экенин туюуга чама-чаркы жеткен эмес. Аз жашаган өмүрүндө эли-журтуна ак кызмат өтөөгө баш ургандыгы, айрыкча, кан күйгөн согуш мезгилинде ал теңдүү замандаштары майданда жоо беттеп жүрүшсө, ден соолугуна байланыштуу болсо да, тылда калганына намыстуу жигит ыза болгон, арданган, канаты сынып көк караган бүркүттөй умсунган, өкүнгөн. “Согушка албай жатат. Жоомарт, Жусуп, Мукайдан калып жашагым келбейт,” – дегенин аялы Зейнеп Талибованын жазганы бар (П.Казыбаев “Мезгил жана Алыкул” 1990-ж.286-бет.). Чын эле ден соолугу чың болгондо, ал согушка сөзсүз өз каалоосу менен кетмек, бул шексиз. Мен (Н.М.), кантсе да, Алыкулдун согушка барбай калганы кыргыз эли үчүн чоң утуш болгон деп ойлойм. Эгер ал согушка барып, Жусуп, Мукайга окшоп кан майдандан кайтпай калса, кыргыз поэзиясынын Чолпон жылдызы жанбай калмак!

Согушка барбай калуу намысына тийгендиктен, бир жагы

С.Жигитов айткандай, көр оокаттын айынан болсо да (Мунун да чындыкка тиешеси бар, антсе да Алыкул өз нанын ак эмгеги менен адал таап жеген!), кара жанын карч уруп иштеди. Ал иши 1944-жылы ноябрь, декабрь айларынан баштап өз түшүмүн мыкты берип, акындык чыгармачылык акыбети кайткан. Акындын Ата-Журт, адамзат темасындагы “Ата-Журт”, “Ата-Журтум”, “Чөп чабык”, “Покрышкинге”, “Бүкөн”, “Адамзат”, “Адамга”, “Үлпөт ыры”, “Коштошуу”, “Кыргыз тоолору”, “Келсем жоксуң” ж.б. атуулдук бийик ырлары менен, “Менин энем”, “Ким болду экен”, “Махабат”, “Өлүп тирилгендер”, Эшимкандын тереги”, “Жеңишбек” поэмалары акындын Мекен деп соккон жүрөгүн, улуу сүйүүсүн, аруу тилегин, үмүтүн, көөнөрбөс эмгегин көрсөткөн паспорту эмей эмне!..

“Покрышкинге” деген ырында душманды жерден, көктөн жеңмек аздык кылат, аны акылдан да бийлөө керек экенин айтып “Гете, Гейне, Шиллер менен бетме-бет чыккым келет!” деп жар салганы бар. Ал бул ою менен Европаны дүңгүрөтүп, дүйнөгө белгилүү болгон немистин чыгаан таланттары менен көйнөктү чечип, билекти түрүп таштап, кызыл чеке болуп мушташуу эмес, өз элинин алар сыяктуу маданий кенчинин ээси, дөөлөттүү уулу катары, таланты менен дүйнөлүк аренада ат салышууга жарай турган акын экенин ачык айткан.

“Катыңа жооп” деген ырда “Аалам алпы Шекспирдей күч менен ооруп жатып сүйлөшкөнүм билбейсиң” деген саптардын бир мааниси ушуга барат. Дүйнөлүк чыгаан талант Шекспирдин күчүндөй күч , талантындай талант менен иштеп жатсам, ошону билбей жатасың деген мааниде айтканын мезгилинде эмес, азыр да түшүнө албай турганыбыз канча… Алыкулдун ошо деңгээлге чыга баштаганын ошол мезгилде туйбасак да, убакыт өткөн сайын далилденип жатпайбы. Ал элдин маданий дөөлөттүн көтөрүп жатканын эрдик деп эсептеген. Көрсө, элдин жүзү болгон улуу дөөлөтүбүздү дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү чоң эмгек гана эмес, чоң эрдик тура. Болгондо да өтө дыкат даярдыкты талап кылган эрдик экен… Алыкул улуу эрдикти жараткан элдик акын, элдик баатыр болгон. Тилекке каршы, куду ушул саптарды туура эмес түшүнгөн окурмандар, ал турсун мугалимдер, акын-жазуучулар мезгилинде Алыкулду оорукчан, алсыз бир бечара жан катары көрсөтүшүп, анын алсыз образын жаратышкан. Баса белгилеп бетке айтып коюшубуз керек, Алыкул рухий жактан да, физикалык жактан да бечара болгон эмес экен. Муну ыр жазуунун түйшүгүн башынан өткөргөндөр билүүгө тийиш. Жаның ооруп турганда башка бирөөнүн (окурмандын) көңүлүн көтөрчү чыгарма жазуу оңойго турбайт.

“Жеңишбек” поэмасы Алыкулдун чыгармачылыгындагы гана эмес, кыргыз поэмаларынын ичинен көркөмдүгү жагынан да, мекенчилдиги жагынан да мыкты шедевр экенин ким танат! А.Осмонов чыгаан акын, жалындуу патриот гана болбостон, жаштарды мекенди сүйүүгө тарбиялоодо мыкты тарбиячы, кийинки муундардын улуу насаатчысына да айланган. Буга турмуш өзү күбө. Согуштан кийинки мезгилде анын жалындуу поэзиясы далай муунду өз мекенин сүйүүгө тарбиялап келгени акыйкат нерсе. “Ата-Журт” ыры андан өткөн нукура патриоттук духтагы шедевр!

Алыкул – элдик баатыр. Азыркы учурда Кыргызстандын кайсыл гана тармагын албаңыз (саясий жагы, социалдык абалы, идеологиясы, айыл чарба, билим берүү, медицина, жер маселеси ж.б.) боор ооруй турган абалга жеткен кезде, бизге, кыргыз атуулдарына, “Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт” деп ооз учунан гана айтымыш болбостон, жан дили менен Ата-Журтка күйүп, анын тагдырын өз тагдырынан бийик туткан патриот-мекенчилдер жетишпей жатат. Ал эми Алыкулдун “Ата-Журт” деген ыры кыргыздын гана эмес, жалпы Кыргызстандын жарандарынын тил учундагы эмес, жан дилиндеги, көкүрөгүндөгү гимни болуш керек!!! Бул бир сабагы.

3. Жакшы акындын өмүрү жакшы ырдын өмүрүнөн кыска болот. Буга да Алыкулдун өмүрү менен көп ырлары далил болот. “Отуз жашты” жазган учурда акын отузунчу жашын жашап жаткан. Ыр 1944-жылы 8-декабрда жазылган. Өзү айтмакчы, анын экинчи өмүрүн ырлары жашап жаткан чагы. Бирок ошол сонун ырларын ооруп жүрүп жазганын айтсаңыз! “Катыңа жооп” деген ырынын дагы бир сабында “Сен неге үчүн ооруу экеним унутуп, ооруп жатып ыр жазганым билбейсиң”, — дейт. Аңдасак, бул саптардын артында канчалык зор таарыныч, капаланууну камтыган ой жатат деп түшүнбөстөн, ооруп жатып ушундай ырларды жараткан кандай зор күч, талант, эрк бар менде (сага аны түшүнүү кайда???) деген өкүнүү да жумшак кекерлөө жатат. Алыкул ушул саптары менен аны “оорукчан” деп ошол аркылуу аны чабал көрсөтүп, боор оорумуш болгондорго “ме сага” деген! Себеби акын өз оорусунун айыкпас дарт экенин билген. Бирок ал керектен чыгып калган, катарда жок бирөө эмес, алдыңкы саптагы жоокер экенин өжөрлүгү, көктүгү менен далилдебедиби, кайран акын! Өзү жакшы сөз, көңүл көтөргөн жумшак мамилеге муктаж болуп ооруп жүргөн чагында, башкалардын көңүлүн көтөрчү, дем берчү ырларды жарата алган эркке, марттыкка ээ болгон. Бул кындын адамдык сапатындагы кайталангыс өзгөчөлүгү, бийик маданияттуулугунандыр. Бул – эрдик! Антсе да Алыкул үчүн акындарга “жашсыңбы-карысыңбы, оорусуңбу-соосуңбу акын атмайга талап бир – жакшы жаз!”– деген принцип, талап чыгармачылыгынын кредосу болгон. Андыктан: “Кылым бүтүп дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушуу жолдор бар”, – деген. Бул бир сабагы.

4. Дагы бир сабагы: акынды да күлүк сымал күнүмдө, өз мезгилинде, көзү тирүүсүндө баалап калыш керек экен. Ал боюнча өзү да: “Көзүм барда “дурус” деген сөз укпай, көзүм жокто “сонунуңду” не кылам”,– деп кесе айткан “Катыңды көлгө таштадым” деген ырында. Көзү тирүү мезгилиндеги калыс пикир, туура баалоо акынга ар тараптан демине дем, шыгына-шык кошору шексиз. Ырас, акыныбыздын көзү тирүүсүндө анын “Махабат” китеби боюнча замандаштары, акындар А.Токтомушев, Т.Үмөталиевдин жалаң бир жактуу мактоого алган макалалары менен ага М.Алыбаевдин каралоону максат кылган макаласы, дагы дунган акыны Я.Шиваза менен болгар акыны К.Кулуевдин “А.Осмонов” деген үч макала жарыяланып, кийинки макалада ырларга терең талдоосуз мактоо айтылыптыр. Кийин бул үч макаланы анализге алган сынчы Ж.Самагановдун “Бир чыгармага арналган үч макала тууралуу” деген макаласы бир кыйла калыс позицияны ээлегендей жазылганы менен ВКП(б)БКнын “Ленинград” жана “Звезда” журналдары жөнүндөгү токтомунан” кийинки адабияттагы ур-токмок, кыйкымчыл саясаттан өйдө боло алган эмес жана ал мезгилдеги А.Осмонов көтөрүлгөн көркөм бийиктикти көрүүгө ал мезгилдин сынчы — адабиятчысы мажестик кылган. Профессор

С.Байгазиев М.Алыбаевдин ушул макаласына өзү кийин өкүнгөнүн мынтип жазат: “М.Алыбаев Алыкул өлгөндөн кийин “Махабаттын көркөм ачылышына түшүнүп, аты аталган макаланы жазганына өкүнүп,

Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүндө көз жашын төгүп ыйлаган экен”.

Ырас, А.Осмоновдун таланты көзү өткөндөн кийин баалана баштаптыр. Ал жөнүндө А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков сыяктуу акын-жазуучулардан баштап азыркы акын-жазуучуларга чейин жазышыптыр. Жазуучу К.Жусуповдун “Ыр сабындагы өмүр” аттуу чыгармасы, драматург К.Мамбетакуновдун “Акын жана Ажал” драмасы, алыкулчу

П.Казыбаевдин “Мезгил жана Алыкул” китеби сыйлыктарга ээ болуптур. Ар кайсы жылдарда акыныбыздын өмүрү жана чыгармачылыгын изилдеген белгилүү адабиятчыларыбыз:

Ш.Үмөталиев, К.Артыкбаев, К.Асаналиев, Р.Кыдырбаева, К.Бобулов, С.Жигитов,

А.Садыков, К.Даутов, С.Байгазиев, Н.Мурзаев жана башкалар акындын поэзиясына ар өңүттөн баа берип, жаңычылдыгын ачышыптыр. Албаса да көзү өткөндөн кийин Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлүп (1950.19.Х11). Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы берилген (1967-ж). Кыргызстан Жазуучулар союзунун А.Осмонов атындагы сыйлыгы уюштурулган (1986-ж), Борбордогу мектепке, китепканага ысымы ыйгарылган.

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ –  ЭЛДИК АКЫН, ЭЛДИК БААТЫР

Низамидин МУРЗАЕВ,

И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

 

Бөлүшүү

Комментарийлер